Редакцияот 29.05.2012
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

БУЙРУК

2012-жылдын 29-майы № 236-б

Жеңиш күнүнүн 67 жылдыгын майрамдоонун урматына тиркелген тизмеге ылайык Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлерине 10000 (он миң) сомдон өлчөмдө бир жолку акчалай пособия катарында берүү үчүн Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн резервдик фондунан 60 000 (алтымыш миң) сом Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармалыгына бөлүнсүн.

 

            Премьер-министр

Ө.Бабанов

 

Тиркеме

Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлеринин – Кыргыз

Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын мурдагы

кызматкерлеринини тизмеси

 

№

Аты-жөнү

Туулган жылы

Кыргыз ССР Министрлер Советинде ээлеген кызматы

Кыргыз ССР Министрлер Советинин органдары системасындагы иш стажы

1

Егимбаев Омутай Егимбаевич

1919

Кадрлар боюнча улук референт

25 жыл

2

Бурбо Владимир Иванович

1925

Өнөр жай бөлүмүнүн улук референти

22 жыл

3

Козин Иван Прохорович

1923

ХОЗУнун электриги

11 жыл

4

Мухлаев Николай Алексеевич

1924

ХОЗУнун техниги

17 жыл

5

Усупов Макай

1924

Кыргызстан КП БКнын алдындагы Партиянын тарыхы институтунун сектор башчысы

20 жыл

6

Алапаев Ормонбек

1929

Кыргыз ССР Министрлер Советинин слдандагы Дин иштери боюнча ыйгарым укутуу өкүл

17 жыл