Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2013-жылдын 28-январы № 20-б
Кыргыз Республикасынын көрүнүктүү мамлекеттик жана коомдук ишмери, Кыргыз Республикасынын Баатыры А.Масалиевдин 80 жылдыгына арналган иш-чараларды уюштуруу жана өткөрүү максатында, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2012-жылдын 29-июнундагы № 2254-V "А.Масалиевдин 80 жылдык мааракеси жана элесин түбөлүккө калтыруу жөнүндө" токтомуна ылайык:
1. Уюштуруу комитети төмөнкү курамда түзүлсүн:
Сарпашев Т.Д. | - | Кыргыз Республикасынын Вице-премьер-министри, уюштуруу комитетинин төрагасы; |
Жунусов И.К. | - | Кыргыз Республикасынын маданият жана туризм министри, уюштуруу комитетинин төрагасынын орун басары. |
Уюштуруу комитетинин мүчөлөрү: | ||
Осмонов М.К. | - | Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты (макулдашуу боюнча); |
Садыков К.Ж. | - | Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министри; |
Лаврова О.В. | - | Кыргыз Республикасынын финансы министри; |
Өмүркулов И.Ш. | - | Бишкек шаарынын мэри (макулдашуу боюнча); |
Разаков Ж.П. | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Кыргыз Республикасынын Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү; |
Жээнбеков С.Ш. | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Кыргыз Республикасынын Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү; |
Төрөмаматов Ж.К. | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү; |
Асанакунов М.А. | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Кыргыз Республикасынын Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү; |
Курманалиева К.А. | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Кыргыз Республикасынын Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү; |
Муратбеков К.К. | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Кыргыз Республикасынын Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү; |
Азыранкулов А.Ж. | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Кыргыз Республикасынын Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү; |
Оторбаев К.Т. | - | Кыргыз Республикасынын Коомдук телерадиокорпорациясынын башкы директору (макулдашуу боюнча); |
Масалиев И.А. | - | А.Масалиев атындагы коомдук фонддун директору (макулдашуу боюнча); |
Эркебаев А.Э. | - | Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын президентинин милдетин аткаруучу (макулдашуу боюнча); |
Орунбеков Б.О. | - | "Кыргыз Туусу" басма үйүнүн директору - башкы редактор; |
Дүйшеев О.Д. | - | коомдук ишмер (макулдашуу боюнча); |
Даникеев Ө.Д. | - | Кыргыз Республикасынын эл жазуучусу (макулдашуу боюнча); |
Акунов Б.А. | - | коомдук ишмер (макулдашуу боюнча); |
Ишемкулов Т.И. | - | коомдук ишмер (макулдашуу боюнча). |
2. Уюштуруу комитети көрүнүктүү мамлекеттик жана коомдук ишмер А.Масалиевдин 80 жылдыгына арналган иш-чаралардын планын иштеп чыксын жана бекитсин.
3. Юбилейлик иш-чараларды өткөрүүгө байланышкан чыгымдар тартылган мамлекеттик органдардын бекитилген бюджетинин чегинде, ошондой эле тартылган каражаттардын эсебинен жүргүзүлсүн.
4. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын билим берүү, маданият жана спорт бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министри | Ж.Сатыбалдиев |