КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 28-январындагы № 22-б буйругуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2012-жылдын 13-июлу № 347-б
"Энергетика жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 10-беренесине ылайык:
1. Кыргыз Республикасынын Энергетика жана өнөр жай министрлигинин алдындагы Отун-энергетика комплексин жөнгө салуу боюнча мамлекеттик департаментинин Аткаруучу кеңешинин мүчөлөрү төмөнкү курамда бекитилсин:
- Кыргыз Республикасынын Энергетика жана өнөр жай министрлигинин алдындагы Отун-энергетика комплексин жөнгө салуу боюнча мамлекеттик департаменттин директору;
- Кыргыз Республикасынын Энергетика жана өнөр жай министрлигинин алдындагы Отун-энергетика комплексин жөнгө салуу боюнча мамлекеттик департаменттин директорунун орун басары;
- Кыргыз Республикасынын Экономика жана монополияга каршы саясат министрлигинин алдындагы Атаандаштыкты өнүктүрүү боюнча департаменттин директору.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 23-апрелиндеги № УӨ № 163 буйругу күчүн жоготту деп табылсын.
3. Бул буйрук кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.
Премьер-министр | Ө.Бабанов |