Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2013-жылдын 14-февралы № 38-б
Кыргыз Республикасы менен Италия Республикасынын ортосундагы кызматташтыкты жана достук мамилелерди өнүктүрүү максатында:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Италия Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Маданий, илимий жана техникалык кызматташтык жөнүндө макулдашуунун тиркелген долбоору жактырылсын.
2. Кыргыз Республикасынын маданият жана туризм министрине жогоруда аталган Макулдашуунун долбооруна принциптүү эмес мүнөздөгү өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү укугу менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн атынан кол коюуга ыйгарым укук берилсин.
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 23-сентябрындагы № 444-б буйругу күчүн жоготту деп табылсын.
Премьер-министри | Ж.Сатыбалдиев |
| Долбоор |
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Италия Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Маданий, илимий жана техникалык кызматташтык жөнүндө МАКУЛДАШУУ
Мындан ары "Макулдашкан Тараптар" деп аталуучу Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Италия Республикасынын Өкмөтү,
маданий, илимий жана техникалык жактан кызматташуу эки тараптуу мамиленин маанилүү элементтеринин бири экендигине ишенип,
эки өлкөнүн ортосундагы достук байланыштарды чыңдоодогу болуп келген өз ара кызыкчылыктарды эске алуу менен,
маданий, илимий жана техникалык мамилелерди өнүктүрүү аркылуу өз ара түшүнүшүүнү жана кызматташууну кеңейтүүнү көздөп, ошондой эле 1995-жылдын 9-февралында Брюссель шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Европа Союзунун ортосундагы Шериктештик жана кызматташтык жөнүндө макулдашуунун 70-беренесинде жазылган маданий кызматташтыкка көмөк көрсөтүүгө, жардам кылууга жана өбөлгө түзүүгө умтулуунун алкагында төмөндөгүлөр жөнүндө макулдашты:
1-берене. Максаттары
Бул Макулдашуунун максаты болуп Макулдашкан Тараптардын мамлекеттеринин илим-изилдөө уюмдарынын жана институттарынын, жогорку окуу жайларынын, башка мекемелеринин жана уюмдарынын, юридикалык жана жеке жактарынын ортосундагы кызматташтыкты, ошондой эле анын өнүгүшүнө жагымдуу шарттарды түзүү жолу менен өз ара пайдалуу жана теңдештирилген негизде байланыштарды кеңейтүүгө жана чыңдоого көмөктөшүү эсептелет.
2-берене. Кызматташтык чөйрөлөрү
Макулдашкан Тараптар төмөндөгү чөйрөлөрдө кызматташууну камсыз кылышат: маданият жана искусство, кенч-мүлктөрдү кайрадан оңдоп калыбына келтирүү, сактоо жана коргоо, музейлер жана китепканалар, тиешелүү документтик жана архивдик мурастардын маанилүүлүгүн жана баалуулугун жогорулатуу, коргоо, университеттик билим берүү жана университеттер аралык кызматташуу, туризм, мектептик билим берүү системалары жөнүндө соңку жаңы маалыматтарды жана документтерди алмашуулар. Макулдашкан Тараптар маданий, илимий жана техникалык кызматташтыкты төмөндөгү иш-чараларды жүзөгө ашыруу аркылуу өнүктүрүүгө өбөлгө болушат: биргелешкен илим-изилдөө жана техникалык долбоорлорду ишке ашыруу, приборлорду жана изилдөө материалдарын алмашуу мүмкүндүгү; илимий-техникалык программаларды, долбоорлорду, илимий жана техникалык кызматташтык маселелери боюнча башка иш-чараларды ишке ашыруу максатында окумуштууларды, изилдөөчүлөрдү жана техникалык адистерди өз ара жиберишүү; илимий мүнөздөгү семинарларды, симпозиумдарды жана башка жолугушууларды өткөрүү; илимий-техникалык маалыматтарды алмашуу; техникалык жана инновациялык кызматташтыкты кеңейтүү боюнча иш-чараларды биргелешип ишке ашыруу; Макулдашкан Тараптар макулдашуучу илимий жана техникалык кызматташтыктын башка формалары.
3-берене. Университет жана изилдөө
Университеттик билим берүү тармагында Макулдашкан Тараптар университетте алган билимдерин жана тажрыйбаларын, тактап айтканда илимий жана техникалык жаатта алмашууну, кызматташууну өнүктүрүүгө, лабораторияларда жана университеттик түзүмдөрдө семинарларды өткөрүү, окутуучуларды жана изилдөөчүлөрдү алмашуу жолу менен көмөк көрсөтүшөт. Макулдашкан Тараптар илимий кызматташтык боюнча жолугушуулар аяктагандан кийин жарыяланган илимий баяндамаларды алмашууларды жүргүзүшөт.
Макулдашкан Тараптар ошондой эле экинчи Макулдашкан Тараптын мамлекетинин аймагында өзүнүн тилин билүүнү жакшыртуу, жайылтуу жана үйрөтүү демилгелерин колдошот. Бул максатта алар кафедралардын жана окутуучулардын санын көбөйтүү менен Макулдашкан Тараптардын мамлекетинде тилди жана адабиятты үйрөнүүнү кеңейтишет.
Макулдашкан Тараптар тактап айтканда кыргызча-итальянча жана итальянча-кыргызча сөздүктөрдү иштеп чыккандарды жана жарыялагандарды колдошот.
Макулдашкан Тараптар тиешелүү жогорку окуу жайлардын ортосундагы музыкалык жана хореографиялык, көркөм жана дизайн сабактары чөйрөсүндөгү кызматташтыкты студенттерди жана окутуучуларды алмашуу, көркөм продукцияларга тиешелүү ишти кошкондо, биргелешкен иштерди жүзөгө ашыруу жөнүндө макулдашууларды түзүү аркылуу өнүктүрүүгө көмөк көрсөтүшөт.
4-берене. Билим берүү
Макулдашкан Тараптар тарбия берүү жана мектептик билим берүү чөйрөсүндө төмөндөгүлөрдү кеңейтүү максаттарында кызматташууну өнүктүрүүгө өбөлгө түзүшөт:
А) эки өлкөнүн мектептик тутумундарында колдонулуучу окутуунун методдору, дидактикалык материалдары жана программалары жаатында тажрыйба алмашуулар;
Б) окутуучуларды, адистерди, окуучуларды алмашуу, ошондой эле методиканы жана дидактикалык материалдарды жакшыртуу максаттары бар, билим берүү жана квалификацияларды жогорулатууга байланышкан институттардын, уюмдардын жана ишканалардын ортосундагы алмашуулар.
Макулдашкан Тараптар университеттердин ортосундагы мүмкүн болуучу байланыштарына, жаштардын проблемалары менен иштеген тиешелүү мамлекеттик мекемелердин ортосундагы кызматташтыкка, ошондой эле эл аралык кызматташтыкты өнүктүрүү үчүн маанилүү болгон тематикалар боюнча тажрыйба алмашууларды максат кылган жергиликтүү ассоциациялардын, мекемелердин, уюмдардын демилгелерине көмөк көрсөтүшөт.
5-берене. Стипендиялар
Макулдашкан Тараптар ушул Макулдашуунун алкагында, өздөрүнүн мүмкүнчүлүктөрүнүн чегинде жана өз ара кызматташуунун принциптеринин негизинде экинчи тараптын жарандарына университеттердин курстарынан, докторантурадан, ошондой эле жогорку көркөм, музыкалык жана хореографиялык билим берүүчү окуу жайларынын алдындагы курстардан өтүү үчүн стипендия берет. Кошумча түрдө итальян тарап магистратурада окуу (I жана II деңгээли), ошондой эле итальян тилин жана маданиятын үйрөнүү, итальян тилин кыргыз тарапка окутуу мүмкүнчүлүктөрү үчүн стипендияларды берет.
6-берене. Маданият жана искусство жаатындагы кызматташтык
Макулдашкан Тараптар Макулдашкан Тараптарда уюштурулган фестивалдарга, спектаклдерге, көргөзмөлөргө жана башка жолугушууларга катышуу максатында көркөм искусство, театр, адабият, архитектура жана декоративдик искусство сыяктуу чөйрөлөр менен байланышкан уюмдардын жана институттардын ортосундагы түз байланыштарга жана кызматташтыктарга көмөк көрсөтүшөт. Алар ошондой эле маданияттын, көркөм искусство жана театрды кошкондо, түрдүү тармактарынын өкүлдөрүн билим жана тажрыйба алмашуу, көркөм фестивалдарды жана дизайн фестивалдарын өткөрүү үчүн алмашууларды колдойт.
Макулдашкан Тараптар экинчи Тараптын эсселерин жана адабий чыгармаларын которууга жана жарыялоого сыйлык жана сый акы берүү аркылуу көмөк көрсөтүшөт.
Мындан сырткары, маданий баалуулуктарды сактоо жана реставрациялоо, маданий ландшафты коргоо жана башкаруу үчүн музейлер, архивдер жана китепканалардын ортолорундагы түздөн-түз кызматташууларга көмөк көрсөтүшөт; маалыматтарды, жарыялоолорду жана тажрыйбаларды алмашуу жолу менен тиешелүү археологиялык жана маданий байлыктардын маанилүүлүгүн жогорулатууга жана сактоого багытталган симпозиумдарды, семинарларды, биргелешкен изилдөөлөрдү, казууларды, реставрациялоону жана демилгелерди уюштуруу аркылуу археология жаатындагы абдан кеңири кызматташтыкка көмөк көрсөтөт.
7-берене. Искусство чыгармаларын мыйзамсыз сатууларга каршы күрөшүү боюнча кызматташтык
Макулдашкан Тараптар искусство чыгармаларын, маданий баалуулуктарды, археологиялык табылгаларды, документтерди, тарыхый жана көркөм мааниси бар башка предметтерди мыйзамсыз сатуулардын алдын алуу жана ага каршы күрөшүү, ошондой эле искусство чыгармаларын мыйзамсыз сатуулардагы кылмыш иштерине каршы күрөшүүгө багытталган маалыматтарды алмашуу боюнча иш-чаралардагы тыгыз кызматташтыкка көмөк көрсөтүшөт.
Макулдашкан Тараптар маданий баалуулуктарды мыйзамсыз алып кирүүнү жана алып чыгууну, менчик укугун берүүнү алдын алууга жана тыюу салууга багытталган улуттук мыйзамдарына ылайык иш жүргүзүшөт.
8-берене. Жалпыга маалымдоо каражаттары, спорт жана жаштар саясаты жаатындагы кызматташтык
Макулдашкан Тараптар дене тарбия жана спорт боюнча эки тарапты абдан кызыктырган иш долбоорлорун инвестициялоого умтулууга көмөк көрсөтүшөт. Тараптар дене тарбияны, спортту жана жаштар саясатын өнүктүрүү маселелери боюнча семинарларга, курстарга, илимий конференцияларга катышкан адистерди окууга жиберүүлөрдү, сынактарды жана максатка ылайык башка демилгелерди уюштуруу жолу менен колдойт. Эл аралык маанидеги тематикалар боюнча тажрыйбаны жана демилгени алмашууну өнүктүрүү үчүн жаштар проблемалары менен иштеген уюмдар менен институттардын ортосундагы кызматташтыкты өнүктүрүүгө көмөктөшөт.
Макулдашкан Тараптар мамлекеттик телерадиокомпаниялар ортосундагы тикелей байланыштарды түзүүнү колдойт.
9-берене. Илимий жана техникалык кызматташтык: иш-чаралар жана багыттар
Макулдашкан Тараптар мамлекеттик жана менчик академиялык институттардын, илим изилдөө мекемелеринин жана илимий уюмдардын ортосундагы илимий жана техникалык кызматташтыктарга финансылык ресурстардын чегинде төмөндөгүлөр аркылуу көмөк көрсөтүшөт:
а. илимий жана изилдөө делегацияларынын визиттерин алмашуу;
б. илимий жана техникалык маалыматтарды алмашуу;
в. өз ара тең кызыкдар болгон темалар боюнча биргелешкен илимий жана техникалык изилдөөлөрдү жүргүзүү;
г. биргелешкен лабораторияларды түзүү;
д. өз ара кызыкдар жааттарда семинарларды, мастер класстарды, конференцияларды жана көргөзмөлөрдү уюштуруу;
е. Тараптардын макулдашуусу мүмкүн боло турган кызматташтыктын башка формаларын ишке ашыруу;
ж. институттар аралык конвенцияларды жана макулдашууларды түзүү.
Бул Макулдашууну ишке ашыруу максатында Макулдашкан Тараптар кызматташуунун тиешелүү пландарына кол коюшат, аларда ушул Макулдашуунун алкагындагы айкын иш-чаралар аныкталат жана ишке ашыруу үчүн финансылык маселелер каралат.
Иш-чараларды каржылоо тиешелүү мамлекеттик органдар тарабынан, алардын ишинин чөйрөлөрүнө ылайык министрликтердин жана ведомстволордун тиешелүү жылга карата бекитилген бюджетинин чегинде, ошондой эле Макулдашкан Тараптардын мыйзамдарында тыюу салынбаган башка булактарды тартуунун эсебинен жүргүзүлөт.
10-берене. Координациялоочу органдар
Бул Макулдашууну ишке ашыруу боюнча жооптуу органдар болуп Кыргыз Республикасынын маданият, билим берүү жана илим чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар жана Италия Республикасынын Билим берүү, университеттер жана изилдөө министрлиги эсептелет.
11-берене. Маалымат, технологиялар трансферти жана интеллектуалдык менчик
Макулдашкан Тараптар техникалык маалыматтарды, ошондой эле технологиялар трансфертине багытталган биргелешкен илимий иш-чараларды алмашууга көмөк көрсөтүшөт.
Макулдашкан Тараптар өздөрүнүн ички мыйзамдарына жана Тараптар катышуучу болуп эсептелген эл аралык келишимдерге ылайык, ал эми Италиялык тарап Европа Союзунун ушул жааттагы мыйзамдарында каралган алкакты толук сактоо менен, интеллектуалдык менчикти коргоо жана пайдалануу жаатындагы кызматташтыкты ишке ашырышат жана өнүктүрүшөт.
12-берене. Биргелешкен комиссия
Бул Макулдашууну колдонуу максатында Макулдашкан Тараптар Биргелешкен комиссия түзүшөт, анын милдетине көп жылдык Аткаруу Программасын түзүү жана Макулдашкан Тараптардын ортосундагы тарбия, илимий жана техникалык кызматташтыктын практикалык жана артыкчылыктуу багыттарын белгилөө кирет.
Комиссия мезгил-мезгили менен программалардын, демилгелердин жана келечектин абалына баа берүү менен кызматташтыктын жагымдуу шарттарда жүзөгө ашырылышына көзөмөл жүргүзөт.
Комиссия кезек-кезеги менен эки өлкөнүн борбор шаарларында дипломатиялык каналдар боюнча макулдашкан күндөрдө чогулуштарды өткөрүп турат.
13-берене. Кайчы пикирлер жана оңдоолор
Бул Макулдашууну жүзөгө ашырууда жана чечмелөөдө келип чыккан кайчы пикирлерди Макулдашкан Тараптар сүйлөшүү жолу менен чечишет. Макулдашкан Тараптардын өз ара макулдуктары менен бул Макулдашууга өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилиши мүмкүн, алар ушул Макулдашуунун ажырагыс бөлүгү болуп эсептелген протокол менен таризделет.
14-берене. Күчүнө кирүүсү жана денонсация
Бул Макулдашуу белгисиз мөөнөткө түзүлөт жана анын күчүнө кирүүсү үчүн зарыл болгон тиешелүү ички мамлекеттик жол-жоболорду Макулдашкан Тараптардын аткаргандыгы жөнүндө жазуу жүзүндөгү акыркы билдирүү дипломатиялык каналдар боюнча алынган күндөн баштап күчүнө кирет.
Макулдашкан Тараптын ар бири дипломатиялык канал аркылуу жазуу жүзүндөгү билдирүү жиберүү жолу менен бул Макулдашууну денонсациялай алат. Бул учурда Макулдашууну колдонуу экинчи Макулдашкан Тарап жазуу жүзүндө билдиргенден кийин алты ай өткөндө токтотулат. Макулдашууну колдонуунун токтотулушу ушул Макулдашуу колдонуп жаткан учурда кол коюлган жана ушул Макулдашууну колдонуу токтотулган учурда толук же жарым жартылай аткарылган келишимдердин жана макулдашуулардын аныктыгына, эгерде Макулдашкан Тараптар башка чечимдерди кабыл алышпаса, таасирин тийгизбейт.
Бул Макулдашуу Макулдашкан Тараптардын алар катышуучу болуп эсептелген башка эл аралык келишимдеринен келип чыккан укуктарына жана милдеттерине таасирин тийгизбейт.
_________________________ шаарында, ____-жылдын _________________, эки нускада, ар бири кыргыз, орус, итальян жана англис тилдеринде түзүлдү, бардык тексттер бирдей күчкө ээ. Ушул Макулдашуунун жоболорун чечмелөөдө кайчы пикирлер келип чыкса англис тилиндеги текст колдонулат.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү үчүн |
| Италия Республикасынын Өкмөтү үчүн |