Редакция
Салыштыруу
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

БУЙРУК

2013-жылдын 6-майы № 164-б

(КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 15-июлундагы № 260-б буйругунун редакциясына ылайык)

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 28-февралындагы № 77 "Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлигинин алдындагы отун-энергетикалык комплексинин ачыктык демилгеси боюнча Байкоочу кеңеш жөнүндө" токтомунун 11-пунктуна ылайык:

1. Кыргыз Республикасынын Энергетика жана өнөр-жай министрлигинин алдындагы Отун-энергетикалык комплексинин ачыктык демилгеси боюнча Байкоочу кеңештин мүчөлөрү болуп коомдук уюмдардан 2 жылдык мөөнөткө төмөнкү адамдар дайындалсын:

Абдырасулова Нурзат Аскарбековна

-

"Юнисон" коомдук фондунун директору (макулдашуу боюнча);

Акбагышева Замира Акбагышевна

-

"Кыргыз Республикасынын Аялдар Конгресси" коомдук бирикмесинин президенти (макулдашуу боюнча);

Давлетов Асан Курбанович

-

"Соопкер" кайрымдуулук фондунун башкармалыгынын мүчөсү (макулдашуу боюнча);

Касымова Валентина Махмутовна

-

Кыргыз Республикасынын Энергетиктер ассоциациясынын стратегиялык пландаштыруу жана божомолдоо боюнча эксперт-талдоочусу (макулдашуу боюнча);

Кравцов Николай Лукьянович

-

"Юстин" керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо коомдук бирикмесинин башкармасынын төрагасы (макулдашуу боюнча);

Обозов Алайбек Джумабекович

-

Энергиянын жаңылануу булактарын колдонуу көйгөйлөрү борборунун директору (макулдашуу боюнча);

Умуралиева Калича Кусеиновна

-

"Наше право" коомдук фондунун башкармалыгынын төрагасы (макулдашуу боюнча).

Рахимов Калый Рахимович

-

"Энергияны үнөмдөө" коомдук фондунун башкармасынын мүчөсү

(КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 15-июлундагы № 260-б буйругунун редакциясына ылайык)

2. Күчүн жоготту деп табылсын:

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 30-ноябрындагы № 187-б буйругу;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 16-майындагы № 168-б буйругу.

 

Премьер-министри

Ж.Сатыбалдиев