Загрузка документа…
КР Премьер-министринин
2012-жылдын 17-апрелиндеги № 401 буйругуна ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕМЬЕР-МИНИСТРИ
БУЙРУК
2011-жылдын 26-июлу № 374
1. Төмөнкү адамдар Кыргыз Республикасынын Калкты социалдык коргоо боюнча министрлигинин коллегия мүчөлөрү болуп бекитилишсин:
Мурзабеков Эркебай Рустамович - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын социалдык камсыздоо, саламаттык сактоо, эмгек жана миграция бөлүмүнүн башчысынын орун басары;
Жапаркулова Марина Кадырбаевна - Кыргыз Республикасынын Калкты социалдык коргоо боюнча министрлигине караштуу Социалдык камсыздоо департаментинин директору;
Баштавенко Светлана Николаевна - "Улгайгандар үчүн ресурстук борбор" коомдук бирикмесинин президенти (макулдашуу боюнча);
Куйкеев Эрик Асанович - Бишкек шаарынын мэриясынын социалдык өнүктүрүү башкармалыгынын начальниги;
Калмырзаева Чолпон Сарыкуевна - Кыргыз Республикасынын Калкты социалдык коргоо боюнча министрлигинин анализдөө жана топтоо бөлүмүнүн башчысы.
2. Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин 2010-жылдын 19-январындагы № 28 буйругу күчүн жоготту деп табылсын.
Премьер-министри | А.Атамбаев |