Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2012-жылдын 29-марты № 112-б
(КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 2-июнундагы № 250-б буйругунун редакциясына ылайык)
Аскер кызматчыларынын жана укук коргоо органдарынын кызматкерлеринин пенсиялык камсыздоо системасын реформалоо максатында:
1. Ведомстволор аралык комиссия 1-тиркемеге ылайык курамда түзүлсүн.
2. Эксперттик жумушчу топ 2-тиркемеге ылайык курамда түзүлсүн.
3. Ведомстволор аралык комиссия 2012-жылдын 10-июнуна чейинки мөөнөттө Аскер кызматчыларынын жана укук коргоо органдарынын кызматкерлеринин пенсиялык камсыздоо системасын реформалоо боюнча концепциянын долбоорун Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кароосуна киргизсин.
4. Ведомстволор аралык комиссияга жана эксперттик жумушчу топко белгиленген тартипте мамлекеттик органдардын адистерин жана көз карандысыз эксперттерди ишке тартууга, ошондой эле зарыл маалыматтарды сурап алууга укук берилсин.
5. Ведомстволор аралык комиссиянын жана эксперттик жумушчу топтун ишин уюштуруучулук жана методикалык камсыздоо Кыргыз Республикасынын Социалдык фондуна жүктөлсүн.
6. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын коргоо, укуктук тартип жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнө жана социалдык жана гуманитардык өнүктүрүү бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр | Ө.Бабанов |
| 1-тиркеме |
Аскер кызматчыларынын жана укук
коргоо органдарынын кызматкерлеринин
пенсиялык камсыздоо системасын реформалоо
боюнча ведомстволор аралык комиссиянын
КУРАМЫ
Асымбекова Г.Ү. | - | социалдык блок боюнча Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри, ведомстволор аралык комиссиянын төрагасы; |
Рысалиев З.К. | - | Кыргыз Республикасынын ички иштер министри, ведомстволор аралык комиссиянын төрагасынын орун басары; |
Абулгазиев М.Д. | - | Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун төрагасы, ведомстволор аралык комиссиянын төрагасынын орун басары. |
Ведомстволор аралык комиссиянын мүчөлөрү: | ||
Өмуралиев Т.Б | - | Кыргыз Республикасынын коргоо министри; |
Боронов К.А | - | Кыргыз Республикасынын өзгөчө кырдаалдар министри; |
Шыкмаматов А.Н. | - | Кыргыз Республикасынын юстиция министри; |
Сабиров Р.А. | - | Кыргыз Республикасынын социалдык өнүгүү министри; |
Усманова Л.Ю. | - | Кыргыз Республикасынын башкы прокурорунун орун басары (макулдашуу боюнча); |
Эшперов М.Ж. | - | Кыргыз Республикасынын аскер прокурору (макулдашуу боюнча); |
Кожошев А.О. | - | Кыргыз Республикасынын финансы министринин орун басары; |
Мамасадыков Р.А. | - | Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик улуттук коопсуздук комитетинин төрагасынын орун басары; |
Аширов Б.А. | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматынын төрагасы; |
Орозалиев В.К. | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Баңгизаттарды контролдоо боюнча мамлекеттик кызматынын төрагасы; |
Кулматов К.К. | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасы; |
Байтөлөев К.Э. | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын төрагасынын орун басары; |
Мусаев К.А. | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппарат жетекчисинин орун басары - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын коргоо, укуктук тартип жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн башчысы; |
Муратов А.А. | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын социалдык жана гуманитардык өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы. |
| 2-тиркеме |
Аскер кызматчыларынын жана
укук коргоо органдарынын кызматкерлеринин
пенсиялык камсыздоо системасын реформалоо
боюнча эксперттик жумушчу топтун
КУРАМЫ
(КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 2-июнундагы № 250-б буйругунун редакциясына ылайык)
Алымбеков Б.М. | - | Кыргыз Республикасынын ички иштер министринин биринчи орун басары, эксперттик жумушчу топтун жетекчиси; |
Султанбеков Д.А. | - | Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун терагасынын биринчи орун басары, эксперттик жумушчу топтун жетекчисинин орун басары. |
Эксперттик жумушчу топтун мүчөлөрү: | ||
Кутубаев Э.А. | - | Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигинин пенсия бөлүмүнүн начальниги; |
Шекербеков М.Ж. | - | Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин пенсия бөлүмүнүн начальниги; |
Орозобеков П.Ж. | - | Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин укуктук камсыздоо жана эл аралык кызматташтык башкармалыгынын начальниги; |
Сулайманов Н.А. | - | Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин алдындагы Өрт коопсуздугу боюнча агенттиктин пенсия бөлүмүнүн начальнигинин милдетин аткаруучу; |
Абдрахманова Ж.Т. | - | Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасынын башкы бухгалтеринин орун басары (макулдашуу боюнча); |
Бодобаев Т.А. | - | Кыргыз Республикасынын Аскер прокуратурасынын финансылык жана ресурстук камсыздоо бөлүмүнүн начальниги (макулдашуу боюнча); |
Изибаев Ж.А. | - | Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик улуттук коопсуздук комитетинин финансы башкармалыгынын начальниги; |
Келдибеков Э.Т. | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматынын финансы-чарба башкармалыгынын начальниги; |
Балмухамбетов Т.Б. | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Баңгизаттарды контролдоо боюнча мамлекеттик кызматынын финансы-чарба башкармалыгынын начальнигинин орун басары; |
Каныбеков Э.К. | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын финансы-экономика башкармалыгынын пландоо жана каржылоо бөлүмүнүн начальниги; |
Асанова З.И. | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын пенсия бөлүмүнүн начальниги; |
Мамбеталиева М.У. | - | Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин социалдык коргоо бөлүмүнүн башчысы; |
Сасыкбаева В.А. | - | Кыргыз Республикасынын Социалдык өнүгүү министрлигинин методология башкармалыгынын начальнигинин орун басары; |
Түмөнов А.Ж. | - | Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин мыйзам долбоорлорун экспертизалоо боюнча бөлүмүнүн башчысы; |
Асаналиева А.Б. | - | Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин мыйзам долбоорлоо иштери жана укуктук колдоо башкармалыгынын начальниги; |
Чаначева Ж.С. | - | Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун пенсия, тарифтик саясат жана актуардык моделдөө башкармалыгынын начальниги; |
Шевченко Г.А. | - | Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун пенсиялык саясат бөлүмүнүн начальниги; |
Төрөев Р.А. | - | Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун ченемдик укуктук актыларды экспертизалоо жана иштеп чыгуу бөлүмүнүн начальниги; |
Сартаев А.А. | - | запастагы полковник "Бакубат жашоо жана өз катарларынын тазалыгы үчүн" Кыргыз Республикасынын күч түзүмдөрү ардагерлеринин республикалык кыймылынын жетекчиси (макулдашуу боюнча); |
Асанакунов Р.И. | - | запастагы полковник, чек ара аскерлеринин пенсионери (макулдашуу боюнча). |