Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2013-жылдын 19-апрели № 143-б
1. Тиркелген Пенсия менен камсыз кылуу жаатында жарандардын укуктарынын кепилдиктери жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн ортосундагы Макулдашуунун долбоору жактырылсын.
2. Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун төрагасына принциптүү эмес мүнөздөгү өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү укугу менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн атынан жогоруда аталган Макулдашуунун долбооруна кол коюуга ыйгарым укук берилсин.
Премьер-министри | Ж.Сатыбалдиев |
Долбоор
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 19-апрелиндеги № 143-б буйругу менен жактырылган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн ортосундагы Пенсия менен камсыз кылуу жаатында жарандардын кепилдиктери жөнүндө макулдашуу (______________ ш., 20__ж. "___" _______________)
Мындан ары Тараптар деп аталган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жана Россия Федерациясынын Өкмөтү,
кызматташууну өнүктүрүүнү каалап жана пенсия менен камсыз кылуу жаатында Кыргыз Республикасынын жарандарынын жана Россия Федерациясынын жарандарынын тең укуктуулугуна таянып,
төмөнкүлөр жөнүндө макулдашты:
1-берене.
Бул Макулдашуунун максаттары үчүн төмөнкү терминдердин мааниси:
1. "Жарандар" - Кыргыз Республикасынын же Россия Федерациясынын аймагында туруктуу жашаган жана пенсия менен камсыз кылуу жаатында Тараптар мамлекеттеринин мыйзамдары таркалган адамдар.
2. "Үй-бүлө мүчөлөрү" - Кыргыз Республикасынын пенсиялык мыйзамдарына же Россия Федерациясынын пенсиялык мыйзамдарына ылайык баккан адамынан айрылгандыгы боюнча пенсия алууга укуктуу адамдар.
3. "Эмгек (камсыздандыруу) стажы" - пенсия менен камсыз кылууга камсыздандыруу төгүмдөрү төлөнгөн, Тараптардын мамлекеттеринин мыйзамдары менен ошондой деп таанылган эмгектик жана башка коомдук-пайдалуу ишинин узактыгы.
4. "Ыйгарым укуктуу органдар":
Кыргыз Республикасы үчүн - Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду;
Россия Федерациясы үчүн - Россия Федерациясынын Эмгек жана социалдык коргоо министрлиги.
Бул Макулдашууда колдонулган башка бардык терминдер же сөздөр тийиштүү Тараптын мамлекетинин мыйзамдарында берилген мааниге ээ.
2-берене.
Кыргыз Республикасынын жарандарын жана Россия Федерациясынын жарандарын, ошондой эле алардын үй-бүлө мүчөлөрүн пенсия менен камсыз кылуу, алар аймагында туруктуу жашаган Тараптын мамлекетинин мыйзамдары боюнча ишке ашырылат.
3-берене.
Бул Макулдашуу Тараптардын ар бир мамлекетинин мыйзамдарында белгиленген же белгилене турган жарандарды мамлекеттик пенсия менен камсыз кылуунун бардык түрлөрүнө таркалат.
4-берене.
Тараптар аймагында туруктуу жашаган жарандарга, анын ичинде экинчи Тараптын мамлекетинен көчүп келгендерге (келгендерге) пенсия менен камсыз кылуу жаатында өзүнүн жарандары менен бирдей укуктар беришет.
5-берене.
Ар бир Тарап пенсия менен камсыз кылууга камсыздандыруу төгүмдөрүн жыйноону жана аларды тийиштүү Тараптын мамлекетинин жарандарынын жеке камсыздандыруу эсептерине, Ыйгарым укуктуу органга которууну камсыз кылат.
6-берене.
Бул Макулдашуу боюнча пенсия менен камсыз кылууну ишке ашыруу менен байланышкан бардык чыгымдарды, мындай камсыз кылууну көрсөткөн Тараптын мамлекети көтөрүп, экинчи Тарап менен пенсиялык каражаттарды өз ара эсептешүүнү жүргүзөт.
7-берене.
1. Тараптардын мамлекеттеринин жарандарына пенсия чектөө алардын туруктуу жашаган жери боюнча жүргүзүлөт.
2. Пенсия алуу укугун белгилөө үчүн бул Макулдашуу күчүнө кирген датадан баштап Тараптардын эки мамлекетинин мыйзамдары боюнча ээ болгон эмгек (камсыздандыруу) стажы эсепке алынат.
3. Тараптардын экинчи мамлекетинин аймагына көчүп келген жана көчүп келгенден кийин иштеген, Тараптардын мамлекетинин жарандары үчүн пенсиянын өлчөмү ушул Макулдашуу күчүнө кирген датадан баштап көчүп келгенден кийин эмгек акысын (кирешесин) жана төлөнгөн камсыздандыруу төгүмдөрүн эске алуу менен эсептелет.
8-берене.
1. Пенсионер Тараптын мамлекетинин аймагынан экинчи Тараптын мамлекетинин аймагына көчүп келгенде, эгерде жаны жашаган жери боюнча Тараптын мамлекетинин мыйзамдарында пенсия чектөө үчүн ошондой эле негиздер каралса, мурдагы жашаган жери боюнча пенсия төлөө токтотулат.
Пенсионердин жаңы жашаган жери боюнча пенсия мурда жашаган жери боюнча төлөөлөр токтогон айдан кийинки айдан баштап дайындалат, бирок ал катталган же жашап туруу укугун алган айга чейин кеминде алты айдан ашпайт.
Пенсионердин жаңы жашаган жери боюнча Тараптын мамлекетинин мыйзамдарында бул негиз боюнча пенсия чектөө каралбаса, пенсионер көчүп келген Тараптын мамлекетинин мыйзамдары боюнча пенсия менен камсыз кылуу укугу келип чыкканга чейин пенсия төлөө пенсионер көчүп келген Тараптын мамлекети тарабынан улантылат.
2. Тараптар атайын макулдашуулар менен аныкталган тартипте аталган максаттарга акча которууларды эркин алмашууну камсыз кылат.
9-берене.
Тараптардын эки мамлекетинин аймагында белгиленген тартипте, анын ичинде бул Макулдашуу күчүнө киргенге чейин берилген, ошондой эле, 1992-жылдын 31-декабрына чейин СССРдин курамына кирген Тараптардын мамлекеттеринин аймагында берилген пенсия менен камсыз кылуу үчүн зарыл болгон документтер мыйзамдаштырылбастан кабыл алынат.
10-берене.
Кыргыз Республикасы менен Россия Федерациясынын Куралдуу Күчтөрдүн жана Чек ара аскерлеринин аскер кызматчыларын, ички иштер жана мамлекеттик коопсуздук органдарынын жетекчилик жана катардагы курамдагы адамдарын жана башка адамдарын, ошондой эле алардын үй-бүлө мүчөлөрүн пенсия менен камсыз кылуу атайын макулдашуулар менен жөнгө салынат.
11-берене.
Тараптардын эки мамлекетинин аймагында пенсия менен камсыз кылууну жүзөгө ашырган органдар, алардын Ыйгарым укуктуу органдарынын ортосундагы макулдашуу боюнча аныкталган тартипте бири-бири менен кызматташат.
Ыйгарым укуктуу органдар тарабынан чечилбеген маселелер Тараптардын ортосунда сүйлөшүүлөрдүн предмети болуп эсептелет.
12-берене.
Ыйгарым укуктуу органдар алардын мамлекеттеринде колдонулган пенсиялык мыйзамдар, алардагы өзгөртүүлөр жөнүндө бири бирин кабарлашат, ошондой эле пенсия алуу укугун жана анын өлчөмүн аныктоо үчүн зарыл шарттарды белгилөө үчүн чара көрөт.
13-берене.
Бул Макулдашуу, анын күчүнө кириши үчүн зарыл болгон ички мамлекеттик жол жоболор Тараптар тарабынан аткарылгандыгы жөнүндө дипломатиялык каналдар боюнча жазуу жүзүндө акыркы билдирүү алынган күндөн баштап күчүнө кирет.
14-берене.
1. Бул Макулдашуу беш жылдык мөөнөткө түзүлөт жана ар бир жолу ушундай эле мөөнөткө автоматтык түрдө узартылат.
2. Тараптардын ар бири учурдагы календардык жыл аяктаганга чейин кеминде алты ай мурда экинчи Тарапка ал жөнүндө жазуу жүзүндө билдирип, ушул Макулдашууну колдонууну токтотууга укуктуу, мында бул Макулдашуунун колдонуу мөөнөтү көрсөтүлгөн жыл өткөндөн кийин токтотулат.
3. Бул Макулдашууга ылайык пайда болгон жарандарды пенсия менен камсыз болуу укугу, аны колдонуу токтотулган учурда да күчүн жоготпойт.
4. Тараптардын өз ара келишиминин негизинде кабыл алынган жана тийиштүү протоколдор менен таризделген бул Макулдашууга киргизилген бардык өзгөртүүлөр жана толуктоолор бул Макулдашуунун ажырагыс бөлүгү болуп эсептелет. Протоколдордун күчүнө кириши Тараптардын келишимдери боюнча белгиленген тартипте аныкталат.
20__ж. "___"____________ ______________ ш. эки түп нускада, кыргыз жана орус тилдеринде аткарылды, мында тексттердин экөө тең бирдей күчкө ээ.
Бул Макулдашууну чечмелөөдө кайчы пикирлер чыккан учурда Тараптар орус тилдеги тексти пайдаланышат.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү үчүн |
| Россия Федерациясынын Өкмөтү үчүн |
_______________ (колу) |
| ______________ (колу) |