Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 17-февралындагы № 60-т тескемесине ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2013-жылдын 12-июну № 247-б
Кыргыз Республикасынын бийик тоолуу шарттарында жана алыскы барууга кыйын зоналарында жайгашкан калктуу конуштарынын тизмегин иштеп чыгуу максатында:
1. Тиркемеге ылайык курамда ведомстволор аралык комиссия түзүлсүн.
2. Ведомстволор аралык комиссия:
- эки жумалык мөөнөттө социалдык жеңилдиктерди жана компенсацияларды белгилөө максатында айрым айылдарды Кыргыз Республикасынын бийик тоолуу шарттарында жана алыскы барууга кыйын зоналарында жайгашкан калктуу конуштарынын тизмегине киргизүү маселеси боюнча жарандардын кайрылууларынын негиздүүлүгүн иликтесин;
- бир айлык мөөнөттө Кыргыз Республикасынын Эмгек, миграция жана жаштар министрлигине Кыргыз Республикасынын бийик тоолуу шарттарында жана алыскы барууга кыйын зоналарында жайгашкан калктуу конуштарынын тиешелүү тизмегине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө сунуштарды берсин;
- зарыл учурда министрликтердин жана административдик ведомстволордун адистерин, көз карандысыз эксперттерди жана консультанттарды ишке тартууга, ошондой эле керектүү маалыматтарды сурап алууга укук берилсин.
3. Кыргыз Республикасынын Эмгек, миграция жана жаштар министрлиги, Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлиги жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Геология жана минералдык ресурстар боюнча мамлекеттик агенттигинин алдындагы Мамлекеттик картография-геодезиялык кызматы менен биргеликте 2013-жылдын 1-августуна чейинки мөөнөттө түшкөн сунуштардын негизинде Кыргыз Республикасынын бийик тоолуу шарттарында жана алыскы барууга кыйын зоналарында жайгашкан калктуу конуштарынын тизмегин бекитүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомунун долбоорун иштеп чыксын жана белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кароосуна киргизсин.
4. Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду 2013-жылдын 12-августуна чейинки мөөнөттө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 3-майындагы № 235 токтому менен бекитилген Бийик тоолуу шарттарда жайгашкан, ал жерлерде иштөө жеңилдетилген пенсиялык камсыздоого укук берүүчү калктуу конуштардын тизмегине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө, алыскы жана барууга кыйын зоналарда жайгашкан, ал жерлерде иштөө жеңилдетилген пенсиялык камсыздоого укук берүүчү калктуу конуштардын тизмегин бекитүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтом долбоорун даярдасын жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кароосуна киргизсин.
5. Ведомстволор аралык комиссиянын ишин уюштуруучулук жана башка камсыз кылуу Кыргыз Республикасынын Эмгек, миграция жана жаштар министрлигине жүктөлсүн.
6. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 4-июлундагы № 319-б буйругу күчүн жоготту деп табылсын.
7. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын социалдык өнүктүрүү бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министри | Ж.Сатыбалдиев |
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 12-июнундагы № 247-б буйругуна тиркеме |
Кыргыз Республикасынын социалдык блок боюнча вице-премьер-министри, ведомстволор аралык комиссиянын төрагасы;
Кыргыз Республикасынын эмгек, миграция жана жаштар министри, ведомстволор аралык комиссиянын төрагасынын орун басары;
Кыргыз Республикасынын транспорт жана коммуникациялар министри, ведомстволор аралык комиссиянын төрагасынын орун басары;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Геология жана минералдык ресурстар боюнча мамлекеттик агенттигинин алдындагы Мамлекеттик картография-геодезиялык кызматтын директору, ведомстволор аралык комиссиянын төрагасынын орун басары.
Ведомстволор аралык комиссиянын мүчөлөрү:
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын социалдык өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы;
Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун төрагасынын орун басары;
Кыргыз Республикасынын социалдык өнүгүү министринин орун басары;
Кыргыз Республикасынын финансы министринин орун басары;
Кыргыз Республикасынын юстиция министринин орун басары;
Кыргыз Республикасынын экономика министринин орун басары;
Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо министринин орун басары;
Кыргыз Республикасынын өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасынын орун басары;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин директорунун орун басары;
Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинин төрагасынын орун басары (макулдашуу боюнча);
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Геология жана минералдык ресурстар боюнча мамлекеттик агенттигинин директорунун орун басары;
Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын Too физиология институтунун директору (макулдашуу боюнча);
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Социалдык саясат боюнча комитетинин бөлүмүнүн сектор башчысы (макулдашуу боюнча);
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын региондук өнүктүрүү, транспорт, курулуш жана коммуникациялар бөлүмүнүн эксперти.