Загрузка документа…
КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 4-мартындагы № 70-б буйругуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2012-жылдын 19-июну № 289-б
"Жер казынасы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 4-апрелиндеги № 228 "Жер казынасын пайдаланууну лицензиялоо жана жөнгө салуу тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтому менен бекитилген Жер казынасын пайдаланууну лицензиялоо жана жөнгө салуу тартиби жөнүндө жобого ылайык, "Тоголок" алтын кенин комплекстүү жана сарамжалдуу өздөштүрүүгө жана Жангарт аянтын геологиялык изилдөөгө инвестицияларды тартуу максатында:
1. Конкурстук комиссия (мындан ары - комиссия) төмөнкү курамда түзүлсүн:
Ташбаев Учкунбек Азизбекович - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Геология жана минералдык ресурстар боюнча мамлекеттик агенттиктин директору, комиссиянын төрагасы;
Жеенчороев Мирлан Канатбекович - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын реалдуу сектор жана инфраструктура бөлүмүнүн жер казынасын пайдалануу секторунун башчысы, комиссиянын төрагасынын орун басары;
Касымалиев Адылбек Алешевич - Кыргыз Республикасынын экономика жана монополияга каршы саясат министринин орун басары, комиссиянын төрагасынын орун басары;
Асанов Айбек Кадырович - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Геология жана минералдык ресурстар боюнча мамлекеттик агенттиктин укуктук камсыздоо бөлүмүнүн начальниги (комиссиянын катчысы).
Комиссия мүчөлөрү:
Пирматов Исхак Айтбаевич - Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Экономика тармагын өнүктүрүү боюнча комитетинин төрагасы (макулдашуу боюнча);
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты, "Республика" фракциясынын мүчөсү (макулдашуу боюнча);
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты, "Ата-Журт" фракциясынын мүчөсү (макулдашуу боюнча);
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты, "Ар Намыс" фракциясынын мүчөсү (макулдашуу боюнча);
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты, "Ата-Мекен" фракциясынын мүчөсү (макулдашуу боюнча);
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты, "СДПК" фракциясынын мүчөсү (макулдашуу боюнча);
Мамбеталиева Жылдыз Жээнбаевна - Кыргыз Республикасынын юстиция министринин орун басары;
Аттокуров Мелс Шерикбаевич - Кыргыз Республикасынын финансы министринин орун басары;
Осмонбетов Эмил Кубатович- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Геология жана минералдык ресурстар боюнча мамлекеттик агенттиктин директорунун орун басары;
Примов Алмазбек Абдыакимович - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонддун директорунун милдетин аткаруучу;
Акеров Таалайбек Абдраманович - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын директорунун орун басары;
Рустамов Абдыкалык Алибекович - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинин директорунун орун басары;
Жапаров Дилгер Союзбекович - "Кыргызалтын" ачык акционердик коомунун башкармасынын төрагасы (макулдашуу боюнча);
Дүйшөмбиев Жаныбек Осмонович - Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунун мамлекеттик администрация башчысы - аким;
Богдецкий Валентин Николаевич - Кыргыз Тоо-кен ассоциациясынын башкармасынын мүчөсү (макулдашуу боюнча);
Тынаев Бекташ Дүйшөмбиевич - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Геология жана минералдык ресурстар боюнча мамлекеттик агенттиктин алдындагы Кыргыз геология-экономикалык изилдөөлөр методикалык экспедициясынын начальниги;
жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана жер казынасы объектиси жайгашкан орду боюнча жер ээлеринин өкүлдөрү (макулдашуу боюнча).
2. Комиссия он күндүк мөөнөттө:
- "Тоголок" алтын кенин иштеп чыгуу жана Жангарт аянтын геологиялык изилдөө максатында жер казынасын пайдалануу укугуна конкурс өткөрүүнүн шарттарын жана тартибин иштеп чыксын жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кароосуна киргизсин.
3. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын реалдуу сектор жана инфраструктура бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр | Ө.Бабанов |