Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2013-жылдын 30-апрели № 155-б
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2013-жылдын 21-февралындагы № 2805-V "Жаратылыш ресурстарын сарамжалдуу пайдалануу, курчап турган чөйрөнү коргоо, өндүрүш процесстеринин коопсуздугу жана калкты социалдык коргоо боюнча нормаларды жана талаптарды "Кумтөр Оперейтинг Компани" ЖАКынын сактоосун текшерүү жана иликтөө боюнча мамлекеттик комиссиянын ишинин жыйынтыктары жөнүндө" токтомун аткаруу үчүн кабыл алынган Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 12-мартындагы № 127 токтомун ишке ашыруу максатында, "Кумтөр" долбоору боюнча "Центерра Голд Инк." компаниясы менен консультацияларды жана сүйлөшүүлөрдү өткөрүү боюнча консультативдик кеңештин 2013-жылдын 27-апрелиндеги отурумун эске алып:
1. "Кыргызалтын" ачык акционердик коомуна биринчи тараптан Кыргыз Республикасынын Өкмөтү, "Кыргызалтын" ачык акционердик коому жана компания-агент "DLA Piper LLP UK" жана экинчи тараптан "PricewaterhouseCoopers" (РwC) ортосундагы финансылык кызмат көрсөтүү жөнүндө тиешелүү макулдашууну түзүүдө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн атынан жана ал үчүн чыгууга, "Кыргызалтын" ачык акционердик коомунун каражаттарынын эсебинен кызмат көрсөтүүсүн төлөп берүү менен, тапшырма берилсин.
2. "Кыргызалтын" ачык акционердик коомунун башкармасынын төрагасынын орун басары К.Шакировго 1-пунктта аталган макулдашууга Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн атынан кол коюуга ыйгарым укук берилсин жана аталган макулдашууну ишке ашырууда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кызыкчылыктарын билдирүүгө тиешелүү ишеним кат берилсин.
3. "Кыргызалтын" ачык акционердик коому бул буйруктун аткарылышынын жыйынтыгы жөнүндө тиешелүү маалыматты "Кумтөр" долбоору боюнча "Центерра Голд Инк." компаниясы менен консультацияларды жана сүйлөшүүлөрдү өткөрүү боюнча консультативдик кеңешке берсин.
Премьер-министри | Ж.Сатыбалдиев |