Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2013-жылдын 5-апрели № 116-б
Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги менен Украинанын Саламаттык сактоо министрлигинин ортосундагы Кызматташуу жөнүндө меморандумдун тиркелген долбоору мүмкүн болгон оңдоолорду жана принциптүү эмес мүнөздөгү толуктоолорду эске алуу менен жактырылсын.
Премьер-министри | Ж.Сатыбалдиев |
| Долбоор |
Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги менен Украинанын Саламаттык сактоо министрлигинин ортосундагы Кызматташуу жөнүндө МЕМОРАНДУМ
Мындан ары Тараптар деп аталуучу Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги жана Украинанын Саламаттык сактоо министрлиги,
эки мамлекеттин калкынын кызыкчылыгын көздөгөн саламаттык сактоо жана медициналык илим чөйрөсүндө кызматташтыкты өнүктүрүүгө өбөлгө түзүүнү каалап,
өз ара кызыгууну туудурган медициналык көйгөйлөрдү чечүүнү тездетүүгө багытталган күчтөрдү бириктирүүнүн маанилүүлүгүн эске алып,
эки мамлекеттин ортосундагы мамилени өнүктүрүүдө бул кызматташтык маанилүү салым боло тургандыгына ишеним көрсөтүү менен,
төмөнкү келишимди түзүштү:
1-берене.
Тараптар саламаттык сактоо жана медициналык илим чөйрөсүндөгү эки тараптуу кызматташтыкты өнүктүрүү жана кеңейтүү боюнча биргелешип иштөө жөнүндө келишим түзүштү.
2-берене.
Тараптар төмөнкү багыттар боюнча кызматташат:
дары-дармек каражаттары жана медициналык жабдуулар чөйрөсүндө төмөнкү жолдор менен:
- фармацевттик иш чөйрөсүндө, изилдөө ыкмалары, дары-дармек каражаттарын өндүрүүдө сапатты контролдоо боюнча маалымат алмашуу;
- фармацевттик продукцияны каттоо жана сатуу;
- медициналык жана лабораториялык жабдууларды каттоо жана сатуу;
- фармацевттик өндүрүштү инвестирлөө жана өнүгүүсүнө көмөктөшүү;
саламаттык сактоо чөйрөсүндө төмөнкү жолдор менен:
- социалдык кооптуу ооруларды, айрым алганда кургак учук жана АИВ/ЖИТС ооруларын профилактикалоо жана алдын алуу;
- үй-бүлөнү пландоо боюнча консультацияларды өткөрүү;
- Тараптардын мамлекеттеринин жарандарын коммерциялык негизде жүргүзүлүүчү дарылоого жиберүү;
медициналык изилдөөлөр чөйрөсүндө төмөнкү жолдор менен:
- медициналык илимди өнүктүрүү, теориялык жана практикалык изилдөөлөрдү жүргүзүү;
- илимий-изилдөө жана медициналык мекемелердин ортосундагы түз байланыштарды түзүү;
- өз ара кызыкчылыкты көздөгөн заманбап медициналык технологиялар боюнча адистер жана маалыматтар менен алмашуу;
- медицина жаатында биргелешкен долбоорлорду жүзөгө ашыруу;
медициналык билим берүү чөйрөсүндө төмөнкү жолдор менен:
- медициналык билим берүү чөйрөсүндө маалымат алмашуу;
- жогорку медициналык окуу жайларда окуу пландарын жана программаларын өркүндөтүү.
3-берене.
Бул Меморандумда көрсөтүлгөн Тараптардын ишин каржылоо Тараптардын улуттук бюджеттеринде каралган каражаттардын чегинде жана Тараптар кол койгон өзүнчө протоколдордун негизинде жүргүзүлөт.
4-берене.
Бул Меморандумдун 2-беренесинде аныкталган чөйрөдө алмашуу программасы боюнча иштеген адистер ишти алып барууда кабыл алган Тараптын улуттук мыйзамдарын, эрежелерин, жоболорун жана өздөрү иштеген мекеменин уставдарын жетекчиликке алат. Бул адистер ушул Меморандумдун 2-беренесинде көрсөтүлгөндөн башка иш менен алектенүүгө укугу жок.
5-берене.
Бул Меморандумдун жоболорун чечмелөөгө жана колдонууга тиешелүү талаш-тартыштар Тараптар ортосунда сүйлөшүүлөр жана консультациялар жолу менен чечилет.
6-берене.
Бул Меморандум эки жылга түзүлөт жана кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет. Эгерде кезектеги мезгилдин бүтөөрүнө 6 ай калганга чейин Тараптардын бири ушул Меморандумдун аракетин токтотуу тууралуу ниетин жазуу түрүндө экинчи Тарапка билдирбесе, ушул Меморандумду колдонуу кийинки эки жылдык мезгилдерге автоматтык түрдө узартылат.
Бул Меморандумга өзгөртүүлөр жана толуктоолор Тараптардын жазуу жүзүндөгү өз ара макулдугу менен киргизилет жана анын ажырагыс бөлүгү болгон протоколдор менен таризделет.
Эгерде Тараптар башкалар жөнүндө макулдашпаса, бул Меморандумду колдонууну токтотуу Тараптардын ушул Меморандумдун жоболоруна ылайык макулдашылган жана аны токтотуу мезгилине карата бүтпөй калган долбоорлорду жана программаларды аткарууга таасир тийгизбейт.
_______________ шаарында, 20__-ж. "___" _______________, үч нускада кыргыз, украин жана орус тилдеринде даярдалды, бардык тексттер бирдей күчкө ээ.
Бул Меморандумдун жоболорун чечмелөөдө кайчы пикирлер келип чыккан учурда Тараптар орус тилиндеги текстти жетекчиликке алат.
Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги үчүн |
| Украинанын Саламаттык сактоо министрлиги үчүн |