Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2013-жылдын 25-январы № 18-б
Кыргыз Республикасынын "Мамлекеттик материалдык резерв жөнүндө" Мыйзамынын 3-беренесине ылайык, Баткен жана Ош облустарынын айрым калктуу конуштарынын тургундарына гуманитардык жардам көрсөтүү максатында:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик материалдык резервдер фонду Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 16-июлундагы № 349-б буйругуна ылайык брондон чыгарылган азык-түлүк буудай данынан алынган 22950 кг көлөмдөгү 1-сорт буудай унун Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине өткөрүп берсин.
2. Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги унду Баткен шаарынан Баткен облусунун Баткен районундагы Чарбак, Божой, Кадамжай районундагы Кара-Шоро жана Ош облусунун Кара-Суу районундагы Барак айылдарына жеткирүүнү уюштурсун.
3. Баткен облусунун Баткен, Кадамжай райондорунун жана Ош облусунун Кара-Суу районунун мамлекеттик администрациялары:
- ун берүү үчүн аталган калктуу конуштарда жашаган үй-бүлөлөрдүн санын аныкташсын, ошондой эле ар бир үй-бүлөдөн ун алуучулардын тизмесин түзүшсүн;
- унду кайтарымсыз негизде даректүү таратууну камсыздашсын.
4. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги 2013-жылга республикалык бюджетте каралган чекте зарыл акча каражатын төмөнкүлөргө бөлсүн;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик материалдык резервдер фондуна мамлекеттик резервдин запасын толуктоого;
- Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине унду арналган жерине жеткирүү менен байланышкан чыгымдардын ордун толтурууга.
5. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын агроөнөржай комплекси жана экология бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министри | Ж.Сатыбалдиев |