Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2013-жылдын 9-апрели № 127-б
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Түркия Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Токой чарба тармагында кызматташуу жөнүндө макулдашуунун мамлекеттик тилде тиркелген долбоору жактырылсын.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинин директоруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Түркия Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Токой чарба тармагында кызматташуу жөнүндө макулдашуунун долбооруна принциптүү эмес мүнөздөгү өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү укугу менен кол коюуга ыйгарым укук берилсин.
Премьер-министри | Ж.Сатыбалдиев |
Долбоор
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Түркия Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Токой чарба тармагында кызматташуу жөнүндө МАКУЛДАШУУ
Мындан ары "Тараптар" деп аталуучу Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жана Түркия Республикасынын Өкмөтү, кыргыз жана түрк элдеринин тилдеринин, маданиятынын, каада-салттарынын жана тарыхынын жалпылыгына негизделген достук мамилелерди чыңдоого ниеттерин билдиришип, тараптардын ортосунда токой чарба тармагында кызматташууну тереңдетүү, кеңейтүү жана жакшыртуу максатында төмөнкүлөр тууралуу макулдашты:
1-берене.
Тараптар токойлорду коргоо жана калыбына келтирүү максатында, өздөрүнүн улуттук мыйзамдарына таянышып, теңдиктин, өз ара сыйлашуунун жана өз ара пайданын негизинде маалымат, тажрыйба жана технологияларды алмашуу жолу менен кызматташат.
2-берене.
Тараптар төмөнкү тармактарда кызматташат:
а) токойлорду туруктуу жана сарамжалдуу башкаруунун критерийлерин жана индикаторлорун даярдоо жана жакшыртуу;
б) биологиялык түрдүүлүк жана табигый ресурстарды башкаруу;
в) токой зоналарындагы суу бассейндерин коргоо жана башкаруу, суу бассейндерин калыбына келтирүүнүн техникалык ыкмалары;
д) токойлорду геоинформациялык системаларды (ГИС) пайдалануу менен инвентаризациялоо;
е) климаттын өзгөрүү өңүтүнөн токойлорду мониторингдөө;
ж) токой өрттөрүнө каршы күрөшүү жана токойлорду ар кандай каражаттар менен, анын ичинде аралыктан изилдөө технологиясын пайдаланып коргоо;
з) уруктарды себүү жана көчөттөрдү өстүрүү технологиялары;
и) зыянкеч курт-кумурскаларды жана бактардын илдеттерин жок кылуу.
3-берене.
Тараптардын бул Макулдашуунун 2-беренесинде айтылган багыттарда кызматташуусу төмөнкүдөй формаларда ишке ашырылат:
а) тренингдик программаларды, жолугушууларды, конференцияларды жана симпозиумдарды уюштуруу;
б) биргелешкен илимий жана техникалык изилдөөлөрдү жүргүзүү;
в) илимий жана техникалык маалыматтарды жана изилдөөлөр боюнча документтерди алмашуу жана токой чарбаны башкарууну өнүктүрүү жана башкаруу практикасы боюнча чараларды иштеп чыгуу;
г) изилдөөчүлөрүн, консультанттарын жана эксперттерин бири-бирине иш сапарга жиберүү;
д) токой чарбасындагы технологияларды алмашуу;
е) биргелешкен долбоорлорду иштеп чыгуу жана ишке ашыруу.
4-берене.
Кызматташуунун тармактарында Тараптар жол кире чыгымдарын жөнөтүүчү тарап, ал эми тамактанууга, жашоого жана жергиликтүү транспортто жүрүүгө чыгымдарды кабыл алуучу тарап көтөрүү шарты менен эксперттерди жана окуучуларды чакырышат.
5-берене.
Тараптар ушул Макулдашуунун алкагында кызматташуу боюнча иш чараларга катышуу үчүн өкмөттүк жана академиялык институттарды, жеке ишканаларды жана өкмөттүк эмес уюмдарды чакыра алышат.
6-берене.
Бул Макулдашууну чечмелөөдө же ишке ашырууда мүмкүн болуучу ар кандай талаштар Тараптардын ортосунда сүйлөшүү жолу менен чечилет.
7-берене.
Бул Макулдашуунун алкагында кызматташууну натыйжалуу ишке ашыруу үчүн Тараптар бекиткен Биргелешкен Комитет төмөнкүдөй иш жүргүзөт:
а) ар бир Тарап ушул Макулдашуу күчүнө киргенден кийин 3 айдын ичинде кызматташтык боюнча иш чараларды аткарууга жоопкерчиликтүү болгон Улуттук Координаторду дайындайт. Улуттук Координатор кызмат орду боюнча бөлүмдүн башчысынан төмөн эмес адам болуусу керек;
б) Ар бир Тарап башка тарапты дайындалган Улуттук Координатор жөнүндө кабарлайт. Ар бир Тарап башка Тарапка кат жүзүндө билдирүү жөнөтүү менен Улуттук Координаторду каалаган учурда алмаштыра алат;
в) Улуттук Координаторлор кызматташтык боюнча 2-беренеде айтылган иш-чараларды камтыган Биргелешкен Жумушчу Программаны даярдоо үчүн биргелешип иштешет;
г) Улуттук Координаторлор 2-беренеде көрсөтүлгөн иш-чараларды талкуулоо үчүн каалаган убакта чогула турган Биргелешкен Комитеттин жолугушууларынын тең төрагалары болушат жана Биргелешкен Комитет кабыл алган сунуштарга ылайык иштешет.
8-берене.
Тараптардын өз ара макулдашуусу боюнча Тараптар алардын кызматташуусунун натыйжаларын үчүнчү Тарапка өздөрүнүн улуттук мыйзамдарын эске алуу менен өткөрүп бере алышат.
9-берене.
Бул Макулдашуу Тараптардын алар катышуучусу болгон эл аралык макулдашууларынан келип чыгышы мүмкүн болгон укуктарына жана милдеттенмелерине зыян келтирүү менен чечмеленбейт.
10-берене.
Тараптардын өз ара макулдашуусу боюнча бул Макулдашууга каалаган убакта оңдоолор киргизилиши мүмкүн. Андай оңдоолор бул Макулдашуунун 10-беренесинде белгиленген тартипте күчүнө кирет.
11-берене.
Бул Макулдашуу Тараптар анын күчүнө кириши үчүн керектүү мамлекет ичиндеги жол-жоболорду аткарышканы жөнүндө акыркы кат дипломаттык каналдар аркылуу алынган күндөн тартып күчүнө кирет.
Бул Макулдашуу беш (5) жыл бою колдонулат. Эгерде Тараптардын бири аны колдонууну токтотуу ниети жөнүндө экинчи Тарапка анын тийиштүү жарактуулук мөөнөтү бүтөөргө чейин кеминде алты (6) ай мурда дипломатиялык каналдар аркылуу жазуу жүзүндө билдирбесе Макулдашуунун жарактуулугу кийинки беш жылдык мезгилдерге өзүнөн өзү узартыла берет.
Бул Макулдашууну колдонуунун токтотулушу ага ылайык бекитилген жана башталган долбоорлордун жана иш-чаралардын жарактуулугуна жана мөөнөттөрүнө таасирин тийгизбейт.
20__-жылдын "__" _________ шаарында кыргыз, түрк жана англис тилдериндеги эки (2) нускада түзүлдү жана бардык тексттер бирдей күчкө ээ. Кайчы пикирлер болгон учурда англис тилиндеги текстке артыкчылык берилет.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү үчүн |
| Түркия Республикасынын Өкмөтү үчүн |