Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2013-жылдын 19-апрели № 142-б
1. Россия Федерациясынын аймагында убактылуу эмгектенүү үчүн Кыргыз Республикасынын жарандарын уюшкандыкта кабыл алуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн ортосундагы макулдашуунун тиркелген долбоору жактырылсын.
2. Кыргыз Республикасынын эмгек, миграция жана жаштар министрине бул Макулдашууга принциптүү эмес мүнөздөгү өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү менен кол коюуга ыйгарым укук берилсин.
Премьер-министри | Ж.Сатыбалдиев |
Долбоор
Россия Федерациясынын аймагында убактылуу эмгектенүү үчүн Кыргыз Республикасынын жарандарын уюшкандыкта кабыл алуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн ортосундагы МАКУЛДАШУУ
Мындан ары Тараптар деп аталуучу Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жана Россия Федерациясынын Өкмөтү,
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн ортосунда эмгекчи мигранттардын эмгек иш-аракети жана аларды социалдык жактан коргоо жөнүндө 1996-жылдын 28-мартындагы макулдашуунун жана анын 2003-жылдын 22-сентябрындагы Протоколунун жоболоруна негизденип,
Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине катышкан мамлекеттердин миграциялык органдарынын жетекчилеринин кеңешинин 2009-жылдын 1-октябрындагы чечими менен бекитилген, Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине катышкан мамлекеттерде эмгектенүү үчүн эмгекчи мигранттарды уюшкандыкта тартуунун жалпы принциптерине жана механизмдерине таянышып,
эмгек миграциясынын көлөмүнүн, багыттарынын жана курамынын эки мамлекеттин социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн кызыкчылыктарына ылайык келүүсүнө жетишүү үчүн эмгек миграциясынын агымын жөнгө салуу чөйрөсүндө кызматташууну өнүктүрүүгө умтулушуп,
төмөнкүлөр жөнүндө макулдашты:
1-берене.
Бул Макулдашуу Россия Федерациясынын аймагында убактылуу эмгектенүү үчүн Кыргыз Республикасынын жарандарын уюшкандыкта кабыл алуу жөнүндө Тараптардын өз ара аракеттенишүү шарттарын жана принциптерин аныктайт.
2-берене.
Бул Макулдашуунун максаттары үчүн төмөндө айтылган түшүнүктөр төмөнкүдөй маанилерге ээ:
убактылуу эмгектенүү - Россия Федерациясынын мыйзамдарына ылайык ишке ашырылуучу, иштөө (кызмат көрсөтүү) үчүн эмгек келишиминин же жарандык-укуктук келишимдин негизинде Россия Федерациясына убактылуу келген Кыргыз Республикасынын жаранына акы төлөнүүчү жумуш;
кызматкер - Россия Федерациясына убактылуу келген жана Россия Федерациясынын аймагында убактылуу эмгектенген Кыргыз Республикасынын жараны;
ыйгарым укуктуу органдар - компетенциясына ушул Макулдашууну ишке ашыруу менен байланышкан маселелерди чечүү кирген Тараптардын мамлекеттеринин мамлекеттик бийлик органдары;
иштегенге уруксат - Россия Федерациясынын ыйгарым укуктуу органдары тарабынан берилген, Кыргыз Республикасынын жаранынын Россия Федерациясынын аймагында убактылуу эмгектенүү укугун тастыктоочу документ;
россиялык иш берүүчү (иштердин (кызмат көрсөтүүлөрдүн) заказчысы) - Россия Федерациясынын мыйзамдарына ылайык иштерди (кызмат көрсөтүүлөрдү) аткаруу үчүн Кыргыз Республикасынын жараны менен түзүлгөн эмгек келишиминин же жарандык-укуктук келишимдин негизинде Россия Федерациясына убактылуу келген Кыргыз Республикасынын жаранынын эмгегин пайдаланган юридикалык же жеке жак;
уюшкандыкта кабыл алуу - россиялык иш берүүчүлөр тарабынан чет өлкөлүк кызматкерлерге керектөөнү аныктоонун жүрүшүндө билдирилген, кесиби жана адистиги боюнча убактылуу эмгектенүү үчүн Кыргыз Республикасынын жарандарын уюшкандыкта кабыл алуу иш-чараларынын комплекси.
3-берене.
1. Бул Макулдашууну ишке ашырууга жооптуу ыйгарым укуктуу органдар:
Кыргыз Республикасы тараптан - Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги, Кыргыз Республикасынын Эмгек, миграция жана жаштар министрлиги, Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги;
Россия тараптан - Федералдык миграция кызматы, Россия Федерациясынын Эмгек жана социалдык жактан коргоо министрлиги, Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин, чет өлкөлөрдө жашаган мекендештердин иштери боюнча жана эл аралык гуманитардык кызматташтык боюнча федералдык агенттиги, Эмгек жана иш менен камсыз кылуу боюнча федералдык кызматы.
Тараптар ыйгарым укуктуу органдардын жана ыйгарым укуктуу мекемелердин өзгөрүүлөрү жөнүндө бири-бирине дипломатиялык каналдар аркылуу дароо маалымдашат.
2. Ыйгарым укуктуу органдар ушул Макулдашууну ишке ашыруу менен байланышкан маселелерди чечүү үчүн биргелешкен жумушчу тобун түзүшөт.
Биргелешкен жумушчу топ, өз жыйындарын зарылдыгына жараша кезеги менен Кыргыз Республикасында жана Россия Федерациясында өткөрөт.
Биргелешкен жумушчу топтун курамы жана ишинин тартиби ыйгарым укуктуу органдардын өз ара макулдашуусуна ылайык белгиленет.
4-берене.
Кыргыз Республикасынын Эмгек, миграция жана жаштар министрлиги Кыргыз Республикасынын жарандарын Россия Федерациясынын аймагында убактылуу эмгектенүүсү үчүн жарандарды тартуу жана уюштуруу иштери боюнча ыйгарым укуктуу орган болот.
5-берене.
Уюшкандыкта кабыл алууну ишке ашырууда Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу органдары өз компетенциясынын чегинде төмөнкү иштерди аткарышат:
- россиялык иш берүүчүлөрдүн өтүнмөлөрү боюнча уюшкандыкта кабыл алуу тартибинде Россия Федерациясында ишке орношуу мүмкүнчүлүгү жөнүндө Кыргыз Республикасынын жарандарына маалымат берүүнү;
- талап кылынган квалификацияга жана иш тажрыйбасына ээ Кыргыз Республикасынын жарандарынын ичинен кандидаттарды тандоону, россиялык иш берүүчүлөрдүн кесиптик-квалификациялык талаптарына ылайык келерин, орус тилин, Россия Федерациясынын миграциялык жана эмгек мыйзамдарын билерин тесттен өткөрүүнү;
- россиялык иш берүүчүлөргө макулдашуу менен Кыргыз Республикасынын аймагында жайгашкан билим берүүчү мекемелерде Кыргыз Республикасынын жарандарын кесиптик даярдоону, анын ичинде орус тилин, Россия Федерациясынын миграциялык жана эмгек мыйзамдарынын негизин, Россия Федерациясынын элдеринин маданий нормаларын жана каада-салттарын билүүгө үйрөтүүнү, ошондой эле Кыргыз Республикасынын жарандарын кайра даярдоо жана квалификациясын жогорулатууну;
- Кыргыз Республикасынын жарандарын медициналык жактан күбөлөндүрүүнү жана Россия Федерациясынын мыйзамдарында каралган тизмеге киргизилген оорулардын Кыргыз Республикасынын жаранында жок экендиги жөнүндө медициналык документтерди Россия Федерациясынын мыйзамдарына ылайык ыйгарым укуктуу медициналык уюмдардын берүүсүн;
- россиялык иш берүүчүлөр (же алардын өкүлдөрү) менен алардын талаптарына ылайык келүүчү Кыргыз Республикасынын жарандарынын кандидатураларын, ошондой эле жумуштарды аткарууга (кызматтарды көрсөтүүгө) эмгек келишимдеринин же жарандык-укуктук келишимдердин долбоорлорунун тексттерин макулдашууну;
- Кыргыз Республикасынын жарандарынын Россия Федерациясында убактылуу болчу жерине чейин баруусун жана алардын Кыргыз Республикасына кайтып келүүсүн уюштурууну.
6-берене.
Уюшкандыкта кабыл алууну ишке ашырууда Россия Федерациясынын ыйгарым укуктуу органдары өз компетенциясынын чегинде төмөнкүлөрдү уюштурушат:
- чет өлкөлүк кызматкерлерди тартуу пландаштырылып жаткан жумуш орундарынын тизмесин түзүүнү жана андан ары актуалдаштырууну;
- кызматкерлерге Россия Федерациясынын аймагында эмгектенүү үчүн документтерди берүүнү;
- кызматкер убактылуу эмгектене турган Россия Федерациясынын субъекттеринин калкты иш менен камсыз кылуучу органдарына, ага иштегенге уруксат берилгени жөнүндө маалымат берүүнү.
7-берене.
Россия Федерациясынын ыйгарым укуктуу органдары кызматкерлердин Россия Федерациясында убактылуу болуу жана убактылуу эмгектенүү мөөнөтү аяктаганда, ошондой эле алар тарабынан Россия Федерациясынын миграция мыйзамдары бузулган учурда кызматкерлерди Кыргыз Республикасынын аймагына кайта жиберүү үчүн мүмкүн болгон бардык чараларды көрүшөт.
8-берене.
Ыйгарым укуктуу органдар өздөрүнүн компетенцияларынын чегинде уюшкандыкта кабыл алуунун иштеши жөнүндө маалыматтарды туруктуу негизде жыйнашат, жалпылашат, талдашат жана мониторингдешет.
9-берене.
1. Уюшкандыкта кабыл алуу тартибинде Россия Федерациясында убактылуу эмгектенүүгө тартылган Кыргыз Республикасынын жарандары менен иштерди аткаруу (кызматтарды көрсөтүү) жөнүндө эмгектик келишимдер же жарандык-укуктук келишимдер Кыргыз Республикасынын аймагында да, Россия Федерациясынын аймагында да түзүлүшү мүмкүн.
2. Иштерди аткарууга (кызматтарды көрсөтүүгө) эмгектик келишим же жарандык-укуктук келишим ажыратылган же иштөө уруксаты жокко чыгарылган учурда Кыргыз Республикасынын жараны ушул Макулдашуунун жоболоруна ылайык Россия Федерациясынын аймагынан беш иш күндүн ичинде чыгып кетүүгө милдеттүү.
10-берене.
Ушул Макулдашуунун максаттары үчүн ыйгарым укуктуу органдар колунда болгон маалыматтык ресурстарын, анын ичинде, уюшкандыкта кабыл алуу тартибинде Россия Федерациясынын аймагында эмгектенүүнү каалаган жана эмгектенип жаткан Кыргыз Республикасынын жарандарына керектүү маалыматтарды жайгаштыруу үчүн Интернет тармагынын тиешелүү сайттарын пайдаланууга укуктуу.
11-берене.
Ушул Макулдашууну колдонууга же чечмелөөгө байланыштуу Тараптардын ортосундагы талаш маселелер консультациялар жолу аркылуу чечилет.
12-берене.
Тараптардын өз ара макулдашуусу боюнча бул Макулдашууга өзүнчө протоколдор менен таризделүүчү өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилиши мүмкүн.
13-берене.
Бул Макулдашуу анын күчүнө кириши үчүн зарыл болгон ички мамлекеттик жол-жоболорду Тараптардын аткарганы жөнүндө акыркы жазуу жүзүндөгү билдирүү дипломаттык каналдар боюнча алынган күндөн баштап күчүнө кирет.
Бул Макулдашуу 5 жыл мөөнөткө түзүлдү жана Тараптардын эч бири экинчи Тарапка аны колдонууну токтотуу ниети жөнүндө ушул Макулдашуунун кезектеги мөөнөтү бүтөөрдөн кеминде 6 ай мурда жазуу жүзүндө кабарлабаса, анын жарактуулугу кийинки беш жылдык мөөнөттөргө өзүнөн өзү узартыла берет.
Бул Макулдашуунун колдонулушу токтотулган учурда Тараптар ушул Макулдашуу колдонулуп жаткан мезгилде пайда болгон милдеттенмелерди жөнгө салышат.
________________ шаарында 201__-жылдын "__" _______________ кыргыз жана орус тилдериндеги эки нускада түзүлдү жана эки текст тең бирдей күчкө ээ.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү үчүн |
| Россия Федерациясынын Өкмөтү үчүн |