Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2013-жылдын 9-апрели № 126-б
Кыргыз Республикасынын Экономика министрлиги менен Түркия Республикасынын Премьер-министрине караштуу Инвестицияларды тартуу жана колдоо боюнча агенттигинин ортосундагы Өз ара түшүнүү жөнүндө меморандумдун тиркелген долбооруна принциптүү эмес мүнөздөгү өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү укугу менен макулдук берилсин.
Премьер-министри | Ж.Сатыбалдиев |
Долбоор
Кыргыз Республикасынын Экономика министрлиги менен Түркия Республикасынын Премьер-министрине караштуу Инвестицияларды тартуу жана колдоо боюнча агенттигинин ортосундагы Өз ара түшүнүшүү жөнүндө МЕМОРАНДУМ
Кыргыз Республикасынын Экономика министрлиги менен Түркия Республикасынын ортосундагы кызматташууну активдештирүү максатында Кыргыз Республикасынын Экономика министрлиги менен Түркия Республикасынын Премьер-министрине караштуу Инвестицияларды тартуу жана колдоо боюнча агенттиги 2013-жылдын 10-апрелинде төмөндөгүлөр жөнүндө макулдашты:
1-берене.
Макулдашуучу Тараптар эки Тараптын инвестициялык мыйзамдарында каралган бардык тармактагы инвестициялык иштерди активдештирүү максатында инвестициялар чөйрөсүндөгү өз ара пайдалуу кызматташуу, ошондой эле эки өлкө тарабынан сунушталуучу инвестициялык долбоорлорду жана мүмкүнчүлүктөрдү аныктоо аркылуу мамилелерди чыңдоону макулдашты.
2-берене.
Макулдашуучу Тараптар инвестицияларга дем берүү жана колдоо үчүн механизмдер жана каражаттар аркылуу эки өлкөдө инвестицияларды тартуунун жол-жоболору жана принциптери менен тажрыйба алмашуу жана "ноу-хау" баяндамасы максатында жолугушууларды эки тарап үчүн ыңгайлуу убакытта өткөрүшү керек.
3-берене.
Макулдашуучу Тараптар эки өлкөдө сунушталган инвестициялык мүмкүнчүлүктөрдү жана инвестициялык климатты колдоо максатында жолугушууларды, визиттерди, семинарларды жана конгресстерди уюштуруу үчүн күч жумшоону макулдашты. Ушул беренени колдонууга карата өзгөчө бөлүктөр ушул жааттагы эки тараптуу Макулдашууга жараша болот.
4-берене.
Эки өлкөнүн адилеттүү мыйзамдарына жана Макулдашуучу Тараптардын ортосунда мурда кол коюлган Макулдашууларга негизделип, Макулдашуучу Тараптар инвестициялык көргөзмөлөргө катышуу тууралуу, ошондой эле инвестициялык мүмкүнчүлүктөрдү колдоо жана инвестициялык долбоорлорду аткаруу үчүн керектүү болгон маалыматтарды жана сунуштамаларды берүү аркылуу бири бирине ар түрдүү жардамды көрсөтүүнү макулдашты.
5-берене.
Макулдашуучу Тараптар инвестициялык долбоорлорго, ошондой эле колдонуу шарттарына жана эки өлкөдөгү инвестициялык ишти жүзөгө ашырууга мониторинг жүргүзүүгө тийиштүү маселелер боюнча маалымат алмашууну макулдашты.
6-берене.
Бул Өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандум Тараптар кол койгон учурдан тартып күчүнө кирет жана ага кол коюлган күндөн тартып 10 жыл бою колдонулат. Бул мезгилден кийин ушул Меморандум бир айдын ичинде Тараптардын биринин кат жүзүндөгү билдирүүсү менен аны колдонуу токтотулган учурга чейин колдонулат. Жогоруда жазылгандарга карабастан, ушул Меморандумду колдонуу бир айдын ичинде Тараптардын биринин жазуу жүзүндөгү билдирүүсү жана эки Тараптын макулдугу менен токтотулушу мүмкүн.
Ушул Меморандумдун жоболору кол койгон Тараптардын Кыргыз Республикасына же Түркияга же башка өлкөлөргө башка өлкөлөрдүн катышуусуз инвестициялоосуна тоскоол болбошу керек.
7-берене.
Ушул Меморандум эки Тараптын кат жүзүндөгү макулдугу аркылуу каалаган мезгилде өзгөртүлүшү жана толукталышы мүмкүн.
8-берене.
Потенциалдуу долбоорлор же бүтүмдөр жөнүндө маалыматты ачуу максатында же зарыл болгон учурларда Тараптар маалыматты ачпоо жөнүндө макулдашууга кол кое алышат.
9-берене.
Ушул Меморандумдун жоболору макулдашууларды аткаруунун милдеттүү мүнөздө болбогондугун эске алуу менен чечмелөөдө же колдонууда пайда боло турган түрдүү пикир келишпестиктер эки Тараптын ортосунда бирдикте чечилиши керек. Ушул Меморандум 2013-жылдын "__" _______ бирдей күчкө ээ болгон кыргыз, түрк, англис жана орус тилдеринде кол коюлду. Ушул Меморандумду чечмелөөдө кайчы пикирлер пайда болгон учурларда, англис тилиндеги текст артыкчылыктуу күчкө ээ.
Кол коюучу Тараптар:
Кыргыз Республикасынын Экономика министрлиги |
| Түркия Республикасынын Экономика министрлиги |