Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2013-жылдын 18-марты № 93-б
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн түзүмүнүн өзгөрүүсүнө байланыштуу:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 30-апрелиндеги № 165-б буйругуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
- жогоруда аталган буйрук менен бекитилген Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине катышкан мамлекеттердин тармактык кызматташуу органдарында Кыргыз Республикасынын өкүлдөрүнүн тизмеси ушул буйруктун тиркемесине ылайык редакцияда берилсин.
2. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын эл аралык кызматташуу бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министри | Ж.Сатыбалдиев |
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 18-мартындагы № 93-б буйругуна тиркеме |
№ | Кеңештин, органдын аталышы | Кыргыз Республикасынын өкүлү |
1 | КМШга катышкан мамлекеттердин атом энергиясын тынчтык максаттарда пайдалануу боюнча комиссиясы | Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин алдындагы Калдык сактоочу жайлар менен иштөө боюнча агенттигинин директору |
2 | КМШга катышкан мамлекеттердин тышкы иштер министрликтеринин укуктук кызмат жетекчилеринин консультациялык комитети | Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин Эл аралык-укуктук департаментинин директору |
3 | КМШга катышкан мамлекеттердин керектөөчүлөрүнүн укуктарын коргоо боюнча консультациялык кеңеш | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттигинин директору |
4 | КМШга катышкан мамлекеттерде чакан ишкердикти колдоо жана өнүктүрүү боюнча консультациялык кеңеш | Кыргыз Республикасынын экономика министринин орун басары |
5 | КМШга катышкан мамлекеттердин эмгек, миграция жана калкты социалдык коргоо боюнча консультациялык кеңеши | Кыргыз Республикасынын эмгек, миграция жана жаштар министри, Кыргыз Республикасынын социалдык өнүгүү министри |
6 | КМШга катышкан мамлекеттердин мамлекеттик архив кызматтарынын жетекчилеринин консультациялык кеңеши | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын Архив агенттигинин директору |
7 | КМШга катышкан мамлекеттерде мамлекеттик материалдык резервдерди башкарууну ишке ашыруучу мамлекеттик (аткаруу) бийлик органдарынын жетекчилеринин консультациялык кеңеши | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик материалдык резервдер фондунун төрагасы |
8 | КМШнын транспорттук коридорлорунун координациялык комитети | Кыргыз Республикасынын транспорт жана коммуникациялар министринин орун басары |
9 | КМШга катышкан мамлекеттердин транспорттук координациялык кеңеши | Кыргыз Республикасынын транспорт жана коммуникациялар министри |
10 | КМШга катышкан мамлекеттердин башкы прокурорлорунун координациялык кеңеши | Кыргыз Республикасынын Башкы прокурору (макулдашуу боюнча) |
11 | Байланыш жаатындагы региондук шериктештиктин алдындагы КМШга катышкан мамлекеттердин маалыматташтыруу боюнча координациялык кеңеши | Кыргыз Республикасынын транспорт жана коммуникациялар министринин орун басары |
12 | Өкмөттөр аралык фельдъегердик байланыштардын координациялык кеңеши | Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин алдындагы Мамлекеттик фельдъегердик кызматынын начальниги |
13 | КМШнын Аткаруу комитетинин алдындагы бухгалтердик эсеп боюнча координациялык кеңеши | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө мамлекеттик кызматынын Аткаруучу комитетинин мүчөсү |
14 | КМШга катышкан мамлекеттердин өсүмдүктөрдүн карантини боюнча координациялык кеңеши | Кыргыз Республикасынын айыл чарба жана мелиорация министри |
15 | КМШга катышкан мамлекеттердин салык кызматынын жетекчилеринин координациялык кеңеши | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматынын төрагасы |
16 | КМШга катышкан мамлекеттердин салыктык (финансылык) териштирүү органдарынын жетекчилеринин координациялык кеңеши | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматтын (финансы полициянын) төрагасы |
17 | КМШнын Мамлекеттер аралык валюта комитети | Кыргыз Республикасынын финансы министри, Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын төрагасы (макулдашуу боюнча) |
18 | "Мир" мамлекеттер аралык телерадиокомпаниясынын мамлекеттер аралык координациялык кеңеши | Кыргыз Республикасынын маданият, маалымат жана туризм министринин орун басары |
19 | Илимий-техникалык маалымат боюнча мамлекеттер аралык координациялык кеңеш | Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министри |
20 | КМШга катышкан мамлекеттердин камсыздандыруу көзөмөл органдарынын жетекчилеринин мамлекеттер аралык координациялык кеңеши | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө боюнча мамлекеттик кызматынын төрагасы |
21 | "Радионавигация" мамлекеттер аралык кеңеши | Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин статс-катчысы |
22 | Монополияга каршы саясат боюнча мамлекеттер аралык кеңеш | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттигинин директору |
23 | Укуктук коргоо жана интеллектуалдык менчикти коргоо маселелери боюнча мамлекеттер аралык кеңеш | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик кызматынын төрагасы |
24 | КМШнын көргөзмө-жарманке жана конгресс иши боюнча мамлекеттер аралык кеңеши | Кыргыз Республикасынын Соода-өнөр жай палатасынын президенти (макулдашуу боюнча) |
25 | Геодезия, картография, кадастр жана Жерди аралыктан изилдөө боюнча мамлекеттер аралык кеңеш | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Геология жана минералдык ресурстар боюнча мамлекеттик агенттиктин алдындагы Мамлекеттик картография-геодезия кызматынын директору |
26 | КМШнын гидрометеорология боюнча мамлекеттер аралык кеңеши | Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин алдындагы Гидрометеорология боюнча агенттигинин директору |
27 | Өнөр жай коопсуздугу боюнча мамлекеттер аралык кеңеш | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын директору |
28 | Илимий-техникалык жана инновациялык чөйрөлөрдө кызматташуу боюнча мамлекеттер аралык кеңеш | Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министринин орун басары, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик кызматынын төрагасы |
29 | Мезгилдүү басма сөз, китеп чыгаруу, китеп таратуу жана полиграфия жаатында кызматташуу боюнча мамлекеттер аралык кеңеш | Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик китеп палатасынын директору |
30 | Стандартташтыруу, метрология жана сертификация боюнча мамлекеттер аралык кеңеш | Кыргыз Республикасынын экономика министринин орун басары |
31 | Жаратылыш жана техногендик мүнөздөгү өзгөчө кырдаалдар боюнча мамлекеттер аралык кеңеш | Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин статс-катчысы |
32 | КМШга катышкан мамлекеттердин финансылык контролдоо жогорку органдарынын жетекчилеринин кеңеши | Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын төрагасы (макулдашуу боюнча) |
33 | КМШнын мамлекеттер аралык экологиялык кеңеши | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарба мамлекеттик агенттигинин директору |
34 | КМШнын үрөнчүлүк маселелери боюнча өкмөттөр аралык координациялык кеңеши | Кыргыз Республикасынын айыл чарба жана мелиорация министри |
35 | КМШнын жолчуларынын өкмөттөр аралык кеңеши | Кыргыз Республикасынын транспорт жана коммуникациялар министри |
36 | КМШнын агроөнөржай комплекси маселелери боюнча өкмөттөр аралык кеңеши | Кыргыз Республикасынын айыл чарба жана мелиорация министри |
37 | Токой өнөр жай комплекси жана токой чарба боюнча өкмөттөр аралык кеңеш | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинин директору |
38 | Жер казынасын чалгындоо, пайдалануу жана коргоо боюнча өкмөттөр аралык кеңеш | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Геология жана минералдык ресурстар боюнча агенттигинин директору |
39 | Ветеринария жаатында кызматташуу боюнча өкмөттөр аралык кеңеш | Кыргыз Республикасынын Башкы мамлекеттик ветеринариялык инспектору |
40 | Курулуш ишинде кызматташуу боюнча өкмөттөр аралык кеңеш | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин директору |
41 | Байланыш жаатындагы региондук шериктештик | Кыргыз Республикасынын транспорт жана коммуникациялар министри |
42 | КМШга катышкан мамлекеттердин Чек ара аскерлеринин командачыларынын кеңеши | Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек ара кызматынын төрагасы |
43 | КМШга катышкан мамлекеттердин ички иштер министрлеринин кеңеши | Кыргыз Республикасынын ички иштер министри |
44 | КМШга катышкан мамлекеттердин коргоо министрлеринин кеңеши | Кыргыз Республикасынын коргоо министри |
45 | КМШга катышкан мамлекеттердин юстиция министрлеринин кеңеши | Кыргыз Республикасынын юстиция министри |
46 | КМШга катышкан мамлекеттердин гуманитардык кызматташуу боюнча кеңеши | Кыргыз Республикасынын маданият, маалымат жана туризм министри |
47 | КМШга катышкан мамлекеттердин жаштар иштери боюнча кеңеши | Кыргыз Республикасынын эмгек, миграция жана жаштар министринин орун басары |
48 | КМШга катышкан мамлекеттердин темир жол транспорту боюнча кеңеши | Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин алдындагы "Кыргыз темир жолу" улуттук компаниясы" мамлекеттик ишканасынын башкы директору |
49 | KMШга катышкан мамлекеттердин маданий кызматташуусу боюнча кеңеши | Кыргыз Республикасынын маданият, маалымат жана туризм министри |
50 | КМШга катышкан мамлекеттердин региондор аралык жана чек ара жанындагы жерлерге карата кызматташуусу боюнча кеңеш | Кыргыз Республикасынын экономика министринин орун басары |
51 | КМШга катышкан мамлекеттердин өнөр жай саясаты боюнча кеңеши | Кыргыз Республикасынын энергетика жана өнөр жай министри |
52 | КМШнын саламаттык сактоо жаатындагы кызматташуусу боюнча кеңеши | Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо министри |
53 | КМШга катышкан мамлекеттердин билим берүү жаатында кызматташуусу боюнча кеңеши | Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министри (макулдашуу боюнча) |
54 | КМШга катышкан мамлекеттердин фундаменталдык илимдер жаатындагы кызматташуусу боюнча кеңеши | Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министри, Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын президенти (макулдашуу боюнча) |
55 | КМШга катышкан мамлекеттердин туризм боюнча кеңеши | Кыргыз Республикасынын маданият, маалымат жана туризм министринин орун басары - Кыргыз Республикасынын маданият, маалымат жана туризм министрлигинин алдындагы Туризм департаментинин директору |
56 | КМШга катышкан мамлекеттердин дене тарбия жана спорт жаатында кызматташуу жөнүндө макулдашууга катышуучулардын дене тарбия жана спорт боюнча кеңеши | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин директору |
57 | Экономика чөйрөсүндө талаштар боюнча иштерди чечүүчү жогорку арбитраждык, чарбалык, экономикалык жана башка соттордун төрагаларынын кеңеши | Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун төрагасы (макулдашуу боюнча) |
58 | КМШга катышкан мамлекеттердин мамлекеттик жана коомдук телерадиоуюмдарынын жетекчилеринин кеңеши | Кыргыз Республикасынын Коомдук телерадиоберүү корпорациясынын башкы директору (макулдашуу боюнча) |
59 | КМШнын мамлекеттик маалыматтык агенттиктеринин жетекчилеринин кеңеши | Кыргыз улуттук "Кабар" маалыматтык агенттигинин директору (макулдашуу боюнча) |
60 | КМШга катышкан мамлекеттердин баалуу кагаздар рыногун жөнгө салуу боюнча мамлекеттик органдарынын жетекчилеринин кеңеши | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө мамлекеттик кызматынын төрагасынын орун басары |
61 | КМШга катышкан мамлекеттердин миграциялык органдарынын жетекчилеринин кеңеши | Кыргыз Республикасынын эмгек, миграция жана жаштар министринин орун басары |
62 | КМШга катышкан мамлекеттердин коопсуздук жана атайын кызмат органдарынын жетекчилеринин кеңеши | Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик улуттук коопсуздук комитетинин төрагасы |
63 | КМШга катышкан мамлекеттердин статистикалык кызматтарынын жетекчилеринин кеңеши | Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинин төрагасы (макулдашуу боюнча) |
64 | КМШга катышкан мамлекеттердин бажы кызматтарынын жетекчилеринин кеңеши | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасы |
65 | КМШга катышкан мамлекеттердин 1998-жылдын 6-мартындагы мыйзамсыз миграцияга каршы күрөшүү боюнча кызматташуусу жөнүндө макулдашууга катышкан мамлекеттердин биргелешкен комиссиясы | Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик улуттук коопсуздук комитетинин төрагасынын орун басары, Кыргыз Республикасынын ички иштер министринин орун басары |
66 | КМШнын электр энергетикалык кеңеши | Кыргыз Республикасынын энергетика жана өнөр жай министри |