Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2013-жылдын 5-апрели № 114-б
1. Кыргыз Республикасы менен Сауд өнүктүрүү фондунун ортосундагы Тараз-Талас (III фаза) автомобиль жолун кайра конструкциялоо долбоору боюнча насыялык макулдашуунун тиркелген долбоору жактырылсын.
2. Кыргыз Республикасынын финансы министрине принциптүү эмес мүнөздөгү өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү укугу менен аталган Насыялык макулдашуунун долбооруна кол коюуга ыйгарым укук берилсин.
Премьер-министри | Ж.Сатыбалдиев |
| Долбоор |
| Расмий эмес котормо |
Насыя № ______
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Сауд Өнүктүрүү Фондунун ортосундагы НАСЫЯЛЫК МАКУЛДАШУУ Тараз-Талас автожолунун долбоору (үчүнчү фаза)
Макулдашууга 1434 X "___" _________________ кол коюлган, бул 2013-жылдын "___" _______________ туура келет.
Төмөнкүлөрдүн ортосунда түзүлдү:
1) Кыргыз Республикасынын (мындан ары "Карыз алуучу" деп аталуучу) атынан чыгуучу ________________________;
2) Сауд Өнүктүрүү Фонду, Рияд, Сауд Аравиясы Королдугу (мындан ары "Фонд" деп аталуучу) атынан чыгуучу __________________.
Преамбула
(A) Бул Макулдашуунун (мындан ары "Долбоор" деп аталуучу) № (2) Графигинде баяндалган Тараз-Талас автожолунун долбоорун (Үчүнчү фаза) каржылоого көмөк көрсөтүү үчүн Насыя берүү өтүнүчү менен Карыз алуучу Фондго кайрылгандыгынын негизинде;
(B) Карыз алуучу менен Ислам банкынын (мындан ары "Ислам Банкынын насыялык макулдашуусу" деп аталуучу) ортосунда "___" __________________ түзүлгөн Макулдашууда баяндалган шарттарда долбоордун бир бөлүгүнүн чыгымдарын каржылоого көмөк көрсөтүү үчүн Карыз алуучу Ислам Өнүктүрүү Банкынан (мындан ары "Ислам Банкы" деп аталуучу) он миллион (10000000) АКШ доллары өлчөмүндө насыя алгандыгынын негизинде;
(C) Фонддун максаты өнүгүп келе жаткан өлкөлөргө өнүктүрүү долбоорлорун, программаларын ишке ашыруу үчүн керектүү насыяларды берүү жолу менен ал мамлекеттердин экономикасынын өнүгүүсүнө жардам көрсөтүү болуп эсептелгендигинин негизинде;
(D) Фонддун Кыргыз Республикасынын достук мамиледеги элинин экономикасынын өнүгүүсүндө Долбоордун маанилүүлүгү жана анын ийгиликтүү таасир берүүсүнө ынангандыгынын негизинде; жана
(Е) Фонддун Директорлор кеңешинин жогоруда баяндалгандарга тиешелүү өзүнүн № 10/106/2052 резолюциясы менен, Карыз алуучуга төмөндөгү шарттарда Насыя берүүгө макулдугунун негизинде.
Жогоруда баяндалгандарды эске алуу менен бул Макулдашуунун тараптары төмөндөгүлөр тууралуу макулдашты:
I берене. Жалпы шарттар; аныктамалар
1.01-бөлүм. Бул Макулдашуунун тараптары, "Фонддун насыялык макулдашууларына колдонулуучу жалпы шарттардын" бардык жоболорун кабыл алышат, ал жобо Директорлор кеңешинин ушул Макулдашууда толук берилгендей күчкө жана аракетке ээ болгон, 1976-жылдын 26-июлуна туура келүүчү 29 Раджаб 1396 Х № 11/14 резолюциясы менен чыгарылган ("Фонддун насыялык макулдашууларына колдонулган жалпы шарттарда" айтылган, мындан ары "Жалпы шарттар" деп аталат).
1.02-бөлүм. Бул Макулдашууда пайдаланылган бардык учурларда, эгер контекст башка терминди талап кылбаса, мааниси бул Макулдашуунун Жалпы шарттарында жана Преамбуласында келтирилген бир нече терминдер аларда жазылган тиешелүү мааниге ээ болушат, ал эми "Министрлик" термини Транспорт жана коммуникациялар министрлиги - Карыз алуучу дегенди билдирет.
II берене. Насыя
2.01-бөлүм. Насыялык Макулдашууда баяндалган же эскертилген шарттарда Фонд Карыз алуучуга отуз жети миллион беш жүз миң (37500000) сауд риалынын өлчөмүндө Насыя берүүгө макул болду.
2.02-бөлүм. Ушул Макулдашуунун № (1) графиктин жоболоруна ылайык, Карыз алуучу менен Фонддун ортосундагы келишим боюнча бул Графикке мезгил-мезгили менен өзгөртүүлөр киргизилип тургандыгына байланыштуу жана Долбоор үчүн керектелген жана Насыянын каражаттарынан каржылана турган товарлардын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн негизделген наркына карата жумшалган (же, эгер Фонд башка чыгымдарга жумшаганга макулдугун берген) чыгымдар үчүн Сауд Өнүктүрүү Фондунун насыяларынын каражаттарын эсептен алуу жол-жоболоруна ылайык Карыз алуучу бул сумманы Насыя эсебинен алууга укугу бар.
2.03-бөлүм. Карыз алуучу Насыя каражаттарын Долбоорду ишке ашырууга талап кылынган товарлардын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн негизделген наркын каржылоо үчүн гана милдеттенет. (Мындай товарларды жана кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алуу Подрядчыларды жалдоо жана товарларды сатып алуу боюнча колдонмого ылайык, ошондой эле Координациялык топту өнүктүрүү институтунун мүчөлөрүнүн 2001-жылы биринчи чыгарылышындагы консультанттарын тартуу менен ишке ашырылат). Карыз алуучу Насыянын каражаттарынан каржылануучу контракттарды түзүүнүн алдында же кандайдыр бир маанилүү өзгөртүүлөрдү киргизүүнүн алдында Фонддун жактыруусун алат.
2.04-бөлүм. Долбоорду аяктоо датасы катары 2014-жылдын 31-декабры же Фонд тарабынан белгиленген андан кийинки дата эсептелет. Мындан кийинки дайындалган дата тууралуу Фонд Карыз алуучуга дароо маалымдайт.
2.05-бөлүм. Карыз алуучу Насыянын мезгил-мезгили менен алынып туруучу жана төлөнбөй калган негизги суммасы боюнча жылдык бир пайыз (1%) коюм менен пайыз төлөйт.
2.06-бөлүм. Насыя боюнча пайыз жана башка пайыздар жарым жылда бир жолу (ар бир жылдын 15-январында жана 15-июлунда) төлөнүп турат.
2.07-бөлүм. Насыянын мөөнөтү беш жылдык жеңилдетилген мезгилди кошкондо жыйырма беш (25) жылды түзөт. Карыз алуучу Насыянын негизги суммасын бул Макулдашуунун № (3) графигинде көрсөтүлгөн аммортизациялоо Графигине ылайык төлөйт.
III берене. Долбоорду аткаруу
3.01-бөлүм (а) Карыз алуучу Министрликтин катышуусу менен тиешелүү жоопкерчилик жана натыйжалуулукта, административдик, финансылык жана инженердик практикага ылайык Долбоорду аткарат, ошондой эле Долбоорду ишке ашырууга керек болгон акча каражаттары, жабдуулар, кызмат көрсөтүүлөр жана башка тиешелүү ресурстар менен камсыздайт.
(b) Бул бөлүмдүн (а) пунктунун маанисине зыян келтирбестен Карыз алуучу тиешелүү мөөнөттө долбоорду аткаруу үчүн керек болгон бардык башка акча каражаттарды берет (ушул Макулдашууга кол коюлган учурда бааланган нарктан ашып кеткен наркты төлөп берүүгө керектелген бардык акча каражаттарын кошкондо).
3.02-бөлүм. Карыз алуучу Министрлик тарабынан даярдыгына жараша пландарды, өзгөчөлүктөрдү, отчетторду, контракттык документтерди жана Долбоор боюнча куруу жана сатып алуу графиктерин, ошондой эле аларга ар кандай өзгөрүүлөрдү жана толуктоолорду Фонддун суроо-талабы боюнча кеңири маалыматтарды ага жиберилишине көзөмөл жүргүзүп турат.
3.03-бөлүм. Долбоорду аткарууга, Министрликтин көзөмөл жүргүзүү иштерине көмөк көрсөтүү максатында Карыз алуучу Министрликтин Фонд үчүн алгылыктуу болгон тажрыйбалуу жана квалификациялуу консультанттарды жалдоосуна көз салат.
3.04-бөлүм. Долбоорду аткарууда Карыз алуучу Министрликтин Фондду канааттандыра турган шартта Фондго алгылыктуу болгон компетенттүү жана квалификациялуу подрядчыларды жалдоосуна көз салат.
3.05-бөлүм. Карыз алуучу долбоорду аткаруу үчүн Министрликтин Сауддук жеткирүүчүлөргө, подрядчыларга жана консультанттарга артыкчылык берүүсүнө көз салууга милдеттенет.
3.06-бөлүм. Карыз алуучу Министрлик тарабынан Насыянын каражаттарынан каржылануучу алынып келинген товарларды сатып алуудагы, пайдалануу же монтаждоо ордуна жеткирүүдөгү коркунучтарды камсыздандыруу иштери жүргүзүлгөндүгүнө көзөмөл жүргүзөт. Мындай камсыздандырууга байланыштуу бардык төлөмдөр Карыз алуучунун эркин пайдаланган валютасында мындай товарларды алмаштыруу же оңдоо максатында төлөнөт.
3.07-бөлүм. Карыз алуучу Министрлик тарабынан Насыянын каражаттарынан каржыланган бардык товарлардын долбоорду ишке ашырууда гана пайдаланылышына көзөмөл жүргүзөт.
3.08-бөлүм. Карыз алуучу Министрлик тарабынан төмөнкү иштердин аткарылышына көзөмөл жүргүзөт: (а) Насыя каражаттарынан каржылана турган товарларды идентификациялоо максатында Долбоордун прогрессинин эсебин алууга жана мониторингине жетишээрлик эсептик документтер жүргүзүлүшүнө (чыгымдар менен бирге) жана Долбоордун чегинде аларды пайдалануу тууралуу маалымат берүүгө; (b) Фонддун өкүлдөрүнө Долбоордогу объекттерди, куруу аянттарын карап чыгууга, ошондой эле Кредиттик каражаттан каржыланган товарларды жана кызмат көрсөтүүлөрдү, тиешелүү жазууларды жана документтерди көзөмөлдөөгө жол берет; жана (с) долбоор боюнча Фонд тарабынан суралган бардык маалыматтарды, Кредиттин каражаттарынын чыгымдары тууралуу, ошондой эле мындай каражаттардан каржыланган товарлар жана тейлөөлөр тууралуу маалыматтарды берүүгө.
3.09-бөлүм. Карыз алуучу Долбоорду аткарууда керектелиши мүмкүн болгон бардык жер участкаларын жана жер укуктарын качан жана кантип ала тургандыгы тууралуу бардык аракеттерди көрөт.
IV берене. Өзгөчө милдеттенмелер
4.01-бөлүм. (а) Карыз алуучу жана Фонд тышкы карыздар Насыянын алдында, мамлекеттик активдерге тиешелүү эч кандай артыкчылыктарга ээ эместиги тууралуу келишимдерин тастыкташат. Бул үчүн, кайсы бир тышкы карызды төлөө тартибинде Карыз алуучунун кайсы бир активдерин кармоодо кандайдыр бир укук пайда болгон учурда, мындай кармоо укугу Фонд үчүн факттын өз күчү үчүн жана башка кошумча чыгымдарсыз бирдей деңгээлде жана Кредиттин негизги суммасына пропорционалдуу кызматты камсыздоодо, Кредит боюнча башка пайыздар, ошондой эле ар кандай ушул сыяктуу кармоо укуктары пайда болгон учурда, жогоруда айтылгандарды караган түздөн-түз жөнгө салуу жоболорунун болушуна Карыз алуучу милдеттенет.
(b) Бул Бөлүмдүн (а) пунктунда каралган жоопкерчилик төмөнкүлөргө таралбайт:
i) мындай мүлктү сатып алуу учурунда пайда болуучу, аны сатып алуучу баасын төлөөнү камсыз кылуу тартибинде гана мүлктү кармоо укугу;
ii) бул карызды алган биринчи күндөн баштап, бир жылдан кечиктирилбестен төлөө мөөнөтү келген карызды төлөө жана мындай коммерциялык товарларды сатуу каражаттарынын эсебинен төлөнүүчү карызды камсыздоо тартибинде коммерциялык товарларды кармоо укугу; же
iii) демейдеги банк операциялары процессинде пайда болгон жана анын төлөө мөөнөтү, алган датадан бир жылдан кийин келген карызды камсыздоо катары эсептелген ар кандай кармап калуу укугу.
4.02-бөлүм. Карыз алуучу Министрликтин долбоорго байланыштуу жалпы кабыл алынган эсепке алуу практикасына ылайык бардык операцияларды, ресурстарды жана чыгымдарды чагылдыруу үчүн жетиштүү болгон Министрлик же Карыз алуучунун Долбоорду аткарууга жооп бере турган башка администрациялар жана түзүмдөр менен байланышкан эсепке алуу документтерин жүргүзүшүнө көз салат.
4.03-бөлүм. Карыз алуучу Министрликтин коркунучтарга каршы долбоорго, өз өлкөсүндө колдонулуучу ченемдерге ылайык практикага шайкеш келген суммада камсыздандырганына же камсыздандырууну камсыз кылганына көз салат.
4.04-бөлүм. Карыз алуучу Министрлик тарабынан Долбоордун объектисинин биринин көрүнүктүү жерине Долбоорду каржылоодо Фонддун салымы көрүнүп тургудай бетондон же башка ылайыктуу материалдан Эскертүүчү такта даярдалышын камсыздоого милдеттенет.
4.05-бөлүм. Карыз алуучу кабыл алынган инженерлик принциптерге ылайык жана өзүнүн жылдык бюджетинде ушул максаттар үчүн зарыл каражаттарды кароо үчүн Долбоорду мезгилдүү текшерүүнү жалпы тейлөөнү камсыздоого милдеттенет. Ошондой эле Карыз алуучу Фонддун өтүнүчү боюнча ага кабыл алынган пландын мазмунун берүүгө милдеттенет.
4.06-бөлүм. Карыз алуучу Фонддон алдын ала жактыруу алгандан кийин гана Долбоорго ар кандай оңдоолор менен ишти улантууга милдеттенет.
4.07-бөлүм. Карыз алуучу автожол аркылуу өтүүчү автотранспорттук каражаттардын көлөмү жана бийиктиги жолдун түзүмүнөн жана геометриялык стандарттарынын уруксат берилген чегинен ашпаш үчүн бардык чараларды көрөт.
4.08-бөлүм. Долбоор аяктагандан кийин, бирок кандай болгон да Кредиттин каражаттарын алгандан акыркы датасынан кийинки алты айдын ичинде, же Фонд макулдугун берген андан да кийинки даталарда Карыз алуучу Фонд талап кылган формада, Министрлик тарабынан Долбоордун аткарылышы, колдонууга берилиши, анын наркы жана андан түшкөн пайда, ошондой эле Насыялык Макулдашуу боюнча Карыз алуучунун өз милдеттерин аткаруусу жана Насыянын максаттарына жетүүсү тууралуу отчет даярдап Фондго жиберүүсүн көзөмөлдөйт.
V берене. Фонддун укук коргоо каражаттары
5.01-бөлүм. Жалпы шарттардын 6.02-бөлүмүнүн максаттарында анын (f) пункту үчүн төмөнкү кошумча маалыматтар аныкталды:
(a) Бул Бөлүмдүн (b) бөлүмчөсүнүн шартында:
i) Карыз алуучуга Долбоорду каржылоо үчүн берилген кайсы бир насыянын же гранттын каражатын алуу укугу ушуну караган макулдашуунун шарттарына ылайык жалпысынан токтотулса, жоюлса же толугу менен бузулса, же
ii) мындай ар кандай насыя макулдашылган мөөнөткө чейин төлөнүп берилүүгө тийиш болсо.
(b) эгер Карыз алуучу Фондго мындай (i) токтотуулар, жоюулар, бузуу же мөөнөтүнөн эрте төлөп берүү Карыз алуучунун бул макулдашуу боюнча милдеттерин аткарбай койгондугу үчүн болбогондугун далилдеп жана (ii) Карыз алуучунун бул Макулдашуу боюнча башка булактардан бул Макулдашуу боюнча Кыргыз алуучунун милдеттемелерине жооп берген шарттарда каражат алууга мүмкүнчүлүгү бар экендиги аныкталса, бул Бөлүмдүн (а) бөлүмчөсү Карыз алуучуга колдонулбайт.
5.02-бөлүм. Жалпы шарттардын 7.01-бөлүмүнүн максаттарында, анын (d) пункту үчүн төмөнкүлөр аныкталды, тактап айтканда бул Макулдашуунун 5.01-бөлүмүнүн (а) (ii) бөлүмчөсүндө көрсөтүлгөн окуя болуп өтсө жана Фонд тарабынан Карыз алуучуга бул окуянын келе турган датасынан алтымыш күндөн (60) ашык мөөнөткө узартылат.
VI берене. Күчүнө кирүү датасы - Бузуу
6.01-бөлүм. Жалпы шарттардын 12.04-бөлүмүнүн максаттары үчүн бул Макулдашууга кол коюлган датадан тартып алты айлык мезгил аныкталган.
VII берене. Карыз алуучунун өкүлү, даректери
7.01-бөлүм. Карыз алуучунун финансы министри Жалпы шарттардын 11.03-бөлүмүнүн максаттарында Карыз алуучунун өкүлү катары дайындалды.
7.02-бөлүм. Төмөнкү даректер Жалпы шарттардын 11.01-бөлүмүнүн максаттарында аныкталды:
Фонд үчүн
Сауд Өнүктүрүү Фонду
П.Я. 50483
Рияд 11523
Сауд Аравия Королдугу
Тел.: +966-1-2794000
Телефакс: +966-1-4647450
E-mail: i№fo@sfd.gov.sa
Карыз алуучу үчүн
1 - Финансы министрлиги
Тел.: +
Телефакс: +
2 - Транспорт жана коммуникациялар министрлиги
Тел.: +
Телефакс: +
Буларды ырастап, бул Макулдашуунун тараптары, белгиленген тартипте ыйгарым укук берилген өздөрүнүн өкүлдөрү аркылуу бул Макулдашууга өздөрүнүн тиешелүү аттары менен Кыргыз Республикасынын Бишкек шаарында, тексттин башында көрсөтүлгөн күнү, айы жана жылы, араб тилинде эки нускада кол коюшту, алардын ар бири түп нуска деп эсептелет, ал эми Жалпы шарттардын араб тилиндеги көчүрмөсү Карыз алуучуга өткөрүлүп берилет.
Кыргыз Республикасы үчүн ________________________ |
| Сауд Өнүктүрүү Фонду үчүн _________________________ |
|
| № (1) График |
Насыянын каражаттарын алуу
(А) Төмөндө келтирилген таблица Насыянын каражаттарынын эсебинен каржылануучу ар бир категорияларга Насыянын суммасын бөлүү жана каржылануучу ар бир пункт боюнча чыгымдардын пайыздарын бөлүүнү көрсөтөт:
| Категория | Насыянын бөлүнүп берилген суммасы (сауд риалында) | Каржылоого чыгымдардын пайызы |
1 | Жол жана көпүрөлөрдү, кульветтерди куруу боюнча иштерди аткаруу үчүн жарандык иштер. Долбоордун биринчи участогу. | 33750000 | Жалпы чыгымдардан 48% |
2 | Бөлүнө элек сумма | 3750000 |
|
| Жалпы: | 37500000 |
|
(B) жогорудагы (А) пунктунун жоболоруна карабастан, төмөндөгү көрсөтүлгөндөр үчүн жүргүзүлгөн төлөмгө карата эч бир каражат алынбайт:
1) бул Макулдашуунун датасына чейин жумшалган чыгымдар.
2) Карыз алуучунун аймагында товарларга, кызмат көрсөтүүлөргө же аларды алып келүүлөргө, өндүрүүгө, сатып алууга же жеткирүүгө салынган салыктар.
(C) жогорудагы (А) пунктунун таблицасында белгиленген, Насыянын суммасын бөлүштүрүүгө же төлөмдүн пайызына карабастан, эгер Фонд ошол учурдагы Категорияга бөлүнгөн Кредиттин суммасы бул Категориядагы чыгымдардын пайызын каржылоого жетишсиз деп негиздүү бааласа, анда Фонд Карыз алуучуга билдирүү менен төмөндөгү иштерди аткара алат:
(i) Насыянын каражаттарынан Фонддун пикири боюнча башка чыгымдарды жабууга кереги жок деп табылган жана ошол учурда жетишердик көлөмдө бөлүнбөй калган, бул Категориянын жетишпеген суммасын жетишердик көлөмдө кайра бөлүштүрөт; жана
(ii) эгер мындай кайра бөлүштүрүү бааланган жетишпей калган сумманы толугу менен жаппай калса, бул Категория боюнча бардык чыгымдар төлөнүп бүткүчө, андан аркы каражаттарды алуу иштерин уланта берүү үчүн төлөмдүн пайызын кыскартат.
|
| № (2) График |
Долбоордун баяндалышы
Долбоор Кыргыз Республикасынын бир канча облустарын байланыштырып турган негизги жолду реабилитациялоо аркылуу калктын жана товарлардын кыймылын камсыздоо жолу менен өлкөнүн социалдык экономикалык деңгээлин көтөрүүгө жана өлкөнүн батыш жана чыгыш аймактарын байланыштыруу менен транспорттордун бир калыптагы кыймылын камсыздоого багытталган.
Долбоор төмөнкү бөлүмдөрдөн турат:
Биринчи бөлүм - Жарандык иштер төмөнкү иш-чараларды камтыйт:
1 - Жалпы узундугу 30 километрди түзгөн (III фаза, 75-105 км), ар бир жагынын кеңдиги 3,5 м, эки тилкелүү жана ар бир жагынын кеңдиги 2,5 м болгон жол боюнан турган автожолду реабилитациялоо;
2 - 6 көпүрө куруу;
3 - 52 кульверт куруу.
Экинчи бөлүм - Долбоорду көзөмөлдөө боюнча консультациялык кызматтар.
Долбоордун жалпы наркы 22 млн. АКШ долл. өлчөмүндө бааланат, бул болсо 82,5 млн. СР эквивалентин түзөт жана аны 2015-жылдын аягында аяктоо күтүлөт.
|
| № (3) График |
Амортизациялоо графиги
Төлөм № | Төлөм датасы | Сауд риалындагы төлөм суммасы |
1 | 15.01.2018 | 937500 |
2 | 15.07.2018 | 937500 |
3 | 15.01.2019 | 937500 |
4 | 15.07.2019 | 937500 |
5 | 15.01.2020 | 937500 |
6 | 15.07.2020 | 937500 |
7 | 15.01.2021 | 937500 |
8 | 15.07.2021 | 937500 |
9 | 15.01.2022 | 937500 |
10 | 15.07.2022 | 937500 |
11 | 15.01.2023 | 937500 |
12 | 15.07.2023 | 937500 |
13 | 15.01.2024 | 937500 |
14 | 15.07.2024 | 937500 |
15 | 15.01.2025 | 937500 |
16 | 15.07.2025 | 937500 |
17 | 15.01.2026 | 937500 |
18 | 15.07.2026 | 937500 |
19 | 15.01.2027 | 937500 |
20 | 15.07.2027 | 937500 |
21 | 15.01.2028 | 937500 |
22 | 15.07.2028 | 937500 |
23 | 15.01.2029 | 937500 |
24 | 15.07.2029 | 937500 |
25 | 15.01.2030 | 937500 |
26 | 15.07.2030 | 937500 |
27 | 15.01.2031 | 937500 |
28 | 15.07.2031 | 937500 |
29 | 15.01.2032 | 937500 |
30 | 15.07.2032 | 937500 |
31 | 15.01.2033 | 937500 |
32 | 15.07.2033 | 937500 |
33 | 15.01.2034 | 937500 |
34 | 15.07.2034 | 937500 |
35 | 15.01.2035 | 937500 |
36 | 15.07.2035 | 937500 |
37 | 15.01.2036 | 937500 |
38 | 15.07.2036 | 937500 |
39 | 15.01.2037 | 937500 |
40 | 15.07.2037 | 937500 |
ЖЫЙЫНТЫГЫ | 37500000,00 | |