Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2013-жылдын 24-январы № 17-б
Кыргыз Республикасы менен Кытай Эл Республикасынын ортосундагы экономикалык кызматташтыкты өнүктүрүү жана тереңдетүү максатында:
Кыргыз Республикасынын Экономика министрлиги жана Кытай Эл Республикасынын Коммерция министрлигинин алдындагы Эл аралык кызматташтык ассоциациясынын ортосундагы Алкактык макулдашуунун тиркелген долбооруна принциптүү эмес мүнөздөгү өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү укугу менен макулдук берилсин.
Премьер-министри | Ж.Сатыбалдиев |
Долбоор
Кыргыз Республикасы менен Кытай Эл Республикасынын ортосундагы экономикалык кызматташтыкты өнүктүрүү жана тереңдетүү максатында,
Кыргыз Республикасынын Экономика министрлиги (мындан ары «Министрлик» деп аталуучу) жана Кытай Эл Республикасынын Коммерция министрлигинин алдындагы Эл аралык кызматташтык ассоциациясы (мындан ары «Ассоциация» деп аталуучу),
чогуу алганда «Тараптар» деп аталып,
төмөнкүлөр жөнүндө өз ара түшүнүшүүгө келишти:
1. Министрлик Кыргыз Республикасы менен Кытай Эл Республикасынын ортосундагы соода-экономикалык жана инвестициялык кызматташтыкты өнүктүрүүнүн жана андан ары кеңейтүүнүн маанилүүлүгүн белгилейт.
2. Ушул Алкактык макулдашуунун алкагында Тараптар Кыргыз Республикасынын экономикасынын түрдүү чөйрөлөрүндө биргелешкен кызматташууну орнотуу жана инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруу үчүн зарыл болгон күч-аракеттерин жумшашат.
3. Министрлик өлкөнүн экономикасына салынган тикелей кытай инвестицияларын колдойт жана төмөнкү чөйрөлөрдө инвестициялык долбоорлорду биргелешип ишке ашыруу мүмкүндүгүн кароого даяр экендигин билдирет:
а) Финансылык чөйрөдө кызматташуу, айрым алганда «Кыргыз - Кытай өнүктүрүү банкын» жана «Кыргыз - Кытай экономиканы өнүктүрүү корун» түзүү аркылуу;
б) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын аймагында минералдык ресурстарды өздөштүрүү боюнча кызматташуу;
в) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын аба-унаалык логистикасын өнүктүрүү чөйрөсүндө кызматташуу.
4. Ассоциация Кыргыз Республикасында экономикалык долбоорлорду ишке ашыруу үчүн тикелей кытай инвестициясын тартууга жана Кыргыз Республикасы менен Кытай Эл Республикасынын бизнес - түзүмдөрүнүн ортосундагы ишкердик байланыштарды орнотууга көмөк көрсөтүүгө даяр экендигин билдирет.
5. Ассоциация Кыргыз Республикасында биргелешкен инвестициялык долбоорлорду ишке ашырууну координациялоо жана көмөк көрсөтүү үчүн Бишкек шаарында Ассоциациянын өкүлчүлүгүн уюштурууга ниеттенет.
6. Тараптар Кыргыз Республикасынын улуттук мыйзамдарына ылайык ушул Алкактык макулдашуунун алкагында кызматташууну ишке ашырууга ниеттенишет.
7. Алкактык макулдашууда юридикалык же финансылык жоопкерчиликтер болбойт, ошондуктан ушул Алкактык макулдашуунун жоболорун чечмелөөдө жана колдонууда келип чыгуучу ар кандай талаш-тартыштар жана кайчы пикирлер Тараптар ортосунда консултациялар жана сүйлөшүүлөр аркылуу чечилет.
_____________ шаарында 2013-жылдын «____» _____________ ар бири кыргыз, кытай, орус тилдеринде болгон эки түп нускада түзүлдү, бардык тексттер бирдей юридикалык күчкө ээ.
Кыргыз Республикасынын Экономика министрлиги үчүн | Кытай Эл Республикасынын Коммерция министрлигинин алдындагы Эл аралык кызматташтык ассоциациясы үчүн |