Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2012-жылдын 25-июну № 294-б
БУУнун Коопсуздук кеңешинин тынчтыкты жана коопсуздукту камсыз кылуудагы аялдардын ролу жөнүндө 2012-жылдын 16-апрелиндеги 1325 Резолюциясын ишке ашыруу боюнча чаралар тууралуу Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Коргоо жана коопсуздук боюнча комитетинин чечимине ылайык, тынчтыкты орнотуунун, чыңдоонун, колдоонун бардык этаптарында аялдардын толук катышуусу жана куралданган этностор аралык чыр-чатактарды болтурбоо үчүн шарттарды камсыздоо боюнча милдеттерди чечүү максатында:
1. БУУнун Коопсуздук кеңешинин тынчтыкты жана коопсуздукту камсыз кылуудагы аялдардын ролу жөнүндө 1325 Резолюциясын ишке ашыруу боюнча иш-аракеттер планынын (мындан ары - Иш-аракеттер планы) долбоорун иштеп чыгуу боюнча ведомстволор аралык жумушчу топ тиркемеге ылайык түзүлсүн.
2. Ведомстволор аралык жумушчу топ бир айлык мөөнөттө Иш-аракеттер планынын макулдашылган долбоорун иштеп чыксын жана белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кароосуна киргизсин.
3. Ведомстволор аралык жумушчу топко зарыл учурда тийиштүү мамлекеттик органдардын, өкмөттүк эмес жана коомдук уюмдардын адистерин тартууга уруксат берилсин.
4. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын коргоо, укуктук тартип жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр | Ө.Бабанов |
|
| Тиркеме |
Асанов К.С. | - | Кыргыз Республикасынын ички иштер министринин орун басары, ведомстволор аралык жумушчу топтун жетекчиси; |
Бейшеева Н.Д. | - | Кыргыз Республикасынын Жаштар, эмгек жана иш менен камсыз кылуу министрлигинин гендерлик саясат бөлүмүнүн начальниги, ведомстволор аралык жумушчу топтун жетекчисинин орун басары. |
|
| Ведомстволор аралык жумушчу топтун мүчөлөрү: |
Алиева Г.М. | - | Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик улуттук коопсуздук комитетинин аппаратынын жетекчиси; |
Тыныбекова Н. | - | Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин Эл аралык уюмдар жана коопсуздук департаментинин биринчи катчысы; |
Ешходжаева А.С. | - | Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин дарылоо-алдын алуучу жардамдар жана лицензиялар башкармалыгынын начальнигинин милдетин аткаруучу; |
Айнабаев Б.А. | - | Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин мамлекеттик аппараттын чыгымдарын пландоо башкармалыгынын коргонуу жана укуктук тартип бөлүмүнүн башчысы; |
Кыштообаев Б.Ж. | - | Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигинин кадрлар башкармалыгынын эсепке алуу жана аскердик наамдарды ыйгаруу бөлүмүнүн начальниги; |
Осмонова А.С. | - | Кыргыз Республикасынын ички иштер министринин кеңешчиси-башкы инспектору; |
Ырысбеков Т.Ы. | - | Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин эл аралык бөлүмүнүн башкы адиси; |
Абдрахманов А.А. | - | Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Коомдук коопсуздук башкы башкармалыгынын кварталдык милиция бөлүмүнүн улук инспектору; |
Кыздарбекова А.К. | - | Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин кесиптик билим берүү башкармалыгынын адиси. |