Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2013-жылдын 30-марты № 105-б
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 15-январындагы № 19 "Ош жана Жалал-Абад шаарларын калыбына келтирүү жана өнүктүрүү боюнча мамлекеттик дирекциясын жоюу жөнүндө" токтомуна ылайык, Азия Өнүктүрүү Банкы каржылаган "Калыбына келтирүү жана реконструкция үчүн өзгөчө жардам" жана "Ысык-Көл облусун туруктуу өнүктүрүү" долбоорлорун өткөрүп берүү боюнча иштерди координациялоо максатында:
1. Төмөнкү курамдагы Координациялык кеңеш түзүлсүн:
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин директору, Координациялык кеңештин төрагасы;
- Кыргыз Республикасынын финансы министринин орун басары;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинин директору;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын региондук өнүктүрүү, транспорт, курулуш жана коммуникациялар бөлүмүнүн башчысынын орун басары;
- Азия Өнүктүрүү Банкынын өкүлү (макулдашуу боюнча);
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү;
- "Ысык-Көл облусун туруктуу өнүктүрүү" долбоорун башкаруу офисинин директору (макулдашуу боюнча).
2. Координациялык кеңеш бир айлык мөөнөттө төмөнкүлөрдү камсыз кылсын:
- долбоорлорду башкаруу боюнча бириктирилген бөлүмдүн түзүмүн түзүүнү;
- долбоорлордун документтерин, архивдик материалдарын жана материалдык-товардык баалуулуктарын өткөрүп берүүнү;
- долбоорлорду үзгүлтүксүз ишке ашырууну.
3. Бул буйруктун аткарылгандыгын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын региондук өнүктүрүү, транспорт, курулуш жана коммуникация бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министри | Ж.Сатыбалдиев |