Загрузка документа…
КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 12-июнундагы № 247-б буйругуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2012-жылдын 4-июлу № 319-б
Кыргыз Республикасынын бийик тоолуу, жетүүгө кыйын жана алыскы зоналарында жашаган жана иштеген адамдарды мамлекеттик колдоо системасын тартипке келтирүү жана өркүндөтүү максатында:
1. Төмөнкү курамда ведомстволор аралык комиссия түзүлсүн:
Кыргыз Республикасынын социалдык блок боюнча вице-премьер-министри, ведомстволор аралык комиссиянын төрагасы;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курулуш жана региондук өнүктүрүү боюнча мамлекеттик агенттиктин директору, ведомстволор аралык комиссиянын төрагасынын орун басары;
Кыргыз Республикасынын социалдык өнүгүү министринин орун басары, ведомстволор аралык комиссиянын төрагасынын орун басары.
Ведомстволор аралык комиссиянын мүчөлөрү:
Кыргыз Республикасынын транспорт жана коммуникациялар министринин орун басары;
Кыргыз Республикасынын жаштар, эмгек жана иш менен камсыз кылуу министринин орун басары;
Кыргыз Республикасынын финансы министринин орун басары;
Кыргыз Республикасынын юстиция министринин орун басары;
Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинин төрагасынын орун басары (макулдашуу боюнча);
Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун төрагасынын орун басары;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Геология жана минералдык ресурстар боюнча мамлекеттик агенттиктин алдындагы Мамлекеттик картография-геодезия кызматынын директору;
Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын Тоо физиологиясы институтунун директору (макулдашуу боюнча);
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын социалдык жана гуманитардык өнүктүрүү бөлүмүнүн эксперти;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын уюштуруу-инспектордук иштер жана региондук мониторинг бөлүмүнүн региондук мониторинг жана өнүктүрүү секторунун эксперти.
2. Ведомстволор аралык комиссия үч айлык мөөнөттө Кыргыз Республикасынын бийик тоолуу, жетүүгө кыйын жана алыскы зоналарында жашаган жана иштеген адамдарды мамлекеттик колдоонун системасын тартипке келтирүү жана өркүндөтүү боюнча сунушту Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кароосуна киргизсин.
3. Ведомстволор аралык комиссияга зарыл учурда белгиленген тартипте министрликтердин, мамлекеттик комитеттин, администрациялык ведомстволордун, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, башка аткаруу бийлик органдарынын адистерин, көз карандысыз эксперттерди жана консультанттарды ишке тартууга уруксат берилсин.
4. Комиссиянын ишин уюштуруучулук жана башка камсыздоо Кыргыз Республикасынын Социалдык өнүгүү министрлигине жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курулуш жана региондук өнүктүрүү боюнча мамлекеттик агенттикке жүктөлсүн.
5. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 25-майындагы № 184-б буйругу күчүн жоготту деп табылсын.
6. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын уюштуруу-инспектордук иштер жана региондук мониторинг бөлүмүнө жана социалдык жана гуманитардык өнүктүрүү бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр | Ө.Бабанов |