Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2013-жылдын 25-апрели № 152-б
Чүй суусунун сол жээгин бекемдөө боюнча кечиктирилгис авариялык-калыбына келтирүү жана биринчи кезектеги иштерди жүргүзүү максатында:
1. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 23-октябрындагы № 509 "Өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана кесепеттерин жоюу боюнча атайын эсеп жөнүндө" токтому менен ачылган Өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана кесепеттерин жоюу боюнча атайын эсептен Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине Чүй суусунун сол жээгин бекемдөө боюнча кечиктирилгис авариялык-калыбына келтирүү иштерин жүргүзүү үчүн 2013-жылдын экинчи кварталында 25,0 млн. (жыйырма беш миллион) сом акча каражатын бөлүп берсин.
2. Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги ушул буйруктун 1-пунктунда көрсөтүлгөн белүнгөн каражаттарды максаттуу пайдаланууну камсыз кылсын.
3. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын коргоо, укуктук тартип жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министри | Ж.Сатыбалдиев |