Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2013-жылдын 24-январы № 16-б
2013-жылы Кыргыз Республикасынын эл аралык финансылык институттар жана донор өлкөлөр менен мындан аркы кызматташуусунун келечегин аныктоо боюнча донорлук конференцияны даярдоо жана өткөрүү максатында:
1. 2013-жылы Донорлук конференцияны даярдоо жана өткөрүү боюнча уюштуруу комитети (мындан ары - уюштуруу комитети) тиркемеге ылайык курамда түзүлсүн.
2. Уюштуруу комитетине төмөнкүдөй укуктар берилсин:
- министрликтердин, мамлекеттик комитеттин, администрациялык ведомстволордун, коомдук бирикмелердин өкүлдөрүн, эксперттерди жана консультанттарды белгиленген тартипте ишке тартууга;
- иштин процессинде чыккан маселелерди чечүү үчүн министрликтерден, мамлекеттик комитеттен, администрациялык ведомстволордон керектүү маалыматтарды сурап алууга.
3. Уюштуруу комитети Донорлук конференцияны уюштуруу боюнча программаны, иш-чаралар планын бир айдын ичинде даярдасын жана Өнөктөр менен өз ара байланышта иштешүү боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу координациялык кеңештин кароосуна белгиленген тартипте киргизсин.
4. Кыргыз Республикасынын министрликтери, мамлекеттик комитети жана администрациялык ведомстволору уюштуруу комитетинин ишине жардам көрсөтүшсүн.
5. Уюштуруу комитетинин ишин уюштуруучулук жана башка камсыздоо Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине тапшырылсын.
6. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппарат экономика жана инвестициялар бөлүмүнө тапшырылсын.
Премьер-министри | Ж.Сатыбалдиев |
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 24-январындагы № 16-б буйругуна тиркеме |
Кыргыз Республикасынын биринчи вице-премьер-министри, уюштуруу комитетинин төрагасы;
Дүйнөлүк банктын Кыргыз Республикасындагы офисинин башчысы, уюштуруу комитетинин тең төрагасы (макулдашуу боюнча).
Уюштуруу комитетинин мүчөлөрү:
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын экономика жана инвестициялар бөлүмүнүн башчысы, уюштуруу комитетинин төраганын орун басары;
Кыргыз Республикасынын финансы министринин орун басары;
Кыргыз Республикасынын экономика министринин орун басары;
Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министринин орун басары;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын финансы жана кредит саясаты бөлүмүнүн башчысы;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын эл аралык кызматташтык бөлүмүнүн башчысы;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын экономика жана инвестициялар бөлүмүнүн донорлор жана эл аралык финансылык институттар менен эриш-аркак иштөө секторунун башчысы;
Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын өкүлү (макулдашуу боюнча);
Эл аралык финансылык институттардын жана донор өлкөлөрдүн өкүлдөрү (макулдашуу боюнча).