Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2012-жылдын 19-июну № 281-б
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 17-апрелиндеги № 149-б буйругу менен түзүлгөн, Ведомстволор аралык комиссиянын 2012-жылдын 25-апрелинде протоколунун негизинде Тараз-Талас-Суусамыр (I фаза) автожолун реабилитациялоо боюнча Кыргыз Республикасы менен Ислам өнүктүрүү банкынын ортосундагы Кредиттик макулдашуунун шарттарын аткаруу максатында:
1. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги жер үлүштөрүнүн ээлерине айыл чарба өндүрүшүнүн жоготууларына компенсация төлөө үчүн учурдагы финансылык жылга Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигине каралган каражаттардын чегинде 312421,57 сом (үч жүз он эки миң төрт жүз жыйырма бир сом 57 тыйын) суммасында каражат бөлүп берсин.
2. Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлиги белгиленген тартипте:
- участок ээлерине 312421,57 сом (үч жүз он эки миң төрт жүз жыйырма бир сом 57 тыйын) компенсация төлөсүн, алардын ичинен:
А.Боромбаевге, 0,0491 га ээси - 54657 (элүү төрт миң алты жүз элүү жети) сом;
К.Тыныстановго, 0,0491 га жер ээси - 54657 (элүү төрт миң алты жүз элүү жети) сом;
Р.Өмүрбаевага, 0,03 га жер ээси - 33396 (отуз үч миң үч жүз токсон алты) сом;
Р.Кенжегараевге, 0,04 га жер ээси - 16462,84 сом (он алты миң төрт жүз алтымыш эки сом сексен төрт тыйын);
О.Алыбаевге, 0,125 га жер ээси - 153248,73 сом (жүз элүү үч миң эки жүз кырк сегиз сом жетимиш үч тыйын);
- Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине компенсация төлөөнү ишке ашыруу жөнүндө маалымат берсин.
3. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын реалдуу сектор жана инфраструктура бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр | Ө.Бабанов |