Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2012-жылдын 26-июну № 299-б
СССРдин эл артисти, Кыргыз Республикасынын эл артисти, даңазалуу театр жана кино артисти Капар Медетбековдун сөөгүн коюу зыйнатын уюштуруу максатында:
1. Төмөндөгү курамда комиссия түзүлсүн:
Жунусов И.К. | - | Кыргыз Республикасынын маданият жана туризм министри, комиссиянын төрагасы; |
Раев С.А. | - | Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин кеңешчиси, комиссиянын төрагасынын орун басары. |
Комиссия мүчөлөрү: | ||
Осмоналиев К.О. | - | Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты (макулдашуу боюнча); |
Өмүралиев Т.Б. | - | Кыргыз Республикасынын коргоо министри; |
Рысалиев З. | - | Кыргыз Республикасынын ички иштер министри; |
Өмүркулов И.Ш. | - | Бишкек шаарынын мэри (макулдашуу боюнча); |
Муратбеков К.К | - | Нарын облустук мамлекеттик администрация башчысы - губернатор; |
Курманалиева К.А. | - | Талас облустук мамлекеттик администрация башчысы - губернатор; |
Оторбаев К.Т. | - | Кыргыз Республикасынын Улуттук телерадиокорпорациясынын башкы директору (макулдашуу боюнча); |
Бектеналиев М.А. | - | Кыргыз Республикасынын Маданият жана туризм министрлигинин алдындагы Кинематография департаментинин директору; |
Садык Шернияз | - | Кыргыз Республикасынын кинематографисттер союзунун төрагасы (макулдашуу боюнча); |
Байтөбөтов Д. | - | Кыргыз Республикасынын эл артисти (макулдашуу боюнча); |
Орунбеков М.О. | - | "Кыргыз Туусу" басма үйүнүн директору, башкы редактор; |
Алышпаев М.Ү. | - | Т.Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театрынын директору; |
Слащева Т.М. | - | "Слово Кыргызстана" басма үйүнүн директору, башкы редактор. |
2. Комиссия СССРдин эл артисти Капар Медетбековдун сөөгүн коюуну уюштуруу боюнча иш-чараларды иштеп чыксын.
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн резервдик фондунан маркумдун үй-бүлөсүнө материалдык жардам көрсөтүү үчүн 50000 (элүү миң) сом бөлүнсүн.
4. Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги автомашиналардын колонналарынын коопсуз кыймылын камсыз кылсын.
5. Маркумдун сөөгү Бишкек шаарынын "Ала-Арча" көрүстөнүнө коюлсун.
Премьер-министр | Ө.Бабанов |