РаспоряжениеКүчүндө

КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 26-июнундагы № 299-б (Комиссия түзүлүшү боюнча) буйругу

Редакция26.06.2012 редакциясы
Жүктөө .docx
Бул документ орус тилинде да барОрусча
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

БУЙРУК

2012-жылдын 26-июну № 299-б

СССРдин эл артисти, Кыргыз Республикасынын эл артисти, даңазалуу театр жана кино артисти Капар Медетбековдун сөөгүн коюу зыйнатын уюштуруу максатында:

1. Төмөндөгү курамда комиссия түзүлсүн:

Жунусов И.К.

-

Кыргыз Республикасынын маданият жана туризм министри, комиссиянын төрагасы;

Раев С.А.

-

Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин кеңешчиси, комиссиянын төрагасынын орун басары.

Комиссия мүчөлөрү:

Осмоналиев К.О.

-

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты (макулдашуу боюнча);

Өмүралиев Т.Б.

-

Кыргыз Республикасынын коргоо министри;

Рысалиев З.

-

Кыргыз Республикасынын ички иштер министри;

Өмүркулов И.Ш.

-

Бишкек шаарынын мэри (макулдашуу боюнча);

Муратбеков К.К

-

Нарын облустук мамлекеттик администрация башчысы - губернатор;

Курманалиева К.А.

-

Талас облустук мамлекеттик администрация башчысы - губернатор;

Оторбаев К.Т.

-

Кыргыз Республикасынын Улуттук телерадиокорпорациясынын башкы директору (макулдашуу боюнча);

Бектеналиев М.А.

-

Кыргыз Республикасынын Маданият жана туризм министрлигинин алдындагы Кинематография департаментинин директору;

Садык Шернияз

-

Кыргыз Республикасынын кинематографисттер союзунун төрагасы (макулдашуу боюнча);

Байтөбөтов Д.

-

Кыргыз Республикасынын эл артисти (макулдашуу боюнча);

Орунбеков М.О.

-

"Кыргыз Туусу" басма үйүнүн директору, башкы редактор;

Алышпаев М.Ү.

-

Т.Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театрынын директору;

Слащева Т.М.

-

"Слово Кыргызстана" басма үйүнүн директору, башкы редактор.

2. Комиссия СССРдин эл артисти Капар Медетбековдун сөөгүн коюуну уюштуруу боюнча иш-чараларды иштеп чыксын.

3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн резервдик фондунан маркумдун үй-бүлөсүнө материалдык жардам көрсөтүү үчүн 50000 (элүү миң) сом бөлүнсүн.

4. Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги автомашиналардын колонналарынын коопсуз кыймылын камсыз кылсын.

5. Маркумдун сөөгү Бишкек шаарынын "Ала-Арча" көрүстөнүнө коюлсун.

 

            Премьер-министр

Ө.Бабанов