Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2013-жылдын 16-марты № 92-б
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 30-декабрындагы № 735 «Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 98, 242, 255, 257, 258, 280, 281, 287 жана 295-беренелеринин жана «Кыргыз Республикасынын Салык кодексин колдонууга киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 11-беренесинин талаптарын ишке ашыруу боюнча чаралар жөнүндө» токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында акциздик жыйым маркаларын берүү жана колдонуу тартиби жөнүндө жобого ылайык:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматына «Халык Банк Кыргызстан-Бишкек» ачык акционердик коомунун филиалындагы өздүк эсебинде бөгөттөлгөн 5 000 000 (беш миллион) сом суммасындагы акча каражаттарын аймактык бөлүмдөрү үчүн оңдоо-куруу иштерин жүргүзүү, кызматтык автомашиналарды, эмеректерди жана жабдууларды сатып алуу үчүн колдонууга уруксат берилсин.
2. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматына жүктөлсүн.
Премьер-министри | Ж.Сатыбалдиев |