КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2013-жылдын 9-апрели № 124-б
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарба мамлекеттик агенттиги менен Япониянын Айлана-чөйрөнү коргоо министрлигинин ортосундагы Айлана-чөйрөнү коргоо тармагында кызматташуу жөнүндө меморандумдун тиркелген долбооруна принциптүү эмес мүнөздөгү өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү укугу менен макулдук берилсин.
Премьер-министри | Ж.Сатыбалдиев |
Долбоор
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарба мамлекеттик агенттиги менен Япониянын Айлана-чөйрөнү коргоо министрлигинин ортосундагы Айлана-чөйрөнү коргоо тармагында кызматташуу жөнүндө МЕМОРАНДУМ
Мындан ары "Тараптар" деп аталуучу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарба мамлекеттик агенттиги менен Япониянын Айлана-чөйрөнү коргоо министрлиги Тараптардын ортосунда айлана-чөйрө коргоо тармагындагы кызматташууну тереңдетүү, кеңейтүү жана жакшыртуу максатында төмөнкүлөр тууралуу макулдашты:
1-берене.
Айлана-чөйрөнү коргоону өнүктүрүү максатында Тараптар өздөрүнүн улуттук мыйзамдарына таянып маалымат, тажрыйба жана технологияларды тең укуктуулуктун, өз ара сыйлашуунун жана өз ара пайданын негизинде кызматташат.
2-берене.
Тараптар төмөнкү тармактарда кызматташат:
- айлана-чөйрөнү коргоону башкаруу;
- энергияны үнөмдөө жана энергиянын кайра жаңылануучу булактарын колдонуу;
- климаттын өзгөрүшү;
- биологиялык түрлөр жана корголуучу табигый аймактарды башкаруу;
- өнөр жайлык жана тиричиликтик калдыктарды утилдөө жана кайтадан иштетүү;
- химиялык заттарды башкаруу;
- шаарлардагы жана калктуу конуштардагы атмосфералык абанын сапаты;
- жер бетиндеги жана жер астындагы суулардын сапатын мониторингдөө;
- токойлорду сарамжалдуу жана туруктуу башкаруу.
3-берене.
Тараптардын ушул Меморандумдун 2-беренесинде айтылган багыттарда кызматташуусу төмөнкүдөй формаларда ишке ашырылат:
- визиттерди, тренингдерди, жолугушууларды жана семинарларды уюштуруу;
- изилдөөчүлөрүн, консультанттарын жана эксперттерин бири-бирине иш сапарга жиберүү;
- ушул Меморандумдун 2-беренесинде аталган багыттарда технологияларды алмашуу;
- биргелешкен долбоорлорду иштеп чыгуу жана ишке ашыруу.
4-берене.
Тараптар ушул Меморандумдун алкагында кызматташуу боюнча иш-чараларга катышуу үчүн өкмөттүк жана академиялык институттарды, жеке ишканаларды жана өкмөттүк эмес уюмдарды чакыра алышат.
5-берене.
Бул Меморандумду чечмелөөдө же ишке ашырууда мүмкүн болуучу ар кандай талаштар Тараптардын ортосундагы сүйлөшүүлөр жолу менен чечилет.
6-берене.
Бул Меморандумдагы эч нерсе Тараптардын ортосундагы же үчүнчү тарап менен кызматташуу жөнүндө макулдашууларга зыян келтирүү менен чечмеленбейт.
7-берене.
Бул Меморандум кол коюлган күндөн баштап күчүнө кирет.
Бул Меморандум беш (5) жыл бою колдонулат. Эгерде Тараптардын бири экинчи Тарапка Меморандумду колдонууну токтотуу ниети жөнүндө анын жарактуулук мөөнөтү бүткөнгө чейин кеминде алты (6) ай мурдатан жазуу жүзүндө дипломатиялык каналдар аркылуу билдирбесе, бул Меморандумдун жарактуулугу кийинки беш жылдык мөөнөттөргө өзүнөн өзү узартыла берет.
Бул Меморандумдун колдонулушун токтотуу ушул Меморандумга ылайык бекитилген жана анын колдонулушу токтотулганга чейин башталган долбоорлордун жана иш-чаралардын жарактуулугуна жана мөөнөтүнө таасирин тийгизбейт.
20__-жылдын "___" _____________ ________________ шаарында ар бири кыргыз, орус, япон жана англис тилдериндеги эки нускада түзүлдү жана бардык тексттер бирдей күчкө ээ. Кайчы пикирлер болгон учурда англис тилиндеги текстке артыкчылык берилет.
_______________________________ |
| _______________________________ |
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарба мамлекеттик агенттигинин директору |
| Япониянын Айлана-чөйрөнү коргоо министри |