Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2013-жылдын 18-февралы № 45-б
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Өнүктүрүү боюнча өнөктөштөрдүн 2012-2014-жылдар мезгилине билим берүү секторунда сектордук мамиле боюнча биргелешкен билдирүүсүнүн тиркелген долбоору жактырылсын.
2. Бул буйруктун 1-пунктунда аталган Биргелешкен билдирүүнүн долбооруна принциптүү эмес мүнөздөгү өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү укугу менен Кыргыз Республикасынын финансы министрине, Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министрине, Кыргыз Республикасынын жаштар, эмгек жана иш менен камсыз кылуу министрине Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн атынан кол коюуга ыйгарым укук берилсин.
Премьер-министри | Ж.Сатыбалдиев |
Долбоор
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 18-февралындагы № 45-б буйругуна тиркеме |
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Өнүктүрүү боюнча өнөктөштөрдүн 2012-2014-жылдар мезгилине билим берүү секторунда сектордук мамиле боюнча биргелешкен
Билдирүүсү
1. Жалпы жоболор
1. Бул Биргелешкен билдирүүдө 2012-2014-жылдарга билим берүүнү өнүктүрүүнүн орто мөөнөттүү программасын (мындан ары текст боюнча БӨОП) ишке ашырууну координациялоо жана башкаруу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн атынан Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги, Кыргыз Республикасынын Жаштар, эмгек жана иш менен камсыз кылуу министрлиги, Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги менен 1-тиркемеде келтирилген Өнүктүрүү боюнча өнөктөштөрдүн ортосундагы өнөктөшүүнүн негизги баалуулуктары, принциптери жана шарттары аныкталат.
2. Бул Биргелешкен билдирүү өнөктөшүүнүн принциптерин жана жалпы шарттарын аныктаган алкактык документ болуп саналат. Тиешелүү милдеттенмелерди аныктоо үчүн андан ары Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Өнүктүрүү боюнча ар бир өнөктөштүн ортосунда эки тараптуу макулдашуу зарыл болот. Документке кол койгон тараптар өздөрүнүн эки тараптуу макулдашууларына же өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумдарга ушул Биргелешкен билдирүүнүн жоболоруна ылайык келбеген администрациялык маселелер жана отчёттуулук боюнча шарттарды же талаптарды киргизбөөгө аракеттенишет.
3. Бул Биргелешкен билдирүү каржылоо формасын аныктабайт. БӨОПтун финансылык колдоосу түрдүү формада, анын ичинде бюджеттик колдоо, биргелешкен каржылоо же жарыш каржылоо (долбоордук ыкма) түрүндө болушу мүмкүн. Донорлордун финансылык мүмкүнчүлүктөрүнө жана ыкмаларына ылайык БӨОПту каржылоонун көрсөтүлгөн формаларынын айкалышы колдонулушу мүмкүн.
2-тиркемеде Биргелешкен билдирүүнүн негизги терминдерине аныктама берилет.
2. Программалык билдирүү
4. Биргелешкен билдирүүнүн Тараптары:
- 2005-жылдын мартында кабыл алынган Тышкы жардам берүүнүн натыйжалуулугу боюнча Париж декларациясында билдирилген принциптерди урматтап, өз ара ишенимдин жана отчёттуулуктун, ачык саясий талкуулоолордун жана ачык-айкын башкаруунун негизинде туруктуу өнөктөштүк принциптерин карманышат;
- туруктуу өнөктөштүктө өнүктүрүү үчүн жардам улуттук саясатты жана стратегияларды колдоо үчүн колдонулган Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн лидерлигин таанышат;
- БӨОПто белгиленген сектордук максаттарды, милдеттерди жана артыкчылыктарды колдошот жана билим берүү секторуна финансылык жана техникалык колдоо көрсөтүүдө аларды сакташат;
- 3-тиркемеде көрсөтүлгөн негизги индикаторлорду сакташат;
- сектордук мамиле принциптерин сакташат жана БӨОПту, анын ичинде Биргелешкен баа берүү боюнча баяндама (мындан ары текст боюнча - БББ) процессиy жана биргелешип түзүлүүчү иш планын ишке ашырууну башкаруу боюнча түзүмдөшкөн диалогду түзүү үчүн сектордук мамиле механизмдерин колдонушат;
- Биргелешкен баа берүү механизмин (мындан ары текст боюнча - ББМ) жана билим берүү секторундагы илгерилөөлөргө, ошондой эле тышкы жардам берүүнүн натыйжалуулугуна карата Өнүктүрүү боюнча өнөктөштөрдүн ишинин алга жылууларына баа берүү үчүн мониторингдин жана баалоонун кошумча макулдашылган механизмдерин колдонушат;
- БӨОП колдогон жылдык бюджетке байланыштуу бюджеттин орто мөөнөттүү божомолу БӨОПту ишке ашырууда маанилүү каражат болуп саналаарын түшүнүшөт;
- бара-бара өкмөттүк финансылык башкаруу жана отчёттуулук системасын көбүрөөк колдонууга даяр;
- билим берүү сектору үчүн арналган бардык ресурстарды колдонуунун натыйжалуулугун жана үнөмдүүлүгүн күчөтүүгө багыт алышат.
3. Өнүктүрүү боюнча өнөктөштөрдүн салымдары жана ниеттери
5. Өнүктүрүү боюнча өнөктөштөр:
- БӨОПтун ишке ашуусуна мониторинг жүргүзүү үчүн ББМны колдонот жана ББМга ылайык келбеген ишке ашырууга баа берүүнүн жарыш механизмдерин мүмкүн болушунча колдонбойт;
- БӨОПту ишке ашыруу боюнча илгерилөөлөргө, ошондой эле тышкы жардамдын натыйжалуулугу жана координациялоо бөлүгүндө Өнүктүрүү боюнча өнөктөштөрдүн ишине мониторинг жүргүзүү жана баа берүү үчүн ББМны иштеп чыгууда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө көмөктөшөт;
- Өнүктүрүү боюнча айрым өнөктөштөргө баяндама жана мониторинг жүргүзүү боюнча талаптарды БББ чагылдырышы үчүн ар жылдагы биргелешкен баа берүү процессин колдон келишинче так сактайт, ал өнөктөштөр өз кезегинде жана мүмкүн болушунча кандайдыр бир жарыш жана/же кошумча баяндамаларды жүргүзбөөгө аракет кылат;
- ББМнын макулдашылган индикаторлоруна ылайык Өнүктүрүү боюнча өнөктөштөрдүн ишине баа берүү үчүн зарыл маалыматтарды БББда белгиленген мөөнөттө берет.
6. Өнүктүрүү боюнча өнөктөштөр Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин талаптарына жараша жана өз мүмкүнчүлүктөрүнүн алкагында бюджеттин орто мөөнөттүү божомолунда белгиленген мөөнөттөрдүн алкагында Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигине жана Кыргыз Республикасынын Жаштар, эмгек жана иш менен камсыз кылуу министрлигинин алдындагы Кесиптик-техникалык билим берүү агенттигине карата жылдар боюнча (n+1, n+2 жана n+3) милдеттенмелерди аныктайт.
7. Өнүктүрүү боюнча өнөктөштөр макулдашылган бюджеттик циклдин алкагында кийинки жылы БӨОПту ишке ашырууну каржылоо үчүн жеткиликтүү мүмкүн болгон суммаларды белгилейт.
4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн салымдары жана ниеттери
8. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү 2012-жылдын мартында Өнүктүрүү боюнча өнөктөштөр менен бирдикте Билим берүүнү өнүктүрүү стратегиясын жана БӨОПту аяктады жана бекитти.
9. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн атынан Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги, Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги жана Кыргыз Республикасынын Жаштар, эмгек жана иш менен камсыз кылуу министрлиги БӨОПту ийгиликтүү ишке ашырууга көмөктөшүү үчүн бардык зарыл күч-аракетин жумшайт, ошондой эле:
- БӨОПту пландоо, башкаруу жана ишке ашыруу, макулдашылган иш планы үчүн жалпы жоопкерчилик тартат;
- стратегиялык жана башкаруу маселелерин талкуулоо үчүн Өнүктүрүү боюнча өнөктөштөр менен үзгүлтүксүз консультациялар системасын аныктайт;
- макулдашылган индикаторлордун негизинде БӨОПтун ишке ашуусуна жана Өнүктүрүү боюнча өнөктөштөрдүн ишине мониторинг жүргүзүү үчүн ББМны иштеп чыгат. Улуттук жана эл аралык индикаторлор БӨОПтун максаттарына ылайык аныкталууга жана макулдашылууга тийиш. Мониторинг жүргүзүү системасы улуттук деңгээлде мониторинг жүргүзүү жача баа берүү системасы менен да интеграцияланышы керек;
- биргелешкен ар жылдагы баяндамаларды даярдайт жана макулдашылган башкаруу документтерин белгиленген мөөнөттө берет;
- иш-чараларды пландоонун жана чыгымдарды программалоонун негизги каражаты катары бюджеттин орто мөөнөттүү божомолун (мындан ары текст боюнча - БОБ) колдонот; жылдык бюджеттердин БОБго максимум (макроэкономикалык божомол канчалык мүмкүндүк берсе) ылайык келишин камсыз кылат; бюджеттин аткарылышынын макулдашылган милдеттенмелерге ылайык келишин камсыз кылат;
- макулдашылган максаттарга ылайык БӨОПту ишке ашыруу үчүн ички каражаттардын бөлүнүшүн камсыз кылат;
- Өнүктүрүү боюнча өнөктөштөрдүн каражаттарынын БОБдо, Кыргыз Республикасынын башка пландарында жана бюджеттеринде, ошондой эле финансылык башкаруу боюнча отчёттордо көрсөтүлүшүн мүмкүн болушунча камсыз кылат;
- БӨОПтун операциялык колдонмосунда баяндалган макулдашылган ишке ашыруу шарттарына ылайык БӨОПту башкарууну камсыз кылат;
- сектордук мамилени (мындан ары текст боюнча - СМ) ишке ашырууга жооптуу министрликтерде жана агенттиктерде институттук механизмдердин жана тиешелүү кызматкерлердин болушун камсыз кылат.
5. Координациялоо механизми
10. Координациялоо механизми төмөнкүдөй үч деңгээлден турат: саясатты иштеп чыгуу жана чечим кабыл алуу деңгээли, координациялоо жана консультация берүү деңгээли, операциялык деңгээл. Бул деңгээлдер Билим берүү боюнча консультациялык кеңешти, Ведомстволор аралык жетектөөчү комитетти жана министрликтердин тиешелүү бөлүмдөрүн камтыйт, алар пландоо, бюджеттөө, каржылоо, сатып алуу, БӨОПтун түрдүү багыттарына мониторинг жүргүзүү жана баа берүү иштерин жүргүзөт. Бул максаттар үчүн Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан төмөнкүлөр түзүлөт:
1) саясатты иштеп чыгуу жана чечим кабыл алуу боюнча орган болуп саналган Билим берүү боюнча консультациялык кеңеш, ал саясатты иштеп чыгуу, стратегиялык башкаруу жана пландоо, БӨОПту ишке ашыруунун илгерилөөсүнө баа берүү үчүн аянтчаны билдирет, ошондой эле башкаруучу документтерди макулдашат. Кеңештин жыйындары СМнын жол-жоболоруна ылайык жылына кеминде эки жолу өткөрүлөт. Кеңешти Кыргыз Республикасынын социалдык маселелер боюнча вице-премьер-министри жетектейт, тең төрагасы Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министри;
2) Ведомстволор аралык жетектөөчү комитет туруктуу негизде иштейт. Анын ишинин алкагында талкуулоолорду, сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү жана БӨОПту башкаруу, ошондой эле ушул Биргелешкен билдирүүнү ишке ашыруу менен байланышкан маселелер боюнча маалымат алмашуу максатында Өнүктүрүү боюнча өнөктөштөрдүн өкүлдөрү менен консультациялар өткөрүлөт. Жетектөөчү комитеттин жыйындары кварталына кеминде бир жолу зарылдыгына жараша өткөрүлөт. Жетектөөчү комитетти БИМдин өкүлү жетектейт, тең төрагасы Өнүктүрүү боюнча жетектөөчү өнөктөштүн өкүлү.
11. Өнүктүрүү боюнча өнөктөштөр билим берүү секторунда CM жагындагы Өнүктүрүү боюнча жетектөөчү өнөктөштү дайындайт, ал ишке ашыруу менен байланышкан маселелер боюнча ушул Биргелешкен билдирүүнүн тараптары болуп саналган Өнүктүрүү боюнча бардык өнөктөштөрдүн атынан чыгат. Өнүктүрүү боюнча жетектөөчү өнөктөш Билим берүү боюнча консультациялык кеңештин жыйынында бир жылга дайындалат. БӨОПтун ар бир багыты боюнча Өнүктүрүү боюнча жооптуу өнөктөштөр ушундай эле түрдө дайындалат.
12. Бул Биргелешкен билдирүүнүн тараптары БӨОПтун Операциялык колдонмосун биргелешип иштеп чыгат, анын алкагында уюштуруу, финансылык, сатып алуу жол-жоболору, ошондой эле мониторинг жүргүзүү жана баа берүү жол-жоболору аныкталат.
13. 4-тиркемеде берилген билим берүү секторундагы СМ матрицасы билим берүү секторунда Өнүктүрүү боюнча өнөктөштөрдүн колдоосун бөлүштүрүүнү аныктайт жана БӨОПту ишке ашыруунун Өнүктүрүү боюнча өнөктөштөрдүн ишин координациялоо каражаты болуп калат.
6. Өзгөртүүлөр жана толуктоолор
14. Бул Биргелешкен билдирүү бардык тараптардын жазуу жүзүндөгү макулдугу менен каалаган убакта өзгөртүлүшү мүмкүн.
7. Күчүнө кириши жана колдонуу мөөнөтү
15. Бул Биргелешкен билдирүү 1-тиркемеде аталган бардык тараптар кол койгондон кийин күчүнө кирет жана кол койгон учурдан тартып 2014-жылдын 31-декабрына чейин жарактуу деп саналат, аны колдонуу мөөнөтү бардык тараптардын жазуу жүзүндөгү макулдугу менен узартылышы мүмкүн.
8. Биргелешкен билдирүүгө кошулуу жана андан чыгуу
16. Бул Биргелешкен билдирүүнүн тарабы болуп саналбаган ар кандай эл аралык өнөктөш, мекеме же адам Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн макулдугу боюнча жана калган тараптарга милдеттүү түрдө билдирүү менен ага кол коё алат.
17. Өнүктүрүү боюнча каалаган өнөктөш же Кыргыз Республикасынын Өкмөтү башка тараптар менен талкуулагандан кийин Биргелешкен билдирүүгө өзүнүн катышуусун токтотуунун болжолдонгон датасына чейин бир айдын ичинде тиешелүү билдирүү жөнөтүп, ага өзүнүн катышуусун токтото алат. Мындай билдирүүнү жөнөтүү расмий билдирүү учурунда Кыргыз Республикасынын аймагындагы бүтө элек долбоорлорго жана финансылык операцияларга карата Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жана Өнүктүрүү боюнча өнөктөштөр ээ болгон укуктарды жана кызыкчылыктарды козгобошу керек.
9. Талаш-тартыштарды чечүү
18. Бул Биргелешкен билдирүүнүн жоболорун чечмелөө, колдонуу же ишке ашыруу боюнча Тараптардын ортосунда талаш-тартыштар келип чыкканда тараптар мындай талаш-тартышты жөнгө салуу үчүн биргелешкен консультацияларды өткөрөт.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен
Өнүктүрүү боюнча өнөктөштөрдүн
2012-2014-жылдар мезгилине билим берүү
секторунда сектордук мамиле боюнча
биргелешкен билдирүүсүнүн
1-тиркемеси
Биргелешкен билдирүүнүн катышуучуларынын
Тизмеси
Бишкек ш., 201____-ж. «_____»_________
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн атынан:
________________________________________________________________________________ Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги үчүн
________________________________________________________________________________ Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги үчүн
________________________________________________________________________________ Кыргыз Республикасынын Жаштар, эмгек жана иш менен камсыз кылуу министрлиги үчүн
Өнүктүрүү боюнча өнөктөштөр:
________________________________________________________________________________ ____________________________________________________ Азия өнүктүрүү банкы Европа союзунун Кыргыз Республикасындагы өкүлчүлүгү
________________________________________________________________________________ ____________________________________________________ Дүйнөлүк банк БУУнун Өнүктүрүү программасы/БУУнун балдар фонду
________________________________________________________________________________ ____________________________________________________ Эл аралык кызматташуу Ага Хан фонду боюнча Германия коому
________________________________________________________________________________ ____________________________________________________ Улуу Британиянын Эл аралык АКШнын Эл аралык өнүктүрүү өнүктүрүү министрлигинин боюнча агенттиги Кыргыз Республикасындагы өкүлчүлүгү |
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен
Өнүктүрүү боюнча өнөктөштөрдүн
2012-2014-жылдар мезгилине билим берүү
секторунда сектордук мамиле боюнча
биргелешкен билдирүүсүнүн
2-тиркемеси
Аныктамалар
Тышкы жардамдын натыйжалуулугу - бул термин Тышкы жардамдын натыйжалуулугу боюнча Париж декларациясында жана Аккр иш-аракеттер тартибинде белгиленген принциптерге таянат. Беш негизги принцип: мамлекеттин тиешелүүлүгү, макулдашылгандык, шайкештик, натыйжага багыт алгандык жана өз ара жоопкерчилик.
Биргелешип баа берүү механизми - Кыргыз Республикасы менен Өнүктүрүү боюнча өнөктөштөрдүн ортосунда макулдашылган индикаторлор топтому, ал мыкты дүйнөлүк тажрыйбага ылайык жарандык коом менен да макулдашылышы мүмкүн. ББМ билим берүү секторунун илгерилөөсүнүн жана тышкы жардамдын натыйжалуулугунун алкагында ишке баа берүү үчүн макулдашылган индикаторлордун матрицасынан турат.
Биргелешип баа берүү боюнча баяндама - бул Билим берүү боюнча консультациялык кеңештин жыйындарын даярдоодо жалпы макулдашуу боюнча колдонула турган процесс. БББнын алкагында максаттардын топтомуна салыштырганда ар бир индикатордун аткарылышына баа берилет.
Диалог үчүн платформа - Кыргыз Республикасы менен ушул Биргелешкен билдирүүгө кол койгон Өнүктүрүү боюнча өнөктөштөрдүн ортосундагы диалогду камсыз кылуучу макулдашылган органдар. Мындай органдар болуп: Билим берүү боюнча консультациялык кеңеш, Ведомстволор аралык жетектөөчү комитет, министрликтердин бөлүмдөрү ж.б. саналат.
Башкаруучу документтер - Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык даярдалуучу БӨОПту башкаруу боюнча бюджеттик циклдин алкагында иштелип чыккан бардык документтер, БӨОПтун операциялык колдонмосу, ушул Биргелешкен билдирүү, ошондой эле башка документтер.
БӨОПтун багыттары - башкаруу жана администрациялоо; балдардын эрте куракта өнүгүшү жана мектепке чейинки билим берүү; мектепте билим берүү, баштапкы кесиптик билим берүү; кесиптик орто билим берүү; жогорку кесиптик билим берүү; чоң кишилерди окутуу сыяктуу тармактарды камтыган БӨОПтун негизги багыттары.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен
Өнүктүрүү боюнча өнөктөштөрдүн
2012-2014-жылдар мезгилине билим берүү
секторунда сектордук мамиле боюнча
биргелешкен билдирүүсүнүн
3-тиркемеси
2012-2014-жылдарга негизги индикаторлор
Топтому
1) Жалпы билим берүүнүн өлкөнүн ИДПсындагы үлүшү (пайыз менен) тууралуу маалымат, анын ичинде окуу-усулдук колдонмолорго мамлекеттик бюджеттин чыгымы тууралуу маалымат 2013-жылдан тартып жарандарга белгилүү болот.
2) 2013-жылдан тартып мектепке чейинки билим берүү программалары менен камтылган балдардын пайызы төмөнкүдөй бөлүнгөн: а) балдарды мектепке даярдоо программасы менен камтылган балдардын пайызы, б) мектепке чейинки билим берүүнүн башка программалары менен камтылган балдардын пайызы.
3) 2014-жылдын декабрына карата балдарды мектепке даярдоонун 240 сааттык программасы менен камтуу 2011-жылдагы 12% базалык көрсөткүчкө караганда 18%га чейин жогорулатылган.
4) 2014-жылдын декабрына карата 1000 бала пилоттук негизде балдарды мектепке даярдоонун 500 сааттык программасына катышат.
5) 2012-жылдын декабрына карата Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө мектептердин тиби боюнча билим берүүдө (жана мектепте билим берүүдө) жан башына каржылоону киргизүү боюнча стратегиялык жана ченемдик документтер киргизилген.
6) Атайын муктаждыктар үчүн талаптарга ылайык келген мектептерди кошо алганда, стандарттарга ылайык инфраструктураны жакшыртууну талап кылган мектептердин саны аныкталган. Бул мектептер мамлекеттик чыгымдарды жана СМнын каражаттарын, ошондой эле башка донорлор менен ӨЭУлардын каражаттарын колдон келишинче көбүрөөк колдонуу үчүн 2013-жылдын жана кийинки жылдардын жылдык бюджетине киргизилди.
7) 2014-жылдын декабрына карата 1-4-класстар үчүн бардык предметтик стандарттар (куррикулумдар) өзгөчө билим берүү натыйжалары бөлүгүндө талаптарга жооп берет.
8) 2015-жылга карата бардык балдар, атап айтканда кыздар, ошондой эле жайсыз чөйрөдөгү жана этностук азчылыктарга таандык балдар билим алууга мүмкүнчүлүк алышат жана мыкты сапаттагы акысыз жана милдеттүү билим алууну аяктайт.
9) 2014-жылдын декабрына карата 5-9 жана 10-11-класстар үчүн бардык предметтик стандарттар (куррикулум) жактырылат.
10) 2014-жылдын декабрына карата баштапкы класстардын (1-4-класстар) бардык мугалимдери кайрадан каралган куррикулумга негизденген квалификацияны жогорулатуу системасы аркылуу сертификатталган окутуу программасын аяктайт.
11) 2014-жылдын декабрына карата 5-11-класстардын 20% мугалими алкактык куррикулумга негизделген окутуунун көндүмдөрү боюнча сертификатталган программаны аяктайт.
12) 2014-жылдын декабрына карата 1500 мектеп МКТны (компьютерлер, интернет, интерактивдүү доскалар ж.б.) колдонот жана мындай мектептер мугалимдер үчүн жумушта иштеп жүрүп эле онлайндык окутуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болот, аны пайдаланышат.
13) 2014-жылдын декабрына карата компетенциялардын негизинде иштелип чыккан модулдук документтердин аз дегенде 28 пакети киргизилет.
14) 2014-жылдын декабрына карата көпчүлүк кесиптер боюнча кыска мөөнөттүү кесиптик-техникалык билим берүү компетенцияларына негизделет.
15) 2014-жылдын декабрына карата жок дегенде эки окуу жайда ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарды окутуу үчүн шарттар түзүлөт.
16) Бардык жаштардын жана чоң кишилердин окуу муктаждыктары окутуунун жана турмуштук көндүмдөргө үйрөнүүнүн тиешелүү программаларын бирдей окуу мүмкүнчүлүгү аркылуу камсыз кылынат.
17) 2015-жылга карата чоң адамдар, айрыкча аялдар үчүн сабаттуулукту 50%га жакшыртууга жетишилет жана бардык чоң кишилер үчүн базалык жана андан ары билим алуусунун бирдей мүмкүнчүлүгү камсыз кылынат.
18) Кыздардын мыкты сапаттагы базалык билим алууга толук жана бирдей мүмкүнчүлүк алуусун камсыз кылууга басым жасап, 2015-жылга карата билим берүүдө гендердик теңдикке жетүү.
19) Айрыкча окуу, жазуу жана эсептөө жөндөмдүүлүгүндө, ошондой эле турмуштук маанилүү көндүмдөргө ээ болууда бардык адамдар таанылган жана чен-өлчөмдүү натыйжаларга жетиши үчүн билим берүү сапатынын бардык аспекттерин жакшыртуу жана мыкты сапатты камсыз кылуу.
20) Билим берүүнү башкаруунун маалыматтык системасы 2014-жылдын декабрына карай иштей баштайт.
21) 2014-жылдын декабрына карата билим берүү секторундагы мамлекеттик финансыларды башкаруу эл аралык стандарттарга ылайык келтирилет (программалык бюджет, эл аралык бухгалтердик отчёттуулук стандарттары жана ички аудит стандарттары).
22) 2014-жылдын декабрына карата кесиптик-техникалык билим берүү системасындагы ар бир окуу жайы социалдык өнөктөштүк боюнча кеминде 5 макулдашуу түзөт.
23) 2013-жылдын 1-январынан тартып билим берүү секторунда ишке ашырылуучу мамлекеттик сатып алуулар улуттук стандарттарга же донорлордун эрежелерине ылайык келет.
24) 2014-жылдын декабрына карата 2030-жылга чейин экономиканын, эмгек рыногунун жана коомдун муктаждыктарынын негизинде билим берүүнү өнүктүрүүнүн узак мөөнөттүү келечеги аныкталат.
Эскертүү. 8, 16, 17, 18 жана 19-индикаторлор Кыргыз Республикасында «Бардыгы үчүн билим берүү» программасынан алынды жана аларга Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитети байкоо жүргүзүп турат.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен
Өнүктүрүү боюнча өнөктөштөрдүн
2012-2014-жылдар мезгилине билим берүү
секторунда сектордук мамиле боюнча
биргелешкен билдирүүсүнүн
4-тиркемеси
Билим берүү секторундагы СМ боюнча Өнүктүрүү боюнча өнөктөштөрдүн ишинин бөлүштүрүлүшүнүн
Матрицасы
СМ Фокусу | EC | ДБ | АӨБ | ЮСАИД | ЮНИСЕФ | ЮНЕСКО | МОТ | ГИЦ | АХФ | Башка | |||
1-программа. Башкаруу жана администрациялоо Фокус: Билим берүү системасын башкарууну, мониторинг жүргүзүүнү, отчёттуулугун жана баа берүүнү жакшыртуу | |||||||||||||
Башкарууну өнүктүрүү | Ооба | Ооба |
|
|
|
|
|
|
|
| |||
Мамлекеттик финансыны башкаруу | Ооба |
|
|
|
|
|
|
|
|
| |||
Мониторинг жана баа берүү/Билим берүүнү башкаруунун маалыматтык системасы | Ооба | Ооба |
|
| Ооба |
|
|
|
|
| |||
2-программа. Балдардын эрте куракта өнүгүшү жана мектепке чейинки билим берүү Фокус: Мектепке чейинки билим берүү | |||||||||||||
5-6 жаштагы балдарды мектепке чейинки билим берүү менен камтууну жогорулатуу |
| Ооба |
|
| Ооба |
|
|
| Ооба |
| |||
Мектепке чейинки толук 1 жыл даярдоо үчүн программа жана окуу материалдары |
| Ооба |
|
| Ооба |
|
|
|
|
| |||
Мектепке чейинки инфраструктура |
| Ооба |
|
| Ооба |
|
|
| Ооба |
| |||
Балдардын эрте куракта өнүгүшү жана бала-бакчаларды зарыл жабдыктар менен камсыз кылуу |
| Ооба |
|
| Ооба |
|
|
| Ооба |
| |||
3-программа. Мектепте билим берүү (1-4-класстар, 5-9-класстар, 10-11-класстар) Фокус: Максаттуу багытына ылайык куррикулумду, окутуу сапатын, окутуучу материалдарды жана мектептерди жакшыртуу (жалпы мектептик мамиле) | |||||||||||||
Куррикулумду иштеп чыгуу | Ооба | Ооба |
| Ооба |
|
|
| БАБСРП |
| OSI/Сорос | |||
Мугалимдерди даярдоо | Ооба | Ооба |
| Ооба | Ооба |
|
| БАБСРП | Ооба | OSI/Сорос | |||
Окутуучу материалдар | Ооба | Ооба |
| Ооба | Ооба |
|
| БАБСРП | Ооба | OSI/Сорос | |||
Максаттуу багытына ылайык мектептик инфраструктура | Ооба | Ооба |
|
| Ооба |
|
| БАБСРП |
|
| |||
4-программа. Баштапкы кесиптик билим берүү (БКБ) Фокус: Ишке орношуу жана өз алдынча жашоо-турмуш куруу үчүн зарыл көндүмдөр, квалификациялык түзүмдүн алкагында баа берүү жана сертификаттоо | |||||||||||||
Зарыл көндүмдөр | Ооба (ETF) |
| Ооба |
|
|
|
|
| Ооба (БАУ) | Хельветас | |||
Кесиптик стандарттар |
|
| Ооба |
|
|
|
|
| Ооба (БАУ) | Хельветас | |||
Окуу модулдары (1) |
|
| Ооба |
|
|
|
| КББИИП | Ооба (БАУ) | Хельветас | |||
БКБ инфраструктурасы | Ооба |
| Ооба |
|
|
|
| КББИИП | Ооба (БАУ) | Хельветас | |||
5-программа. Кесиптик орто билим берүү Фокус: Квалификациялык түзүмдүн алкагында стандарттардын, баа берүүнүн жана сертификаттоонун негизинде ишке орношуу жана өз алдынча жашоо-турмуш куруу үчүн зарыл көндүмдөр | |||||||||||||
Зарыл көндүмдөр | Ооба |
|
|
|
|
|
| БАКБОП | Ооба (БАУ) |
| |||
Кесиптик стандарттар | Ооба |
|
|
|
|
|
| БАКБОП | Ооба (БАУ) |
| |||
Куррикулумдар жана/же окуу модулдары | Ооба |
|
|
|
|
|
| БАКБОП | Ооба (БАУ) |
| |||
Мугалимдерди даярдоо |
|
|
|
|
|
|
| БАКБОП | Ооба (БАУ) |
| |||
Инфраструктура | Ооба |
|
|
|
|
|
| БАКБОП | Ооба (БАУ) |
| |||
6-программа. Жогорку билим берүү Фокус: Болон процесси менен интеграциялоону колдоо жана PhDны өнүктүрүү, Болон түзүмүнүн биринчи деңгээлинин алкагында кыска цикл | |||||||||||||
PhDны өнүктүрүү | Ооба (Темпус) | Ооба |
|
|
|
|
|
|
|
| |||
Биринчи деңгээлдин алкагында кыска циклди өнүктүрүү | Ооба (Темпус) | Ооба |
|
|
|
|
| БАКБОП |
|
| |||
Колдонмо изилдөөлөр жана иштеп чыгуулар | Ооба (FP7) | Ооба |
|
|
|
|
| БАКБОП | Ооба (БАУ) |
| |||
7-программа. Чоң кишилерге билим берүү Фокус: Билим алууга, ишкердикке жана өз алдынча жашоо-турмуш куруу көндүмдөрүнө экинчи мүмкүнчүлүк | |||||||||||||
Жаш эрезеге жеткендер үчүн формалдуу билим берүү системасына кайра келүүгө мүмкүндүк | Ооба |
|
|
|
| Ооба |
|
| Ооба (БАУ) | DVV | |||
Ишкердик көндүмдөрү | Ооба |
|
| Ооба |
| Ооба |
| КББИИП | Ооба (БАУ) | Хельветас, DVV | |||
Өз алдынча жашоо-турмуш куруу көндүмдөрү | Ооба |
|
| Ооба |
| Ооба |
| КББИИП | Ооба (БАУ) | Хельветас, DVV | |||
Чоң кишилерге билим берүү боюнча саясат жана мыйзам |
|
|
|
|
| Ооба |
|
| Ооба (БАУ) | Хельветас, DVV | |||
8-программа. Өтмө маселелер Фокус: Билим берүүдө MKT, билим берүү сапаты, билим берүүдө инновациялар, тең укуктуулук, гендер ж.б. | |||||||||||||
Квалификациялык түзүм | Ооба |
|
| Ооба |
|
|
|
|
|
| |||
Билим берүүдө MKT | Ооба |
|
|
|
|
|
| Ооба | Ооба | Хельветас | |||
Билим берүү сапаты | Ооба (Темпус) | Ооба |
|
| Ооба |
|
| Ооба | Ооба |
| |||
Мыйзам | Ооба (Темпус) | Ооба |
|
| Ооба |
|
|
|
|
| |||
Тең укуктуулук |
| Ооба |
|
| Ооба |
|
|
|
|
| |||
Гендер |
|
|
|
| Ооба |
|
| Ооба |
|
| |||
Өзгөчө муктаждыктары бар окуучулар үчүн билим берүү |
|
|
| Ооба | Ооба |
|
|
|
|
| |||
Инклюзивдүү билим берүү |
|
|
|
| Ооба |
|
|
|
| Евразия фонду, Хэндикап | |||
Билим берүүдө инновациялар (техникалар, методикалар) | Ооба (FP7) | Ооба |
|
| Ооба |
|
|
|
|
| |||
Изилдөөлөр (келечектеги сектордук мамиленин индикаторлору менен чектелиши мүмкүн) | Ооба |
|
|
|
|
|
|
|
| БАУ | |||
Билим берүү - 2030 жана келечек мектеби | Ооба |
|
|
|
|
|
|
|
|
| |||
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
(1) Окуу модулдарды иштеп чыгууну, мугалимдерди/инструкторлорду окутууну, баа берүүнү, сапатты сертификаттоо жана камсыз кылуу боюнча өз алдынчалыктарды камтыйт.
Эскертүү:
Алдын ала жетектөөчү донорлор ар бир программада карартылып берилген.
Кыскартуулардын тизмеси:
АӨБ | - Азия өнүктүрүү банкы |
ДБ | - Дүйнөлүк банк |
ГИЦ | - Эл аралык кызматташуу боюнча Германия коому |
ЕС | - Европа союзу |
ЭЭУ | - Эл аралык эмгек уюму |
КББИИП | - ГИЦтин Кесиптик билим берүү жана ишке орноштурууну илгерилетүү боюнча программасы |
БАКБОП | - ГИЦтин Борбордук Азияда кесиптик билим берүү жана окутуу боюнча программасы |
БАБСРП | - ГИЦтин Борбордук Азияда билим берүү системасын реформалоо боюнча программасы |
Сорос | - Кыргызстан Сорос фонду |
СМ | - сектордук мамиле |
БАУ | - Борбордук Азия университети |
АХФ | - Ага Хан фонду |
Хельветас | - Кыргызстанда кызматташууну өнүктүрүү боюнча эл аралык уюм |
Хэндикап | - Эл аралык донор уюму |
БА | - Борбордук Азия |
ЮНИСЕФ | - БУУнун Балдар фонду |
ЮНЕСКО | - БУУнун Билим берүү, илим жана маданият боюнча уюму |
ЮСАИД | - АКШнын Эл аралык өнүктүрүү агенттиги |