Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 11-февралындагы № 57-т тескемесине ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2013-жылдын 7-марты № 82-б
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 23-ноябрындагы № 544-б буйругуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
- 1-пункту төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
"1. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги:
- Бишкек шаарынын мэриясынын карыздык милдеттенмелер боюнча 2000-жылдын 17-ноябрындагы № 3410 KG, 2004-жылдын 5-июлундагы № 134-04, 2004-жылдын 5-июлундагы № 135-04 жана 2004-жылдын 5-июлундагы № 136-04 мөөнөтү өтүп кеткен карыздарын ушул буйрук чыккан күнгө карата жоюла элек негизги сумманы, мурда салынган пайыздарды жана айыптарды капиталдаштыруу жолу менен реструктураласын, мында капиталдаштырылган сумманы төлөө 2014-жылдын 1-январынан баштап ай сайын бирдей өлчөмдөрдө, пайдалангандык үчүн пайыз салбастан ишке ашырылсын;
- карыздык милдеттенмелерге кошумча макулдашууну белгиленген тартипте тариздесин.".
Премьер-министри | Ж.Сатыбалдиев |