Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 8-июлундагы № 377-т тескемесинин редакциясына ылайык)
2013-жылдын 28-июну № 268-б
Кыргыз Республикасынын балдар жөнүндөгү Кодексинин 6 жана 8-беренелерине ылайык, балдардын жай мезгилиндеги эс алуусун уюштуруу максатында:
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 8-июлундагы № 377-т тескемесинин редакциясына ылайык)
1. Тиркемеге ылайык балдардын жана өспүрүмдөрдүн жайкы эс алуусун уюштуруу боюнча Республикалык штаб түзүлсүн.
2. Кыргыз Республикасынын Президентинин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү:
- балдардын жана өспүрүмдөрдүн жайкы эс алуусун уюштуруу боюнча облустук штабдарды түзүшсүн;
- балдардын жана өспүрүмдөрдүн жайкы эс алуусун уюштуруу боюнча иш-чаралардын тийиштүү пландарын иштеп чыгышсын жана бекитишсин;
- аз камсыз үй-бүлөлөрдөгү балдардын жана өспүрүмдөрдүн жайкы эс алуусун уюштуруу үчүн бюджеттен тышкаркы жана демөөрчүлүк каражаттарды тартуу боюнча иш жүргүзүшсүн.
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 8-июлундагы № 377-т тескемесинин редакциясына ылайык)
3. Министрликтер жана администрациялык ведомстволор борбордук аппараттардын, ведомствого караштуу жана аймактык түзүмдүк бөлүнүштөрдүн кызматкерлеринин балдары жана өспүрүмдөрү үчүн жайкы эс алууну уюштуруу боюнча чараларды көрүшсүн.
4. Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен бирдикте жайкы мезгилде уюштурулган эс алууга турмуштук оор кырдаалда турган балдардын көбүрөөк тартылышын камсыз кылышсын.
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 8-июлундагы № 377-т тескемесинин редакциясына ылайык)
5. Кыргыз Республикасынын каржы министрлиги Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги тарабынан турмуштук оор кырдаалда турган балдардын ден соолуктарын чыңдоо боюнча иш-чараларды өткөрүү үчүн каралган 5000000 миллион (беш миллион) сом каражатты өз убагында каржылоону камсыз кылсын.
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 8-июлундагы № 377-т тескемесинин редакциясына ылайык)
6. Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен бирдикте тарбия берүү процессин өнүктүрүүнү колдоо, ошондой эле балдардын дене тарбия деңгээлин жогорулатуу жана билим берүүчү, мектептен тышкаркы жана спорт уюмдарында спорт менен машыгуу, туризм, сергек жашоо мүнөзүнүн көндүмдөрүнө үйрөтүү үчүн шарттарды түзүү максатында мектеп алдындагы балдар аянтчаларын, мугалимдер, тарбиячылар жана дене тарбия мугалимдери үчүн семинарларды уюштурушсун.
7. Кыргыз Республикасынын Саламаттыкты сактоо министрлиги:
- шашылыш медициналык жардам көрсөтүү үчүн балдардын ден соолукту чыңдоочу борборлоруна саламаттык сактоонун тиешелүү аймактык уюмдарын бекитип берсин;
- социалдык жактан кооптуу топтогу балдар менен өспүрүмдөрдү токсикоманияга текшерүүнү камсыз кылсын.
8. Кыргызстан профсоюздар Федерациясы Кыргыз Республикасынын Саламаттыкты сактоо министрлигине, Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигине, Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигине, Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигине ден соолукту чыңдоочу борборлорду педагогикалык жана медициналык кадрлар, техникалык жана тейлөөчү кызматкерлер менен өз убагында комплекттөөнү, ошондой эле балдарды ташуунун коопсуздугун жана тейлөөнү, зарыл болгон укук тартибин камсыз кылуу максатында алардын жайгашкан жери, сменанын саны, баруунун жана кетүүнүн графиги жөнүндө маалыматтарды көрсөтүү менен алардын тизмесин берүү сунуш кылынсын.
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 8-июлундагы № 377-т тескемесинин редакциясына ылайык)
9. Ведомстволук баш ийүүсүнө жана менчигинин түрүнө карабастан балдардын ден соолукту чыңдоо борборлорунун жетекчилерине балдардын сууда коопсуздугун сактоо боюнча чара көрүү сунушталсын.
10. "Кыргызстандын Улуттук электр тармагы" ачык акционердик коомуна "Чыгыш электр", "Ош электр", "Жалалабад электр" жана "Түндүк электр" ачык акционердик коомдорунун бөлүштүрүүчү компаниялары менен бирдикте балдардын жайкы эс алуусунун мезгилинде балдардын ден соолукту чыңдоочу борборлорун электр энергиясы менен камсыз кылууда үзгүлтүктөргө жол бербөө боюнча чараларды көрүү сунуш кылынсын.
11. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын билим берүү, маданият жана спорт бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр | Ж.Ж. Сатыбалдиев |
|
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 28-июнундагы № 268-б буйругуна тиркеме |
Балдардын жана өспүрүмдөрдүн жайкы эс алуусун уюштуруу боюнча Республикалык ШТАБДЫН КУРАМЫ
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 8-июлундагы № 377-т тескемесинин редакциясына ылайык)
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын социалдык маселелер боюнча орун басары, штабдын жетекчиси;
Кыргыз Республикасынын эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри, штабдын жетекчисинин орун басары.
Штабдын мүчөлөрү:
Кыргыз Республикасынын ички иштер министринин биринчи орун басары;
Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо министринин орун басары;
Кыргыз Республикасынын транспорт жана коммуникациялар министринин орун басары;
Кыргыз Республикасынын финансы министринин орун басары;
Кыргыз Республикасынын маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин орун басары;
Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министринин орун басары;
Кыргыз Республикасынын айыл чарба министринин орун басары;
Кыргыз Республикасынын жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министринин орун басары;
Кыргыз Республикасынын өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары;
Кыргыз Республикасынын энергетика министринин орун басары.