Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2012-жылдын 13-июну № 271-б
Афганстан Ислам Республикасынын Кичи жана Чоң Афган Памиринде жашаган этностук кыргыздардын проблемаларын чечүү жана гуманитардык жардам көрсөтүү максатында:
1. Афганистан Ислам Республикасынын Кичи жана Чоң Афган Памиринде жашаган этностук кыргыздардын проблемаларын чечүү боюнча Ведомстволор аралык кеңеш (мындан ары - Ведомстволор аралык кеңеш) тиркемеге ылайык курамда түзүлсүн.
2. Ведомстволор аралык кеңеш Афганстан Ислам Республикасынын Кичи жана Чоң Афган Памиринде жашаган этностук кыргыздарга гуманитардык жардам көрсөтүү максатында:
- экспедицияны даярдоо жана уюштуруу боюнча иш-чаралар планын бекитсин;
- экспедициянын курамын жана зарыл товарлардын жана азык-түлүктүн тизмесин аныктасын;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик материалдык резервдер фондунан зарыл азык-түлүктү бөлүү мүмкүндүгү жөнүндө маселени иштеп чыксын.
3. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги белгиленген тартипте Ведомстволор аралык кеңеш аныктаган тиркемеге ылайык товарларды жана азык-түлүктү сатып алуу үчүн финансы каражатын издеп тапсын.
4. Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги;
- экспедициянын жүрүү маршрутун аныктасын;
- "Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык Ведомстволор аралык кеңеш аныктаган тизмеге ылайык товарларды жана азык-түлүктү сатып алууну ишке ашырсын;
- Афганстан Ислам Республикасынын Кичи жана Чоң Афган Памиринде жашаган этностук кыргыздарга гуманитардык жардамдардын жүгүн жеткирүү боюнча зарыл иш-чараларды көрсүн.
5. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын тышкы саясат бөлүмүнө жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын социалдык жана гуманитардык өнүктүрүү бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр | Ө.Бабанов |
Асымбекова Гульнара Уметовна | - | Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министири, Советтин төрагасы; |
Жамгырчиева Гульнара Оморовна | - | Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты "Кыргызстан Социал-демократиялык партия" фракциясы (макулдашуу боюнча); |
Нарматова Надира Азимовна | - | Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты "Ата-Журт" фракциясы (макулдашуу боюнча); |
Төрөбеков Нурлан Надирович | - | Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты "Ар-Намыс" фракциясы (макулдашуу боюнча); |
Бакиров Мирлан Исабекович | - | Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты "Республика" фракциясы (макулдашуу боюнча); |
Бейшенбаева Гульниза Джумабековна | - | Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты "Ата Мекен" фракциясы (макулдашуу боюнча); |
Бараканова Салатанат Нурудиновна | - | Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин социалдык саясат Комитетинин эксперти (макулдашуу боюнча); |
Мусаев Кольбай Алишерович | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын Жетекчисинин орун басары - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн коргоо, өткөөл кырдаалдар жана укук тартиби бөлүмүнүн башчысы; |
Молдогазиев Айбек Бейшеевич | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн тышкы саясат бөлүмүнүн орун басары; |
Сабитов Эрмек Абдырахманович | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн каржы бөлүмүнүн салык жана бажы төлөм секторунун башчысы; |
Дадаханова Наргиза Фазлетовна | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн тышкы саясат бөлүмүнүн эксперти; |
Артыкова Одина Анваровна | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн социалдык жана гуманитардык өнүгүү бөлүмүнүн эксперти; |
Тулегабылов Нурбек Мукашевич | - | Кыргыз Республикасынын Улуттук Статкомитетинин директорунун орун басары (макулдашуу боюнча); |
Орозбеков Муктар Орозбекович | - | Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министринин орун басары; |
Кожобеков Асылбек Эсенжанович | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын орун басары; |
Кожобергенов Нукеш Рахманович | - | Кыргыз Республикасынын каржы министрлигинин мамлекеттик аппараты каржылоо башкармалыгынын башчысы; |
Шамшиев Насридин Шамшиевич | - | Кыргыз Республикасынын экономика жана монополияга каршы саясат министрлигинин макроэкономика саясат бөлүмүнүн жетекчиси; |
Сабирдина Мая Сабирдин кызы | - | Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министрлигинин чыгыш өлкөлөр департаментинин директорунун орун басары - Азия жана Африка экинчи бөлүмүнүн жетекчиси; |
Кочкорбаев Сагынбек Абдумуталипович | - | Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министрлигинин тышкы миграция департаментинин этникалык кыргыздар жана көчүп кетип жаткандар менен иштөө бөлүмүнүн эксперти; |
Жапаров Амантур Забирдинович | - | Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер Академиясынын Тарых жана маданий мурас бөлүмүнүн башчысы; |
Тойматов Саматбек Шакиевич | - | Кыргыз Республикасынын Саламаттыкты сактоо министрлигинин медициналык жардам уюштуруу Башкармалыгынын дарылоо-профиалактика бөлүмүнүн башчысы; |
Асанканов Абылабек Асанканович | - | Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын этникалык, дин саясат жана коом менен иш жүргүзү бөлүмүнүн жетекчиси (макулдашуу боюнча); |
Оморов Айдар Оторбекович | - | Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик Улуттук комитетини кызматкери; |
Ырысбеков Талант Ырысбекович | - | Кыргыз Республикасынын юстиция министрлигинин эл аралык бөлүмүнүн башкы адиси; |
Конгурбаев Нурзаир Ашимович | - | Кыргыз Республикасынын транспорт жана коммуникация министрлигинин тышкы байланыштар бөлүмүнүн башкы адиси; |
Койчуманов Тынчтыкбек Толонбаевич | - | Кыргыз Республикасынын социалдык өнүгүү министрлигинин мүмкүнчүлүгү чектелген жактарга социалдык кызмат көрсөтүүнү өнүктүрүү боюнча башкармалыгынын жетектөөчү адиси; |
Айтматов Куштарбек Суюмбаевич | - | Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министрлигинин тышкы миграция департаментинин директору; |
Соорбеков Медер Сатыбекович | - | Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министрлигинин чыгыш өлкөлөр департаментинин биринчи катчысы; |
Калыбаев Манас Туратбекович | - | Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министрлигинин Консулдук кызмат департаментинин үчүнчү катчысы; |
Кубатов Эдуард Джумакадырович | - | "Талас голден майнинг компани" жабык акционердик коомдун башкы директору (макулдашуу боюнча); |
Болотова Гульзат Абыкаевна | - | "Кыргыз бутагы" коомдук фондун директору (макулдашуу боюнча); |
Алжабаев Айдар Суйундукович | - | "Замандаш" ассоциациясынын директору (макулдашуу боюнча). |