Загрузка документа…
КР Премьер-министринин 2013-жылдын 15-июлундагы № 347 буйругуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕМЬЕР-МИНИСТРИ
БУЙРУК
2012-жылдын 17-апрели № 401
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 20-февралындагы № 121 "Кыргыз Республикасынын Социалдык өнүгүү министрлигинин маселелери жөнүндө" токтомуна ылайык:
1. Кыргыз Республикасынын Социалдык өнүгүү министрлигинин коллегия мүчөлөрү болуп төмөнкү адамдар бекитилсин:
Исакова Мавлюда Шадымановна | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын социалдык жана гуманитардык өнүктүрүү бөлүмүнүн социалдык өнүктүрүү жана эмгек мамилелери секторунун эксперти; |
Калмырзаева Чолпон Сарыкуевна | - | Кыргыз Республикасынын Социалдык өнүгүү министрлигинин талдоо жана топтоо бөлүмүнүн башчысы; |
Укулов Курманбек Маматкадырович | - | Кыргыз Республикасынын социалдык өнүгүү министринин кеңешчиси; |
Куйкеев Эрик Асанович | - | Бишкек шаарын социалдык өнүктүрүү башкармалыгынын начальниги; |
Осмонов Кыдыкбек Сыдыкбекович | - | Кыргыз Республикасынын Социалдык өнүгүү министрлигинин маалыматтык технологиялар бөлүмүнүн башчысы. |
2. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп табылсын:
- Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин 2007-жылдын 10-августундагы № 388 буйругу;
- Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин 2011-жылдын 26-июлундагы № 374 буйругу.
Премьер-министри | Ө.Бабанов |