Загрузка документа…
КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 14-ноябрындагы № 650 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2013-жылдын 28-январы № 22-б
Кыргыз Республикасынын "Энергетика жөнүндө" Мыйзамынын 10-беренесине ылайык:
1. Кыргыз Республикасынын Энергетика жана өнөр жай министрлигинин алдындагы Отун-энергетикалык комплексти жөнгө салуу боюнча мамлекеттик департаменттин Аткаруу кеңеши төмөнкү курамда бекитилсин:
Кыргыз Республикасынын Энергетика жана өнөр жай министрлигинин алдындагы Отун-энергетикалык комплексти жөнгө салуу боюнча мамлекеттик департаменттин директору;
Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин алдындагы Атаандаштыкты өнүктүрүү боюнча департаменттин директору;
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин профилдик комитетинин өкүлү (макулдашуу боюнча);
"Көз карандысыз экологиялык экспертиза" коомдук бирикмесинин төрагасы (макулдашуу боюнча);
"Товар өндүрүүчүлөр ассоциациясы" коомдук бирикмесинин төрагасы (макулдашуу боюнча).
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 13-июлундагы № 347-б буйругу күчүн жоготту деп табылсын.
3. Бул буйрук кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.
Премьер-министри | Ж.Сатыбалдиев |