Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2013-жылдын 7-майы № 169-б
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Катар мамлекетинин Өкмөтүнүн ортосундагы Кош салык салуудан качуу, киреше салыгын төлөөдөн качууну болтурбоо жөнүндө макулдашуунун долбоору жактырылсын.
2. Кыргыз Республикасынын экономика министрине аталган Макулдашууга Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн атынан принциптүү эмес мүнөздөгү оңдоолорду киргизүү укугу менен кол коюуга ыйгарым укук берилсин.
Премьер-министри | Ж.Сатыбалдиев |
Долбоор
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Катар мамлекетинин Өкмөтүнүн ортосундагы Кош салык салуудан качуу, киреше салыгын төлөөдөн качууну болтурбоо жөнүндө МАКУЛДАШУУ
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жана Катар мамлекетинин Өкмөтү,
Кош салык салуудан качуу жана киреше салыгын төлөөдөн качууну болтурбоо жөнүндө Макулдашуу түзүүнү каалап,
Төмөнкүлөр тууралуу макулдашты:
1-берене. Макулдашуу колдонула турган жактар
Бул Макулдашуу Макулдашуучу Мамлекеттердин биринин же экөөнүн тең резиденти болуп саналган жактарга карата колдонулат.
2-берене. Макулдашуу жайылтыла турган салыктар
1. Бул Макулдашуу Макулдашуучу Мамлекеттин, анын саясий же административдик бөлүмдөрүнүн, же жергиликтүү органдарынын атынан, аларды алуунун усулдарына карабастан, киреше салыктарына карата колдонулат.
2. Киреше салыгы деп кирешенин жалпы суммасынан же кирешенин элементтеринен алынуучу бардык салыктар эсептелинет.
3. Ушул Макулдашуу жайылтыла турган колдонуудагы салыктар деп төмөнкүлөр эсептелет:
а) Кыргыз Республикасында:
(1) юридикалык жактардын пайдаларына салык;
(2) жеке адамдардан алынуучу киреше салыгы;
(мындан ары "Кыргызстандын салыктары" деп аталат);
в) Катар мамлекетинде:
кирешеге салык;
(мындан ары "Катардын салыктары" деп аталат).
4. Бул Макулдашуу ошондой эле толуктоо катары же колдонуудагы салыктардын ордуна бул Макулдашууга кол коюлган күндөн кийин алына турган окшош же мааниси боюнча ушул сыяктуу салыктарга да колдонулат. Макулдашуучу Мамлекеттердин компетенттүү органдары алардын тиешелүү салыктык мыйзамдарына киргизилген бардык олуттуу өзгөртүүлөр тууралуу бири-бирине кабарлашат.
3-берене. Жалпы аныктамалар
1. Ушул Макулдашуунун максаттары үчүн эгер контекстен башкача келип чыкпаса:
a) "Кыргызстан" деген термин Кыргыз Республикасын билдирет. Географиялык мааниде пайдаланганда "Кыргызстан" деген термин анда Кыргыз Республикасы эл аралык укукка ылайык эгемендүү укуктарын жана юрисдикциясын жүзөгө ашырып жаткан жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдары колдонулуучу аймакты билдирет;
b) "Катар" деген термин ички сууларын, аймактык деңиздерин, суу алдын жана жер казынасын, алардын үстүндөгү аба мейкиндигин, өзгөчө экономикалык зонасын жана континенталдык шельфин кошо алганда, Катар мамлекетинин аймагын түшүндүрөт, мында Катар мамлекети эл аралык укуктардын ченемдерине жана Катардын улуттук мыйзамдарына ылайык, эгемендүү укугун жана юрисдикциясын ишке ашырат;
c) "Макулдашуучу Мамлекет" жана "экинчи Макулдашуучу Мамлекет" деген терминдер контекстке жараша Кыргызстанды жана Катарды түшүндүрөт;
d) "жак" деген термин жеке адамды, компанияны жана ар кандай башка жактардын бирикмесин түшүндүрөт;
e) "компания" деген термин салык алуу максаты үчүн корпоративдик бирикме катары каралган ар кандай корпоративдик бирикмени же ар кандай ишкананы түшүндүрөт;
f) "Макулдашуучу Мамлекеттин ишканасы" жана "экинчи Макулдашуучу Мамлекеттин ишканасы" деген терминдер тиешелүүлүгүнө жараша Макулдашуучу Мамлекеттин резиденти башкарган ишкананы жана экинчи Макулдашуучу Мамлекеттин резиденти башкарган ишкананы түшүндүрөт;
g) "эл аралык ташуу" деген термин - деңиз же аба кемелери, же жер бетиндеги транспорт каражаттары экинчи Макулдашуучу Мамлекеттеги пункттардын ортосунда гана пайдаланылган учурларды кошпогондо, деңиз, аба кемелери же жер бетиндеги транспорт каражаттары иш жүзүндө башкаруусу Макулдашуучу Мамлекетте жайгашкан пайдалануу ишканалары менен ар кандай ташууларды түшүндүрөт;
h) "компетенттүү орган" деген термин төмөнкүнү түшүндүрөт:
(i) Кыргызстанда - Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигин же башка ыйгарым укуктуу өкүлдү;
(ii) Катарда - Экономика жана финансы министрлигин же башка ыйгарым укуктуу өкүлдү;
i) Макулдашуучу Мамлекетке карата "улуттук жак" деген термин төмөнкүнү түшүндүрөт:
(i) Макулдашуучу Мамлекеттин жарандыгы бар ар кандай жеке жак;
(ii) Макулдашуучу Мамлекеттин колдонуудагы мыйзамдарына ылайык өзүнүн макамын алган ар кандай юридикалык жак, шериктештик же бирикме.
2. Макулдашуучу Мамлекет тарабынан бардык учурда ушул Макулдашууну колдонгондо аныкталбаган ар кандай термин, эгерде контексттен башкача болуп чыкпаса, ошол учурдагы ушул Макулдашуу жайылтылган салыктарга карата ошол Мамлекеттин мыйзамдары боюнча мааниге ээ болот.
4-берене. Резидент
1. Ушул Макулдашуунун максаты үчүн "Макулдашуучу Мамлекеттин резиденти" деген термин төмөнкүлөрдү түшүндүрөт:
а) Кыргызстанда - Кыргызстандын мыйзамдарына ылайык туруктуу жашаган жери, туруктуу барган жери, башкаруу орду же ушундай мүнөздөгү башка критерийлер боюнча салык салынууга тийиш болгон ар кандай жакты түшүндүрөт, ошондой эле Кыргызстанды же анын кандайдыр-бир саясий же административдик бөлүмүн, жергиликтүү же мамлекеттик органын камтыйт. Бирок бул термин Кыргызстанда салык салынууга тийиш болгон ар кандай жакты камтыбайт, бул Кыргызстандагы булактардан алынган кирешелерге карата гана колдонулат;
б) Катарда - Катарда туруктуу турак жайы, турмуштук таламдарынын борбору же туруктуу жашаган жери бар жана Катарда иштеген башкаруу органына ээ болгон же инкорпорацияланган компанияны түшүндүрөт. Термин ошондой эле Катар мамлекетин жана анын ар кандай саясий же административдик бөлүмдөрүн, жергиликтүү органын же мамлекеттик органын камтыйт.
2. Эгерде 1-пункттун күчү боюнча жеке жак Макулдашуучу Мамлекеттердин экөөнүн тең резиденти болуп саналса, анын макамы төмөнкүчө аныкталат:
a) ал аймагында туруктуу турак жайга ээ болгон Макулдашуучу Мамлекеттин резиденти болуп саналат; эгер ал эки Макулдашуучу Мамлекетте тең туруктуу турак жайга ээ болсо, ал айрыкча тыгыз жеке жана экономикалык байланыштарга (жашоо тиричилик кызыкчылыгынын борборуна) ээ болгон Макулдашуучу Мамлекеттин гана резиденти болуп саналат;
b) эгер анын жашоо тиричилик кызыкчылыгынын борбору боло турган Макулдашуучу Мамлекет аныкталбаса, же эгер бул Макулдашуучу Мамлекеттердин биринде дагы туруктуу турак жайы болбосо, анда ал демейде жашаган Макулдашуучу Мамлекеттин гана резиденти болуп саналат;
c) эгер ал демейде эки Макулдашуучу Мамлекетте тең жашаса, же алардын биринде да жашабаса, анда ал жараны болуп саналган Макулдашуучу Мамлекеттин резиденти болуп саналат;
d) эгерде жогоруда аталган (a), (Ь) жана (c) пункттарынын жоболоруна ылайык жеке жактын резиденттигинин макамы аныкталбаса, анда бул маселе Макулдашуучу Мамлекеттердин компетенттүү органдары тарабынан өз ара макулдашуу боюнча чечилет.
3. Эгер 1-пункттун күчүнө ылайык жеке жак болуп саналбаган жак Макулдашуучу Мамлекеттердин экөөнүн тең резиденти болуп саналса, анда ал өзүнүн иш жүзүндөгү башкаруу органы жайгашкан Мамлекеттин гана резиденти болуп саналат.
5-берене. Туруктуу мекеме
1. Ушул Макулдашуунун максаттары үчүн "туруктуу мекеме" деген термин иш-аракеттердин туруктуу ордун түшүндүрөт, ал аркылуу ишкананын ишкердиги толук же толук эмес ишке ашырылат.
2. Тактап айтканда "туруктуу мекеме" термини өзүнө төмөнкүлөрдү камтыйт:
a) башкаруу орду;
b) бөлүм;
с) кеңсе;
d) фабрика;
e) өнөркана, жана
f) кен, нефть же газ скважинасын, карьерди же башка чалгындоочу жерлерди, жаратылыш ресурстары казылуучу же пайдаланылуучу башка жерлер.
3. "Туруктуу мекеме" термини өзүнө ошондой эле төмөнкүлөрдү камтыйт:
a) курулуш аянттарын, куруу, монтаждоо же куроо объектилери же ошол аянтка же объектке байланышкан көзөмөлдөө иш-аракеттерин, бирок эгер ушундай аянт же объект ар кандай 12 (он эки) айдын аралыгында 6 (алты) айдан ашык уланса;
Ь) ишкананын кызматчылары же ишкана ушундай максаттар үчүн жалдаган башка кызматкерлери аркылуу көрсөтүлүүчү консультациялык кызматтарды кошкондо, кызмат көрсөтүү, бирок эгер мындай мүнөздөгү иштер (ушундай же аны менен байланышкан долбоор үчүн) Макулдашуучу Мамлекеттин аймагында ар кандай 12 (он эки) айдын аралыгында 6 (алты) айдан ашык уланса.
4. Ушул берененин мурдагы жоболоруна карабастан, "туруктуу мекеме" термини төмөнкүлөрдү камтыбайт:
a) ишканага тиешелүү болгон товарларды же буюмдарды сактоо же көргөзүү максатында гана курулмаларды колдонууну;
b) сактоо же көрсөтүү максатында гана ишканага тийиштүү болгон товарлардын жана буюмдардын запасын кармоону;
с) башка ишкана тарабынан кайра иштетүү максатында гана ишканага тийиштүү болгон товарлардын же буюмдардын запасын кармоону;
d) товарларды же буюмдарды сатып алуу, же ишкана үчүн маалыматтарды топтоо максаттарында гана иш-аракеттердин туруктуу ордун кармоону;
e) ишкана үчүн даярдоочу же көмөкчү мүнөздөгү ар кандай башка иш-аракетти жүргүзүү максаттарында гана иш-аракеттердин туруктуу ордун кармоону;
f) (а)-(е) пунктчаларында саналган иш-аракеттердин түрлөрүнүн ар кандай комбинацияларын ишке ашыруу үчүн гана иш-аракеттердин туруктуу ордун кармоону, мындай комбинациялардын натыйжасында пайда болгон иш-аракеттин туруктуу орундагы жалпы иш-аракеттер даярдоочу жана көмөкчү мүнөздө боло турган шартта.
5. 1 жана 2-пункттардын жоболоруна карабастан, эгерде жак ага карата 7-пункттун жобосу колдонула турган көз карандысыз макамдагы агентке караганда ишкананын атынан иштесе жана Макулдашуучу Мамлекетте ишкананын атынан контракт түзүү боюнча ыйгарым укукка ээ болсо жана колдонсо, бул жактын ишкана үчүн бардык кылган иш-аракеттерине карата, 4-пунктта эскертилгендер менен чектелген, эгер бул иш-аракеттер иш-аракеттин туруктуу жери аркылуу жүргүзүлүп, бул иш-аракеттин туруктуу жерин ушул пункттун жоболоруна ылайык туруктуу мекемеге айлантпаган учурларды кошпогондо, бул ишкана ушул Мамлекеттеги туруктуу мекемеси бар катары каралат.
6. Ушул берененин мурдагы жоболоруна карабастан, кайра камсыздандыруудан башка учурларда, эгерде ал экинчи Макулдашуучу Мамлекеттин аймагында камсыздандыруу акыларын алса же 7-пункт колдонула турган көз карандысыз макамы бар агент айырмаланган жак аркылуу тобокелдерди камсыздандырса, Макулдашкан Мамлекеттин камсыздандыруу ишканасы экинчи Макулдашкан Мамлекетте туруктуу мекемеге ээ деп эсептелет.
7. Ишкердикти ошол Мамлекетте, брокер, комиссионер, же көз карандысыз макамы бар башка агент аркылуу жүргүзсө гана, мындай жактар өзүнүн демейки иш-аракеттеринин алкагында аракеттенген шартта, Макулдашуучу Мамлекетте туруктуу мекемеси бар деп саналбайт. Бирок, эгерде мындай агенттин иш аракеттери ошол ишкананын атынан толук же дээрлик толугу менен аткарылса, ал эми коммерциялык жана финансылык жактан ошол ишкана менен агенттин ортосунда көз карандысыз ишканалардын ортосунда белгиленген шарттардан айырмаланган шарттар түзүлсө же белгиленсе, анда ал ушул пункттун мааниси боюнча көз карандысыз макамы бар агент катары каралбайт.
8. Компания Макулдашуучу Мамлекеттин резиденти болуп саналган, контролдой турган же экинчи Макулдашуучу Мамлекеттин резиденти болуп саналган компания тарабынан контролдоно турган фактысы, же бул экинчи Мамлекетте ишкердикти ишке ашыруусу (же туруктуу мекеме аркылуу, же башкача түрдө) өзүнөн-өзү бул компаниялардын бирин экинчисинин туруктуу мекемесине айланта албайт.
6-берене. Кыймылсыз мүлктөн киреше
1. Макулдашуучу Мамлекеттин резиденти экинчи Макулдашуучу Мамлекетте жайгашкан кыймылсыз мүлктөн (айыл чарбасынан, малчылыктан жана токой чарбасынан кирешелерди кошкондо) алуучу кирешеге бул экинчи Мамлекетте салык салынат.
2. "Кыймылсыз мүлк" термини каралып жаткан мүлк жайгашкан Макулдашуучу Мамлекеттин мыйзамдарындагы түшүнүктөгү мааниге ээ. Бул термин ар кандай учурларда кыймылсыз мүлккө карата көмөкчү мүлктү, малды жана айыл, токой чарбасында, жана мал чарбасында пайдаланылуучу жабдууларды, жер менчигине карата мыйзамдардын жоболорунда колдонулуучу укуктарды, кыймылсыз мүлктүн узуфруктун жана минералдык запастарды, булактарды жана башка жаратылыш ресурстарын иштетүү же иштүүгө укук үчүн компенсация катары өзгөрмөлүү же белгиленген төлөмдөргө укуктарды камтыйт. Деңиз жана аба кемелери, ошондой эле жер бетиндеги транспорт кыймылсыз мүлк катары каралбайт.
3. 1-пункттун жоболору кыймылсыз мүлктү тикелей пайдалануудан, ижарага берүүдөн же аны кандайдыр-бир башка түрдө пайдалануудан алынган кирешелерге карата колдонулат.
4. 1 жана 3-пункттардын жоболору ишкананын кыймылсыз мүлктөрүнөн кирешелерге жана көз карандысыз жеке кызматтарды көрсөтүү үчүн пайдаланылуучу кыймылсыз мүлктөн кирешелерге карата колдонулат.
7-берене. Ишкердиктен пайда
1. Макулдашуучу Мамлекеттин ишканасынын пайдасына, эгерде мындай ишкана экинчи Макулдашуучу Мамлекетте анда жайгашкан туруктуу мекеме аркылуу ишкердик жүргүзбөсө, биринчи Мамлекетте гана салык салынат. Эгерде ишкана жогоруда айтылгандай ишкердик жүргүзсө, ишкананын пайдасына экинчи Мамлекетте салык салынышы мүмкүн, бирок мындай туруктуу мекемеге тийиштүү болгон бөлүгүнө гана салык салынат.
2. 3-пункттун жоболорун эске алуу менен эгер Макулдашуучу Мамлекеттин ишканасы экинчи Макулдашуучу Мамлекетте анда жайгашкан туруктуу мекеме аркылуу ишкердикти жүргүзсө, анда ар бир Макулдашуучу Мамлекетте бул туруктуу мекемеге эгер ал өз алдынча жана өзүнчө мекеме болгондо, ушундай же ушуга окшогон шартта ушундай же ушуга окшогон ишти жүргүзгөн жана анын туруктуу мекемеси болуп саналган ишканадан толук көз карандысыз аракеттенгенде алууга мүмкүн болгон пайда кирет.
3. Туруктуу мекеменин пайдасын аныктоодо башкаруу жана жалпы административдик чыгымдарды кошкондо, туруктуу мекеменин максаттары үчүн келтирилген чыгымдарды, бул чыгымдар туруктуу мекеме жайгашкан Мамлекетте же туруктуу мекеме жайгашкан Макулдашуучу Мамлекеттин ички мыйзамдарында жол берилген кандай гана жерде болбосун жасалганына карабастан, эсептен чыгарууга жол берилет.
4. Эгерде Макулдашуучу Мамлекет тарабынан туруктуу мекемеге тийиштүү пайда ишкананын жалпы пайдасынын ар түрдүү бөлүмдөрү боюнча пропорциялуу бөлүштүрүүнүн негизинде аныкталса, 2-пункт ушул Макулдашуучу Мамлекетке адатта кабыл алынгандай мындай бөлүштүрүү аркылуу салык салынуучу пайданы аныктоого тыюу салбайт; бирок бөлүштүрүүнүн тандалып алынган усулу ушул беренеде камтылган принциптерге ылайык келген натыйжаларды бериши керек.
5. Аталган туруктуу мекеме тарабынан ишкана үчүн товарларды жана буюмдарды сатып алуунун себеби боюнча гана туруктуу мекемеге эч кандай пайда эсептелбейт.
6. Мурдагы пункттардын максаттары үчүн туруктуу мекемеге тийиштүү пайда, эгерде усулду өзгөртүү үчүн маанилүү жана жетишердик негиздери болбосо, жыл сайын бир гана усул менен аныкталат.
7. Эгер пайда ушул Макулдашуунун башка беренелеринде өзүнчө каралган кирешенин элементтерин камтыса, анда бул берененин жоболору ушул берененин жоболоруна таасирин тийгизбейт.
8-берене. Эл аралык ташуулар
1. Эл аралык ташууларда деңиз же аба кемелерин, же жол-транспорт каражаттарын пайдалануудан алынган пайдага ишкананы иш жүзүндө башкаруу жайгашкан Макулдашуучу Мамлекетте гана салык салынат.
2. Эгер кеме ишканасынын иш жүзүндөгү башкаруу орду кеменин бортунда жайгашса, анда ал кеменин негизги порту жайгашкан Макулдашуучу Мамлекетте деп эсептелинет, же мындай негизги порт жок болсо, кемени пайдалануучу резиденти болуп саналган Макулдашуучу Мамлекетте деп эсептелет.
3. 1-пункттун жобосу ошондой эле биргелешкен ишканада, же транспорт каражаттарын пайдалануу боюнча эл аралык уюмдарда пулга катышуудан тапкан пайдаларга колдонулат.
9-берене. Ассоциацияланган ишканалар
1. Эгер:
a) Макулдашуучу Мамлекеттин ишканасы экинчи Макулдашуучу Мамлекеттин ишканасын башкарууга, контролдоого же капиталына түз же кыйыр катышса; же
b) бир эле жактар Макулдашуучу Мамлекеттин ишканасын, ошондой эле экинчи Макулдашуучу Мамлекеттин ишканасын башкарууга, контролдоого же капиталына түз же кыйыр катышса,
жана ар бир учурда эки ишкананын ортосунда алардын коммерциялык же финансылык мамилелеринде эки көз карандысыз ишкананын ортосундагы боло турган мамилелерден айырмаланган шарттар түзүлсө же белгиленсе, анда ишканалардын биринин эсебине чегериле турган, бирок бул шарттардын бар экендигинен ага чегерилбеген ар кандай пайда, бул ишкананын пайдасына киргизилет жана тийиштүү түрдө салык салынат.
2. Биринчи Макулдашуучу Мамлекет бул Мамлекеттин ишканасынын пайдасына экинчи Мамлекетте салык салууга дуушар болгон экинчи Макулдашуучу Мамлекеттин ишканасынын пайдасын киргизген жана тийиштүү түрдө салык салган учурда, ушул мүнөздө киргизилген пайда биринчи эскертилген Мамлекеттин ишканасына чегериле турган пайда деп саналат, эгер эки ишкананын ортосунда түзүлгөн шарттар эки көз карандысыз ишкананын ортосундагы шарттардай болсо, анда бул экинчи Мамлекет бул пайдадан алынуучу салыктын суммасына карата тийиштүү оңдоп-түзөтүүлөрдү жүргүзүшү мүмкүн. Мындай оңдоп-түзөтүүлөрдү аныктаганда ушул Макулдашуунун башка жоболору эске алынууга тийиш, ал эми Макулдашуучу Мамлекеттердин компетенттүү органдары бири-бири менен зарыл болгон учурда консультацияларды өткөрүшөт.
10-берене. Дивиденддер
1. Биринчи Макулдашуучу Мамлекеттин резиденти - компания экинчи Макулдашуучу Мамлекеттин резидентине төлөп берүүчү дивиденддерге ушул экинчи Мамлекетте гана салык салынышы мүмкүн.
2. Ушул беренеде колдонулуучу "дивиденддер" термини акциялардан, же башка укуктардан алынуучу пайданы түшүндүрөт, ал пайданы бөлүштүрүүчү компания резиденти болуп саналган Макулдашуучу Мамлекеттин мыйзамдарына ылайык акциялардан алынуучу кирешеге салык салууга карата теңештирилген башка корпоративдик укуктардын кирешелери, ошондой эле пайдасына катышууга укук берген карыз милдеттенмелери болуп саналбайт.
3. Эгер дивиденддердин иш жүзүндөгү ээси Макулдашуучу мамлекеттин резиденти болуп туруп, экинчи Макулдашуучу Мамлекетте жайгашкан туруктуу мекеме аркылуу дивиденддерди төлөгөн компания резиденти болуп саналган экинчи Макулдашуучу Мамлекетте ишкердикти жүргүзсө же ушул экинчи Мамлекетте көз карандысыз жеке кызматтарды анда жайгашкан туруктуу базасы менен көрсөтсө жана дивиденд төлөгөн холдинг аныгында туруктуу мекеме менен же мындай туруктуу база менен байланышкан болсо 1-пункттун жобосу колдонулбайт. Мындай учурда 7 же 14-беренелердин жоболору шартка жараша колдонулат.
4. Макулдашуучу Мамлекеттин резиденти болуп саналган компания экинчи Макулдашуучу Мамлекеттен пайда же киреше алган учурда, бул экинчи Мамлекет эгер мындай дивиденддер бул экинчи Мамлекеттин резидентине төлөнсө же эгерде ал дивиденддер төлөнүп жаткан холдинг иш жүзүндө бул экинчи Мамлекетте жайгашкан туруктуу мекемеге же туруктуу база менен анык байланышта болгонун кошпогондо, компания төлөгөн дивиденддерден кандайдыр бир салык алынбайт, ошондой эле компаниянын бөлүштүрүлбөгөн пайдасынан, эгер төлөнүүчү дивиденддер же бөлүштүрүлбөгөн пайда ошол экинчи Мамлекетте келип чыгуучу толук же жарым-жартылай пайдадан же кирешеден турса да, бөлүштүрүлбөгөн пайда салыгы салынбайт.
11-берене. Пайыздар
1. Биринчи Макулдашуучу Мамлекетте пайда болгон жана экинчи Макулдашуучу Мамлекеттин резидентине төлөнүүчү пайыздарга, ошол экинчи Мамлекетте гана салык салынышы мүмкүн.
2. "Пайыздар" термини ушул беренеде колдонгон учурда карызкорлордун пайдаларына катышууга укук берүүчү же бербөөчү ипотеканы, камсыздалган же камсыздалбаган карыз милдеттенмелеринин ар кандай түрүн, атап айтканда өкмөттүк баалуу кагаздардан кирешени жана облигациялардан жана карыз милдеттенмелерден кирешени, бул баалуу кагаздар, облигациялар же карыз милдеттенмелери боюнча сый акыларды жана утуштарды кошо алганды түшүндүрөт. Өз убагында төлөбөгөндүк үчүн айыптар ушул берененин максаттары үчүн пайыз катары каралбайт.
3. Эгер пайыздардын иш жүзүндөгү ээси Макулдашуучу Мамлекеттин резиденти болуп туруп, экинчи Макулдашуучу Мамлекетте ишкердик жүргүзсө, анда жайгашкан туруктуу мекеме аркылуу пайыздар пайда болсо же анын негизинде пайыздар төлөнүүчү ушул экинчи Мамлекетте көз карандысыз жеке кызматтарды анда жайгашкан туруктуу базасы менен көрсөтүү жана карыздык талаптар ушундай туруктуу мекеме менен же туруктуу база менен байланышкан болсо 1-пункттун жобосу колдонулбайт. Мындай учурда 7 же 14-беренелердин жоболору шартка жараша колдонулат.
4. Төлөөчү ошол Мамлекеттин резиденти болуп саналса Макулдашуучу Мамлекетте пайыздар пайда болот деп саналат. Эгерде Макулдашуучу Мамлекеттин резиденти болуп санала тургандыгына карабастан, пайыздарды төлөөчү жактын Макулдашуучу Мамлекетте туруктуу мекемеси же туруктуу базасы бар болсо, буга байланыштуу карыздар пайда болгондо, алар боюнча пайыздар төлөнсө жана бул пайыздар ушундай туруктуу мекеме же туруктуу база тарабынан төлөнсө, анда мындай пайыздар туруктуу мекеме же туруктуу база жайгашкан Мамлекетте пайда болот.
5. Эгерде төлөөчү менен пайыздын иш жүзүндөгү ээсинин ортосундагы же анын экөөнүн жана кандайдыр бир үчүнчү жактын ортосундагы өзгөчө мамилелерге байланыштуу, анын негизинде төлөнүп жаткан карыздык талапка таандык болгон пайыздын суммасы ушундай мамилелер жок болгондо, төлөөчү менен пайыздын иш жүзүндөгү ээсинин ортосундагы Макулдашыла турган суммадан ашса, анда ушул берененин жоболору акыркы эскертилген суммага карата гана колдонулат. Мындай учурда ушул Макулдашуунун башка жоболорун тиешелүү түрдө эске алуу менен ар бир Макулдашуучу Мамлекеттин мыйзамдарына ылайык төлөмдүн ашып кеткен бөлүгүнө мурдагыдай эле салык салынууга тийиш.
12-берене. Роялти
1. Макулдашуучу Мамлекетте келип чыккан жана экинчи Макулдашуучу Мамлекеттин резидентине төлөнүүчү роялтиге ошол экинчи Мамлекетте салык салынышы мүмкүн.
2. Бирок, мындай роялтиге ошол Мамлекеттин мыйзамдарына ылайык алар келип чыккан Макулдашуучу Мамлекетте да салык салынышы мүмкүн, бирок эгерде роялтинин иш жүзүндө ээси экинчи Макулдашуучу Мамлекеттин резиденти болуп саналса мындай түрдө алынуучу салык роялтинин жалпы суммасынын 5 (беш) пайызынан ашпоого тийиш.
3. Бул беренеде колдонууда "роялти" термини ар кандай адабият, искусство чыгармаларына же илимий эмгектерге (кино жана видео фильмдерди, радио жана теле берүүлөр үчүн жазууларды жана дисктерди программалык камсыздоону кошо алганда) кандайдыр бир патенттерге, соода маркаларына, дизайн же моделге, планга, жашыруун формулага же процесске автордук укуктарды пайдалануу укугун колдонуу же берүү, өнөр жайлык, коммерциялык же илимий жабдууларды пайдалануу укугун колдонуу, берүү, өнөр жайлык, коммерциялык же илимий тажрыйбага тиешелүү маалымат үчүн сыйлык катарында алынуучу ар кандай түрдөгү төлөмдөрдү билдирет.
4. Макулдашуучу Мамлекеттин резиденти болуп туруп, роялтинин иш жүзүндөгү ээси башка Макулдашуучу Мамлекетте ишкердик жүргүзсө, роялти ошол жерде туруктуу жайгашкан мекеме аркылуу келип чыкса же болбосо ошол экинчи Мамлекетте туруктуу жайгашкан база менен көз карандысыз жеке кызматтарды көрсөтсө, мындай туруктуу мекеме же туруктуу база менен байланышкан укукка же мүлккө роялти төлөнсө 1 жана 2-пункттун жоболору колдонулбайт. Мындай учурда кырдаалга жараша 7 же 14-берененин жоболору колдонулат.
5. Роялти Макулдашуучу Мамлекетте аны төлөөчү ошол Мамлекеттин резиденти болуп саналса ошол Мамлекетте келип чыкты деп эсептелет. Бирок ал Макулдашуучу Мамлекеттин резиденти болуп саналабы же жокпу, Макулдашуучу Мамлекетте туруктуу мекемеси же туруктуу базасы бар экендигине карабастан, алар менен анык байланышта болуп, роялтини пайда кылган укук же мүлк болсо жана мындай роялтини төлөө боюнча чыгымдарды ушул туруктуу мекеме же туруктуу база тартса, анда мындай роялти туруктуу мекеме же туруктуу база жайгашкан Мамлекетте келип чыгат деп эсептелет.
6. Эгерде төлөөчүнүн жана иш жүзүндө роялтинин ээсинин же алардын экөөнүн тең ортосундагы же кандайдыр бир үчүнчү жак менен өзгөчө мамилелердин себеби боюнча колдонууга, укукка же маалыматка таандык, төлөөгө негиз болгон роялтинин суммасы мындай мамилелер жок учурда төлөөчү менен роялтинин иш жүзүндөгү ээсинин ортосунда макулдашылган суммадан ашса, анда бул берененин жоболору соңку эскертилген суммага гана колдонулат. Мындай учурда төлөмдүн ашыкча бөлүгү ушул Макулдашуунун башка жоболорун тийиштүү түрдө эске алуу менен ар бир Макулдашуучу Мамлекеттин салык мыйзамдарына ылайык салык салынууга тийиш.
13-берене. Капиталдан киреше
1. 6-беренеде аталган жана экинчи Макулдашуучу Мамлекетте жайгашкан кыймылсыз мүлктү ажыратууда Макулдашуучу Мамлекеттин резиденти тарабынан алынуучу кирешеге мына ошол экинчи Мамлекетте салык салынышы мүмкүн.
2. Макулдашуучу Мамлекеттин ишканасы экинчи Макулдашуучу Мамлекетте ээ болуп турган туруктуу мекеменин коммерциялык мүлкүнүн бөлүгүн түзгөн кыймылдуу мүлктү ажыратуудан, же биринчи Макулдашуучу Мамлекеттин резидентинин карамагындагы туруктуу базага таандык жана көз карандысыз жеке кызмат көрсөтүү максатында экинчи Макулдашуучу Мамлекетте жайгашкан кыймылдуу мүлктөн түшкөн кирешеге, мындай туруктуу мекемени (өзүнчө же бүткүл ишкана менен бирге) же болбосо мындай туруктуу базаны ажыратуудан түшкөн кирешени кошкондо, ошол экинчи Мамлекетте салык салынышы мүмкүн.
3. Эл аралык ташууларда пайдаланылуучу деңиз, аба кемелерин же жол-транспорт каражаттарын же мындай деңиз же аба кемелерин, жол-транспорт каражаттарын пайдаланууга таандык болгон кыймылдуу мүлктү ажыратуудан түшкөн кирешелерге ишкананы иш жүзүндө башкаруу орду жайгашкан Макулдашуучу Мамлекетте гана салык салынат.
4. 1, 2 жана 3-пункттарда аталгандан башка кандайдыр бир мүлктү ажыратуудан түшкөн кирешелерге мүлктү ажыраткан жак резиденти болуп эсептелген Макулдашуучу Мамлекетте гана салык салынат.
14-берене. Көз карандысыз жеке кызмат көрсөтүү
1. Макулдашуучу Мамлекеттин резиденти тарабынан кесипкөйлүк кызмат көрсөтүүдөн же көз карандысыз мүнөздөгү башка иштен алынган кирешеге ошол Мамлекетте гана салык салынат, буга экинчи Макулдашуучу Мамлекетте мындай кирешеге салык салынган төмөнкү учурлар кирбейт:
(a) эгерде ал өзүнүн иш аракеттерин жүргүзүү үчүн дайыма жеткиликтүү туруктуу базага ээ болсо; анда мындай туруктуу базага таандык гана киреше бөлүгүнө ошол экинчи Макулдашуучу Мамлекетте салык салынышы мүмкүн;
(b) эгер ар кандай 12 (он эки) айлык мезгилде, тиешелүү салык жылы башталганда же аяктаганда, жалпысынан 183 (жүз сексен үч) күндөн ашпаган же ага барабар мезгилдин же мезгилдердин аралыгында экинчи Макулдашуучу Мамлекетте болсо; мындай учурда анын ошол экинчи Мамлекеттеги иш аракетинен алынган киреше бөлүгүнө гана экинчи Мамлекетте салык салынышы мүмкүн.
2. "Кесипкөйлүк кызмат көрсөтүү" деген термин, атап айтканда көз карандысыз илимий, адабий, артисттик, билим берүү же педагогикалык ишмердикти, ошондой эле врачтардын, юристтердин, инженерлердин, архитекторлордун, стоматологдордун жана бухгалтерлердин көз карандысыз ишмердигин камтыйт.
15-берене. Көз каранды жеке кызмат көрсөтүү
1. Эгерде жалданып иштөө экинчи Макулдашуучу Мамлекетте жүзөгө ашырылбаса, 16, 18 жана 19-беренелердин жоболорун эске алуу менен, Макулдашуучу Мамлекеттин резидентинин жалданып иштөөгө байланыштуу алган айлык акысына, маянасына жана башка ушул сыяктуу сый акысына ушул Мамлекетте гана салык салынат. Эгерде жалданып иштөө ушундай жол менен жүзөгө ашырылса, буга байланыштуу алынган сый акыга ошол экинчи Мамлекетте салык салынышы мүмкүн.
2. 1-пункттун жобосуна карабастан, Макулдашуучу Мамлекеттин резиденти экинчи Макулдашуучу Мамлекетте жүзөгө ашырган жалданып иштөөгө байланыштуу алган сый акысына биринчи аталган Мамлекетте гана салык салынат, эгерде:
a) алуучу тийиштүү салыктык жылда башталган же аяктаган ар кандай 12 (он эки) айлык мезгилде, жыйынтыктап алганда 183 (жүз сексен үч) күндөн ашпаган мезгилде же мезгилдердин ичинде экинчи Мамлекетте болсо; жана
b) сый акы экинчи Мамлекеттин резиденти болуп эсептелбеген жалдоочу тарабынан же жалдоочунун атынан төлөнсө; жана
c) сый акы жалдоочу экинчи Мамлекетте ээ болгон туруктуу мекеме же туруктуу база тарабынан төлөнбөсө.
3. Ушул берененин мурдагы жоболоруна карабастан, Макулдашуучу Мамлекеттин ишканасы тарабынан эл аралык ташууларда пайдаланылган деңиз же аба кемесинин бортунда же жол-транспорт каражаттарында ишке ашырылган жалдануу боюнча иш менен байланыштуу алынган сый акыга ишкананын иш жүзүндөгү башкаруу орду жайгашкан Макулдашуучу Мамлекетте гана салык салынат.
4. Ушул берененин мурдагы жоболоруна карабастан, экинчи Макулдашуучу Мамлекетте жайгашкан биринчи Макулдашуучу Мамлекеттин авиациялык же жол-транспорт ишканаларынын жогорку деңгээлдеги жетекчилик кызмат орундагы кызматкер алган эмгек акыга, маянага, үлүштөн жана башка сый акыларга ишкананын иш жүзүндөгү башкаруу орду жайгашкан Макулдашуучу Мамлекетте гана салык салынат.
16-берене. Директорлорго сый акы
Директорлордун сый акысына жана экинчи Макулдашуучу Мамлекеттин резиденти болуп саналган, компаниялардын директорлор кеңешинин мүчөсү катары Макулдашуучу Мамлекеттин резиденти тарабынан алынган башка ушундай төлөмдөргө экинчи Мамлекетте салык салынышы мүмкүн.
17-берене. Артисттер жана спортчулар
1. 14 жана 15-беренелердин жоболоруна карабастан, Макулдашуучу Мамлекеттин резидентинин театрдын, кинонун, радионун же теле көрсөтүүнүн артисти же музыканты катары искусство кызматкери сапатында же спортчу катары экинчи Макулдашуучу Мамлекетте жүзөгө ашырган жеке ишинен алган кирешесине ошол экинчи Мамлекетте салык салынышы мүмкүн.
2. Эгерде искусство кызматкери же спортчу тарабынан мына ушул сапатта жүзөгө ашырылган жеке ишинен түшкөн кирешеси искусство кызматкеринин же спортчунун жеке өзүнө эсептелбей, башка жакка эсептелсе, 7, 14 жана 15-беренелердин жоболоруна карабастан, бул кирешеге искусство кызматкеринин же спортчунун иши жүзөгө ашырылып жаткан Макулдашуучу Мамлекетте салык салынышы мүмкүн.
3. Ушул берененин 1 жана 2-пункттарында каралган Макулдашуучу Мамлекеттин резиденти экинчи Макулдашуучу Мамлекетте аткарылган иштен алган киреше, эгерде экинчи Мамлекетте болуусу Макулдашуучу Мамлекеттин, анын саясий же административдик бөлүктөрүнүн каражаттарынан толук же толук эмес төлөнсө, же болбосо Макулдашуучу Мамлекеттердин өкмөттөрү ортосунда маданий макулдашуунун же келишимдин алкагында ишке ашырылса ошол Мамлекетте салыктан бошотулат.
18-берене. Пенсиялар жана аннуитеттер
1. 19-берененин 2-пунктунун жоболорун эске алуу менен Макулдашуучу Мамлекеттин резидентине төлөөчү төлөмдөр жана башка ушул түрдөгү сый акылар үчүн ошол гана Мамлекетте салык салынат.
2. "Аннуитет" термини акчалай же нарктык көрүнүшүндө адекваттуу же толук түрдөгү сыйлык акынын ордуна төлөмдү жүргүзүү милдеттенмесине ылайык аныкталган же анык белгиленген мезгил аралыгында мезгили менен төлөнүүгө тийиш болгон белгиленген сумманы билдирет.
19-берене. Мамлекеттик кызмат
1. a) Макулдашуучу Мамлекет, анын саясий же административдик бөлүмдөрү же жергиликтүү органдары тарабынан ушул Мамлекетке, бөлүмүнө же органына көрсөтүлгөн кызматтарга карата жеке жактын маянасына, эмгек акысына жана пенсиядан башка ушул сыяктуу сый акысына ошол Мамлекетте гана салык салынат.
Ь) Бирок, мындай маянага, эмгек акыга жана башка ушул сыяктуу сыйлык акыга, эгерде кызмат ошол экинчи Мамлекетте көрсөтүлсө жана жеке жак ошол Мамлекеттин резиденти болуп саналса, экинчи Макулдашуучу Мамлекетте гана салык салынат, ал:
(i) ушул Мамлекеттин жараны болуп саналса; же
(ii) кызмат көрсөтүү максатында гана ошол экинчи Мамлекеттин резиденти болбосо.
2. a) Макулдашуучу Мамлекет, анын саясий же административдик бөлүмдөрү же жергиликтүү органы төлөнүүчү же алар түзгөн фонддор аркылуу ошол Мамлекетке, органга же бөлүмүнө көрсөтүлүүчү кызмат үчүн жеке жакка төлөнүүчү ар кандай пенсияга ушул гана Мамлекетте салык салынат.
Ь) Бирок мындай пенсияга эгерде жеке жак ошол Мамлекеттин резиденти же жараны болуп саналса, экинчи Макулдашуучу мамлекетте гана салык алынат.
3. 15, 16, 17 жана 18-берененин жоболору Макулдашуучу Мамлекет же анын саясий же административдик бөлүмдөрү же жергиликтүү органы ишкердикти аткарууга байланыштуу көрсөтүлгөн кызматтарга карата эмгек акыларга, маянага жана башка ушундай сый акыларга жана пенсияларга колдонулат.
20-берене. Окутуучулар жана изилдөөчүлөр
1. Биринчи Макулдашуучу Мамлекетке келгенге чейин тикелей экинчи Макулдашуучу Мамлекеттин резиденти болуп саналуучу же саналган жеке жак аталган биринчи Макулдашуучу Мамлекеттин Өкмөтүнүн же университеттин, колледждин, мектептин, музейдин же ошол аталган биринчи Макулдашуучу Мамлекеттин башка маданий мекемесинин чакыруусу боюнча же окутуу, лекция окуу же ушундай мекемеде изилдөө жүргүзүү максатында гана ырааты менен 3 (үч) жылдан ашпаган мөөнөткө ушул Макулдашуучу Мамлекетте болгон расмий программанын же маданий алмашуунун алкагында болуп, мындай иш аракети үчүн алган сый акысы ошол Макулдашуучу Мамлекетте салык салуудан бошотулат.
2. Ушул берененин 1-пунктунун жоболору изилдөөдөн алган кирешеге колдонулбайт, эгер мындай изилдөөлөр коомчулуктун кызыкчылыгы үчүн эмес, белгилүү бир жактын же жактардын жеке кызыкчылыгы үчүн жүргүзүлсө.
21-берене. Студенттер, практиканттар жана стажерлор
1. Биринчи Макулдашуучу Мамлекетке келгенге чейин тикелей экинчи Макулдашуучу Мамлекеттин резиденти болуп эсептелген же эсептелүүчү жана аталган биринчи Макулдашуучу Мамлекетте билим алуу же стажировкадан өтүү максатында гана жүргөн студент, практикант же стажер тарабынан алынуучу жана жашоо, билим алуу жана стажировкадан өтүү максаттары үчүн төлөмдөргө, мындай төлөмдөр ушул Макулдашуучу Мамлекеттин чегинен тышкары жайгашкан булактардан келип чыккан шартта, аталган Макулдашуучу Мамлекетте салык салынбайт.
2. 1-пунктта камтылбаган, жалдануу боюнча иштөөдөн алган гранттарына, стипендияларына жана башка сый акыларына карата, 1-пунктта келтирилген студенттер, практиканттар же стажерлор кошумча, билим алуу же стажировка өтөө мезгилдеринин аралыгында ал келген Мамлекеттин резидентине жеткиликтүү болгон салыкка карата бошотууларга, эсептен чыгарууга же жеңилдиктерге укукка ээ болот.
3. Бул беренеде "стипендия" терминин колдонууда студенттердин билим алуусуна көмөк көрсөтүү үчүн аларга акчалай жардамды ыйгарууну түшүндүрөт.
22-берене. Башка кирешелер
1. Ушул Макулдашуунун мурдагы беренелеринде аталбаган, Макулдашуучу Мамлекеттин резидентинин кирешесинин элементтерине, алардын келип чыгуу булактарына карабастан, мына ошол Мамлекетте гана салык салынууга тийиш.
2. Эгерде мындай кирешелерди алуучу биринчи Макулдашуучу Мамлекеттин резиденти болуп туруп, экинчи Макулдашуучу Мамлекетте жайгашкан туруктуу мекеме аркылуу ишкердикти жүргүзсө же мына ошол экинчи Мамлекетте анда жайгашкан туруктуу базадан көз карандысыз жеке кызмат көрсөтсө, андыктан ага байланыштуу киреше алынган укук же мүлк чынында эле ушундай туруктуу мекеме же туруктуу база менен байланышта болсо, кирешелерге 1-пункттун жоболору колдонулбайт. Мындай учурда кырдаалга жараша 7 же 14-берененин жоболору колдонулат.
23-берене. Кош салык салууну четтетүү
1. Кыргызстанда кош салык салуу төмөнкүдөй түрдө четтетилет:
(a) эгерде Кыргызстандын резиденти ушул Макулдашуунун жоболоруна ылайык Катарда салык салынган киреше алса, анда Кыргызстан ошол резиденттин кирешесине салыктан Катарда төлөнгөн киреше салыгына барабар болгон сумманы эсептен чыгарууга мүмкүндүк берет. Жогоруда көрсөтүлгөн жобого ылайык эсептен чыгарылган салыктын суммасы Кыргызстанда колдонулуучу ставка боюнча мындай кирешеге эсептелген салыктан ашпоого тийиш.
(b) эгер Макулдашуучу Мамлекеттин резидентинин ушул Макулдашуунун жобосуна ылайык алган кирешесине экинчи Макулдашуучу Мамлекетте гана салык салынса, анда аталган биринчи Макулдашуучу Мамлекет бул кирешени салыктык базага кошуусу мүмкүн, бирок аталган биринчи Макулдашуучу Мамлекетте салык салуу үчүн колдонулуучу ушундай кирешеге же капиталга салыктын ставкасын белгилөө максаты үчүн гана жүргүзүлөт.
2. Катарда кош салык салуу төмөнкүдөй түрдө четтетилет:
Эгерде Катардын резиденти ушул Макулдашуунун жоболоруна ылайык Кыргыз Республикасында салык салынышы мүмкүн болгон киреше алса, анда Катар ошол резиденттин киреше салыгынан Кыргызстанда төлөнгөн салыкка барабар сумманы эсептен чыгарууга мүмкүндүк берет, мындай эсептен чыгаруу Кыргызстанда алынган кирешеге карата алып салуу берилгенге чейин эсептөө жүргүзүлгөн салыктын ошол бөлүгүнөн ашпоого тийиш.
3. Ушул берененин 1 жана 2-пункттарынын максаты үчүн "төлөнгөн салык" деген термин эгер ошол Макулдашуучу Мамлекеттин мыйзамдарына ылайык бошотуу же эсептен чыгаруу жүргүзүлбөсө, Макулдашуучу Мамлекетте төлөнө турган салыктын суммасын кошо камтыган болуп эсептелиши керек.
24-берене. Кысымга албоо
1. Макулдашуучу Мамлекеттин улуттук жактары экинчи Макулдашуучу Мамлекетте ошол Мамлекеттин улуттук жактары ошондой эле шарттарда, тактап айтканда резиденттикке карата, дуушар болуучу же дуушар болушу мүмкүн болгон салык салуудан жана алар менен байланышкан талаптардан башкача же кыйла түйшүктүү кандайдыр бир салык салууга же ага байланышкан талаптарга дуушар болбойт. 1-берененин жоболоруна карабастан, ушул жобо Макулдашуучу Мамлекеттердин биринин же экөөнүн тең резиденттери болуп эсептелбеген жактарга карата да колдонулат.
2. Бир Макулдашуучу Мамлекеттин ишканасынын экинчи Макулдашуучу Мамлекетте болгон туруктуу мекемесине салык салуу, ушундай иш-аракеттерди жүргүзгөн ошол экинчи Мамлекеттин ишканаларына салынган салыктарга караганда начар ыңгайлуулукта болууга тийиш эмес. Бул жобо бир Макулдашуучу Мамлекетти экинчи Макулдашуучу Мамлекеттин резидентине алардын жарандык макамынын же үй-бүлөлүк жагдайынын негизинде салык салуу боюнча өздөрүнүн резидентине берилүүчү кандайдыр бир жекече жеңилдиктерди, эсептен чыгарып салууларды жана арзандатууларды берүүгө милдеттендирүү катары түшүндүрүлбөөгө тийиш.
3. 9-берененин 1-пунктунун, 11-берененин 4-пунктунун же 12-берененин 6-пунктунун жоболору колдонулган учурду кошпогондо, бир Макулдашуучу Мамлекеттин экинчи Макулдашуучу Мамлекеттин резидентине төлөнүүчү пайыздар, роялтилер жана башка төлөмдөр мындай ишкананын салык салынуучу пайдасын аныктоо максатында баштапкы аталган Мамлекеттин резидентине төлөнгөндөй шартта эсептен чыгарылууга тийиш.
4. Капиталы экинчи Макулдашуучу Мамлекеттин бир же бир нече резидентине толук же жарым жартылай таандык болгон же алар тарабынан түз же кыйыр түрдө контролдонгон Макулдашуучу Мамлекеттин ишканасы аталган биринчи Мамлекетте ошол аталган биринчи Мамлекеттин башка ушундай ишканалары дуушар болуучу же дуушар болушу мүмкүн болгон салык салуудан жана алар менен байланышкан талаптардан башкача же кыйла түйшүктүү кандайдыр бир салык салууга же аларга байланышкан талаптарга дуушар болушпайт.
5. Макулдашуучу Мамлекеттин улуттук жактарына ушул Мамлекетгин мыйзамдары боюнча салык салбоо, ушул беренеге ылайык кысымга алууга жатпайт.
6. Бул беренедеги "салык салуу" термини ушул Макулдашуунун предмети болгон салыктарды түшүндүрөт.
25-берене. Өз ара макулдашуу жол-жоболору
1. Эгерде жак бир же эки Макулдашуучу Мамлекеттердин аракеттери аны ушул Макулдашуунун жоболоруна ылайык эмес салык салууга алып келди же алып келет деп эсептесе, ал бул Мамлекеттердин улуттук мыйзамдарында каралган коргоо каражаттарына карабастан өздөрүнүн ишин кароо үчүн ал резиденти болуп саналган Макулдашуучу Мамлекеттин компетенттүү органдарына же эгерде мындай учур ал улуттук жагы болуп саналган ошол Мамлекеттин 24-берененин 1-пунктуна туура келсе, кароого берет. Арыз Макулдашуунун жоболоруна ылайык келбеген салык салууга алып келүүчү аракеттер жөнүндө биринчи кабарлоонун учурунан тартып эки жылдын аралыгында берилүүгө тийиш.
2. Компетенттүү орган доону негиздүү деп тапса жана ал өзү канааттандырарлык чечимге келе албаса ушул Макулдашууга дал келбеген салык салуудан качуу максатында маселени экинчи Макулдашуучу Мамлекеттин компетенттүү органы менен өз ара макулдашуу боюнча чечүүгө умтулат.
3. Макулдашуучу Мамлекеттердин компетенттүү органдары ушул Макулдашууну чечмелөөдө же колдонууда келип чыгуучу ар кандай кыйынчылыктарды же шектенүүлөрдү өз ара макулдашуу боюнча чечүүгө умтулат. Алар ушул Макулдашууда каралбаган учурларда кош салык салууну четтетүү үчүн биргелешкен консультацияларды жүргүзүшөт.
4. Макулдашуучу Мамлекеттердин компетенттүү органдары мурдагы пункттардын мааниси боюнча макулдашууга жетишүү максатында, алардын өздөрүнүн компетенттүү органдары же алардын өкүлдөрү мүчө болгон биргелешкен комиссияларды кошкондо, бири-бири менен түз байланыштарга чыга алышат.
26-берене. Маалыматтарды алмашуу
1. Эгер салык ушул Макулдашууга каршы келбесе, Макулдашуучу Мамлекеттердин компетенттүү органдары ушул Макулдашуунун жоболорун аткаруу же Макулдашуучу Мамлекеттердин, алардын саясий же административдик бөлүктөрүнүн же жергиликтүү органдарынын атынан белгиленген ар кандай мүнөздөгү жана түрдөгү салыктарга карата Макулдашуучу Мамлекеттердин ички мыйзамдарын аткаруу же башкаруу үчүн, тактап айтканда салыктан качууга каршы күрөшүү тууралуу мыйзамдар менен башкарууну өркүндөтүү жана алдамчылыкты жок кылуу үчүн зарыл болгон ушундай маалыматтарды алмашып турушат.
2. Ушул берененин 1-пунктуна ылайык алынган ар кандай маалымат, ошондой эле ушул Мамлекеттин ички мыйзамдарынын алкагында алынган маалымат жашыруун маалымат болуп саналат жана салыктарды эсептөө же жыйноо, өндүрүп алуу же куугунтукка алуу, ошондой эле ушул берененин 1-пунктунда аталган салыктарга карата апелляцияларды карап чыгуу менен иштешкен органдарга (сотторду же администрациялык органдарды кошкондо) жана жактарга, аталган жактарды, органдарды же иш-аракеттерди көзөмөлдөө үчүн жооптуу жактарга гана маалымдалат. Мындай жактар же органдар маалыматты ушул максаттар үчүн гана колдонууга тийиш. Алар маалыматты ачык сот отурумунун жүрүшүндө же сот чечимин кабыл алууда ачыкка чыгарышы мүмкүн.
3. Кандай гана учур болбосун ушул берененин 1 жана 2-пункттары Макулдашуучу Мамлекеттерди төмөнкүлөргө милдеттендирүүчү катары чечмеленүүгө тийиш эмес:
a) тигил же бул Макулдашуучу Мамлекеттин мыйзамдарына жана администрациялык практикасына каршы келген администрациялык чараларды көрүүгө;
b) тигил же бул Макулдашуучу Мамлекеттин мыйзамдары боюнча же демейдеги администрациялык практиканын жүрүшүндө алууга мүмкүн болбогон маалыматты берүүгө;
c) кандайдыр бир соода, ишкердик, өнөр-жайлык, коммерциялык же кесиптик жашыруун сырды же болбосо соода процессин же мамлекеттик саясатка (ordrepublic) каршы келе тургандай маалыматты берүүгө.
4. Эгер маалымат Макулдашуучу Мамлекет тарабынан ушул беренеге ылайык суралып жатса, экинчи Макулдашуучу Мамлекет салык салуудагы өзүнүн максаттары үчүн мындай маалыматка муктаж болбосо дагы, экинчи Макулдашуучу Мамлекет суралып жаткан маалыматты алуу үчүн өзүнүн чогултуу ыкмаларын пайдаланышы керек. Мурунку сүйлөмдө камтылган милдеттенмелер ушул берененин 3-пунктунда чек коюлууга тийиш, бирок мындай чектөөлөр Макулдашуучу Мамлекеттин мындай маалыматтар ички кызыкчылыктарга ээ болбогондугу үчүн маалымат берүүдөн баш тартып коюусуна мүмкүндүк берет деп чечмеленбеши керек.
5. Ушул берененин 3-пунктунун жоболору эч качан Макулдашуучу Мамлекеттин маалымат банкта, же башка финансылык институтта, дайындалган жакта же агент катары аракеттенген адамда, фидуциарияда болууда же кандайдыр бир жактын жеке кызыгуусуна тийиштүү деп маалымат берүүдөн баш тартууга мүмкүндүк берет деп чечмеленбеши керек.
27-берене. Дипломатиялык миссиялардын жана консулдук кызматтын мүчөлөрү
Бул Макулдашуунун эч кандай жобосу дипломатиялык миссиялардын жана консулдук кызматтын мүчөлөрүнүн эл аралык укуктун жалпы ченемдери тарабынан же атайын макулдашуулардын негизинде берилген салыктык артыкчылыктарына таасирин тийгизбейт.
28-берене. Күчүнө кириши
1. Бул Макулдашуу анын күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболорду Макулдашуучу Мамлекеттердин аткаргандыгы тууралуу акыркы жазуу жүзүндөгү кабар алынган күндөн тартып күчүнө кирет.
2. Бул Макулдашуунун жоболору төмөнкүдөй күчтөргө ээ:
(a) бул Макулдашуу күчүнө кирген жылдан кийинки календардык жылдын биринчи январынан тартып төлөнгөн же эсептелген суммасына карата булактан кармалуучу салыктарга; жана
(b) бул Макулдашуу күчүнө кирген жылдан кийинки календардык жылдын биринчи январынан баштап салыктык мезгилдерге карата башка салыктарга.
29-берене. Колдонулушун токтотуу
1. Ушул Макулдашуу Макулдашуучу Мамлекеттердин бири анын колдонулушун токтотуп койгонго чейинки мезгилде күчүндө кала берет. Макулдашуучу Мамлекеттердин ар бири ушул Макулдашуу күчүнө кирген жылдан баштап беш жыл өткөндөн кийин кийинки ар кандай календардык жыл аяктаганга чейин Макулдашуунун күчүн токтотуу жөнүндө дипломатиялык каналдар боюнча жазуу жүзүндө кабарлап, Макулдашууну колдонууну токтотушу мүмкүн.
2. Бул Макулдашуу төмөнкүдөй күчүн токтотот:
(a) кабарлоо берилген жылдан кийинки календардык жылдын биринчи январынан тартып же андан кийин төлөнгөн же эсептелген суммага карата - булактан алынуучу салыктарга; жана
(b) кабарлоо берилген жылдан кийинки календардык жылдын биринчи январынан тартып же андан кийин салыктык мезгилдерге карата салыктарга.
Муну ырастоо үчүн, төмөндө кол коюучулар, тийиштүү түрдө буга ыйгарым укук берилгендер, ушул Макулдашууга кол коюшту.
201_-жылы "__" __________ шаарында, эки түп нускада, ар бири кыргыз, араб, орус жана англис тилдеринде түзүлдү, мында бардык тексттер бирдей юридикалык күчкө ээ. Чечмелөөдө кайчы пикирлер пайда болгон учурда англис тилиндеги текст артыкчылыкка ээ болот.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү үчүн |
| Катар мамлекетинин Өкмөтү үчүн |