Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2012-жылдын 2-июну № 250-б
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 29-мартындагы № 112-б буйругуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
- 3-пунктундагы "2012-жылдын 10-майына чейин" деген сөздөр "2012-жылдын 10-июнуна чейин" деген сөздөргө алмаштырылсын;
- жогоруда аталган буйрук менен түзүлгөн аскер кызматчыларын жана укук коргоо органдарынын кызматкерлерин пенсиялык камсыздоо системасын өркүндөтүү боюнча жумушчу топтун курамына:
Алымбеков Б.М. - Кыргыз Республикасынын ички иштер министринин биринчи орун басары, эксперттик жумушчу топтун жетекчиси; Сартаев А.А. - запастагы полковник "Бакубат жашоо жана өз катарларынын тазалыгы үчүн" Кыргыз Республикасынын күч түзүмдөрү ардагерлеринин республикалык кыймылынын жетекчиси (макулдашуу боюнча); Асанакунов Р.И. - запастагы полковник, чек ара аскерлеринин пенсионери (макулдашуу боюнча) киргизилсин; Турганбаев М.Т. чыгарылсын.
Премьер-министр | Ө.Бабанов |