Редакция
Салыштыруу
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 5-декабрындагы № 477-б буйругуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

БУЙРУК

2012-жылдын 23-ноябры № 554-б

(КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 7-мартындагы № 82-б буйругунун редакциясына ылайык)

Заемдук каражаттарды кайтарууну камсыздоо максатында, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 2-июнундагы N 258 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан рекредиттелген бюджеттик ссудалар жана чет өлкөлүк кредиттерге карата заемдук каражаттарды кайтаруунун шарттарын өзгөртүү боюнча сунуштарды кароо тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан рекредиттелген бюджеттик ссудалар жана чет өлкөлүк кредиттерге карата заемдук каражаттарды кайтаруунун шарттарын өзгөртүү боюнча сунуштарды кароо тартиби жөнүндө жобого ылайык:

1. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги:

- Бишкек шаарынын мэриясынын карыздык милдеттенмелер боюнча 2000-жылдын 17-ноябрындагы № 3410 KG, 2004-жылдын 5-июлундагы № 134-04, 2004-жылдын 5-июлундагы № 135-04 жана 2004-жылдын 5-июлундагы № 136-04 мөөнөтү өтүп кеткен карыздарын ушул буйрук чыккан күнгө карата жоюла элек негизги сумманы, мурда салынган пайыздарды жана айыптарды капиталдаштыруу жолу менен реструктураласын, мында капиталдаштырылган сумманы төлөө 2014-жылдын 1-январынан баштап ай сайын бирдей өлчөмдөрдө, пайдалангандык үчүн пайыз салбастан ишке ашырылсын;

- карыздык милдеттенмелерге кошумча макулдашууну белгиленген тартипте тариздесин.

2. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын финансы жана кредит саясаты бөлүмүнө жүктөлсүн.

 

            Премьер-министр

Ж.Ж. Сатыбалдиев