Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2013-жылдын 2-апрели № 110-б
Кыргыз Республикасынын аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдар тутумундагы функционалдык жана түзүмдүк өзгөртүүлөргө байланыштуу:
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2000-жылдын 30-мартындагы № 110-б буйругу менен бекитилген Чек ара маселелери боюнча өкмөттүк комиссия жөнүндө жобого төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
- 5-пункту төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
"5. Комиссиянын курамына кызмат орду боюнча төмөнкүлөр кирет:
Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри (коопсуздук, укуктук тартип жана чек ара маселелерин тейлөөчү), Комиссиянын төрагасы;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чек араларды делимитациялоо маселелери боюнча атайын өкүлү, Комиссиянын төрагасынын орун басары;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппарат жетекчиси - министр;
Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министри;
Кыргыз Республикасынын юстиция министри;
Кыргыз Республикасынын финансы министри;
Кыргыз Республикасынын коргоо министри;
Кыргыз Республикасынын ички иштер министри;
Кыргыз Республикасынын айыл чарба жана мелиорация министри;
Кыргыз Республикасынын транспорт жана коммуникациялар министри;
Кыргыз Республикасынын эмгек, миграция жана жаштар министри;
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик улуттук коопсуздук комитетинин төрагасы;
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек ара кызматынын төрагасы;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасы;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонддун төрагасы;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Кыргыз Республикасынын Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Кыргыз Республикасынын Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Кыргыз Республикасынын Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Кыргыз Республикасынын Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Кыргыз Республикасынын Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Кыргыз Республикасынын Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Геология жана минералдык ресурстар боюнча мамлекеттик агенттиктин алдындагы Мамлекеттик картография-геодезия кызматынын директору;
Кыргыз Республикасынын Айыл чарба жана мелиорация министрлигинин "Кыргызгипрозем" жерге жайгаштыруу боюнча мамлекеттик долбоорлоо институту" мамлекеттик ишканасынын директору, Комиссиянын жооптуу катчысы.";
- 7-пункттагы "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын чек араларды делимитациялоо жана чек ара аймактарын өнүктүрүү бөлүмү" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чек араларды делимитациялоо маселелери боюнча атайын өкүлүнүн катчылыгы" деген сөздөргө алмаштырылсын.
Премьер-министри | Ж.Сатыбалдиев |