РаспоряжениеКүчүн жоготту

КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 5-апрелиндеги № 117-б (Уюштуруу комитетин бекитүү боюнча) буйругу

Редакция05.04.2013 редакциясы
Жүктөө .docx
Бул документ орус тилинде да барОрусча
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби

КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 11-февралындагы № 57-т тескемесине ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

БУЙРУК

2013-жылдын 5-апрели № 117-б

Оогандык кыргыздардын саясий жана аскер ишмери Рахманкул-хан Жапаркул уулунун 100 жылдык мааракесине арналган иш-чараларды даярдоо жана өткөрүү максатында:

1. Уюштуруу комитети төмөнкү курамда бекитилсин:

Талиева К.А.

-

Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри, уюштуруу комитетинин төрагасы;

Сабиров М.Э.

-

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты, уюштуруу комитетинин төрагасынын орун басары (макулдашуу боюнча);

Азыранкулов А.Ж.

-

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү, уюштуруу комитетинин төрагасынын орун басары.

Уюштуруу комитетинин мүчөлөрү:

Раев С.А.

-

Кыргыз Республикасынын маданият, маалымат жана туризм министри;

Садыков К.Ж.

-

Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министри;

Өмүркулов И.Ш.

-

Бишкек шаарынын мэри (макулдашуу боюнча);

Кенжебаев А.Б.

-

Кыргыз Республикасынын Чүй облусунун Сокулук райондук мамлекеттик администрация башчысынын-акимдин милдетин аткаруучу;

Эркебаев А.Э.

-

Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын президенти;

Оторбаев К.Т.

-

Кыргыз Республикасынын коомдук телерадиокорпорациясынын башкы директору (макулдашуу боюнча);

Абдрахманов Ш.

-

Кыргыз Республикасынын "Коомдук телекөрсөтүү ЭЛТР" телерадио берүү компаниясынын директору;

Орунбеков Б.

-

"Кыргыз Туусу" гезитинин башкы редактору;

Осмонов М.

-

"Эркин Тоо" гезитинин башкы редактору;

Слащева Т.М.

-

"Слово Кыргызстана" басма үйүнүн директору башкы редактору;

Жаманкулова А.К.

-

коомдук ишмер (макулдашуу боюнча);

Роза Кутлу

-

коомдук ишмер (макулдашуу боюнча).

2. Уюштуруу комитети оогандык кыргыздардын саясий жана аскер ишмери Рахманкул-хан Жапаркул уулунун 100 жылдык мааракесине арналган иш-чараларды даярдоо планын иштеп чыксын, бекитсин жана өткөрсүн.

3. Юбилейлик иш-чараларды өткөрүүгө байланыштуу чыгымдар демөөрчүлөрдүн каражаттарынын эсебинен ишке ашырылсын.

4. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын билим берүү, маданият жана спорт бөлүмүнө жүктөлсүн.

 

Премьер-министри

Ж.Сатыбалдиев