Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2013-жылдын 15-январы № 19
Ош жана Жалал-Абад шаарларын калыбына келтирүү жана өнүктүрүү боюнча мамлекеттик дирекцияны жоюу жөнүндө
(КР Ѳкмѳтγнγн 2015-жылдын 29-декабры № 892 токтомдун редакциясына ылайык)
Кыргыз Республикасынын мамлекеттик башкаруу системасын оптималдаштыруу боюнча комиссиянын 2012-жылдын 27-декабрындагы сунуштарына, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинин талаптарына ылайык Ош жана Жалал-Абад шаарларын калыбына келтирүү жана өнүктүрүү боюнча мамлекеттик дирекциянын мындан ары иштөөсүнүн максатка ылайыксыздыгына байланыштуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ош жана Жалал-Абад шаарларын калыбына келтирүү жана өнүктүрүү боюнча мамлекеттик дирекция функцияларын Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курулуш жана региондук өнүктүрүү боюнча мамлекеттик агенттикке өткөрүп берүү менен жоюлсун.
2. Ош жана Жалал-Абад шаарларын калыбына келтирүү жана өнүктүрүү боюнча мамлекеттик дирекцияны жоюу боюнча комиссия (мындан ары - жоюу комиссиясы) тиркемеге ылайык курамда түзүлсүн.
3. Жоюу комиссиясы эки айлык мөөнөттө Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинин 96-99-статьяларына ылайык Ош жана Жалал-Абад шаарларын калыбына келтирүү жана өнүктүрүү боюнча мамлекеттик дирекцияны жоюу боюнча иш-чараларды жүргүзсүн.
4. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги:
- Ош жана Жалал-Абад шаарларын калыбына келтирүү жана өнүктүрүү боюнча мамлекеттик дирекцияны жоюуга байланыштуу чыгымдарды жабуу үчүн зарыл каражаттарды издеп тапсын;
- бир айлык мөөнөттө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курулуш жана региондук өнүктүрүү боюнча мамлекеттик агенттик менен бирдикте ушул токтомдон келип чыгуучу сунуштарды Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кароосуна киргизсин;
- (Тѳртγнчγ абзац КР Ѳкмѳтγнγн 2015-жылдын 29-декабры № 892 токтомуна ылайык кγчγн жоготту)
(КР Ѳкмѳтγнγн 2015-жылдын 29-декабры № 892 токтомдун редакциясына ылайык)
5. (КР Ѳкмѳтγнγн 2015-жылдын 29-декабры № 892 токтомуна ылайык кγчγн жоготту)
6. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп табылсын:
- Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн 2010-жылдын 26-июнундагы № 104 "Ош жана Жалал-Абад шаарларын калыбына келтирүү жана өнүктүрүү боюнча мамлекеттик дирекция жөнүндө" токтому;
- "Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн 2010-жылдын 26-июнундагы № 104 "Ош жана Жалал-Абад шаарларын калыбына келтирүү жана өнүктүрүү боюнча мамлекеттик дирекция жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 18-августундагы № 166 токтому;
- "Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн 2010-жылдын 26-июнундагы № 104 "Ош жана Жалал-Абад шаарларын калыбына келтирүү жана өнүктүрүү боюнча мамлекеттик дирекция жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 12-майындагы № 211 токтому.
6. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
7. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын региондук өнүктүрүү, транспорт, курулуш жана коммуникациялар бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министри | Ж.Сатыбалдиев |
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 15-январындагы № 19 токтомуна тиркеме |
Мамбетов Т.М. - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курулуш жана региондук өнүктүрүү боюнча мамлекеттик агенттиктин директорунун орун басары, жоюу комиссиясынын төрагасы;
Жээнбеков Ж.А. - Ош жана Жалал-Абад шаарларын калыбына келтирүү жана өнүктүрүү боюнча мамлекеттик дирекциянын башкы директору, жоюу комиссиясынын төрагасынын орун басары;
Кокочаров У.К. - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курулуш жана региондук өнүктүрүү боюнча мамлекеттик агенттиктин алдындагы Турак жай-жарандык курулуш департаментинин директору, жоюу комиссиясынын төрагасынын орун басары.
Комиссия мүчөлөрү:
Алимбеков Ж. - Ош жана Жалал-Абад шаарларын калыбына келтирүү жана өнүктүрүү боюнча мамлекеттик дирекциянын башкы бухгалтери;
Кеңешбаев М.С. - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курулуш жана региондук өнүктүрүү боюнча мамлекеттик агенттиктин алдындагы Турак жай-жарандык курулуш департаментинин башкы бухгалтери;
Файзулдаев Д.М. - Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин капиталдык салымдар боюнча бөлүмүнүн начальниги;
Кеңешов Т.С. - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курулуш жана региондук өнүктүрүү боюнча мамлекеттик агенттиктин шаар куруу жана аймактарды өнүктүрүү башкармалыгынын начальниги;
Рыскулов М.А. - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курулуш жана региондук өнүктүрүү боюнча мамлекеттик агенттиктин укуктук камсыздоо бөлүмүнүн начальниги;
Сагынова Ч.Х. - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курулуш жана региондук өнүктүрүү боюнча мамлекеттик агенттиктин алдындагы Турак жай-жарандык курулуш департаментинин капиталдык курулуш объекттерине мониторинг жүргүзүү жана тизмегин түзүү башкармалыгынын начальнигинин орун басары.