Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2013-жылдын 1-февралы № 25-б
Кыргыз Республикасынын жана Корея Элдик-Демократиялык Республикасынын жарандарынын өз ара катташуу режимин тартипке келтирүү максатында:
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Корея Элдик-Демократиялык Республикасынын ортосундагы Жарандардын өз ара катташуусу жөнүндө макулдашуунун мамлекеттик тилде тиркелген долбоору принциптүү эмес мүнөздөгү өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү укугу менен жактырылсын.
Премьер-министри | Ж.Сатыбалдиев |
|
| Долбоор |
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жана Корея Элдик-Демократиялык Республикасынын Өкмөтү (мындан ары - Тараптар деп аталуучу) эки өлкөнүн ортосундагы достук мамилени андан ары бекемдөө максатында; жарандардын эки мамлекетке тең эркин барып-келүүсүн камсыздоо ниетин көңүлгө алып, төмөнкүлөр жөнүндө макулдашты:
Ушул Макулдашууга ылайык Тараптардын жарандары жарактуу жүрүү документтерин пайдалануу менен экинчи Тараптын аймагына кирүүгө, чыгууга, орун которууга жана/же убактылуу болууга укуктуу болушат.
Бул Макулдашууну аткаруу максатында жарактуу жүрүү документтерине төмөнкү документтер кирет:
Кыргыз Республикасынын жарандары үчүн;
- дипломатиялык паспорт;
- кызматтык паспорт;
- жалпы жарандык паспорт;
- Кыргыз Республикасына кайтып келүү жөнүндө күбөлүк;
Корея Элдик-Демократиялык Республикасынын жарандары үчүн:
- дипломатиялык паспорт;
- кызматтык паспорт;
- паспорт (кызматтык сапар үчүн);
- паспорт;
- моряктын паспорту;
- мөөнөттүү паспорт.
Эки Тараптын жарандары - жарактуу дипломатиялык же кызматтык паспорттордун, же болбосо паспорттордун (кызматтык сапар үчүн) ээлери экинчи Тараптын аймагына кирүүгө, чыгууга жана/же анын аймагында 90 күн болууга укуктуу, ошондой эле экинчи Тараптын аймагында кыдырып жүрө алышат.
Тараптардын компетенттүү органдары экинчи Тараптын жарандарынын болуу мөөнөтүн жөндүү негизде узарта алышат.
Экинчи Тараптын аймагында жашаган Тараптын дипломатиялык жана консулдук өкүлчүлүктөрүнүн кызматкерлери, ошондой эле дипломатиялык же кызматтык паспортторго ээ эл аралык уюмдардын өкүлдөрү алардын болуусунун бардык мезгилинин ичинде экинчи Тараптын аймагына визасы жок кирүүгө, чыгууга жана/же убактылуу болууга укуктуу; жогоруда айтылгандар алардын үй-бүлө мүчөлөрүнө да жайылтылат.
Эл аралык жарандык авиа каттамдардын экипажынын, эл аралык поезддердин мүчөлөрү, ошондой эле паспортторго (кызматтык сапарлар үчүн) ээ эл аралык почта кызматынын чабармандары өздөрүнүн кызматтык сапарларын ишке ашыруу үчүн экинчи Тараптын аймагына визасы жок кирүүгө, чыгууга жана убактылуу болууга укуктуу.
Ушул Макулдашуунун 3-беренесинде көрсөтүлгөндөрдөн тышкары, жарактуу жүрүү документтерине ээ Тараптардын жарандары, эгер экинчи Тараптын дипломатиялык же консулдук өкүлчүлүгү виза берсе башка Тараптын аймагына кирүүгө, чыгууга, орун которууга жана/же болууга тийиш.
Бир Тараптын аймагына экинчи Тараптын жарандарынын кирүүсү жана чыгуусу эл аралык трафик үчүн чек аралык өткөрмө пункттар аркылуу ишке ашырылууга тийиш.
Тараптардын жарандары экинчи Тараптын мыйзамдарын алар ошол Тараптын аймагында болуу учурунда сактоого тийиш.
Тараптар экинчи Тараптын келиши жагымсыз же нон грат персонасы деп эсептелген жарандарын киргизүүдөн баш тартууга же алардын тиешелүү аймактарда жүрүүсүн токтотууга укуктуу, бул учурда экинчи Тараптын дипломатиялык же консулдук өкүлчүлүгү мындай чечим жөнүндө кабарланууга тийиш.
Тараптар коопсуздукту, социалдык тартипти камсыздоо жана ден соолукту сактоо максатында Макулдашуунун бир бөлүгүн же толугу менен аткаруудан баш тарта алышат, мындай учурда экинчи Тарапка дипломатиялык каналдар аркылуу чечим жөнүндө тез арада билдирүү керек.
Тараптар ушул Макулдашуунун 2-беренесинде көрсөтүлгөн жарактуу жүрүү документтеринин үлгүлөрүн Макулдашуу түзүлгөн учурдан тартып 30 күндүн ичинде алмашуулары керек.
Жарактуу паспорттор жана башка жүрүү документтери алмаштырылган же жаңы жүрүү документтери пайдаланыла баштаган учурда, Тарап экинчи Тарапка дипломатиялык каналдар аркылуу 30 күн мурда билдирүүсү жана жогоруда көрсөтүлгөн документтердин үлгүлөрүн алмаштыруулары керек.
Тараптардын макулдугу боюнча бул Макулдашууга анын ажырагыс бөлүгү болуп саналган тиешелүү протоколдор менен таризделүүчү өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилиши мүмкүн.
Бул Макулдашуу дипломатиялык каналдар аркылуу ушул Макулдашуунун күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекет ичиндеги жол-жоболордун аткарылгандыгы жөнүндө билдирүү алгандан 30 күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Бул Макулдашуу белгисиз мөөнөттүн ичинде күчүндө болот. Муну менен катар биринчи Тарап экинчи Тарапка бул Макулдашууну бузуу ниети жөнүндө билдиргенде, ал дипломатиялык каналдар аркылуу экинчи Тараптын жазуу жүзүндөгү билдирүүсүн алгандан тартып 90 күндөн кийин күчүн токтотот.
_________ шаарында ____-жылдын "__" _______ 2 нускада, ар бири кыргыз, корей жана англис тилдеринде түзүлдү. Бардык тексттер бирдей юридикалык күчкө ээ, чечмелөөдө кайчы пикирлер болгон учурда англис тилиндеги варианты артыкчылыктуу күчкө ээ болот.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү үчүн |
| Корея Элдик-Демократиялык Республикасынын Өкмөтү үчүн |