Загрузка документа…
КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 14-декабрындагы № 834 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2012-жылдын 4-апрели № 228
Жер казынасын пайдаланууну лицензиялоо жана жөнгө салуу тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу
Жер казынасын пайдаланууну жөнгө салуу системасын өркүндөтүү, жер казынасын пайдаланууну лицензиялоо жол-жоболорунун максимум ачык-айкындыгын камсыздоо максатында, "Жер казынасы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жер казынасын пайдаланууну лицензиялоо жана жөнгө салуу тартиби жөнүндө жобо тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп табылсын:
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 15-августундагы № 336 "Жер казынасын пайдаланууну лицензиялоонун тартиби жөнүндө" токтому;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 9-октябрындагы № 629 "Жер казынасын пайдаланууну лицензиялоонун тартиби жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 15-августундагы № 336 токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу" токтому.
3. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып 15 күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри |
Ө. Бабанов
|
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 4-апрелиндеги № 228 токтому менен бекитилген Тиркеме |
КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 14-декабрындагы № 834 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
Жер казынасын пайдаланууну лицензиялоонун жана жөнгө салуунун тартиби жөнүндө ЖОБО
(КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 18-июнундагы № 425 токтомунун редакциясына ылайык)
1. Жер казынасын лицензиялоонун жана жөнгө салуунун тартиби жөнүндө ушул жобо (мындан ары - Жобо) жер казынасын пайдаланууну лицензиялоонун тартибин аныктайт жана жер казынасын пайдалануудагы мамилелерди жөнгө салат.
2. Бул Жободо колдонулуучу түшүнүктөр:
аукцион - жер казынасын убактылуу пайдаланууга укуктарды берүүнүн ыкмасы, мындай учурда бул укук соодалашуунун жүрүшүндө аукционго коюлган кен байлыктарынын объектиси үчүн эң жогорку бааны сунуштаган жана төлөгөн жакка өтөт;
(Үчүнчү абзац КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 18-июнундагы № 425 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
кепилдик салым - аукцион тууралуу жарыяда көрсөтүлгөн реквизиттер боюнча аукциондун уюштуруучусунун атайын эсебине арыз берүүчү тарабынан төгүлүүчү, аукциондун объектисинин баштапкы баасынан он эсе көп болгон акча каражаттарынын суммасы, бирок жүз миң АКШ долларынан көп эмес жана Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын курсу боюнча Кыргыз Республикасынын улуттук валютасында бир миң АКШ долларынан аз эмес;
арыз берүүчү - бул Жобонун 3-главасынын максаттары үчүн аукционго катышууну каалаган жана ошол максатта арыз берген ишкердик субъектиси катары түшүндүрүлөт. 4-главанын максаттары үчүн түз сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү жолу менен жер казынасын пайдаланууга укуктарды берүүгө арыз берген ишкер субъектиси катары түшүндүрүлөт;
сынак - ата мекендик жана чет мамлекеттик инвесторлорго жер казынасын пайдаланууга убактылуу укук берүүнүн ыкмасы, бул учурда алар Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилген сынактын шарттарында белгиленген белгилүү бир милдеттенмелерди алышат;
лицензиар - кен байлыктарды пайдаланууга лицензия берген ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган;
лицензиат - кен байлыкты геологиялык изилдөөгө, пайдалуу кен байлыктар чыккан жерди иштетүүгө жана жер казынасын пайдалануунун башка түрлөрүнө берилген лицензиянын ээси;
кен байлык объектилери - Кыргыз Республикасынын аймагындагы кен байлыктарын иштетүүгө же/жана геологиялык изилдөөгө арналган пайдалуу кен байлыктары чыккан жер же лицензиялык аянт;
аукцион объектисинин акыркы баасы - мыйзамдарда белгиленген бонустун (кен байлыктарын пайдалануу укугунан алынган салыктын) суммасынан жана пландалбаган кирешелердин суммасынан турган, аукциондун жеңүүчүсү тарабынан сунушталган кен байлык объектисинин эң жогорку баасы;
аукционго катышуу үчүн жыйым - аукцион тууралуу жарыяда көрсөтүлгөн реквизиттер боюнча аукциондун уюштуруучусунун атайын эсебине арыз берүүчү тарабынан төгүлүүчү, аукциондун объектисинин баштапкы баасынын бир пайыздык өлчөмүндөгү, бирок, жүз эсептешүү көрсөткүчүнөн аз болбогон акча каражаттарынын суммасы. Аукционго катышуу үчүн жыйым, аукциондун жыйынтыктарына карабастан кайтарылып берилбейт жана аукциондун уюштуруучусунун карамагында калат;
аукциондун объектисинин баштапкы баасы - белгилүү бир кен байлыктардын объектисин пайдаланууга укук берген лицензияны алууда төлөнүүчү бонустун (кен байлыктарды пайдалануудан алынган салык) көлөмүнө барабар, аукциондо соодалашуу баштала турган баштапкы баа. Эгер кен байлыктардын объектисине ар бирине өзүнчө бонустук ставкалар белгиленген эки же андан көп пайдалуу кен байлыктарынын түрлөрү коюлган болсо, баштапкы баа бонустардын суммасына барабар болот;
аукциондун катышуучусу - аукционго катышууга киргизилген арыз берүүчү.
(КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 18-июнундагы № 425 токтомунун редакциясына ылайык)
3. Жер казынасын пайдаланууга укуктарды берүүнүн мамлекеттик тутумун уюштуруучулук камсыздоону Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Геология жана минералдык ресурстар боюнча мамлекеттик агенттик (мындан ары - ыйгарым укуктуу орган) ишке ашырат.
4. Жер казынасын пайдалануу укугу лицензиянын негизинде пайда болот. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралгандардан башка учурларда, кен байлыктарды лицензиясыз пайдаланууга тыюу салынат.
5. Эгер Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында жана бул Жободо башка шарттар каралбаган болсо, чет өлкөлүк юридикалык жана жеке жактар, Кыргыз Республикасынын юридикалык жана жеке жактары үчүн белгиленген шарттарда жана тартипте лицензия алышат.
6. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган лицензиар катары чыгуу менен жер казынасын пайдаланууну лицензиялоону башкарууну ишке ашырат.
7. Бул Жобого ылайык муниципалдык жана жеке менчик жерлерде жайгашкан жалпы таралган пайдалуу кен байлыктары бар майда кендерден, ошондой эле жеке аракеттенгендер иштеткен өндүрүштүк эмес чачынды түрүндөгү пайдалуу кен байлыктардан башка, минералдык сырьелордун бардык түрлөрү, анын ичинде жер алдындагы таза жана термоминералдык суулар боюнча жер казынасын пайдалануунун бардык түрлөрү лицензияланышы керек.
8. Жер казынасын пайдалануу укугун берүү төмөндөгүчө ишке ашырылат:
- жалпы мамлекеттик маанидеги кендер үчүн - сынак өткөрүү жолу менен;
- төмөнкүлөрдү кошпогондо бардык объектилер үчүн - аукциондорду өткөрүү жолу менен:
жер алдындагы тузсуз жана термоминералдык суулар;
курулуш кумдары;
шагыл жана гравий;
табигый кумдак-таштак-шагылдуу аралашмалар;
чопо жана курулуш топурактары;
чөкмө (тунма), магмалык жана метаморфикалык тоо тектеринен сындырылган таштар (бутташтырылган жана шагыл);
аки өндүрүлүүчү акиташ;
гипс;
казылган туз;
өзү калыптанган күкүрт;
тальк жана пирофиллит;
графит;
1000 миң тоннага чейин запасы бар көмүрдү иштетүүгө.
- бул Жобонун 76-пунктунун 1), 2) жана 3) пунктчаларында каралган негиздерде эки жолу аукциондо же сынакта сатылбай калган кен байлыктардын участоктору үчүн, ошондой эле сынактарды же аукциондорду өткөрүү каралбаган объекттер боюнча - түз сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү жолу менен;
- жекече аракеттенүү менен иштетилген кен байлыктардын участоктору үчүн - жергиликтүү мамлекеттик администрацияларда уруксат берүүчү документтерди каттоо жолу менен.
Сынак боюнча бөлүштүрүлгөн жалпы мамлекеттик маанидеги кендердин тизмеги Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилет.
(КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 18-июнундагы № 425 токтомунун редакциясына ылайык)
9. Лицензиянын формасы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан белгиленет.
10. Жер казынасын пайдаланууга укуктарды лицензиялоо Жер казынасын пайдаланууну жөнгө салуунун маселелери боюнча комиссия тарабынан жүргүзүлөт, ал ыйгарым укуктуу мамлекеттик органда түзүлөт, анын ичинде аукциондун, сынактын жана тикелей инвестициялардын натыйжасынын негизинде жүргүзүлөт.
Жер казынасын пайдаланууну жөнгө салуу маселеси боюнча комиссиянын ыйгарым укуктарына сынак жана аукцион комиссияларынын чечимдеринин негизинде лицензияларды тариздөө, тикелей сүйлөшүүлөрдүн жолу менен лицензия берүү, лицензияны, лицензиялык макулдашууларды колдонуу мөөнөтүн узартуу, отчетторду кароо жана геологиялык, кен казуу иштеринин пландарын макулдашуу, лицензияларды токтотуу, чакыртып алуу маселелерин жана жер казынасын пайдалануунун башка маселелерин кароо кирет. Комиссиянын иши жөнүндө жобону ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жетекчиси бекитет. Комиссиянын курамы Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин буйругу менен бекитилет.
Зарыл учурда Жер казынасын пайдаланууну жөнгө салуу маселелери боюнча комиссия тиешелүү мамлекеттик органдарга, алардын компетенциясына кирген маселелер боюнча аткарууга милдеттүү болгон тапшырмаларды берүүгө укуктуу.
Чет элдик юридикалык жактар лицензияны алгандан кийин Кыргыз Республикасында филиалды, туунду компанияны, өкүлчүлүктү же өз алдынча аффилирденген юридикалык жакты, ал эми чет элдик жарандар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык юридикалык жакты түзүшөт.
(КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 18-июнундагы № 425 токтомунун редакциясына ылайык)
11. Жалпы мамлекеттик маанидеги кендерди геологиялык изилдөө жана иштетүү максатында жер казынасын пайдаланууга укуктарды алуу сынагы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чечими боюнча өткөрүлөт.
12. Ар бир объект боюнча өкмөттүк сынак комиссиясы түзүлөт. Өкмөттүк сынак комиссиясынын органы болуп ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган эсептелет, ага сынакка катышуу үчүн арыздар берилет.
13. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган сынакты өткөрүүнүн шарттарын жана тартибин иштеп чыгат жана аларды өкмөттүк сынак комиссиясынын бекитүүсүнө берет.
14. Сынактын жеңүүчүсүн таануу жөнүндө чечим сынактын шарттарына ылайык өкмөттүк сынак комиссиясы тарабынан жөнөкөй көпчүлүктүн добушу менен кабыл алынат жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтү беките турган протокол менен таризделет.
15. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн сынактын жыйынтыктарын бекитүү жөнүндө чечиминин негизинде ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган сынактын жеңүүчүсүнө жалпы мамлекеттик маанидеги кендерди геологиялык изилдөө жана/же иштетүү үчүн жер казынасын пайдалануу укугун берген лицензияны тапшырат.
§ 1. Негизги жоболор
16. Бул глава жер казынасын пайдаланууга укук берүүгө аукцион өткөрүүнүн тартибин, ага потенциалдуу жер казынасын пайдалануучулардын катышуусунун шарттарын, жеңүүчүлөрдү аныктоонун тартибин, ошондой эле өздөштүрүлүүчү кен байлыктарынын объектиси үчүн эсептешүүнүн тартибин аныктайт.
17. Аукцион Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилген ушул Жобонун 8-пунктунун талаптарын сактоо менен, сынак боюнча бөлүштүрүлүүчү пайдалуу кен байлыктардын тизмегине киргизилбеген, компетенттүү органдардын тыюу салуусу коюлбаган кен байлыктарынын бардык бош объектилерине өткөрүлөт. Бул учурда аукционду уюштуруучунун расмий сайтында бардык бош турган жана иштетилип жаткан объектилердин тизмеги жарыяланышы керек.
(КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 18-июнундагы № 425 токтомунун редакциясына ылайык)
18. Аукционду даярдап өткөрүүнү уюштуруучулук камсыздоону ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган (мындан ары - аукциондун уюштуруучусу) ишке ашырат.
19. Аукцион уюштуруучунун интернет тармагындагы расмий сайты: www.geology.kg.
(КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 18-июнундагы № 425 токтомунун редакциясына ылайык)
20. Кен байлыктардын объектисин аукционго коюунун шарттары:
- эгер бул Жобо күчүнө киргенге чейин ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга белгилүү бир кен байлык объектисин пайдалануу укугун алууга бир эле арыз түшкөн болсо;
- ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга аукцион өткөрүүгө же белгилүү бир кен байлык объектисин пайдалануу укугун алууга арыз түшкөн болсо;
- эгер бул Жобонун 76-пунктунун 1), 2) жана 3) пунктчаларында көрсөтүлгөндөй учурларда, катары менен эки аукцион өтпөй калган болсо, жер казынасын пайдалануу укуктары аукциондун болбой калгандыгын тааныган чечим кабыл алынган күндөн кийинки 24 айдан ашык убакыттын ичинде берилбеген болсо.
21. Аукциондун уюштуруучусу бир аукциондо жер казынасынын бир нече объектилерин коюуга укуктуу. Мындай учурда кен байлыктарынын объектилери тиешелүү номерлер берилген өз алдынча лотторго бөлүнөт.
22. (КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 18-июнундагы № 425 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
23. Аукционго катышуу үчүн кепилдик берилген салым аукциондун бардык катышуучуларына жана арыз ээлерине кайтарылып берилүүгө тийиш, буга ушул Жободо көрсөтүлгөн учурлар кирбейт. Кайтарып берүү аукциондук комиссиянын жыйынынын корутунду протоколуна кол коюлган учурдан баштап банктык 30 күндүн ичинде жүргүзүлөт. Кайтарылып берилбеген кепилдик берилген салымдардын суммасы аукциондун уюштуруучусунун карамагында калат.
(КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 18-июнундагы № 425 токтомунун редакциясына ылайык)
§ 2. Аукцион өткөрүү боюнча комиссия жана анын иш регламенти
24. Аукциондун уюштуруучусу аукциондорду өткөрүү үчүн жер казынасынын объектилерин пайдалануу укуктарын алуу үчүн аукцион өткөрүү боюнча ведомстволор аралык комиссия (мындан ары - аукциондук комиссия) түзөт.
25. Аукциондук комиссиянын курамы аукционду уюштуруучунун сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин буйругу менен түзүлөт.
26. Аукциондук комиссия төрагадан, төраганын орун басарынан, аукциондук комиссиянын мүчөлөрүнөн жана катчысынан турат. Аукциондук комиссиянын курамында кеминде жети мүчөсү болушу керек. Аукциондук комиссиянын төрагалыгына аукционду уюштуруучунун жетекчиси дайындалат.
27. Аукциондук комиссия аукционду уюштуруучунун кызматкерлеринин түзүлүп, ага Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын, Кыргыз Республикасынын Экономика жана монополияга каршы саясат министрлигинин, Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматынын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана кен байлыктардын объектиси жайгашкан жер укуктарынын ээсинин бирден өкүлү, ошондой эле коммерциялык эмес уюмдардын өкүлдөрү кирет.
Аукционду өткөрүүдө юридикалык жактардын өкүлдөрүнүн жана жеке жактардын катышуусуна чектөө салууга жол берилбейт.
28. Аукциондук комиссиянын ишине төмөндөгү адамдар катыша алышпайт:
- аукциондун катышуучусу-юридикалык жактын уюштуруучулары же анын акыркы менчик ээси;
- аукциондун катышуучулары же аукциондун катышуучуларынын жетекчилери жана уюштуруучулары менен жакын туугандык мамиледе болгондор.
29. Аукциондук комиссиянын бул жобонун 28-пунктуна туура келген мүчөсү аукционго катышуу үчүн берилген арыздарды кароонун жыйынтыгы чыгарылганга чейин бул тууралуу аукциондук комиссиянын төрагасына кат жүзүндө маалымат берүүгө милдеттүү.
30. Аукциондук комиссиянын төрагасы комиссиянын ишмердүүлүгүн башкарат, анын күн тартибин бекитет жана комиссиянын жыйындарында төрагалык кылат.
Комиссиянын төрагасы жок болгондо анын функцияларын комиссиянын төрагасынын орун басары аткарат.
31. Аукциондук комиссиянын жыйыны ага комиссиянын тизмесиндеги курамдын жарымынан көбү катышканда мыйзамдуу болот.
32. Аукциондук комиссиянын чечими ачык добуш берүү менен жана көпчүлүк добуш менен кабыл алынат.
Берилген добуштар тең болуп калган учурда комиссиянын жыйындарына төрагалык кылуучунун добушу чечүүчү добуш болуп эсептелет.
Комиссиянын чечимине макул болбогон аукциондук комиссиянын мүчөлөрү протоколго өткөрүлгөн аукциондун натыйжалары жөнүндө өзгөчө пикирин жаза алышат.
§ 3. Аукционду уюштуруу
33. Аукционду өткөрүү үчүн негиз болуп аукциондун уюштуруучусу тарабынан кабыл алынган жер казынасын пайдалануу укугун берүү үчүн аукцион өткөрүү жөнүндө чечим (мындан ары - аукцион өткөрүү жөнүндө буйрук) эсептелет.
34. Аукциондун уюштуруучусу аукцион өткөрүү жөнүндө буйруктун негизинде аукционго коюла турган кен байлыктарынын объектисине колдонулуучу аукционду өткөрүүнүн шарттарын белгилөө жөнүндө буйрук чыгарат (мындан ары - аукциондун шарттары).
35. Аукциондун шарттарында жер казынасын пайдалануунун түрүнө, объектинин изилденишинин деңгээлине жана башка факторлорго жараша кен байлыктар жөнүндө мыйзамдарга ылайык төмөндөгүлөрдү камтыйт:
- кен байлыктардын объектиси жөнүндө жалпы маалыматтар;
- кен байлыктардын объектисинин геологиялык мүнөздөмөсү;
- кен байлыктардын объектисин пайдаланууга коюлган негизги талаптар;
- аукционго катышуу үчүн жыйымдын жана кепилдик салымдын өлчөмү жана аларды төлөө үчүн төлөм реквизиттери;
- аукциондун объектисинин баштапкы баасы;
- аукциондун кадамы;
- (КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 18-июнундагы № 425 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
36. Өткөрүлө турган аукцион жөнүндө жарыя ал өткөрүлүүчү күндөн 45 күндөн кем болбогон убакыттан кеч эмес жалпы республикалык расмий басма сөз каражатында жарыяланышы керек, ошондой эле телеканалда жана аукционду уюштуруучунун расмий сайтында жайгаштырылышы керек. Кайталап өткөрүлүүчү аукцион ал өткөрүлүүчү күнгө 30 күндөн кем эмес убакыт калганда жарыяланышы керек. Мындай жарыялар жалпы колдонуудагы башка маалыматтык-телекоммуникациялык тармактарда жана ЖМКларда жарыяланышы мүмкүн.
37. (КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 18-июнундагы № 425 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
38. Аукционго катышуу үчүн арыз берүүчү өзү же ишенимдүү адамы аркылуу аукциондун уюштуруучусуна аукцион өткөрүлүүчү күнгө чейинки бир жумушчу күндөн кечиктирбестен аукционду уюштуруучу белгиленген формадагы арызын эки нускасын тапшырат. Аукцион жөнүндө жарыя берүүнүн күнү аукционду уюштуруучунун расмий сайтында аукционго катышуу үчүн форма жайгаштырылууга тийиш. Почта аркылуу арыз берүүгө жол берилбейт.
Жер казынасынын объекттин пайдаланууга укук берүүчү аукционго катышуу үчүн арыз машиналык ыкма менен мамлекеттик жана расмий тилде жазылып, электрондук басып чыгаруучу жабдуудан чыгарылышы керек.
Арызга төмөнкү документтер тиркелет:
- уюштуруучу документтердин жана юридикалык жактарды каттоо жөнүндө күбөлүктүн көчүрмөлөрү;
- жаранды жеке ишкер катары мамлекеттик каттоо жөнүндө күбөлүктүн көчүрмөсү;
- (алтынчы абзац КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 18-июнундагы № 425 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
- (жетинчи абзац КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 18-июнундагы № 425 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
- (сегизинчи абзац КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 18-июнундагы № 425
токтомуна ылайык күчүн жоготту)
- (тогузунчу абзац КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 18-июнундагы № 425
токтомуна ылайык күчүн жоготту)
- уюмдун аткаруучу органын дайындоо жөнүндө чечиминин же Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган башка документтин мөөр басылган копиясы;
- белгиленген тартипте берилген ишеним кат (юридикалык жактын кызыкчылыктарын ишеним катсыз жактоого укугу жок болгон адам арыз берүүчүнүн кызыкчылыктарын жактаган учурда);
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте легалдаштырылган же апостилдештирилген мамлекеттик реестрдин көчүрмөсүн же чет мамлекеттердин жарандары үчүн өз өлкөсүнүн мыйзамдарына ылайык аракеттеги юридикалык жак экендигин тастыктаган башка документ;
- (он үчүнчү абзац КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 18-июнундагы № 425 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
- (он төртүнчү абзац КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 18-июнундагы № 425 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
- кепилдик салымдын төлөнгөндүгүн тастыктоочу документ;
- аукционго катышуу үчүн жыйымдын төлөнгөндүгүн тастыктоочу документ.
Арызды берүү арыз ээсинин аукциондун бардык шарттары менен макул болгондугун билдирет.
(КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 18-июнундагы № 425 токтомунун редакциясына ылайык)
39. Арыз берүүчү тариздеген маалымкаттар жана документтерге ыйгарым укуктуу кызматкер кол коюп, арыз берүүчүнүн мөөрү менен күбөлөндүрүлөт.
Документтердин көчүрмөлөрү белгиленген тартипте күбөлөндүрүлүп берилет.
40. Ушул Жобонун 38-пунктунда аталган бардык тиркемелер аукциондун уюштуруучусуна арыз менен бирге тапшырылат. Арыздын кабыл алынгандыгы жөнүндө белги басылган бир нускасы арыз берүүчүгө тапшырылат.
41. Арыз берүүчү белгиленген арыз берүү мөөнөтү аяктаганга чейин өзүнүн арызын алмаштырууга же артка чакырып алууга укуктуу.
Аукционго катышуу үчүн арызды артка чакырып алуу жөнүндө билдирүү арыз берүүчүгө арызын токтоосуз түрдө кайтарып берүүгө негиз болуп эсептелет.
Мурда берилген арызды алмаштыруу жана аукционго катышуу үчүн берилген арызды артка чакырып алуу жөнүндө билдирүүнү кабыл алуунун тартиби аукционго катышуу үчүн арыз берүүнүн тартибине окшош.
42. Жер казынасынын объектисин пайдаланууга укук берүүчү аукционго катышуу үчүн берилген арыздарды каттоону аукцион өткөрүү жөнүндө жарыяда көрсөтүлгөн мөөнөттүн ичинде, тиешелүү арыз берилген күнү аукциондун уюштуруучусунун ыйгарым укуктуу кызмат адамы (мындан ары - аукциондун уюштуруучусунун кызмат адамы) ишке ашырат.
43. Аукциондун уюштуруучусунун кызмат адамы берилген арыздарды жер казынасынын объектисин пайдаланууга укук берүүчү аукционго катышуу үчүн арыздарды каттоочу журналга арызда анын катталган номерин, берилген күнү менен убактысын көрсөтүү менен каттайт.
(КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 18-июнундагы № 425 токтомунун редакциясына ылайык)
44. Арыз берүү мөөнөтү аяктагандан кийин келип түшкөн арыздар жана материалдар катталбайт жана арыз берүүчүгө почта аркылуу кайтарылат же аукционду уюштуруучунун кызмат адамы кол койдуруу менен тапшырат, бул тууралуу каттоочу журналга тиешелүү белги жазылат.
§ 4. Аукционду өткөрүүнүн тартиби
45. Аукцион өткөрүлүүчү күнү, бирок аукциондун катышуучуларын каттоо башталганга чейин, аукциондук комиссия арыздардын жер казынасынын объектисин (ар бир кен байлык объектисине карата) пайдаланууга укук берүүчү аукционду өткөрүүнүн шарттары жана тартибине, бул Жобого ылайык берилгендигин текшерүү жана аукционго катышууга киргизилген жактарды аныктоо максатында келип түшкөн арыздарды карап чыгат.
46. Жер казынасынын объектисин пайдаланууга укук берүүчү аукционго катышууга киргизүү жүнүндө же болбосо киргизүүдөн баш тартуу жөнүндө чечим арыздарды карап чыгуунун протоколу менен таризделет.
Арыздарды кароонун протоколунда төмөндөгүлөр көрсөтүлөт:
1) бардык катталган арыздар;
2) арыз берүүчүлөр артка чакыртып алган арыздардын бардыгы;
3) аукционго катышууга киргизилген арыздар;
4) аукционго катышууга киргизилбеген, киргизүүдөн баш тартуунун негиздери көрсөтүлгөн арыздар;
5) протоколдун күнү жана аукциондук комиссиянын бардык мүчөлөрүнүн койгон колдору.
Арыздарды кароонун протоколуна кол коюлган учурдан баштап, арыздары кабыл алынган арыз берүүчүлөр аукциондун катышуучулары болуп калышат.
47. Аукционго катышууга уруксат берүүдөн баш тартууга төмөндөгүлөр негиз болот:
1) арыз бул Жободо белгиленген талаптарды бузуу менен берилген, анын ичинен арыздын мазмуну аукциондун шарттарына жооп бербейт;
2) (КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 18-июнундагы № 425 токтомунун редакциясына ылайык)
3) бул Жободо көрсөтүлгөн тизмектеги документтер толук берилген эмес.
(КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 18-июнундагы № 425 токтомунун редакциясына ылайык)
48. Аукциондун катышуучусу катары таанылган арыз ээлерине жана аукционго катышууга киргизилбеген арыз ээлерине аукцион өткөрүлө турган күнү, аукциондун катышуучуларын каттоо башталганга чейин кабыл алынган чечимдер жөнүндө маалымат аукциондук комиссиянын катчысы тарабынан берилет.
Аталган жактар арыздарды кароонун протоколуна кол койдуруу менен тааныштырылат. Арыз берүүчү кол коюудан баш тарткан, же жок болгон учурларда протоколго тиешелүү жазуу киргизилет.
(КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 18-июнундагы № 425 токтомунун редакциясына ылайык)
49. Жер казынасынын объектисин пайдаланууга укук берүүчү аукцион өткөрүлө турган күнү аукциондук комиссиянын катчысы жер казынасын пайдаланууга укук берүүчү аукциондун катышуучуларын (катышуучулардын өкүлдөрүн) аукциондун катышуучусу белгилеген форма (мындан ары - каттоо барактары) боюнча каттайт, жана аларга каттоо номерлери бар тактачаларды таратат.
50. Аукционго катышуу үчүн келген аукциондун катышуучуларынын өкүлдөрү каттоо учурунда төмөндөгү документтерди көрсөтөт:
1) уюштуруучу документтерге ылайык юридикалык жактардын атынан ишеним катсыз аракеттенүүгө укугу бар юридикалык жактардын жетекчилери - өздүгүн тастыктаган документин;
2) арызды өзүнүн атынан берген жеке ишкерлер - өздүгүн тастыктаган документ;
3) катышуучулардын ишеним каттын негизинде аракеттенген өкүлдөрү:
а) өздүгүн тастыктаган документ;
б) Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарына ылайык күбөлөндүрүлгөн ишеним кат.
Ишеним катта бул адамдын аукционго катышуу боюнча (аукциондун аталышы көрсөтүлөт) ыйгарым укуктары чагылдырылышы керек. Аукционго катышууга ишеним кат аукциондун уюштуруучусунда калат.
51. Каттоо жер казынасынын объектисин пайдаланууга укук берүүчү аукцион өткөрүүгө бир саат калганда башталып, аукцион башталаарга он мүнөт калганда аяктайт. Каттоо баракчасы аукциондук комисииянын төрагасына тапшырылат.
52. Каттоо аяктагандан кийин аукциондун катышуучулары аукцион өтүүчү жайга чакырылат, аукциондун кечиккен катышуучулары аукционго катышууга киргизилбейт. Бул учурда алар төлөгөн кепилдик салым кайтарылбайт.
53. Жер казынасын пайдаланууга укук берүүчү аукционду түздөн-түз алып баруу аукциондун уюштуруучусу келишимдин негизинде чакырган Аукционду уюштуруучуга тапшырылат.
54. Жер казынасынын объектисин пайдаланууга укук берүүчү аукцион ачык формада өткөрүлөт. Аукциондун кадамынын чоңдугу баштапкы баанын он пайыздык өлчөмүндө белгиленет.
55. Жер казынасынын объектисин пайдалануу укугу берилүүчү аукцион жер казынасынын объектисинин аталышын, анын негизги мүнөздөмөлөрүн, жер казынасынын объектисин пайдаланууга коюлган негизги талаптарды, жер казынасын пайдаланууга укук берүүчү аукционду өткөрүүнүн жана аукциондун жыйынтыктарын бекитүүнүн тартибин, жер казынасын пайдаланууга берилүүчү укуктун баштапкы баасын жана аукциондун кадамын жарыялоо менен башталат.
56. Аукционду уюштуруучу аукциондун кадамынын өлчөмүнөн көбөйгөн баштапкы баанын биринчи көрсөткүчүн жарыялайт.
Эгер биринчи көрсөткүчтүн баасы жарыялангандан кийин жана бул көрсөткүч үч жолу кайталангандан кийин аукциондун бир дагы катышуучусу өзүнүн каттоо номери жазылган тактачасын көтөрбөсө, аукцион токтотулат жана аукциондун болбой калды деп таанылат.
57. Бир тактача көтөрүлгөн учурда аукционду уюштуруучу өзүнүн тактачасын көтөргөн аукциондун катышуучусунун каттоо номерин атайт. Бир нече тактачалар көтөрүлгөн учурда аукционду уюштуруучу өзүнүн тактачасын биринчи болуп көтөргөн аукциондун катышуучусунун каттоо номерин атайт.
58. Аукционист ар бир кийинки баанын маанисин аукциондун кадамына карата учурдагы маанисин көбөйтүү жолу менен белгилейт. Аукциондун жүрүшүндө катышуучулар тарабынан аукциондун кадамынан көз карандысыз өтө жогору баа сунуштоого жол берилет. Мында баанын бир сунушу төмөндөгү градацияларга ылайык максималдуу кадамдан жогору болбошу керек:
- объектинин баштапкы баасы беш миң АКШ долларына чейин же барабар болсо, аукциондун максималдуу кадамы - баштапкы баанын он эсе көбөйтүлгөн өлчөмү;
- объектинин баштапкы баасы беш миң АКШ долларынан жогору жана он миң АКШ долларына чейин же барабар болсо, аукциондун максималдуу кадамы - баштапкы баанын беш эсе көбөйтүлгөн өлчөмү;
- объектинин баштапкы баасы он миң АКШ долларынан жогору жана жыйырма миң АКШ долларына чейин же барабар болсо, аукциондун максималдуу кадамы - баштапкы баанын эки эсе көбөйтүлгөн өлчөмү;
- объектинин баштапкы баасы жыйырма беш миң АКШ долларынан жогору болсо, аукциондун максималдуу кадамы - баштапкы баанын бир эсе көбөйтүлгөн өлчөмү.
(КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 18-июнундагы № 425 токтомунун редакциясына ылайык)
59. Эгер кезектеги баа үч жолу аталгандан кийин аукциондун бир да катышуучусу өзүнүн каттоо номери жазылган тактачасын көтөрбөсө, аукцион аяктайт.
60. Аукциондун жеңүүчүсү болуп жер казынасынын объектисин пайдалануу укугуна эң жогорку бааны сунуштаган аукциондун катышуучусу таанылат.
61. (КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 18-июнундагы № 425 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
62. (КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 18-июнундагы № 425 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
63. (КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 18-июнундагы № 425 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
64. (КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 18-июнундагы № 425токтомуна ылайык күчүн жоготту)
65. (КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 18-июнундагы № 425 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
66. (КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 18-июнундагы № 425 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
67. (КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 18-июнундагы № 425 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
68. (КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 18-июнундагы № 425 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
69. (КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 18-июнундагы № 425 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
70. Белгиленген мөөнөттө аукционду өткөрүүгө жолтоо болгон жагдайлар пайда болгон учурда, аукциондук комиссия жер казынасын пайдалануу укугу берилүүчү аукционду өткөрүү мөөнөтүн жылдыруу жөнүндө чечим кабыл алат.
Мындай жагдайларга төмөндөгүлөр кирет:
- аукциондук комиссиянын жыйынын өткөрүүгө кворумдун жоктугу аүкциондү өткөрүү күнүнө чейин белгилүү болгон учурда;
- жеңип өтүүгө мүмкүн болбогон күчтөрдүн жагдайы, ошондой эле өзгөчө жана бул шарттарда жоюуга мүмкүн болбогон жагдайлар пайда болгондо.
Аукцион өткөрүлүүчү күнү аукционду өткөрүүгө жолтоо болгон жагдайлар пайда болгондо аукциондук комиссия, ал эми кворум жок болгон учурда аукциондук комиссиянын төрагасы аукциондук комиссиянын жыйынын 7 күндөн ашык эмес мөөнөткө жылдыруу жөнүндө чечим кабыл алат.
71. Жер казынасын пайдалануу укугун берүүчү аукционду өткөрүүнүн мөөнөтүн жылдыруу жөнүндө чечим арыз берүү мөөнөтү аяктаганга чейин кабыл алынса арыз берүүнүн жаңы мөөнөтү белгиленет.
Жер казынасынын объектисин пайдаланууга укук берүүчү аукционду өткөрүүнүн мөөнөтүн жылдыруу жөнүндө чечим кабыл алынганга чейин келип түшкөн арыздар бул Жободо белгиленген тартипте катталат жана каралат.
Мөөнөтүн жылдыруу жөнүндө маалымат аукционду өткөрүү жөнүндө жарыя берилген тартипте жана ыкмада берилет, ошондой эле аукционго катышууга арыз берген арыз берүүчүлөргө ыкчам тартипте кабарланат.
Бул Жобонун максаттарында ыкчам тартип катары телефондук байланыш каражаты аркылуу, факсимилдык каражат же электрондук почта аркылуу маалымдоо каралат.
72. Жер казынасынын объектисин пайдаланууга укук берүүчү аукционду өткөрүүнүн мөөнөтүн жылдыруу жөнүндө чечим арыз берүү мөөнөтү аяктагандан кийин чыгарылса, арыз берүүнүн мурда белгиленген мөөнөтү өзгөртүлбөйт.
Мындай учурда мөөнөтүн жылдыруу жөнүндө маалымат аукционго катышууга арыз берген арыз ээлерине ыкчам тартипте жеткирилет.
73. Жер казынасынын объектисин пайдаланууга укук берүүчү аукционду өткөрүү чечимин кабыл алган аукциондун уюштуруучусу аукциондук комиссиянын жыйыны өткөрүлө турган күнгө чейин аукционду өткөрүү чечимин төмөнкүдөй учурларда жокко чыгарууга укуктуу:
- мыйзамдардын талаптары бузулган учурлар аныкталганда;
- соттук актылардын негизинде;
- жеңип өтүүгө мүмкүн болбогон күчтүн жагдайларынын натыйжасында.
74. Жер казынасынын объектисин пайдаланууга укугуна аукцион өткөрүүнү жокко чыгаруу жөнүндө чечим аукциондун уюштуруучусуна ушул Жобонун 73-пунктунда көрсөтүлгөн жагдайлар чыкканы белгилүү болгон учурдан тартып эки иш күндүн ичинде аукциондун уюштуруучусунун приказы менен таризделет.
§ 5. Аукциондун жыйынтыгын тариздөө
75. Аукциондун жыйытыгы аукциондук комиссиянын протоколу менен таризделет, анда төмөнкүлөр көрсөтүлөт:
1) аукцион өткөрүлүп жаткан кен объектисинин аталышы;
2) аукционду өткөрүүгө катышкан аукциондук комиссиянын мүчөлөрүнүн курамы;
3) аукциондун жеңүүчүсүнүн аты (аталышы), юридикалык жактын реквизиттери же жеке ишкердин ким экенин билдирүүчү документтеринин маалыматы;
4) жер казынасынын объектин пайдалануу укугу үчүн баанын баштапкы өлчөмү:
5) жер казынасынын объектисин пайдалануу укугу үчүн баанын аукциондун жыйынтыгында аныкталган акыркы өлчөмү;
6) аукцион өтпөй калгандыгы тууралуу маалымат (себептерин көрсөтүү менен);
7) аукциондук комиссиянын чечими боюнча башка маалыматтар.
76. Аукцион төмөнкү учурларда өтпөй калды деп таанылат:
1) аукционго катышуу үчүн арыздар түшпөсө;
2) аукционго катышуу үчүн бир арыз берилсе;
3) аукционго катышуу үчүн бир гана катышуучу келсе же эч ким келбесе;
4) бардык арыз берүүчүлөр аукционго катышууга киргизилбесе;
5) аукциондун катышуучулары тарабынан баштапкы баадан жогору баа сунушталбаса.
Ушул пункттун 1), 2) жана 3) пунктчаларында белгиленген учурларда аукционду болбой калды деп таанылганда, аукциондук комиссия кайрадан аукцион өткөрүү чечимин кабыл алат. Мында жалгыз катышуучу кайрадан өткөрүлө турган аукционго катышууга дароо киргизилет. Эгерде ушул пункттун 1), 2) жана 3) пунктчаларында белгиленген учурларда эки аукцион катары менен болбой калды деп таанылганда, жер казынасын пайдалануу укугу түз сүйлөшүүлөр жолу аркылуу берилет.
77. Аукциондун жыйынтыгы жөнүндө протокол аукционду уюштуруучулар тарабынан бекитилет жана аукциондо жер казынасын пайдалануу укугуна лицензияны берүүгө негиз болот. Жер казынасынын объектисин пайдалануу укугунун мөөнөтүн эсептөө жер казынасын пайдаланууга укукту берген лицензия берилген учурдан тартып башталат.
78. Протоколго жыйынга катышып жаткан комиссия мүчөлөрү жана аукциондун катышуучулары тарабынан кол коюлат. Аукциондун жыйынтыгы жөнүндө протоколго кол коюудан баш тарткан аукциондун катышуучуларына төлөнгөн кепилдик төлөм кайтарылбайт. Кол коюудан баш тарткандыгы жөнүндө акт түзүлөт.
(КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 18-июнундагы № 425 токтомунун редакциясына ылайык)
79. Аукциондун жеңүүчүсү анын жыйыны болгон күнү анын жыйынтыгын ырастоодон баш тартса (б.а. протоколго кол коюудан баш тартса) же жер казынасын пайдалануу укугу үчүн өзү сунуштаган бааны аукцион тууралуу протоколго кол коюлгандан кийин беш банктык күндүн ичинде төлөбөсө бул жер казынасынын объектин пайдалануу укугунан баш тартуу катары каралат.
(КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 18-июнундагы № 425 токтомунун редакциясына ылайык)
80. Ушул Жобонун 79-пунктунда көрсөтүлгөн учур болуп калса, аукциондук комиссия үч банк күнүнүн ичинде жер казынасы объектисин пайдалануу укугун кезек тартиби боюнча, жогорку баа сунуштаган кийинки катышуучуга сунуштайт. Сунушту жиберүү үчүн көрсөтүлгөн мөөнөт жер казынасы объектисин пайдалануу укугунан катышуучу баш тарткан ар бир учурда колдонулат. Бул учурда жер казынасы объектисин пайдалануу укугун алууга макулдугун берген катышуучу аукциондун жеңүүчүсү деп табылат. Бардык катышуучулар жер казынасы объектисин пайдалануу укугунан баш тарткан учурда, аукциондун уюштуруучусу аукциондун жыйынтыктарын жокко чыгаруу жана кайталап аукцион өткөрүү жөнүндө чечим чыгарат. Мында баш тарткан катышуучуларга кепилдик төлөм кайтарылбайт.
(КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 18-июнундагы № 425 токтомунун редакциясына ылайык)
81.(КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 18-июнундагы № 425 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
82. Аукциондун жеңүүчүсү берген кепилдик төлөм жер казынасынын объектисин пайдалануу укугуна төлөй турган эсепке кошулат. Калган сумма аукциондун жеңүүчүсү тарабынан аукциондун талаптарында көрсөтүлгөн реквизит боюнча беш банктык күндүн ичинде төлөнөт. Эгерде төлөнгөн кепилдик төлөмдүн суммасы аукцион объектисинин акыркы баасынан көп болсо, ашыкча сумма белгиленген мөөнөттө аукциондун катышуучусуна кайра берилет.
83. Аукциондун объектисинин акыркы баасы өзүнө республикалык бюджетке которула турган бонустун (кенди пайдалануу укугуна салык) суммасын камтыйт. Аукциондун жыйынтыгы боюнча жер казынасын пайдалануу укугунун баштапкы жана акыркы баасынын ортосундагы акчанын айырмасы пландан тышкаркы түшүү катары эсептелет жана төмөндөгү тартипте бөлүштүрүлөт: 70 пайызы республикалык бюджеттин кирешесине, 15 пайызы жер казынасынын объектиси жайгашкан жердеги жергиликтүү бюджеттин кирешесине жана 15 пайызы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын атайын эсебине которулат. Жергиликтүү бюджетке жогоруда көрсөтүлгөн каражат лицензияны алган аукциондун жеңүүчүсүнө жер участогун пайдаланууга бөлүп берген же Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган учурда иштерди жүргүзүүгө макулдук алган учурда которулат.
84. Аукционду уюштуруучу бир айдын ичинде аукциондун жеңүүчүсүнө жер казынасынын объектисин пайдалануу укугун берген лицензия берүү тууралуу маалыматты жалпыга маалымдоо каражаттарына жарыялашы керек.
85. Аукционду өткөрүүнүн жыйынтыгы жөнүндө, аукционду өтпөй калды деп таануу жөнүндө же аны токтотуу жөнүндө протокол аукционду уюштуруучунун расмий сайтында чечим кабыл алынгандан кийин беш күндөн кечиктирбестен жарыяланышы керек.
86. (КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 18-июнундагы № 425 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
§ 6. Аукциондун жараксыз болуу шарттары жана талаштарды чечүү
87. Ушул Жобону бузуу менен өткөрүлгөн аукцион Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, сот тарабынан жараксыз деп табылышы мүмкүн.
Соодалашууну жараксыз деп таануу соодалашууну жеңген жактын жер казынасын пайдалануу укугу жараксыз болуп калышына алып келет.
88. Тараптар ортосунда пайда болгон жана ушул Жобо менен жөнгө салынбаган талаш Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, чечилет.
4-глава
Жер казынасын пайдалануу укугун түз
сүйлөшүү жолу менен берүү
89. Жер казынасын пайдалануу укугуна лицензияны түз сүйлөшүүлөр аркылуу алуу үчүн арыз мамлекеттик жана расмий тилдерде эки нускада берилет. Арызда арыз ээси жөнүндө, жер казынасын пайдалануунун орду жана түрү жөнүндө маалымат болушу керек.
90. Арызга төмөнкүлөр тиркелет:
- юридикалык жактар үчүн уюштуруу документтеринин жана уставдын же жеке жактар үчүн каттоо документтеринин көчүрмөсү;
- билдирилген объектинин капиталдык салымдар, пайдаланууга берүү чыгымдары жана кирешелери боюнча техникалык-экономикалык эсептери менен өздөштүрүү программасы (геологиялык изилдөө, пайдалуу кен чыккан жерди иштетүү, пайдалуу кендерди казып алууга байланышы жок жер астындагы курулмаларды куруу жана пайдаланууга берүү);
- көрсөтүлгөн өздөштүрүү программасына ылайык, билдирилген жер казынасын пайдалануу объектисинин иштерин каржылоо мүмкүнчүлүгүн тастыктаган документтер.
91. Жер астындагы сууларды пайдаланууга лицензия алуу үчүн кошумча төмөнкүлөр берилет:
- скважиналарды эксплуатациялоонун технологиялык схемасы;
- жер астындагы сууларды куюштуруу үчүн (таза же минералдык) пайдаланган учурда санитардык-эпидемиологиялык экспертиза жасоого ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын корутундусу, бальнеологиялык дарылоо үчүн (термоминералдык) - Кыргыз курортология жана калыбына келтирүү илимий изилдөө институтунун корутундусу.
92. Документтердин толук комплектиси болбосо арыз кабыл алынбайт.
93. Документтердин толук комплектиси тиркелген арыз аны кабыл алган датасын жана убактысын көрсөтүү менен арыздарды кабыл алуу боюнча атайын китепте катталат.
94. Арызды кароо жана жер казынасын пайдалануу укугуна лицензияны түз сүйлөшүү жолу менен берүү Жер казынасын пайдаланууну жөнгө салуу маселеси боюнча комиссия менен арыз ээсинин ортосунда лицензиялоонун шарттарын талкуулоо жана макулдашуу жолу аркылуу ишке ашырылат. Сүйлөшүүнүн жыйынтыгы протокол менен таризделет. Тараптар кол койгон протокол лицензия берүүгө негиз болот.
Арыздарды кароо жана алар боюнча чечим кабыл алуу мөөнөтү документтер берилгенден тартып бир айга чейин.
95. Жер казынасын пайдалануу укугун берүүдөн баш тартуу төмөнкү учурларда болушу мүмкүн, эгерде арыз берүүчү:
- өзү тууралуу туура эмес маалыматтарды берсе;
- жер казынасын объектисин натыйжалуу, техникалык жана экологиялык коопсуз шартта иштетүү үчүн зарыл финансы ресурстарына ээ болбосо.
96. Баш тартуу тууралуу чечим Жер казынасын пайдаланууну жөнгө салуу маселеси боюнча комиссия тарабынан чыгарылат жана протокол менен таризделет. Протоколдун көчүрмөсү арыз ээсине беш иш күндөн ашпаган мөөнөттө көрсөтүлгөн почта даректеринин бирине, анын ичинде электрондук дарекке жөнөтүлөт.
(КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 18-июнундагы № 425 токтомунун редакциясына ылайык)
97. Арыз берүүчүгө ушул Жобонун 95-пунктунда белгиленген себептерден улам жер казынасынын объектисин пайдалануу укугуна лицензия берүүдөн баш тартылса, кайрадан берилген арыз тийиштүү кемчиликтер жоюлгандан кийин кабыл алынат.
98. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жалпы мамлекеттик маанидеги объектилер боюнча сынактын жыйынтыктары жөнүндө өкмөттүк сынактык комиссиянын чечимин бекитип, аукциондук комиссия Аукциондун жеңүүчүсүн аныктоо жөнүндө жана ал аукцион объектисинин акыркы баасын төлөгөнү жөнүндө протоколго кол койгондон кийин, ошондой эле тараптар сүйлөшүүнүн протоколуна кол коюшкандан кийин лицензиар менен лицензиаттын ортосунда лицензияланган объектиде иштерди долбоорлоо (кенди геологиялык изилдөө, пайдалуу кен чыккан жерлерди иштетүү, пайдалуу кенде казып алууга байланышпаган жер астындагы курулмаларды куруу жана пайдаланууга берүү жөнүндө лицензиялык макулдашуу түзүлөт.
99. Лицензиялык макулдашуу лицензиянын ажырагыс бөлүгү болуп саналат, ансыз лицензия жараксыз болот.
100. Лицензияны жана лицензиялык макулдашууну алгандан кийин лицензиат лицензиялык макулдашууда белгиленген долбоорлоо мөөнөтүндө ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга өндүрүштүк (техникалык), экологиялык коопсуздук жана кендерди сактоо боюнча эксперттик корутундулар, ошондой эле жер казынасын пайдалануу боюнча жер участокторун убактылуу колдонуу укугун тастыктаган ырастама же геологиялык иштерди аткаруу багытында жер укугуна ээ болгон жактын жазуу жүзүндөгү макулдугу менен тийиштүү иштерди аткарууга техникалык долбоорду берет.
(КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 18-июнундагы № 425 токтомунун редакциясына ылайык)
101. Долбоордун көрсөткүчтөрүнө ылайык, лицензиар менен лицензиаттын ортосунда иштерди аткаруу боюнча лицензиялык макулдашуу түзүлөт.
102. Лицензияланган объектиге кадастрдык алфавиттик-номерлөө коду берилет жана ал лицензияларды каттоо журналына киргизилет, лицензиялык иш кагазда жана электрондук түрдө ачылат.
103. Геологиялык чалгындоо үчүн лицензияланган аянттын чеги (геологиялык чеги) 1:100000 масштабындагы топографиялык картага (кадастрдык карта) жана лицензияланган аянттын электрондук картасына түшүрүлөт. Бурчтарынын координаттары 1942-жылдагы тик бурчтуу координаттар системасында белгиленет жана алар 1000 х 1000 м элементардык ячейканын координаттарына ылайык келиши керек. Ар бир лицензияланган аянт өзүнүн гана чеги менен белгиленет. Лицензияланган аянттын чеги төмөндөгү учурларда түз болбой калышы мүмкүн:
- мамлекеттик чек ара менен кесилишкенде;
- өзгөчө коргоого алынган аймактардын чек арасы менен кесилишкенде;
- суулар (көл, суу сактагыч) менен кесилишкенде.
104. Геологиялык изилдөө үчүн лицензияланган аянттын өлчөмү (геологиялык чеги) 1000 чарчы километрден ашпашы керек.
105. Пайдалуу кендерди иштетүү үчүн кен чектери 1942-жылдагы тик бурчтуу координаттар системасындагы бурч чекиттери менен аныкталат. Пайдалуу кен чыккан жерди иштетүү үчүн бурч чекиттеринин координаты 1:5000 масштабы үчүн 50 х 50 м же 1:2000 масштабы үчүн 20 х 20 м болушу керек.
106. Эгерде лицензияланган аянттын аз өлчөмүнөн улам объектинин чек арасын кадастр картасында чагылдырууга мүмкүн эмес болсо, объект кадастр картасында 1:100000 масштабындагы алфавиттик-номерлөө коду менен чекит аркылуу белгиленет жана тийиштүү масштабдагы каттама-кесинди кошумча жасалат.
107. Геологиялык жана кен чектеринин акыркы өлчөмү долбоорлоонун жыйынтыгы менен өзгөрүшү мүмкүн. Эгерде чектин контуру жана өлчөмү кичирейип, же чоңоюп өзгөрсө, эгерде чектеш аянт бош болсо, иштерди аткарууга лицензиялык макулдашууга лицензиар тарабынан кошумча шарттары жок эле кол коет. Эгерде чектеш аянт бош эмес болсо, чектеш аяттын лицензия ээсинин жазуу жүзүндөгү макулдугу боюнча жана аны менен жаңы лицензиялык макулдашуу түзүлгөндөн кийин гана өзгөртүлөт.
108. Лицензиялык макулдашуу менен белгиленген пайдалуу кендерди казып алуунун көлөмү азайган же көбөйгөн учурда кен чектери кенди пайдалануучу менен жаңы лицензиялык макулдашууну түзүү аркылуу ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан өзгөртүлөт.
109. Лицензиянын мөөнөтүн узартуу колдонуудагы лицензиялык макулдашуунун жана ушул Жобонун бардык шарттарын аткаруу менен милдеттүү тартипте жүргүзүлөт.
110. Лицензиянын мөөнөтүн узартуу үчүн кенди пайдалануучу лицензиянын мөөнөтү аяктаганга чейин эки айдан эрте эмес жана 15 күндөн кеч эмес мурда арыз берип, ушул Жобонун 122-пунктуна ылайык, лицензиялык макулдашуунун шарттарын аткарганы тууралуу отчет берет. Берилген материалдар Жер казынасын пайдаланууну жөнгө салуу маселеси боюнча комиссия тарабынан 15 күндүн ичинде каралат. Бул Комиссиянын чечими протокол менен таризделет.
111. Мөөнөтү өтүп кеткен лицензия жараксыз болуп калат жана мындай учурда лицензияланган объектиде иштерди аткаруу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган жоопкерчиликке дуушарлантат.
112. Кендерди геологиялык изилдөөгө жана иштетүүгө лицензия төмөндөгү маалыматтарды камтыйт:
- бир эле учурда лицензияланган объект боюнча иштин номери жана 1:1000000 масштабдагы кадастрдык топографиялык картадагы номер болуучу, объекттин кадастрдык катар номерин көрсөтүүчү сандардан жана төмөнкүдөй тамгалардан турган алфавиттик-номерлөө коду: "Н" - мунай жана газ үчүн, "С" - көмүр үчүн, "М" - баалуу металлдардан тышкары металлдар үчүн, "А" - баалуу металлдар жана таштар үчүн, "Т" - металл эместер үчүн, "В" жер астындагы суулар үчүн жана "Г" - мамлекеттик бюджеттин эсебинен аткарылчу иштер үчүн. Кенди иштетүү стадиясы төмөнкүдөй тамгалар менен белгиленет: "П" - издөө, "Р" - чалгындоо, "Е" - пайдалуу кен чыккан жерди пайдаланууга берүү;
- жер казынасын пайдалануунун түрү;
- лицензиаттын аталышы жана реквизиттери;
- лицензияланган объекттин аталышы;
- пайдалуу кендин түрү;
- объектинин администрациялык жайгашкан жери;
- лицензия берилген дата жана анын мөөнөтү;
- лицензияны узартуу мөөнөтү;
- ыйгарым укуктуу органдын герби менен күбөлөндүрүлгөн жетекчинин колу.
113. Кенди геологиялык изилдөөгө лицензиялык макулдашуу төмөндөгү главалар боюнча маалыматтарды камтыйт:
- иштердин максаттуу багыты (долбоордун аталышы);
- 1942-жылдагы тик бурчтуу системадагы бурч чекиттеринин координаты (1:100000 масштабда) жана геологиялык чектин өлчөмү;
- ар жылдык инвестициянын суммасы;
- жылдарга бөлүштүрүү менен геологиялык чалгындоо иштеринин негизги түрлөрүнүн көлөмү;
- лицензиат тарабынан кайра берилчү аянттын же башка объектилердин кайра берүү мөөнөтү жана өлчөмү;
- геологиялык маалыматты берүүнүн шарттары;
- кокустук жагдайлар;
- лицензия ээси тууралуу маалымат, беш же андан көп акцияга же уставдык капиталда үлүшкө ээ болгон ишкананын уюштуруучуларынын тизмеси;
- лицензиялык макулдашуунун мөөнөтү;
- өнөр жай, экологиялык коопсуздук жана жер казынасын сактоо чөйрөсүндөгү ченемдик укуктук актылардын талаптарын аткаруу;
- ыйгарым укуктуу органдын (лицензиар) жетекчилигинин жана кен пайдалануучунун (лицензиат) мөөрү жана колу;
- салыктарды жана башка төлөмдөр менен жыйымдарды төлөө;
- ушул Жобонун 124-пунктуна ылайык жылдык жана жарым жылдык отчетторду берүү мөөнөтү;
- бузулган курчап турган жаратылыш чөйрөсүн рекультивациялоону жүргүзүү боюнча кепилдиктерди милдеттүү берүү.
(КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 18-июнундагы № 425 токтомунун редакциясына ылайык)
114. Пайдалуу кен чыккан жерлерди иштетүү же пайдалуу кендерди казып алууга байланышы жок жер астындагы курулмаларды куруу жана пайдаланууга берүү боюнча лицензиялык макулдашуу төмөнкүлөрдү камтыйт:
- иштин максаттуу багыты (долбоордун аталышы);
- 1942-жылдагы тик бурчтуу тутумдагы бурч чекиттеринин координаты (1:100000 масштабда) жана кен жана жер чектеринин аянты;
- кен чегинин контурундагы запастардын саны жана категориясы;
- пайдалуу кенди казууда кенден алуунун жана техникалык долбоорго ылайык минералдык чийки затты кайра иштетүүдөгү товардык продуктунун технологиялык алынышынын көрсөткүчтөрү;
- кен чыккан жерди же кен чыккан жердин участогун иштетүү мөөнөтү, пайдалуу кендерди казып алуунун жылдык көлөмү жана кен долбооруна капиталдык салымдын көлөмү;
- кенди иштетүүдө бузулган айлана-чөйрөнү калыбына келтирүүнүн шарттары;
- кокустук жагдайлар;
- лицензиялык макулдашуунун мөөнөтү;
- өнөр жай, экологиялык коопсуздук жана кендерди сактоо чөйрөсүндөгү ченемдик укуктук актылардын талаптарын аткаруу;
- лицензиянын ээси тууралуу маалымат, беш же андан көп акцияга же уставдык капиталда үлүшкө ээ болгон ишкананын уюштуруучуларынын тизмеси;
- билдирүү үчүн дарек;
- ыйгарым укуктуу органдын жетекчилигинин (лицензиар) жана кен пайдалануучунун (лицензиат) мөөрү жана колу;
- салыктарды жана башка төлөмдөр менен жыйымдарды төлөө;
- ушул Жобонун 124-пунктуна ылайык жылдык жана жарым жылдык отчетторду берүү мөөнөтү;
- тоо-кен-металлургия өндүрүшүнүн объектилерин долбоорлоо, куруу жана ишке берүүнүн мөөнөтү;
- бузулган курчап турган жаратылыш чөйрөсүн рекультивациялоону жүргүзүү боюнча кепилдиктерди милдеттүү берүү.
(КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 18-июнундагы № 425 токтомунун редакциясына ылайык)
115. Жер астындагы сууларды алуу жана пайдалануу боюнча лицензиялык макулдашуу төмөнкү маалыматтарды камтыйт:
- скважинанын же булактын дебити, запасынын көлөмү жана категориясы;
- жер астындагы суунун түрү;
- скважинанын же булактын жайгашкан жеринин 1942-жылдагы тик бурчтуу системадагы координаты (1:100000 масштабда);
- жер астындагы сууларды максаттуу пайдалануу;
- иштетилип жаткан суу чыгаргычтар үчүн катуу режимдеги санитардык коргоо зонасынын иш жүзүндөгү өлчөмү жана долбоорлонуп жаткан суулар үчүн - санитардык коргоо зонасынын эсеби;
- жер астындагы сууну алуунун макулдашылган көлөмү;
- лицензиялык макулдашуунун мөөнөтү;
- өнөр жай, экологиялык коопсуздук жана кендерди сактоо чөйрөсүндөгү ченемдик укуктук актылардын талаптарын аткаруу;
- лицензиянын ээси тууралуу маалымат, беш же андан көп акцияга же уставдык капиталда үлүшкө ээ болгон ишкананын уюштуруучуларынын тизмеси;
- форс-мажордук жагдайлар;
- ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жетекчисинин (лицензиар) жана жер казынасын пайдалануучунун (лицензиат) мөөрү жана колу;
- салыктарды жана башка төлөмдөр менен жыйымдарды төлөө;
- ушул Жобонун 124-пунктуна ылайык жылдык жана жарым жылдык отчетторду берүү мөөнөтү;
- бузулган курчап турган жаратылыш чөйрөсүн рекультивациялоону жүргүзүү боюнча милдеттүү кепилдиктерди берүү.
(КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 18-июнундагы № 425 токтомунун редакциясына ылайык)
116. Лицензиянын бардык түрлөрүнүн лицензиялык макулдашуусунда ушул Жобонун 113-115-пункттарда камтылган шарттарды жана аукциондо же сынакта жарыяланган шарттарды кошпогондо, башка шарттарды киргизүүгө тыюу салынат. Кошумча шарттарды киргизүү тараптардын макулдугу менен гана жүргүзүлүшү мүмкүн.
117. Тиешелүү иштерди жүргүзүүгө техникалык долбоорлор өнөр жай (техникалык), экологиялык коопсуздук жана жер казынасын коргоо талаптарына шайкеш келүүсү үчүн экспертизадан өтүүгө тийиш.
118. Аталган экспертизалар ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын тиешелүү бөлүмдөрү тарабынан жүргүзүлөт.
119. Экспертиза жүргүзүү үчүн лицензиат айлана-чөйрөнү коргоо боюнча материалдарды камтыган техникалык долбоорду ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга берүүгө милдеттүү:
- жалпы мамлекеттик маанидеги жер казынасы объектилери үчүн техникалык долбоорду түзүү каралган лицензиялык макулдашуунун мөөнөтү аяктаганга чейин үч айдан кеч эмес;
- калган бардык башка жер казынасы объектилери үчүн техникалык долбоорду түзүү каралган лицензиялык макулдашуунун мөөнөтү аяктаганга чейин бир айдан кеч эмес.
Лицензиат көрсөтүлгөн мөөнөттү сактабаган учурда, ал Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында жана ушул Жободо каралган өз мөөнөтүндө экспертиза жүргүзбөгөндүгү үчүн жоопкерчиликти тартат.
120. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган техникалык долбоор келип түшкөн учурдан тартып төмөндө көрсөтүлгөн мөөнөттөрдө бардык каралган экспертизаларды жүргүзүүнү камсыз кылышы керек:
- жалпы мамлекеттик маанидеги жер казынасы объектилери үчүн - үч айдын ичинде;
- калган бардык башка жер казынасы объектилери үчүн - бир айдын ичинде.
Ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган көрсөтүлгөн мөөнөттү сактабаса, лицензиатка карата Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында жана ушул Жободо каралган экспертизаны өз убагында жүргүзбөөнүн кесепеттери колдонулбайт.
121. Бардык экспертизалардын жыйынтыгы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жетекчиси тарабынан бекитилет.
122. Геологиялык изилдөө жүргүзүү же жер казынасын иштетүү боюнча иштерди жүргүзүүгө лицензиялык макулдашууга кол коюлгандан кийин ар бир лицензиат ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга ушул Жобонун тиркемесине ылайык, белгиленген формада жазуу жүзүндө аткарылган иштер тууралуу отчет берүүгө милдеттүү.
123. Аткарылган иштер тууралуу отчет өзүнө жарым жылдык маалыматты жана жылдык отчетту камтыйт.
124. Отчет берүүнүн мөөнөтү:
- жарым жылдык маалымат үчүн - учурдагы жылдын 15-июлуна чейин;
- жылдык отчет үчүн - кийинки жылдын 31 -январына чейин.
125. Мамлекеттик бюджеттен каржылоодо алынган жер казынасы жөнүндө маалымат Кыргыз Республикасынын менчиги болуп саналат.
126. Ишкерлер, ишканалар жана уюмдар, анын ичинде биргелешкен жана чет өлкөлүк ишканалар жана уюмдар тарабынан каржылоодо алынган жер казынасы жөнүндө маалымат лицензиялык макулдашууда аныкталган мөөнөттө алардын менчиги болуп саналат, ал аяктагандан кийин жер казынасы жөнүндөгү маалымат кайтарымсыз түрдө мамлекеттин менчигине өтөт.
127. Каржылоонун булагына карабастан алынган жер казынасы жөнүндөгү маалымат жер казынасы жөнүндөгү маалыматтардын мамлекеттик фондуна киргизүү үчүн жер казынасын пайдалануу боюнча мамлекеттик органга берилет. Лицензиаттардын жер казынасы жөнүндө маалыматты билген кызмат адамдары алардын купуялыгын камсыздашы керек.
128. Жер казынасы жөнүндө мамлекеттик маалыматты пайдалануунун тартиби жана шарты Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталат, ал эми жер казынасы жөнүндө башка маалыматтар - жер казынасын пайдаланууга карата ага лицензия берүүдө ушул маалыматтын ээси менен макулдашуу боюнча жана лицензиялык макулдашуу менен аныкталат.
129. Жер казынасын пайдалануу укугу төмөндөгү учурларда үч айга чейин токтотулушу мүмкүн:
- жер казынасын берилген максаттан бөлөк максатта пайдаланганда;
- лизенциялык макулдашуунун шарттары бузулганда;
- форс-мажордук жагдайлар пайда болгондо.
130. Жер казынасын пайдалануу төмөндөгү учурларда лицензияны алуу (жокко чыгаруу) менен токтотулат:
- геологиялык изилдөөнүн аякташы, пайдалуу казындылардын корунун түгөнүшү жана (же) ишкананын жоюлушу;
- жер казынасын пайдалануудан ыктыярдуу баш тартуу же лицензиянын мөөнөтүнүн аякташы;
- жер казынасын өздөштүрүүдө кызматкерлердин жана калктын ден-соолугуна жана коопсуздугуна коркунуч жараткан, ошондой эле жаратылыш чөйрөсүнө калыбына келтирилгис зыян жана пайдалуу казындылардын корун жоготууга алып келген технологияларды пайдалануу;
- эгерде лицензиялык макулдашууда каралган мөөнөттө иш жүргүзүүгө жер казынасын, айлана-чөйрөнү, өнөр жайлык коопсуздукту коргоо боюнча мамлекеттик орган жана жер укугунун ээлери менен макулдашылган техникалык долбоор берилбесе;
- эгерде лицензия алынгандан кийин бир жылдан ашык убакыт пайдалануучу лицензиялоонун шарттарында каралган көлөмдө жер казынасын өздөштүрүүгө киришпесе.
131. Лицензиянын аракеттерин токтото туруу же жокко чыгаруу жөнүндө чечим Жер казынасын пайдаланууну жөнгө салуу маселелери боюнча комиссиянын протоколу аркылуу датасын жана лицензиянын аракетин токтотуунун же жокко чыгаруунун себептерин көрсөтүү менен таризделет.
(КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 18-июнундагы № 425токтомунун редакциясына ылайык)
132. Жер казынасында геологиялык изилдөө жүргүзүп жаткан, анын ичинде ушул Жобо күчүнө киргенге чейин алынган лицензиянын негизинде изилдөө жүргүзүп жаткан лицензия алуучу пайдалуу кендердин корун таап жана аларды Пайдалуу кендердин мамлекеттик балансына киргизген учурда, ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган аталган пайдалуу кендерди түз сүйлөшүүлөр жолу аркылуу иштетүү максатында ага жер казынасын пайдалануу укугун берет.
(КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 18-июнундагы № 425 токтомунун редакциясына ылайык)
133. Пайдалуу казындылардын белгилүү түрлөрүн издөө багытында лицензиялоого берилген аянтка башка пайдалуу казындылардын түрүн издөө үчүн башка лицензиаттарга лицензия берилиши мүмкүн.
Лицензиаттардын өз ара мамилеси лицензиялык макулдашууну түзүүдө айтылат, ал эми лицензиаттардын ортосундагы талаштар лицензиар тарабынан чечилет, эгерде макулдашууга жетишилбесе сот тартибинде чечилет.
134. Лицензиат ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын макулдугу менен жана лицензиялоонун шарттарын аткаруу менен лицензияланган объектини өздөштүрүү долбоорун ишке ашыруудан бир жыл өткөндөн кийин лицензия боюнча укуктарын колдонуудагы лицензиялык макулдашуунун шарттарын сактоо менен башка жер казынасын пайдалануучуларга бериши мүмкүн.
135. Лицензиат ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын макулдугу менен геологиялык же кен долбоорун каржылоону кошумча камсыздоо үчүн жер казынасын пайдалануу укугун (лицензия) үчүнчү жактарга күрөөгө берүүгө укуктуу. Жер казынасын пайдалануу укугун күрөө катары берүү Кыргыз Республикасынын "Жер казынасы жөнүндө", "Күрөө жөнүндө" мыйзамдарына жана башка Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларына ылайык жүргүзүлөт.
136. Лицензиаттын реквизиттери, укуктук статусу, лицензияланган аянты же кен берүү аянты, уюштуруучулардын курамы өзгөргөндө, ошондой эле лицензияланган объектини өздөштүрүүдө жаратылыш шарттарынын баштапкы геологиялык маалыматтан олуттуу өзгөрүшү аныкталганда лицензиат 10 күндүн ичинде бул тууралуу ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга билдириши керек. Лицензиаттын арызы боюнча тийиштүү тастыктоочу документтерди тиркөө менен лицензия кайра таризделет жана/же жаңы лицензиялык макулдашуу түзүлөт.
137. Лицензиянын жана лицензиялык макулдашуунун, анын ичинде жокко чыгарылган лицензиянын көчүрмөсү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган мөөнөт бүткөнгө чейин ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын лицензия бөлүмүндө сакталат. Лицензиянын жана/же лицензиялык макулдашуунун түп нускасы жоголгон учурда лицензиат ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга анын дубликаын берүү боюнча арызын берет. Лицензиянын жана/же лицензиялык макулдашуунун дубликатына "Дубликат" сөзү жазылат.
| Тиркеме Кен жана геологиялык чалгындоо иштерин жана лицензиялык макулдашуунун шарттарын өнүктүрүү пландарын аткаруу боюнча ар жылдык отчеттун |
┌─────────────────────────────┬──────────┬────────────────────────────┐
│ Техникалык-экономикалык │ Өлчөө │ Көрсөткүчтөр │
│ көрсөткүчтөр │бирдиктери├─────────┬─────────┬────────┤
│ │ │Отчеттук │Отчеттук │Мөөнөткө│
│ │ │мезгилдин│мезгилдин│карата │
│ │ │планы │фактысы │план │
├─────────────────────────────┴──────────┴─────────┴─────────┴────────┤
│ Жер казынасын геологиялык изилдөө лицензиясы боюнча │
├─────────────────────────────────────────────────────────────────────┤
│ I. Геологиялык изилдөө │
├─────────────────────────────────────────────────────────────────────┤
│ Геологиялык иштер │
├─────────────────────────────┬──────────┬─────────┬─────────┬────────┤
│1. Изилденген аянт │кв км │ │ │ │
├─────────────────────────────┼──────────┼─────────┼─────────┼────────┤
│2. Издөө/рекогносцирлөө │п.км │ │ │ │
│маршруттары │ │ │ │ │
├─────────────────────────────┼──────────┼─────────┼─────────┼────────┤
│3. Геологиялык сүрөткө тартуу│кв.км │ │ │ │
├─────────────────────────────┼──────────┼─────────┼─────────┼────────┤
│4. Кен иштеп чыгууларынын │ │ │ │ │
│жана скважиналардын өткөөлү: │ │ │ │ │
│- коолор; │м. куб │ │ │ │
│- тик казуулар; │п.м │ │ │ │
│- жолдор; │п.км │ │ │ │
│- пунктчалар; │м. куб │ │ │ │
│- тилке курамы; │п.м │ │ │ │
│- скважиналар │п.м │ │ │ │
├─────────────────────────────┼──────────┼─────────┼─────────┼────────┤
│5. Сыноо: │ │ │ │ │
│- бороз; │сынамык │ │ │ │
│- керн; │сынамык │ │ │ │
│- түпкү жээги боюнча │сынамык │ │ │ │
│геохимиялык; │ │ │ │ │
│- литологиялык; │сынамык │ │ │ │
│- экинчи жээги боюнча │сынамык │ │ │ │
│литохимиялык │ │ │ │ │
├─────────────────────────────┼──────────┼─────────┼─────────┼────────┤
│6. Технологиялык сынамыктарды│кг │ │ │ │
│ылгоо │ │ │ │ │
├─────────────────────────────┼──────────┼─────────┼─────────┼────────┤
│7. Лицензияланган объектини │миң.сом │ │ │ │
│геологиялык изилдөөнү │ │ │ │ │
│инвестициялоо │ │ │ │ │
├─────────────────────────────┼──────────┼─────────┼─────────┼────────┤
│8. Өндүрүштүк өздүк наркы │сом/км.кв │ │ │ │
├─────────────────────────────┼──────────┼─────────┼─────────┼────────┤
│9. Иштин жыйыңтыктары │камералка │ │ │ │
│(корлорду эсептөө) │ │ │ │ │
├─────────────────────────────┴──────────┴─────────┴─────────┴────────┤
│ Геофизикалык иштер │
├─────────────────────────────┬──────────┬─────────┬─────────┬────────┤
│1. Изилденген аянтча │км.кв │ │ │ │
├─────────────────────────────┼──────────┼─────────┼─────────┼────────┤
│2. Электрдик чалгындоо │п.км │ │ │ │
├─────────────────────────────┼──────────┼─────────┼─────────┼────────┤
│3. Магниттик чалгындоо │п.км │ │ │ │
├─────────────────────────────┼──────────┼─────────┼─────────┼────────┤
│4. Гамма-спектрометрия │п.км │ │ │ │
├─────────────────────────────┼──────────┼─────────┼─────────┼────────┤
│5. Сейсмикалык чалгындоо │п.км │ │ │ │
├─────────────────────────────┼──────────┼─────────┼─────────┼────────┤
│6. Башка ыкмалар (иштетүү, │км.кв │ │ │ │
│интерпретация) │ │ │ │ │
├─────────────────────────────┼──────────┼─────────┼─────────┼────────┤
│7. Лицензияланган объектини │ │ │ │ │
│геологиялык изилдөөнү │ │ │ │ │
│инвестициялоо │миң.сом │ │ │ │
├─────────────────────────────┼──────────┼─────────┼─────────┼────────┤
│8. Өндүрүштүк өздүк наркы │сом/пог.км│ │ │ │
├─────────────────────────────┼──────────┼─────────┼─────────┼────────┤
│9. Иштин жыйынтыктары │ │ │ │ │
├─────────────────────────────┼──────────┼─────────┼─────────┼────────┤
│10. Төлөнгөн салыктар, │ │ │ │ │
│бардыгы, анын ичинде: │миң.сом │ │ │ │
│ бонустар; │миң.сом │ │ │ │
│ мүлк салыгы;│миң.сом │ │ │ │
│ жер салыгы │ │ │ │ │
├─────────────────────────────┴──────────┴─────────┴─────────┴────────┤
│ Пайдалуу казындылар кенин иштетүүгө лицензия боюнча │
├─────────────────────────────┬──────────┬─────────┬─────────┬────────┤
│I. Катуу пайдалуу казындылар │ │ │ │ │
│1. Кен иштетүүнүн өткөөлү: │ │ │ │ │
│- тоо-капиталдык; │п.м/м.куб │ │ │ │
│- тоо-даярдык көрүү; │п.м/м.куб │ │ │ │
│- тилкеленген │п.м/м.куб │ │ │ │
├─────────────────────────────┼──────────┼─────────┼─────────┼────────┤
│2. Ачылыш │миң.м. куб│ │ │ │
├─────────────────────────────┼──────────┼─────────┼─────────┼────────┤
│3. Товардык руданы казуу │ │ │ │ │
│(көмүр): │т, м. куб │ │ │ │
│- пайдалуу компоненттин орто │ │ │ │ │
│курамы; │г/т, % │ │ │ │
│- пайдалуу компонент │ │ │ │ │
│(металл) │кг, т │ │ │ │
├─────────────────────────────┼──────────┼─────────┼─────────┼────────┤
│4. Жер казынасынан бөлүп алуу│ % │ │ │ │
├─────────────────────────────┼──────────┼─────────┼─────────┼────────┤
│5. Иштетилген товардык руда: │т, м.куб │ │ │ │
│- метталдын орточо курамы; │гр/т, % │ │ │ │
│- пайдалуу компонент (металл)│кг, т │ │ │ │
├─────────────────────────────┼──────────┼─────────┼─────────┼────────┤
│6. Байытуучу фабрикада │ % │ │ │ │
│металлды технологиялык бөлүп │ │ │ │ │
│алуу │ │ │ │ │
├─────────────────────────────┼──────────┼─────────┼─────────┼────────┤
│7. Металлургиялык заводдо │ % │ │ │ │
│(кайра иштетүүчү) металлды │ │ │ │ │
│технологиялык бөлүп алуу │ │ │ │ │
├─────────────────────────────┼──────────┼─────────┼─────────┼────────┤
│8. Товардык продукцияны өтмө │ % │ │ │ │
│бөлүп алуу │ │ │ │ │
├─────────────────────────────┼──────────┼─────────┼─────────┼────────┤
│9. Байытуунун жана │ % │ │ │ │
│металлургиянын артында │ │ │ │ │
│металлдын коромжу болушу │ │ │ │ │
├─────────────────────────────┼──────────┼─────────┼─────────┼────────┤
│10. Алынган товардык │ │ │ │ │
│продукция │ │ │ │ │
├─────────────────────────────┼──────────┼─────────┼─────────┼────────┤
│11. Сатуу көлөмү │миң.т, │ │ │ │
│ │миң. м.куб│ │ │ │
├─────────────────────────────┼──────────┼─────────┼─────────┼────────┤
│12. Сатуу баасы │сом/т, │ │ │ │
│ │сом/м. куб│ │ │ │
├─────────────────────────────┼──────────┼─────────┼─────────┼────────┤
│13. Жыл башына карата │ │ │ │ │
│баланстык кордун калдыгы │ │ │ │ │
│- руда; │миң.т │ │ │ │
│- орточо курам; │гр/т, % │ │ │ │
│- металл │кг, т │ │ │ │
├─────────────────────────────┼──────────┼─────────┼─────────┼────────┤
│14. Капиталдык салым, │ │ │ │ │
│бардыгы, анын ичинде: │миң.сом │ │ │ │
│- кен-капиталдык иштер; │миң.сом │ │ │ │
│- технологиялык жабдуу │миң.сом │ │ │ │
├─────────────────────────────┼──────────┼─────────┼─────────┼────────┤
│15. Товардык продукциянын │сом/м. куб│ │ │ │
│өндүрүштүк өздүк наркы │сом/т │ │ │ │
├─────────────────────────────┼──────────┼─────────┼─────────┼────────┤
│16. Төлөнгөн салыктар, │ │ │ │ │
│бардыгы, анын ичинде: │миң.сом │ │ │ │
│бонустар; │миң.сом │ │ │ │
│роялти; │миң.сом │ │ │ │
│пайдага салык; │мин.сом │ │ │ │
│сатуудан салык; │миң.сом │ │ │ │
│КНС; │миң.сом │ │ │ │
│мүлк салыгы; │миң.сом │ │ │ │
│жер салыгы │миң.сом │ │ │ │
├─────────────────────────────┼──────────┼─────────┼─────────┼────────┤
│17. Даяр продукциянын калдыгы│миң.сом │ │ │ │
├─────────────────────────────┴──────────┴─────────┴─────────┴────────┤
│ II. Мунай │
├─────────────────────────────┬──────────┬─────────┬─────────┬────────┤
│1. Бургуланган: │ │ │ │ │
│- чалгындоо скважинасы; │п.м │ │ │ │
│- эксплуатациялык скважина │п.м │ │ │ │
├─────────────────────────────┼──────────┼─────────┼─────────┼────────┤
│2. Скважиналардын │бирдик │ │ │ │
│эксплуатациялык фонду, анын │ │ │ │ │
│ичинде: │ │ │ │ │
│- колдонуудагы; │ │ │ │ │
│- чыгарылган; │ │ │ │ │
│- контролдоогу; │ │ │ │ │
│- колдонулбай турган │ │ │ │ │
│бирдик │ │ │ │ │
├─────────────────────────────┼──────────┼─────────┼─────────┼────────┤
│3. Мунай казып алуу, бардыгы:│ │ │ │ │
│анын ичинде: │миң.т │ │ │ │
│- жаңы скважиналардан; │миң.т │ │ │ │
│- эски скважиналардан │миң.т │ │ │ │
├─────────────────────────────┼──────────┼─────────┼─────────┼────────┤
│4. Мунай казып алуунун │ % │ │ │ │
│коэффициенти │ │ │ │ │
├─────────────────────────────┼──────────┼─────────┼─────────┼────────┤
│5. Суу жеткирүү │ % │ │ │ │
├─────────────────────────────┼──────────┼─────────┼─────────┼────────┤
│6. Жыл башына карата алынган │миң.т │ │ │ │
│корлор │ │ │ │ │
├─────────────────────────────┼──────────┼─────────┼─────────┼────────┤
│7. Капиталдык салым, бардыгы:│ │ │ │ │
│анын ичинде: │миң.сом │ │ │ │
│- кен-капиталдык иштер; │миң.сом │ │ │ │
│- технологиялык жабдуу │миң.сом │ │ │ │
├─────────────────────────────┼──────────┼─────────┼─────────┼────────┤
│8. Өндүрүштүк өздүк наркы │сом/т │ │ │ │
├─────────────────────────────┼──────────┼─────────┼─────────┼────────┤
│9. Төлөнгөн салыктар, │ │ │ │ │
│бардыгы, анын ичинде: │миң.сом │ │ │ │
│бонустар; │миң.сом │ │ │ │
│роялти; │миң.сом │ │ │ │
│пайдага салык; │миң.сом │ │ │ │
│сатуудан салык; │миң.сом │ │ │ │
│КНС; │миң.сом │ │ │ │
│мүлк салыгы; │миң.сом │ │ │ │
│жер салыгы │миң.сом │ │ │ │
├─────────────────────────────┴──────────┴─────────┴─────────┴────────┤
│ III. Газ │
├─────────────────────────────┬──────────┬─────────┬─────────┬────────┤
│1. Бургуланган: │ │ │ │ │
│- чалгындоо скважинасы; │п.м │ │ │ │
│- эксплуатациялык скважина │п.м │ │ │ │
├─────────────────────────────┼──────────┼─────────┼─────────┼────────┤
│2. Скважиналардын │бирдик │ │ │ │
│эксплуатациялык фонду: │ │ │ │ │
│- колдонуудагы; │ │ │ │ │
│- колдонулбай турган; │ │ │ │ │
│- контролдук │ │ │ │ │
├─────────────────────────────┼──────────┼─────────┼─────────┼────────┤
│3. Газ казып алуу, бардыгы, │млн. м.куб│ │ │ │
│анын ичинде: │ │ │ │ │
│- жаңы скважиналардан; │ │ │ │ │
│- эски скважиналардан │ │ │ │ │
├─────────────────────────────┼──────────┼─────────┼─────────┼────────┤
│4. Пайдалануу коэффициенти │ % │ │ │ │
├─────────────────────────────┼──────────┼─────────┼─────────┼────────┤
│5. Жыл башына карата алынган │млн. м.куб│ │ │ │
│корлор │ │ │ │ │
├─────────────────────────────┼──────────┼─────────┼─────────┼────────┤
│6. Капиталдык салым, бардыгы,│ │ │ │ │
│анын ичинде: │миң.сом │ │ │ │
│- кен-капиталдык иштер; │миң.сом │ │ │ │
│- технологиялык жабдуу │миң.сом │ │ │ │
├─────────────────────────────┼──────────┼─────────┼─────────┼────────┤
│7. Өндүрүштүк өздүк наркы │сом/1000 │ │ │ │
│ │м.куб │ │ │ │
├─────────────────────────────┼──────────┼─────────┼─────────┼────────┤
│8. Төлөнгөн салыктар, │ │ │ │ │
│бардыгы, анын ичинде: │миң.сом │ │ │ │
│бонустар; │миң.сом │ │ │ │
│роялти; │миң.сом │ │ │ │
│пайдага салык; │миң.сом │ │ │ │
│сатуудан салык; │миң.сом │ │ │ │
│КНС; │миң.сом │ │ │ │
│мүлк салыгы; │миң.сом │ │ │ │
│жер салыгы │миң.сом │ │ │ │
├─────────────────────────────┴──────────┴─────────┴─────────┴────────┤
│ IV. Жер астындагы минералдык суулар │
├─────────────────────────────┬──────────┬─────────┬─────────┬────────┤
│1. Бальнеологиялык суу алуу │м.куб │ │ │ │
│ │жылына │ │ │ │
├─────────────────────────────┼──────────┼─────────┼─────────┼────────┤
│2. Куюуга суу алуу │м.куб │ │ │ │
│ │жылына │ │ │ │
├─────────────────────────────┼──────────┼─────────┼─────────┼────────┤
│3. Капиталдык салым, бардыгы,│ │ │ │ │
│анын ичинде: │миң.сом │ │ │ │
│- курулуш; │миң.сом │ │ │ │
│- технологиялык жабдуу │миң.сом │ │ │ │
├─────────────────────────────┼──────────┼─────────┼─────────┼────────┤
│4. Өндүрүштүк өздүк наркы │сом/м.куб │ │ │ │
├─────────────────────────────┼──────────┼─────────┼─────────┼────────┤
│Сатуу көлөмү │м.куб │ │ │ │
├─────────────────────────────┼──────────┼─────────┼─────────┼────────┤
│Сатуу басуу │сом/м.куб │ │ │ │
├─────────────────────────────┼──────────┼─────────┼─────────┼────────┤
│5. Төлөнгөн салыктар, │ │ │ │ │
│бардыгы, анын ичинде: │ │ │ │ │
│бонустар; │миң.сом │ │ │ │
│роялти; │миң.сом │ │ │ │
│пайдага салык; │миң.сом │ │ │ │
│сатуудан салык; │миң.сом │ │ │ │
│КНС; │миң.сом │ │ │ │
│мүлк салыгы; │миң.сом │ │ │ │
│жер салыгы │миң.сом │ │ │ │
├─────────────────────────────┼──────────┼─────────┼─────────┼────────┤
│6. Сатуунун жылдын көлөмү │миң.сом │ │ │ │
├─────────────────────────────┼──────────┼─────────┼─────────┼────────┤
│7. Бальнеологиялык дарылоого │миң.сом │ │ │ │
│сатылган жолдомолордун наркы │ │ │ │ │
├─────────────────────────────┴──────────┴─────────┴─────────┴────────┤
│ Жер астындагы тузсуз суу │
├─────────────────────────────┬──────────┬─────────┬─────────┬────────┤
│1. Ичүүчү сууну алуу │миң. м.куб│ │ │ │
│ │жылына │ │ │ │
├─────────────────────────────┼──────────┼─────────┼─────────┼────────┤
│2. Айыл чарба өндүрүшүнө суу │миң. м.куб│ │ │ │
│алуу │жылына │ │ │ │
├─────────────────────────────┼──────────┼─────────┼─────────┼────────┤
│3. Өнөр жай өндүрүшү үчүн суу│миң. м.куб│ │ │ │
│алуу │сутка │ │ │ │
├─────────────────────────────┼──────────┼─────────┼─────────┼────────┤
│4. Капиталдык салым, бардыгы,│ │ │ │ │
│анын ичинде: │миң.сом │ │ │ │
│- курулуш; │миң.сом │ │ │ │
│- технологиялык жабдуу │миң.сом │ │ │ │
├─────────────────────────────┼──────────┼─────────┼─────────┼────────┤
│5. Өндүрүштүк өздүк наркы │сом/м.куб │ │ │ │
├─────────────────────────────┼──────────┼─────────┼─────────┼────────┤
│Сатуунун көлөмү │м.куб │ │ │ │
├─────────────────────────────┼──────────┼─────────┼─────────┼────────┤
│Сатуунун баасы │сом/м.куб │ │ │ │
├─────────────────────────────┼──────────┼─────────┼─────────┼────────┤
│6. Төлөнгөн салыктар, │ │ │ │ │
│бардыгы, анын ичинде: │миң.сом │ │ │ │
│бонустар; │миң.сом │ │ │ │
│роялти; │миң.сом │ │ │ │
│пайдага салык; │миң.сом │ │ │ │
│сатуудан салык; │миң.сом │ │ │ │
│КНС; │миң.сом │ │ │ │
│мүлк салыгы; │миң.сом │ │ │ │
│жер салыгы │ │ │ │ │
└─────────────────────────────┴──────────┴─────────┴─────────┴────────┘