Загрузка документа…
КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 17-мартындагы № 106-б буйругуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2012-жылдын 8-июну № 253-б
Колдо болгон потенциалды туруктуу көп функциялуу пайдалануу жолу менен республиканын калкынын жыгачка болгон муктаждыгынын бөлүгүн камсыздоо, социалдык токой өстүрүү үчүн база түзүү, Кыргыз Республикасынын региондорун социалдык-экономикалык өнүктүрүүгө колдоо көрсөтүү жана табигый токойлорду сактоо максатында:
1. Төмөнкүлөр бекитилсин:
- Дарактын тез өсүүчү түрлөрүн жыл сайын тигүү боюнча иш-чаралардын планы, 1-тиркемеге ылайык;
- Дарактын тез өсүүчү түрлөрүн жыл сайынкы тигүүнүн көлөмү, 2-тиркемеге ылайык.
2. Кыргыз Республикасынын жергиликтүү мамлекеттик администрацияларынын башчылары айыл чарбага арналган, айыл чарбага жараксыз жерлерде жыл сайын дарактын тез өсүүчү түрлөрүн тигүү жана өстүрүү боюнча чараларды көрүшсүн бул аталган иштерди аткарууга колдоо көрсөтүүнүн механизмдерин иштеп чыгышсын.
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттиги аталган иш-чараларды аткарууга көмөк көрсөтсүн.
4. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн агроөнөржай комплексин өнүктүрүү бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр | Ө.Бабанов |
1-тиркеме
┌──┬─────────────┬────────┬──────────────┬───────────────┬────────────┐
│№ │ Иш-чаралар │Мөөнөтү │ Аткаруучу │ Өнөктөр │Көрсөткүчтөр│
├──┼─────────────┼────────┼──────────────┼───────────────┼────────────┤
│1 │Тигүү көлөмүн│I │Жергиликтүү │КЧКТМА │Тигүүлөрдүн │
│ │аныктоо жана │квартал,│мамлекеттик │ │көлөмү жана │
│ │отургузуучу │жыл │администрация-│ │тигүүчү │
│ │материалдар │сайын │лар, │ │материалды │
│ │менен │ │жергиликтүү өз│ │берүүчүлөр │
│ │камсыздоо │ │алдынча │ │аныкталды, │
│ │ │ │башкаруу │ │каржылоо │
│ │ │ │органдары │ │маселеси │
│ │ │ │(макулдашуу │ │чечилди │
│ │ │ │менен) │ │ │
├──┼─────────────┼────────┼──────────────┼───────────────┼────────────┤
│2 │Дарактын тез │Жыл │КЧКТМА │Жергиликтүү │Көчөттөрдүн │
│ │өсүүчү │сайын │ │мамлекеттик │сапаттуу │
│ │түрлөрүн │ │ │администрация- │өсүшү │
│ │тигүүдө │ │ │лар, │ │
│ │жергиликтүү │ │ │жергиликтүү өз │ │
│ │жамааттарга │ │ │алдынча │ │
│ │консультация │ │ │башкаруу │ │
│ │берүү боюнча │ │ │органдары │ │
│ │иштерди │ │ │(макулдашуу │ │
│ │уюштуруу │ │ │менен) │ │
├──┼─────────────┼────────┼──────────────┼───────────────┼────────────┤
│3 │Дарактын тез │Жыл │Жергиликтүү өз│КЧКТМА │Бак-дарактар│
│ │өсүүчү │сайын │алдынча │ │ │
│ │түрлөрүн │ │башкаруу │ │ │
│ │өстүрүү │ │органдары │ │ │
│ │боюнча │ │(макулдашуу │ │ │
│ │иштерди │ │менен) │ │ │
│ │жүргүзүү │ │ │ │ │
└──┴─────────────┴────────┴──────────────┴───────────────┴────────────┘
2-тиркеме
┌──┬────────────────┬────────────┬───────────┬─────────────┬──────────┐
│№ │ Облустардын │ Терек │ Терек │ Өстүрүлгөн │ Каржылоо │
│ │ аталышы │ плантация- │көчөттөрүн │ жыгачты │ │
│ │ │ лардын жыл │жыл сайынкы│ алуунун 10 │ │
│ │ │ сайын │тигүү, миң │ жылдан │ │
│ │ │ тигилүүчү │ даана │ кийинкиге │ │
│ │ │ аянты, га │ │ пландалган │ │
│ │ │ │ │ саны, │ │
│ │ │ │ │ миң куб.м │ │
├──┼────────────────┼────────────┼───────────┼─────────────┼──────────┤
│1 │Баткен │ 108 │ 355,1 │ 44,75 │Жергилик- │
├──┼────────────────┼────────────┼───────────┼─────────────┤түү │
│2 │Жалал-Абад │ 11 │ 35,2 │ 4,44 │бюджет, │
├──┼────────────────┼────────────┼───────────┼─────────────┤донорлор │
│3 │Ысык-Көл │ 200 │ 661,3 │ 83,32 │ │
├──┼────────────────┼────────────┼───────────┼─────────────┤ │
│4 │Нарын │ 48 │ 157,8 │ 19,88 │ │
├──┼────────────────┼────────────┼───────────┼─────────────┤ │
│5 │Ош │ 9 │ 30,2 │ 3,80 │ │
├──┼────────────────┼────────────┼───────────┼─────────────┤ │
│6 │Талас │ 9 │ 29,2 │ 3,67 │ │
├──┼────────────────┼────────────┼───────────┼─────────────┤ │
│7 │Чүй │ 2 │ 7,3 │ 0,92 │ │
├──┼────────────────┼────────────┼───────────┼─────────────┤ │
│ │Бардыгы │ 387 │ 1276,1 │ 160,78 │ │
└──┴────────────────┴────────────┴───────────┴─────────────┴──────────┘