Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 11-февралындагы № 57-т тескемесине ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2013-жылдын 27-февралы № 64-б
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жана Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын 2011-жылдын 23-сентябрындагы № 603/46/10 "2011-2014-жылдарга экономикалык жана финансылык саясат жөнүндө меморандумду (ЭФСМ) ишке ашыруу боюнча иш-чаралардын планы жөнүндө" токтому менен бекитилген 2011-2014-жылдарга экономикалык жана финансылык саясат жөнүндө меморандумду (ЭФСМ) ишке ашыруу боюнча иш-чаралардын планына жана 2012-жылдын 13-ноябрындагы Кеңейтилген кредиттик механизм программасын (ЕСФ) аткаруу боюнча Ниеттенүү катына ылайык:
1. Тиркелген: "РСК Банк" ачык акционердик коомунун капиталын өнүктүрүүнүн стратегиясы жактырылсын.
2. Стратегияны ишке ашырууну камсыз кылуу максатында Кыргыз Республикасынын Экономика министрлиги эки айлык мөөнөттө белгиленген тартипте төмөнкүлөрдү Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кароосуна киргизсин:
- Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2012-жылдын 25-апрелиндеги № 1877-V токтому менен бекитилген, 2012-2014-жылдарга Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик менчикти менчиктештирүү Программасына "РСК Банк" ачык акционердик коомунун акцияларынын 51 пайызын менчиктештирүүгө жаткан объектилердин тизмесине киргизүү жагында өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу ченемдик укуктук актынын долбоорун;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансылык рынокту жөнгө салуу жана көзөмөлдөө мамлекеттик кызматы менен бирге - акциялардын мамлекеттик пакеттерин менчиктештирүү ыкмасы катары IРОну ишке киргизүүнү караштырган ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун.
3. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын финансы жана кредит саясаты бөлүмүнө жана экономика жана инвестициялар бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министри | Ж.Сатыбалдиев |
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 27-февралындагы 64-б буйругу менен жактырылды |
"РСК Банк" ачык акционердик коомунун капиталын өнүктүрүү СТРАТЕГИЯСЫ
1. Киришүү
"РСК Банк" ачык акционердик коомунун капиталын өнүктүрүү стратегиясы (мындан ары - Стратегия) "РСК Банк" ачык акционердик коомунун (мындан ары - РСК Банк) капиталын өнүктүрүүнүн орточо мөөнөттүк келечегин, өнүктүрүүнүн негизги максаттарын жана ишке ашыруу процессинин методдорун чагылдырат, кошумча капиталды тартуу, ачык баа берүү жана РСК Банктын статусун жогорулатуу үчүн заманбап каражаттарды - инвестицияларды тартуунун натыйжалуу механизми жана сатууда объекттин рыноктук баасын аныктоонун ачык методу болгон IРОну(1) этап менен жүргүзүлүшүн караштырат.
Стратегия аналитикалык жана пландоо бөлүктөрүнөн турат. Аналитикалык бөлүгү өзүнө учурдагы абалга талдоону, приоритеттүү максаттарды жана ишке ашыруу механизмдерин камтыйт. Пландык бөлүгү эл аралык жана кыргыз фондулук биржасында IРОну киргизүүнүн этаптарын жана ишке ашыруу этаптарын камтыйт.
Акцияларды адаттагы менчиктештирүүдөн айырмаланып IРО РСК Банкты өнүктүрүү үчүн пайдаланылчу жетишерлик ири көлөмдөгү финансылык ресурстарды дээрлик акысыз негизде тартууга мүмкүндүк берет.
2. Кыргыз Республикасынын финансылык рыногунун учурдагы абалына талдоо
Кыргыз Республикасынын банк системасынын өнүгүүсүнө сереп
2012-жылы коммерциялык банктар системасынын өнүгүүсү оң тенденциялар менен мүнөздөлдү.
Кыргыз Республикасынын банк системасы жалпысынан өсүүнүн оң динамикасын көрсөтүү менен өзүнүн бекемдигин көрсөттү.
2013-жылдын 1-январына карата абал боюнча Кыргыз Республикасынын аймагында 23 коммерциялык банк жана коммерциялык банктардын 278 филиалы иштешкен (коммерциялык банктардын филиалдарынын 79% - аймактарда, 21% - Бишкек шаарында жайгашкан).
2013-жылдын 1-январына карата абал боюнча банктык системанын таза кирешеси 2417,8 млн. сомду түзгөн; баардык активдер - 86738,8 млн. сомду, банктык системанын баардык капиталы 15886,0 млн. сомду түзгөн.
Кыргыз Республикасынын аймагында иштеген коммерциялык банктардын төлөнгөн уставдык капиталынын жалпы көлөмү 9,1 млрд. сомду түздү, анын ичинде 3,2 млрд. сом (35%дан ашык) чет элдик капиталдын катышуусу менен болду. Өлкөнүн экономикасынын негизги проблемаларынын бири анын "долларлашуусунда". 2013-жылдын 1-январына карата абал боюнча депозиттик базадагы чет элдик валютадагы депозиттердин үлүшү 48,5 пайызды жана насыялык портфелдеги чет элдик валютадагы насыялардын үлүшү 53,8 пайызды түздү. Бул көрсөткүчтөр, валюталык тобокелдин деңгээлин, Кыргыз Республикасынын экономикасынын чет элдик валюталардын курстарынын катуу өзгөрүшүнө көз карандылык тобокелин күбөлөндүрүп турат. Чет өлкөлүк валютадагы аманаттар боюнча реалдуу кирешелүүлүк төмөндөгөнүнө карабастан, коммерциялык банктардын аманатчылары өздөрүнүн аманаттарынын орчундуу бөлүгүн чет элдик валютада кармоону улантууда. Бул факт кардарлар өздөрүнүн аманаттарын узак мөөнөткө сактоодо чет элдик валютаны артык көрүшөөрү менен түшүнүлөт.
Азыркы учурда республиканын банктары Кыргыз Республикасынын банк секторунун мындан аркы өнүгүшүнө көмөктөшө турган бир топ мүмкүнчүлүктөргө ээ, атап айтканда:
- көрсөтүлө турган кызматтардын спектри жана продуктулардын катары кеңейет (аманаттардын жаңы түрлөрү, Интернет-банкинг, төлөм карталары менен операциялар), бул банктык кызматтарга суроо-талаптын көбөйүшүнө жана чекене багытты ийгиликтүү өнүктүрүүгө алып келиши мүмкүн;
- банктык процесстерди автоматташтыруунун заманбап технологияларын активдүү колдонуунун жана кардарлардын өзүн-өзү тейлөө каналдарын пайдалануунун эсебинен продуктулардын өздүк наркы төмөндөйт;
- ресурстук база кеңейет жана уставдык капитал көбөйөт;
- Кыргыз Республикасынын экономикасынын айрым тармактарын узак мөөнөттүк жана орточо мөөнөттүк каржылоо боюнча мамлекеттик программаларды ишке ашырууга катышылат.
2012-жылы рыноктук абал бирдей болгон жок. Банктык системага карата ишеним көп кырдуу мүнөздө, ал таасири кандай болоорун билүүгө мүмкүн болбогон көп факторлорго негизделген. Алардын негизгилерине төмөнкүлөрдү киргизүүгө болот:
- бүтүндөй экономиканын өнүгүү деңгээли жана атап айтканда, банк системасынын өнүгүү деңгээли;
- өлкөдөгү социалдык-экономикалык абал жана өлкөдө жүргүзүлүп жаткан саясый реформалар.
Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жүргүзүп жаткан саясат банктардын капиталдык базасы чыңдалышына, депозиттердин жана насыялардын көлөмдөрү көбөйүшүнө, улуттук валюта менен салынган ресурстар боюнча пайыздык чендердин төмөндөшүнө, банк системасынын активдеринин жана капиталынын кирешелүүлүгү өсүшүнө шарт түздү, бул финансылык жана банктык кызмат көрсөтүүлөрдүн өнүгүшүнө жакшы таасирин тийгизди. Өз учурунда жүргүзүлгөн иш-чаралар банктык системанын стабилдүүлүгүн сактоого өбөлгө түзүп, ошону менен экономиканын туруктуу өнүгүшүнө, элдин банктык системага ишеними бекемделишине жана финансылык ортомчулуктун деңгээли өсүшүнө өбөлгөлөрдү түзүүгө мүмкүндүк болду.
Кыргыз Республикасынын банк системасы бекемделүү стадиясында турат, ага байланыштуу эл аралык рынокторго чыгуу кошумча капитал тартуунун көлөмүн көбөйтүүгө мүмкүндүк берүүчү кошумча мүмкүндүк болуп эсептелет.
РСК Банктын Кыргыз Республикасынын банк системасындагы орду жана ролу
"Эсептешүү-сактык компаниясы" ачык типтеги акционердик коом 1996-жылдын 22-июлунда Кыргыз Республикасынын төлөм системасын колдоо, элди эсептик-кассалык жактан тейлөө жана аманаттардын сакталышын камсыз кылуу максатында негизделген.
2004-жылдын 21-июнунда "Эсептешүү-сактык компаниясы" ачык типтеги акционердик коому "Эсептешүү-сактык компаниясы" ачык акционердик коому болуп өзгөртүлгөн, 2008-жылдын 13-августунда бул юридикалык жак "РСК Банк" ачык акционердик коом деп өзгөртүп аталып кайрадан катталган. РСК Банктын акцияларынын 100 пайызынын жалгыз ээси Кыргыз Республикасынын Өкмөтү.
Азыркы учурда РСК Банк бирден бир ири финансы-насыялык мекеме болуп саналат, Кыргыз Республикасынын банк системасына кирет жана республиканын бүткүл аймагында кеңири спектрдеги банктык кызматтарды көрсөтүү боюнча иштеп жатат.
РСК Банк өзүнүн ишин Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы улуттук жана чет өлкөлүк валютада банктык операцияларды аткарууга берген лицензиялардын негизинде жүргүзөт.
Финансылык отчеттун эл аралык стандарттарына ылайык жылдык финансылык отчетту тастыктоо максатында РСК Банктын ишине жыл сайын көз карандысыз эл аралык аудитордук компания тарабынан аудит жүргүзүлөт.
РСК Банктын негизги финансылык көрсөткүчтөрү жана өнүгүү темптери
Бүгүнкү күндө РСК Банк Кыргыз Республикасынын аймагында банктык кызматтардын кеңири тармагын көрсөтүп турган, филиалдар тармагы кеңири универсал банк.
РСК Банк стратегиялык объект, анын мамлекеттик бюджетти каржылоо, төлөм системасын колдоо жана мамлекеттик төлөмдөр системасында үзгүлтүктөрдү болтурбоо, юридикалык жана жеке жактардын эсептик-кассалык тейлөөгө болгон муктаждыктарын канааттандыруу жана алардын аманаттарынын сакталышын камсыздоо, чакан жана орто бизнес субъектилерин каржылоо үчүн ички жана тышкы рыноктордо ресурстарды мобилизациялоо, микрофинансылык уюмдарды дүң насыялоо сыяктуу маселелерди чечүүдөгү ролун эске алганда анын натыйжалуу өнүгүүсү өлкөнүн экономикасы үчүн чоң маанилүү. РСК Банк Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө өлкөлөрдүн Банктар аралык бирикмесинин (МБО ШОС) мүчөсү жана ал уюмда Кыргыз Республикасынын банктык кызыкчылыктарын коргойт.
2013-жылдын 1-январына карата абал боюнча РСК Банктын таза кирешеси 233 млн. сомду, бардык активдери - 10,8 млрд. сомду, бардык капиталы - 1,5 млрд. сомду түздү.
1-таблица
РСК Банктын 2007-2012-жылдардагы кирешесинин жана пайдасынын динамикасы
Жылдар | 2007-ж. | 2008-ж. | 2009-ж. | 2010-ж. | 2011-ж. | 2012-ж. |
Пайыздык кирешелер (млн. сом) | 56 | 241 | 363 | 493 | 835 | 1044 |
Операциялык кирешелер (млн. сом) | 185 | 256 | 217 | 294 | 399 | 474 |
Пайда (млн. сом) | 9 | 19 | 33 | 80 | 170 | 233 |
2013-жылдын 1-январына карата абал боюнча РСК Банктын таза насыялык портфелинин көлөмү 4,1 млрд. сомду түздү. 2012-жылы бүткүл банктык системада насыялык портфель 8,3 млрд. сомго көбөйдү, мында РСК Банктын насыялык портфели 825 млн. сом суммага жакын көбөйдү, б.а. бүткүл банктык система боюнча насыялык портфелдин 10 пайызга өсүшү РСК Банктын насыяларды берүүсүнүн эсебинен камсыздалды.
2013-жылдын 1-январына карата абал боюнча РСК Банктын классификацияланган насыяларынын үлүшү 3,9 пайыз, банктык система боюнча - 8,5 пайыз болду. РСК Банктын потенциалдуу жоготууларды жана чыгашаларды жабууга атайын резервинин үлүшү насыялык портфелдин көлөмүнүн 1,7 пайызын түздү; бүткүл банктык система боюнча мындай көрсөткүч - 5,4 пайызды түздү. Бул көрсөткүчтөр банктык системанын ушундай көрсөткүчтөрүнө салыштырганда РСК Банктын насыялык портфелинин сапаты жогору экендигин күбөлөндүрүп турат.
РСК Банктын депозиттик базасы (7,4 млрд. сомдон ашык), тобокелсиз жана жогорку ликвиддүү активдер (акча каражаттар жана мамлекеттик баалуу кагаздар) менен толук кепилденген. Жеке жактардын банктык системадагы улуттук валютадагы талабы боюнча төлөнүүчү жалпы суммаланган депозиттик базада РСК Банктын ушул категориядагы депозиттеринин үлүшү 45 пайызга жакын.
РСК Банк төлөмдөрдүн абдан чоң үлүшү анын эсептери аркылуу өткөрүлгөн системалуу эсептешүүчү банк болуу менен мамлекеттин жана анын түзүмдөрүнүн башкы өнөктөшү болуп саналат. 2012-жылы республикадагы бардык клирингдик төлөмдөрдүн 82 пайыздан көбү РСК Банк системасы аркылуу жүргүзүлгөн, калган 22 банкка төлөмдөрдүн 18 пайызы туура келет.
2-таблица
2007-2012-жылдарда РСК Банктын кирешелеринин үлүшүнүн динамикасы
Жылдар | 2007-ж. | 2008-ж. | 2009-ж. | 2010-ж. | 2011-ж. | 2012-ж. |
Пайыздык кирешелер | 23% | 48% | 63% | 63% | 68% | 69% |
Операциялык кирешелер | 77% | 52% | 37% | 37% | 32% | 31% |
Акыркы 5 жылда мамлекеттик бюджетке дивиденд катары РСК Банктан берилчү каражаттардын өлчөмү 18 эсе өстү.
3-таблица
РСК Банктан 2007-2012-жылдарда Кыргыз Республикасынын мамлекеттик бюджетине берилген дивиденддердин өлчөмү
Жылдар | 2007-ж. | 2008-ж. | 2009-ж. | 2010-ж. | 2011-ж. | 2012-ж. |
Дивиденддин өлчөмү (млн. сом) | 9 | 19 | 33 | 80 | 170 | 233 |
Ошентип, РСК Банк Кыргызстандын республикадагы банктык системанын стабилдүүлүгүнө таасирин тийгизүүчү банкы. Системалык тобокелдиктерди минималдаштыруу максатында РСК Банктын өсүү темптерине кылдат мониторинг жана көзөмөлдөөчү иштер жана анын туруктуулугун камсыздоо зарыл.
Бирок, РСК Банктын менчиктик түзүмүндөгү мамлекеттин басымдуулугу тышкы, натыйжалуураак рыноктук көзөмөлдү жүргүзүү үчүн айрым кыйынчылыктарды жаратышы мүмкүн.
Банктык сектордо атаандаштык чөйрөнү өнүктүрүү зарылдыгын таануу менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтү РСК Банктын капиталына мамлекеттин катышуусун этап менен азайтууну сунуш кылат.
3. РСК банктын капиталын өнүктүрүү стратегиясын ишке ашыруу процесси
IРО - активдерди ачык-айкын жана натыйжалуу сатуунун заманбап каражаты
IРО жолу менен РСК Банктын капиталын өнүктүрүү - бул РСК Банктын акцияларынын мамлекеттин менчигинде турган 51 пайызын таза сатууга багытталган стратегиялык чечим, бул тышкы инвесторлорду тартууга, капиталдын эл аралык рыногуна чыгууну кеңейтүүгө мүмкүндүк берет жана Кыргыз Республикасынын финансы-насыялык мекемелеринин эл аралык рыноктордо активдүү орун алышы үчүн өбөлгө түзөт. IРОнун өзгөчөлүгү, жагымсыз экономикалык шарттарда рыноктун конъюнктурасына жараша ага жайгаштырылган активдердин баалары өсүшүн күтүүгө жана андан кийин гана аларды сатууга боло тургандыгында.
РСК Банктын капиталын IРО жолу менен өнүктүрүү стратегиясын ишке ашыруу процесси төмөнкү этаптарды камтыйт:
1-этап. РСК Банктын акцияларынын 30 пайызын сатууга даярдоо жана чыгаруу боюнча иш-чаралар комплексин жүргүзүү, алардын ичинен: эл аралык фондулук биржада - РСК Банктын акцияларынын кошумча эмиссияларынын эсебинен, Кыргыз Республикасынын "Баалуу кагаздар рыногу жөнүндө" Мыйзамына ылайык чыгарылган акцияларынын 25 пайызын, жергиликтүү фондулук биржада "Элдик IРО" формасында - мамлекеттин карамагындагы акциялардын 5 пайызын.
РСК Банктын акцияларынын 25 пайызын сатуудан түшкөн каражат РСК Банкты кошумча капиталдаштырууга, б.а. анын ишин өнүктүрүүгө жана аны менен кирешени көбөйтүүгө жумшалат, ал эми 5 пайыз акциядан түшкөн каражат мамлекеттик бюджетке жумшалат.
2-этап. РСК Банктын мамлекеттин карамагындагы акцияларынын 21 пайызын, алардын ичинен: эл аралык фондулук биржада - акциялардын 16 пайызын, жергиликтүү фондулук биржада "Элдик IРО" формасында - акциялардын 5 пайызын сатууга чыгаруу боюнча иш-чаралар. Бул бүтүмдөрдөн алынган каражаттар мамлекеттик бюджетке түшөт.
РСК Банктын капиталы өнүктүрүүнүн этаптары:
| Эл аралык фондулук биржада IРО - акциялардын 25 пайызы |
1-этап → |
|
| Жергиликтүү фондулук биржада жеке жактар үчүн IРО - акциялардын 5 пайызы |
| |
Эл аралык фондулук биржада SРО - акциялардын 16 пайызы | |
2 этап → |
|
| Жергиликтүү фондулук биржада жайгаштыруу - акциялардын 5 пайызы |
Андан ары, Стратегиянын жогоруда аталган этаптары ийгиликтүү ишке ашкан учурда, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү дүйнөлүк жана ички рыноктун конъюнктураларын эске алуу менен РСК Банктын акцияларын андан ары сатууга чыгарууга багытталган үчүнчү этапты ишке ашыруу маселесин карайт.
IРОну натыйжалуу өткөрүү үчүн РСК Банк заманбап иш-чараларды жүргүзүшү керек, алар өзүнө төмөнкү стадияларды камтыйт.
Алгачкы стадия. Бул стадияда РСК Банк финансылык абалын, уюштуруу түзүмүн жана активдердин түзүмүн, информациялык, анын ичинде финансылык ачыктыкты, корпоративдик башкаруу практикасын жана иштин башка жактарын талдап чыгуусу керек. Ошол эле учурда РСК Банктын акцияларынын 51 пайызын сатууга Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин макулдугун алуу боюнча, жана акциялардын мамлекеттик пакеттерин сатуу ыкмасы катары акцияларды ачык сунуштоону (IРО) ченемдик укуктук актыларга киргизүү боюнча иш жүргүзүү керек.
Ошондой эле, инвесторлордун укуктарын коргоо максатында талаптардын аткарылышы жагынан РСК Банктын ченемдик базасын инвентаризациялоо боюнча керектүү иштерди жүргүзүү керек. Бул жол-жоболорду капиталдын ачык рыногуна чыгаруу тууралуу акыркы чечим кабыл алынганга чейин аяктоо керек.
РСК Банктын инвестициялык жактан кызыктуулугун баалоо боюнча критерийлердин бири - объективдүү финансылык көрсөткүчтөр менен катар, анын андан аркы өнүгүү стратегиясынын ишенимдүүлүгү, ачыктык даражасы жана корпоративдик башкаруунун сапаты. Бул жагдай РСК Банктын Директорлор кеңешинде жогорку квалификациялуу көз карандысыз адистер болушун шарттайт, алардын функцияларына акционерлердин кызыкчылыктарын сактоо менен катар эл аралык финансылык чөйрөдө жана потенциалдуу кардарлардын алдында РСК Банктын позициясын бекемдөөгө көмөктөшүүчү РСК Банктын стратегиясын иштеп чыгууга жана анын ишке ашырылышын мониторингдөөгө катышуу кирет.
Алгачкы стадия аяктагандан кийин IРО процесси даярдоо стадиясына өтөт.
Даярдоо стадиясы өзүнө төмөнкү иш-чараларды камтыйт:
- IРОго катышуучулар командасын, соода аянтчасын тандоо, IРОнун иш-аракеттеринин планы жана конфигурациясы макулдашылуучу өнөктөштөрдү (консультанттар, брокерлер, андеррайтерлер) тандоо;
- керектүү жол-жоболорду сактоо, эмиссиялык документтерди жана аналитикалык материалдарды даярдоо боюнча чечимдерди кабыл алуу;
- Инвестициялык меморандумду - инвесторлордун тийиштүү чечим кабыл алышы үчүн керектүү документти даярдоо (акциянын наркы, акциялардын саны, каражаттарды пайдалануунун багыты, дивиденддик саясат ж.б.);
- жарнактык кампанияны (анын ичинде, роад-шоу) баштоо - сунушталып жаткан баалуу кагаздарга потенциалдуу инвесторлорду кызыктыруу максатындагы жарнактык иш-чаралар (анын ичинде ишти презентациялоо үчүн РСК Банктын жетекчилигинин жарнактык сапарга чыгуулары).
Өзүнүн каражаттарын натыйжалуу салууну каалаган инвесторлор үчүн ишкананын же экономиканын секторунун маалыматтык ачыктык деңгээли маанилүү.
Негизги стадия. Негизги стадия учурунда сунушталуучу баалуу кагаздарды сатып алууга өтүнмөлөр алынат, прайсинг - баасын аныктоо жүргүзүлөт.
Акыркы стадия. Бул стадияда өтүнмөлөр канааттандырылат жана эмиссиялык документтерди даярдоо менен ачык жайгаштыруунун (жүгүртүүнүн) жыйынтыгы чыгарылат (баалуу кагаздарды чыгаруунун жыйынтыктары жөнүндө отчет, көз карандысыз стратегиялык консультация).
РСК Банктын акцияларын жайгаштыруу төмөнкүлөрдү тартуу менен белгиленген тартипте ишке ашырылат:
- андеррайтер жана жайгаштырууну уюштуруучулар катары инвестициялык банктар жана инвестициялык компаниялар тартылат;
- уюштуруучулардын жана/же эмитенттердин консультанттары катары юридикалык компаниялар тартылат;
- аудитордук компаниялар тартылат;
- жайгаштыруунун PR/IR консультанттары катары коммуникациялык агенттиктер тартылат.
IРОдо РСК Банктын акцияларын даярдоонун керектүү жол-жоболорун жүргүзүүгө карата чыгымдарды белгиленген тартипте РСК Банктын өзү төлөйт; андеррайтердин кызматына акы макулдашуунун негизинде РСК Банктын акцияларын сатуудан түшкөн дүң пайдадан пайыздар (комиссия) түрүндө төлөнөт.
IРО - эл аралык фондулук биржада
Бул каражаттын капиталдын арзан булактарына жетүү үчүн кызыктуулугуна байланыштуу акыркы жылдары IРО рыногунда жогорку активдүүлүк сакталып келет.
Эл аралык фондулук биржаларда бизнести жүргүзүү үчүн эмитенттерге карата талаптардын жыйнагы бар. Ага байланыштуу РСК Банк үчүн ачык жайгаштыруунун максаттарына туура келген жана инвесторлор үчүн акциялардын кызыктуулугун арттырууга көмөктөшө турган фондулук рынок тандалат. Тийиштүү фондулук биржаны тандоодо ар кандай факторлор эске алынат, анын ичинде:
- рыноктун ликвиддүүлүгү;
- капиталдын наркы;
- географиялык абалы;
- рыноктун тармактык түзүмү;
- ченемдик-мыйзамдык талаптарды аткарууга чыгымдар;
- корпоративдик башкарууга талаптар;
- негизги инвесторлордун жайгашкан жерлери;
- IРО үчүн убактылуу чектөөлөр;
- кадыр-барк маселеси жана дүйнөгө таанылуу.
РСК Банктын акцияларын жайгаштыруу төмөнкүлөрдү тартуу менен белгиленген тартипте жүргүзүлөт:
- андеррайтерлер жана жайгаштырууну уюштуруучулар катары - инвестициялык банктарды жана инвестициялык компанияларды;
- уюштуруучулардын жана/же эмитенттердин консультанттары катары - юридикалык компанияларды;
- аудитордук компанияларды;
- жайгаштыруунун PR/IR консультанттары катары - коммуникациялык агенттиктерди.
IРОдо РСК Банктын акцияларын даярдоонун керектүү жол-жоболорун жүргүзүүгө карата чыгымдарды белгиленген тартипте РСК Банктын өзү төлөйт; андеррайтердин кызматына акы макулдашуунун негизинде РСК Банктын акцияларын сатуудан түшкөн дүң пайдадан пайыздар (комиссия) түрүндө төлөнөт.
"Элдик IРО" - Кыргыз Республиканын фондулук рыногунда акцияларды ачык жарыялап жайгаштыруунун заманбап жана ачык-айкын каражаты
РСК Банктын акцияларын сатуу аркылуу "Элдик IРО" төмөнкү негизги максаттарды көздөйт:
- акционерлердин курамын диверсификациялоо менен бир эле учурда капиталдаштырууну көбөйтүү;
- "эркин" каражаттарды кошумча тартуунун эсебинен фондулук рынокту өнүктүрүүгө көмөктөшүү;
- РСК Банкты башкарууга жеке жана юридикалык жактардын кеңири чөйрөсүнүн катышуусу.
"Элдик IРО" экономиканы өнүктүрүүнүн жана эркин каражаттарды, анын ичинде жарандардын каражаттарын тартуунун стандарттуу жолу болот.
РСК Банктын акцияларын фондулук биржада ачык сатуу Кыргыз Республикасынын "Баалуу кагаздар рыногу жөнүндө" Мыйзамына ылайык ишке ашырылат жана төмөнкү этаптарды жана иш-чараларды камтыйт:
- эмиссиялык документтерди даярдоо. Баалуу кагаздарды чыгаруу, алардын проспектин каттоо жөнүндө чечим даярдоо;
- эмиссиялык документтерди баалуу кагаздар рыногун жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органда каттоо;
- РСК Банктын акцияларын Кыргыз Фондулук биржасынын (KSE) котировкалык тизмесине киргизүү - иштетилишине жараша, ал төмөнкүлөрдү камтыйт:
- Кыргыз фонддук биржасында акцияларды ачык жайгаштыруу жөнүндө элге маалымат берүү боюнча иш-чаралардан турган маалыматтык өнөктүк, ошондой эле РСК Банктын акцияларын сатып алууга катышуунун шарттарын жана тартибин түшүндүрүү боюнча иштер;
- Кыргыз Республикасынын жарандарына акцияларды сунуш кылуу боюнча иш-чаралар, ал иштер ММКда презентациялоодон, маалыматтык материалдарды жалпыга маалымдоо каражаттарына жарыялоодон, көрнөк рекламадан турат;
- жайгаштыруу - Кыргыз фондулук биржада ачык жайгаштырууну, анын ичинде РСК Банктын филиалдары аркылуу ишке ашыруу мүмкүндүгү.
Мында РСК Банктын ачык сунушталчу акцияларын сатуу-сатып алуу боюнча бүтүмдөрдү жергиликтүү брокердик компания фондулук биржа аркылуу гана жасашы керек. Ачык жарыяланган сунушту жана проспектти каттоо үчүн эмитенттен комиссиялык акы алынат.
РСК Банкты IРО рыногуна чыгаруу ийгиликсиз болуп калса Кыргыз Республикасынын Өкмөтү коомдун акцияларын сатуу маселесин белгиленген тартипте конкурстук негизде карайт.
4. Күтүлгөн натыйжалар
Стратегияны ишке ашыруу дүйнөлүк экономикалык коомчулукка кирүүгө жана экономикалардын глобалдашуусунун чегинде жүрүп жаткан тийиштүү процесстерге кошулууга көмөктөшөт.
IРОну ишке ашыруу төмөнкүлөргө мүмкүндүк берет:
- жергиликтүү жана эл аралык фондулук биржалар аркылуу РСК Банктын капиталын көбөйтүүгө;
- акционерлеринин курамына таасирдүү финансылык институттардын киришинин эсебинен РСК Банктын потенциалын күчөтүүгө;
- РСК Банктын акцияларын таза жана ачык-айкын сатууга, мында РСК Банктын реалдуу рыноктук наркы аныкталат;
- акциялардын үлүшүн рыноктун ыңгайлуу конъюнктурасында учурдагы рыноктук баа боюнча тез сатууга;
- Кыргызстандык жана эл аралык контрагенттер менен иштөөдө өнөктөш катары РСК Банктын кадыр-баркын жогорулатууга.
РСК Банк жергиликтүү эмитенттердин арасында чет өлкөлүк фондулук аянттагы листинг жагынан Кыргыз Республикасындагы "пионер" болуп калат. Келечекте РСК Банк IРОну пландаштырган мамлекеттик компаниялар, атап айтканда кен сектору, энергетика жана телекоммуникация чөйрөсү ж.б. үчүн лид-менеджердин (андеррайтердин) ролунда өз алдынча чыга алат. Ири мамлекеттик банктын IРОго чыгышы келечекте өлкөлүк рейтингди алууга жакшы таасирин тийгизет, жана РСК Банктын күтүлүп жаткан насыялык рейтинги Кыргыз Республикасынын көз карандысыздык рейтингине кыйла жакын болот.
Лицензиясы болсо РСК Банк брокердик кызматтарды көрсөтө алат, бул жайгаштырууну массалык жана жеткиликтүү уюштуруу жагынан алганда жакшы, анткени РСК Банк өлкө боюнча филиалдардын кеңири тармагына жана республиканын элинин ишенимине ээ.
Өз кезегинде, РСК Банктын натыйжалуу иштеши дивиденддер жана салыкка чегерүүлөр түрүндө Кыргыз Республикасынын мамлекеттик бюджетин толуктоого мүмкүндүк берет, экономиканын стратегиялык тармактарын төмөндөтүлгөн пайыздык чендер боюнча насыялоо мүмкүндүгүн арттырат.
(1) IРО (Initial Public Offering) - фондулук рынокто ачык акционердик коомдордун акцияларын биринчи жолу сунуштоо (сатуу).
(2) SРО (Secondary Public Offering) - негизги чыгарылган акцияларды (болгон акционерлердин акциялары) жактардын чексиз санына экинчи жолу ачык сунуштоо.