Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 11-февралындагы № 57-т тескемесине ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2013-жылдын 2-майы № 157-б
2013-жылы Кыргыз Республикасында Сауд Аравия Королдугунун маданият күндөрүн өз убагында даярдоо жана өткөрүү максатында:
1. 2013-жылы Кыргыз Республикасында Сауд Аравия Королдугунун маданият күндөрүн даярдоо жана өткөрүү боюнча уюштуруу комитети тиркемеге ылайык курамда түзүлсүн.
2. Уюштуруу комитети иш-чараларды өткөрүү боюнча иш-чаралар планын жана сарптоолор сметасын иштеп чыксын жана бекитсин.
3. Уюштуруу комитетине белгиленген тартипте министрликтердин, администрациялык ведомстволордун, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, мекемелердин, уюмдардын жана ишканалардын адистерин ишке тартууга, ошондой эле ага жүктөлгөн милдеттерди аткаруу үчүн зарыл материалдарды жана маалыматтарды сурап алууга укук берилсин.
4. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын билим берүү, маданият жана спорт бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр | Ж. Сатыбалдиев |
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн
2013-жылдын 2-майындагы № 157-б
буйругуна тиркеме
Талиева Камила Абдразаковна | - Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри, уюштуруу комитетинин төрагасы;
|
Раев Султан Акимович | - Кыргыз Республикасынын маданият, маалымат жана туризм министри, уюштуруу комитетинин төрагасынын орун басары;
|
Адамкулова Самаргүл Эркиновна | - Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министринин орун басары, уюштуруу комитетинин төрагасынын орун басары.
|
Уюштуруу комитетинин мүчөлөрү:
| |
Жунушалиев Кашкар Астаканович | - Кыргыз Республикасынын ички иштер министринин орун басары;
|
Ибраимов Албек Сабирбекович | - «Манас» эл аралык аэропорту» ачык акционердик коомунун президенти (макулдашуу боюнча);
|
Кендирбаева Догдургүл Шаршеевна | - Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министринин орун басары;
|
Кожобеков Асылбек Эсенжанович | - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын орун басары;
|
Ибраев Келдибек | - Кыргыз Республикасынын транспорт жана коммуникациялар министринин орун басары;
|
Өмүркулов Иса Шейшенкулович | - Бишкек шаарынын мэри (макулдашуу боюнча);
|
Оторбаев Кубат | - Коомдук телерадиокомпаниянын башкы директору (макулдашуу боюнча);
|
Султанбаева Айнура Жолдошбековна | - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын билим берүү, маданият жана спорт бөлүмүнүн эксперти;
|
Сүйүмбаева Паиза Үсөнбаевна | - Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин статс-катчысы;
|
Үсөнбаев Мир Алымкулович | - Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясынын башкы директору;
|
Шыгаев Юристанбек Абдиевич | - Г.Айтиев атындагы Кыргыз мамлекеттик көркөм сүрөт музейинин директору. |