Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2012-жылдын 28-майы № 232-б
Бишкек Баатырдын туулган күнүнүн 310 жылдыгына арналган юбилейлик иш-чараларга даярдык көрүү жана өткөрүү максатында:
1. Уюштуруу комитети төмөнкү курамда түзүлсүн:
Асымбекова Г.Ү. | - | Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри, уюштуруу комитетинин төрагасы; |
Мадылбеков Т.М. | - | "Ата-Мекен" фракциясынан Жогорку Кеңештин депутаты, уюштуруу комитетинин төрагасынын орун басары (макулдашуу боюнча); |
Өмүркулов И.Ш. | - | Бишкек шаарынын мэри, уюштуруу комитетинин төрагасынын орун басары (макулдашуу боюнча). |
Уюштуруу комитетинин мүчөлөрү:
Раев С.А. | - | Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин кеңешчиси; |
Рыскулова А.М. | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппарат жетекчисинин орун басары, уюштуруу-инспектордук иштер жана региондук мониторинг бөлүмүнүн башчысы; |
Муратов А.А. | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын социалдык жана - гуманитардык өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы; |
Жапаров А.Ү. | - | Кыргыз Республикасынын финансы министри; |
Жунусов И.К. | - | Кыргыз Республикасынын маданият жана туризм министри; |
Садыков К.Ж. | - | Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министри; |
Кенжебаев Б.Б. | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин директору; |
Азыранкулов А.Ж. | - | Чүй облусунун мамлекеттик администрация башчысынын милдетин аткаруучу; |
Эркебаев А.Э. | - | Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын президентинин милдетин аткаруучу (макулдашуу боюнча); |
Оторбаев К.Т. | - | Кыргыз Республикасынын Коомдук телерадиоберүү корпорациясынын башкы директору (макулдашуу боюнча); |
Артыкова О.А. | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын социалдык жана - гуманитардык өнүктүрүү бөлүмүнүн эксперти; |
Шаршенов О.Ш. | - | "Солто-Ата" коомдук бирикмесинин төрагасынын орун басары (макулдашуу боюнча); |
Алымбекова Ж.С. | - | "Бишкек-Баатыр" коомдук бирикмесинин төрагасынын орун басары (макулдашуу боюнча). |
2. Бишкек Баатырдын 310 жылдыгын өткөрүү жана Кыргызстандын тарыхындагы анын тарыхый ролун иликтөө боюнча салтанаттуу иш-чаралардын планы тиркемеге ылайык бекитилсин.
3. Юбилейлик иш-чараларга даярдык көрүү жана өткөрүү менен байланышкан чыгымдар тартылган министрликтердин, ведомстволордун, мамлекеттик администрациялардын жана Бишкек шаарынын мэриясынын бюджеттеринин чегинде ишке ашырылсын.
4. Кыргыз Республикасынын Маданият жана туризм министрлиги бекитилген пландын алкагында каралган иш-чараларды координациялоону камсыз кылсын.
5. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын социалдык жана - гуманитардык өнүктүрүү бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр | Ө.Бабанов |
|
| Тиркеме |
№ | Иш-чаралардын аталышы | Даярдык көрүү жана өткөрүү мөөнөттөрү | Өткөрүлүүчү жер | Иш-чараларды каржылоо булактары | Жооптуулар |
1 | Уюштуруу комитетинин жыйындарын өткөрүү | 2012-жылдын 10- июнуна чейин, зарылдыгына жараша | КРӨнүн жыйындар залы |
| КРӨнүн Аппаратынын социалдык жана- гуманитардык өнүктүрүү бөлүмү |
2 | Бишкек Баатырдын мемориалдык эстелигин орнотуу үчүн Бишкек шаарынан жерди аныктоо | 2012-ж. июнь | Бишкек шаары |
| Бишкек шаарынын мэриясы |
3 | Бишкек Баатырдын мемориалдык эстелигин даярдоо үчүн акча каражатын жыйноо боюнча кайрымдуулук марафонун уюштуруу жана өткөрүү | 2012-жылдын 10-сен- тябрына чейин | Т.Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясы | "Солто-Ата" КБ (макулдашуу боюнча), "Бишкек Баатыр" КБ (макулдашуу боюнча), Бишкек шаарынын мэриясы, ЧОМА | "Солто-Ата" КБ (макулдашуу боюнча), "Бишкек Баатыр" КБ (макулдашуу боюнча), Бишкек шаарынын мэриясы, ЧОМА |
4 | Бишкек-Баатырдын мемориалдык эстелигинин эскисин жасоого жана даярдоого конкурс жарыялоо | 2012-жылдын 10- июлуна чейин |
| "Солто-Ата" КБ (макулдашуу боюнча), "Бишкек Баатыр" КБ (макулдашуу боюнча), Бишкек шаарынын мэриясы, ЧОМА | "Солто-Ата" КБ (макулдашуу боюнча), "Бишкек Баатыр" КБ (макулдашуу боюнча), Бишкек шаарынын мэриясы, ЧОМА |
5 | Бишкек Баатырдын мемориалдык эстелигин даярдоо | 2012-жылдын июль- ноябры |
| Финмин "Солто-Ата" КБсынын (макулдашуу боюнча), "Бишкек Баатыр" КБсынын (макулдашуу боюнча) каражаттары, демөөрчүлүк каражаттар | Финмин, "Солто-Ата" КБ (макулдашуу боюнча), "Бишкек Баатыр" КБ (макулдашуу боюнча) |
6 | Бишкек Баатырдын мемориалдык эстелигин орнотуу | 2012-ж. ноябрь | Бишкек шаары | "Солто-Ата" КБ (макулдашуу боюнча), "Бишкек Баатыр" КБ (макулдашуу боюнча), Бишкек шаарынын мэриясы | "Солто-Ата" КБ (макулдашуу боюнча), "Бишкек Баатыр" КБ (макулдашуу боюнча), Бишкек шаарынын мэриясы |
7 | Бишкек Баатырдын эстелигин салтанаттуу ачуу | 2012-ж. сентябрь | Бишкек шаары | МТМ, Бишкек шаарынын мэриясы, ЧОМА, "Солто-Ата" КБ (макулдашуу боюнча), "Бишкек Баатыр" КБ (макулдашуу боюнча), | МТМ, Бишкек шаарынын мэриясы, "Солто-Ата" КБ (макулдашуу боюнча), "Бишкек Баатыр" КБ (макулдашуу боюнча), |
8 | Бишкек шаарынын күнүн (22-сентябрь) Бишкек Баатырдын 310 жылдыгынын урматындагы салтанаттуу иш-чараларга тууралоо | Өзүнчө план боюнча июль-сентябрь | "Ала-Тоо" аянты, Бишкек шаарынын борбордук парктары | Бишкек шаарынын мэриясы | Бишкек шаарынын мэриясы |
9 | Бишкек Баатырдын 310 жылдыгына арналган "Тил - тагдыры - Эл тагдыры" акциясын өткөрүү | 2012-ж. сентябрь | Бишкек жана Ош шаарларынын, облустук, райондук жана шаардык борборлору | МТМ, облустук мамлекеттик администрациялар, Бишкек жана Ош шаарларынын мэриялары | МТМ, облустук мамлекеттик администрациялар, Бишкек жана Ош шаарларынын мэриялары |
10 | Музыкалык мектептердин окуучуларынын, ЖОЖдордун, АООЖдордун студенттеринин Бишкек Баатырдын 310 жылдыгына арналган концерттерин уюштуруу жана өткөрүү | 2012- жылдын ичинде | Бишкек жана Ош шаарларынын, облустук, райондук жана шаардык борборлору | МТМ, БИМ, облустук мамлекеттик администрациялар, Бишкек жана Ош шаарларынын мэриялары | МТМ, БИМ, облустук мамлекеттик администрациялар, Бишкек жана Ош шаарларынын мэриялары |
11 | Бишкек Баатырдын тарыхый ролу жөнүндө спектакль коюу | 2012-ж. июнь- декабрь | Бишкек шаарындагы Кыргыз драма театры | МТМ, Кыргыз драма театры, "Солто-Ата" КБ (макулдашуу боюнча), "Бишкек Баатыр" КБ (макулдашуу боюнча) | МТМ, Кыргыз драма театры, "Солто-Ата" КБ (макулдашуу боюнча), "Бишкек Баатыр" КБ (макулдашуу боюнча) |
12 | Бишкек Баатырдын тарыхый ролу жана өмүр жолу жөнүндө кыска метраждуу фильм тартуу | 2012-ж. июнь-декабрь |
| МТМ, "Солто-Ата" КБ (макулдашуу боюнча), "Бишкек Баатыр" КБ (макулдашуу боюнча) | МТМ, "Солто-Ата" КБ (макулдашуу боюнча), "Бишкек Баатыр" КБ (макулдашуу боюнча) |
13 | Бишкек Баатырдын өмүрү жана ишмердиги жөнүндө көргөзмө уюштуруу жана ачуу | Тарых музейи | 2012-ж. сентябрь- октябрь | МТМ | МТМ |
14 | "Пишпек - Фрунзе - Бишкек" экспозициясын уюштуруу | 2012-ж. сентябрь | М.В.Фрунзе атындагы музей | МТМ | МТМ |
15 | "Маданият" журналынын Бишкек Баатырдын 310 жылдыгына арналган чыгарылышы | 2012-ж. сентябрь |
| МТМ, "Солто-Ата" КБ (макулдашуу боюнча), "Бишкек Баатыр" КБ (макулдашуу боюнча), | МТМ, "Солто-Ата" КБ (макулдашуу боюнча), "Бишкек Баатыр" КБ (макулдашуу боюнча) |
16 | "Бишкек Баатыр баяны" темасында эмгек сиңирген маданият ишмерлерин, окумуштууларды, тарыхчыларды чакыруу менен тематикалык, чыгармачыл кечелерди, аңгемелешүүлөрдү, диспуттарды өткөрүү | Жыл ичинде | КР Илимдер академия- сы, КТРК (макулда- шуу боюнча), билим берүүнү жана маданий мекемелер | МТМ, БИМ, Бишкек шаарынын мэриясы, КТРК (макулдашуу боюнча), "Солто-Ата" КБ (макулдашуу боюнча), "Бишкек Баатыр" КБ (макулдашуу боюнча). | МТМ, БИМ, КТРК (макулдашуу боюнча), "Солто-Ата" КБ (макулдашуу боюнча), "Бишкек Баатыр" КБ (макулдашуу боюнча). |
17 | Окуучулар арасында Бишкек Баатырдын 310 жылдыгына арналган класстык сааттарды, дил баяндардын конкурсун өткөрүү | Жыл ичинде | Республиканын региондору | БИМ | БИМ |
18 | Окумуштууларды, тарыхчыларды, кеңири коомчулукту тартуу менен Бишкек Баатырдын тарыхый ролун иликтөө жана талкуулоо боюнча республикалык илимий- практикалык конференцияларды өткөрүү | 2012-ж. сентябрь | КР Илимдер академия- сы, ЖОЖдор | БИМ, КР Илимдер академиясы, ЖОЖдор, "Солто-Ата" КБ (макулдашуу боюнча), "Бишкек Баатыр" КБ (макулдашуу боюнча), | БИМ БИМ, "Солто-Ата" КБ (макулдашуу боюнча), "Бишкек Баатыр" КБ (макулдашуу боюнча), Кыргызстандын тарыхчылар ассоциациясы (макулдашуу боюнча) |
19 | Кыргыз элинин даңктуу уулу - Бишкек Баатырдын 310 жылдыгына арналган спорттук- массалык жана дене тарбия - ден соолукту чыңдоо иш-чараларын уюштуруу | 2012-ж. ичинде | Спорткомплекстер, билим берүү уюмдары, ЖОЖдор | ДСМА, ММТЗ, БИМ | ДСМА, ММТЗ, БИМ |
20 | Бишкек Баатырдын 310 жылдыгына арналган майрамдык ат спорту оюндарын уюштуруу жана өткөрүү | 2012-ж. ноябрь | Бишкек шаарынын "Ак-Кула" ат майданы | ДСМА, МТМ, Бишкек шаарынын мэриясы, "Солто-Ата" КБ (макулдашуу боюнча), "Бишкек Баатыр" КБ (макулдашуу боюнча), демөөрчүлүк каражаттар | ДСМА, МТМ, Бишкек шаарынын мэриясы, "Солто-Ата" КБ (макулдашуу боюнча), "Бишкек Баатыр" КБ (макулдашуу боюнча) |
21 | Банерлерди даярдоо жана жайгаштыруу | 2012-ж. сентябрь | Бишкек шаары | Бишкек шаарынын мэриясы | Бишкек шаарынын мэриясы |