Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2013-жылдын 7-майы № 170-б
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Сауд Аравия Королдугунун Өкмөтүнүн ортосундагы Кош салык салуудан качуу, киреше салыгын төлөөдөн качууну болтурбоо жөнүндө макулдашуунун долбоору жактырылсын.
2. Кыргыз Республикасынын экономика министрине аталган макулдашууга Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн атынан принциптүү эмес мүнөздөгү оңдоолорду киргизүү укугу менен кол коюуга ыйгарым укук берилсин.
Премьер-министри | Ж.Сатыбалдиев |
Долбоор
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Сауд Аравия Королдугунун Өкмөтүнүн ортосундагы Кош салык салуудан качуу жана киреше салыгын төлөөдөн качууну болтурбоо жөнүндө МАКУЛДАШУУ
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жана Сауд Аравия Королдугунун Өкмөтү;
Кош салык салуудан качуу жана киреше салыгын төлөөдөн качууну болтурбоо жөнүндө макулдашуу түзүүнү каалап,
Төмөнкүлөр тууралуу макулдашты:
1-берене. Макулдашуу колдонула турган жактар
Бул Макулдашуу Макулдашуучу Мамлекеттердин биринин же экөөнүн тең резиденти болуп саналган жактарга карата колдонулат.
2-берене. Макулдашуу жайылтыла турган салыктар
1. Бул Макулдашуу Макулдашуучу Мамлекеттин, анын саясий жана административдик бөлүмдөрүнүн же жергиликтүү органдарынын атынан, аларды алуунун усулдарына карабастан, киреше салыктарына карата колдонулат.
2. Кирешеге салык деп кыймылдуу же кыймылсыз мүлктөрдү ажыратуудан алган пайдага салыкты, ишкана төлөгөн эмгек акынын же маянанын жалпы суммасынан салыкты, ошондой эле капиталдын өсүшүнөн алынган кирешеден алынган салыкты кошкондо, кирешенин жалпы суммасынан же кирешенин элементтеринен алынуучу бардык салыктар эсептелинет.
3. Ушул Макулдашуу колдонула турган салыктар деп төмөнкүлөр саналат:
a) Кыргыз Республикасында:
- юридикалык жактардын пайдасына салык;
- жеке жактардан алынуучу киреше салыгы (мындан ары "Кыргызстандын салыктары" деп аталат);
b) Сауд Аравия Королдугунда:
- зекет (муктаж болгон мусулмандардын пайдасына салык);
- жаратылыш газын инвестициялоого салыкты кошо алганда, пайдага салык (мындан ары "Сауд Аравия салыктары" деп аталат).
4. Бул Макулдашуу ошондой эле толуктоо катары же колдонуудагы салыктардын ордуна бул Макулдашууга кол коюлган күндөн кийин алына турган ар кандай окшош же мааниси боюнча ушул сыяктуу салыктарга да колдонулат. Макулдашуучу Мамлекеттердин компетенттүү органдары алардын тиешелүү салыктык мыйзамдарына киргизилген ар кандай олуттуу өзгөртүүлөр тууралуу бири-бирине кабарлоого тийиш.
3-берене. Жалпы аныктамалар
1. Ушул Макулдашуунун максаты үчүн эгер контекстте башкача келип чыкпаса:
a) "Кыргызстан" деген термин Кыргыз Республикасынын аймагын билдирет. Географиялык мааниде пайдаланганда "Кыргызстан" деген термин анда Кыргыз Республикасы эл аралык укукка ылайык эгемендүү укуктарын жана юрисдикциясын жүзөгө ашырып жаткан жана анда Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдары колдонулуучу аймакты билдирет;
b) "Сауд Аравия Королдугу" деген термин ичиндеги сууларын, аймактык деңиздерин, суу алдын, жер казынасын жана минералдык ресурстарды кошо алганда Сауд Аравия Королдугунун аймагын түшүндүрөт, мында Сауд Аравия Королдугу эл аралык укуктардын ченемдерине жана мыйзамдарына ылайык эгемендүү укугун жана юрисдикциясын ишке ашырат;
c) "Макулдашуучу Мамлекет" жана "экинчи Макулдашуучу Мамлекет" деген терминдер контекстке жараша Кыргызстанды жана Сауд Аравия Королдугун түшүндүрөт;
d) "жак" деген термин Мамлекетти, анын административдик бөлүмдөрүн же жергиликтүү бийликти кошо алганда, жеке адамды, компанияны жана ар кандай жактардын бирикмесин өзүнө камтыйт;
e) "компания" деген термин салык алуу максаты үчүн корпоративдик бирикме катары каралган ар кандай корпоративдик бирикмени же ар кандай башка ишкананы түшүндүрөт;
f) "Макулдашуучу Мамлекеттин ишканасы" жана "экинчи Макулдашуучу Мамлекеттин ишканасы" деген терминдер тиешелүүлүгүнө жараша Макулдашуучу Мамлекеттин резиденти башкарган ишкананы жана экинчи Макулдашуучу Мамлекеттин резиденти башкарган ишкананы түшүндүрөт;
g) "эл аралык ташуу" деген термин - деңиз же аба кемелери, же жол-транспорт каражаттары экинчи Макулдашуучу Мамлекеттеги пункттардын ортосунда гана пайдаланылган учурларды кошпогондо, иш жүзүндөгү башкаруусу Макулдашуучу Мамлекетте жайгашкан ишкананын деңиз жана аба кемелерин же жол-транспорт каражаттарын пайдаланган ар кандай ташууларын түшүндүрөт;
h) "компетенттүү орган" деген термин төмөнкүнү түшүндүрөт:
(i) Кыргызстанда - Экономика министрлигин же башка ыйгарым укуктуу өкүлдү;
(ii) Сауд Аравия Королдугунда - Финансы министрлигинин атынан Финансы министрин же башка ыйгарым укуктуу өкүлдү;
i) Макулдашуучу Мамлекетке карата "улуттук жак" деген термин төмөнкүнү түшүндүрөт:
(i) Макулдашуучу Мамлекеттин жарандыгы бар ар кандай жеке жак;
(ii) Макулдашуучу Мамлекеттин колдонуудагы мыйзамдарына ылайык өзүнүн тийиштүү статусун алган ар кандай юридикалык жак, шериктештик же бирикме.
2. Макулдашуучу Мамлекет тарабынан ар кандай учурда ушул Макулдашууну колдонгондо андагы аныкталбаган ар кандай термин, эгерде контексттен башкача болуп чыкпаса, анын мааниси ушул Макулдашуу колдонулган салыктарга карата ошол Мамлекеттин мыйзамдары боюнча мааниге ээ болот жана Макулдашуучу Мамлекеттин тиешелүү салык мыйзамына ылайык маани Макулдашуучу Мамлекеттин башка мыйзамына ылайык терминдин маанисинен артыкчылыкка ээ болот.
4-берене. Резидент
1. Ушул Макулдашуунун максаты үчүн "Макулдашуучу Мамлекеттин резиденти" деген термин төмөнкүлөрдү түшүндүрөт:
a) ошол мамлекеттин мыйзамдарына ылайык туруктуу жашаган жери, туруктуу барган жери, башкаруу орду же ушундай мүнөздөгү башка критерийлер боюнча салык салынууга тийиш болгон ар кандай жакты, ошондой эле мамлекетти жана анын кандайдыр-бир саясий же административдик бөлүмүн же жергиликтүү органын камтыйт;
b) Макулдашуучу Мамлекеттин мыйзамдарына ылайык түзүлгөн жана ошол мамлекетте жалпысынан салыктан бошотулган, ошондой эле катталган жана ошол Мамлекетте төмөнкүдөй өзүнүн иш-аракеттерин жүргүзгөн юридикалык жакты:
(i) диний, кайрымдуулук, билим берүү, илим же башка ушул сыяктуу иш-аракеттерди кошпогондо; же
(ii) жумушчуларга пенсия же башка жеңилдиктерди берүү максатында иштеген.
Бирок бул термин ошол Мамлекетте болгон булактардан алынган кирешелер боюнча Мамлекетте салык салынууга тийиш болгон ар кандай жакты камтыбайт.
2. Эгерде ушул берененин 1-пунктунун күчү боюнча жеке жак Макулдашуучу Мамлекеттердин экөөнүн тең резиденти болуп саналса, анын макамы төмөнкүчө аныкталат:
a) ал туруктуу турак жайга ээ болсо ошол Макулдашуучу Мамлекеттин резиденти болуп саналат; эгер ал эки Макулдашуучу Мамлекетте тең туруктуу турак жайы жайгашкан болсо, ал айрыкча тыгыз жеке жана экономикалык байланыштарга (жашоо тиричилик кызыкчылыгынын борбору) ээ болгон Мамлекеттин гана резиденти болуп саналат;
b) эгер анын жашоо тиричилик кызыкчылыгынын борбору боло турган Макулдашуучу Мамлекет аныкталбаса, же эгер бул Макулдашуучу Мамлекеттердин биринде дагы туруктуу турак жайы болбосо, анда ал дайыма жашаган Макулдашуучу Мамлекеттин гана резиденти болуп саналат;
c) эгер ал дайыма эки Макулдашуучу Мамлекетте тең жашаса, же алардын биринде да жашабаса, анда ал кайсы Макулдашуучу Мамлекеттин жараны болуп саналса ошол макулдашуучу Мамлекеттин резиденти болуп саналат;
d) эгерде ал эки Мамлекеттин тең жараны же экөөнүн тең жараны эмес болуп саналса, анда бул маселе Макулдашуучу Мамлекеттердин компетенттүү органдары тарабынан өз ара макулдашуу боюнча чечилет.
3. Эгер ушул берененин 1-пунктуна ылайык жеке жак болуп саналбаган жак Макулдашуучу Мамлекеттердин экөөнүн тең резиденти болуп саналса, ал өзүнүн натыйжалуу башкаруу органы жайгашкан Мамлекеттин гана резиденти болуп саналат.
5-берене. Туруктуу мекеме
1. Ушул Макулдашуунун максаттары үчүн "туруктуу мекеме" деген термин иш-аракеттердин туруктуу ордун түшүндүрөт, ал аркылуу ишкананын ишкердиги толук же толук эмес жүргүзүлөт.
2. "Туруктуу мекеме" термини тактап айтканда өзүнө төмөнкүлөрдү камтыйт:
a) башкаруу орду;
b) бөлүм;
c) кеңсе;
d) фабрика;
e) өнөркана, жана
f) кен казуучу же жаратылыш ресурстарын пайдалануу орду.
3. "Туруктуу мекеме" термини өзүнө ошондой эле төмөнкүлөрдү камтыйт:
a) курулуш аянттарын, куруу, монтаждоо же куроо объектилери же ошол аянтка же объектиге байланышкан көзөмөлдөө иш-аракеттерин, бирок эгер ушундай аянт же объект 6 (алты) айдан ашык уланса;
b) ишкананын кызматкерлери же ишкана ушундай максаттар үчүн жалдаган башка кызматкерлер аркылуу көрсөтүлүүчү консультациялык кызматтарды кошо алганда кызматтарды көрсөтүү, бирок эгер мындай мүнөздөгү иш-аракеттер (ушундай же аны менен байланышкан долбоор үчүн) Макулдашуучу Мамлекеттин аймагында ар кандай 12 (он эки) айдын аралыгында 6 (алты) айдан ашык уланса.
4. Ушул берененин мурдагы жоболоруна карабастан "туруктуу мекеме" термини өзүнө төмөнкүлөрдү камтыбайт:
a) ишканага тиешелүү болгон товарларды жана буюмдарды сактоо же көргөзүү максатында гана курулмаларды колдонууну;
b) сактоо жана көрсөтүү максатында гана ишканага тийиштүү болгон товарлардын жана буюмдардын запасын кармоону;
c) башка ишкана тарабынан кайра иштетүү максатында гана ишканага тийиштүү болгон товарлардын жана буюмдардын запасын кармоону;
d) товарларды же буюмдарды сатып алуу, же ишкана үчүн маалыматтарды топтоо максаттарында гана иш-аракеттердин туруктуу ордун кармоону;
e) даярдоочу же көмөкчү мүнөздөгү ар кандай башка иш-аракеттердин ишканасы үчүн иш-аракетти жүргүзүү максаттарында гана иш-аракеттердин туруктуу ордун кармоону;
f) мындай комбинациялардын натыйжасында пайда болгон иш-аракеттин туруктуу орундагы жалпы иш-аракеттер даярдоочу жана көмөкчү мүнөздө боло турган шартта (а)-(е) пунктчаларында саналган иш-аракеттердин түрлөрүнүн ар кандай комбинацияларын ишке ашыруу үчүн гана иш-аракеттердин туруктуу ордун кармоону;
g) айрым жармаңкелерге же көргөзмөлөргө катышкан, бул жармаңкелер же көргөзмөлөр жабылгандан кийин ишканага тийиштүү товарларды жана буюмдарды сатууну.
5. 1 жана 2-пункттардын жоболоруна карабастан, эгерде жак ага карата 6-пункт колдонула турган көз карандысыз макамдагы агентке караганда Макулдашуучу Мамлекетте экинчи Макулдашуучу Мамлекеттин ишканасынын атынан иштесе, анда бул ишкана биринчи Мамлекетте ушул жак ишкана үчүн кылуучу бардык ишке карата туруктуу мекемеси бар деп каралат,
a) ишкананын атынан контракт түзүү боюнча ыйгарым укугу бар жана адатта ошол Мамлекетте аны ишке ашырган болсо, бул жактын иш-аракеттери 4-пунктта эскертилгендер менен чектелген учурларды кошпогондо, мында эгер иш-аракеттердин туруктуу жери аркылуу ишке ашырылып, бул иш-аракеттердин туруктуу жерин ушул пункттун жоболоруна ылайык туруктуу мекемеге айлантпаса;
b) бул ыйгарым укуктарга ээ эмес, бирок биринчи Мамлекетте товарлардын же буюмдардын кампасын сактаса, андан ишканасынын атынан товарларды жана буюмдарды дайыма жеткирсе.
6. Брокер, комиссионер же көз карандысыз макамы бар башка агент аркылуу, мындай жактар өзүнүн көнүмүш иш-аракеттеринин алкагында аракеттенген шартта, бул Мамлекетте ишкердикти жүзөгө ашыргандыгы үчүн гана ишкананын Макулдашуучу Мамлекетте туруктуу мекемеси бар деп саналбайт.
7. Компания Макулдашуучу Мамлекеттин резиденти болуп саналган, контролдой турган же экинчи Макулдашуучу Мамлекеттин резиденти болуп саналган компания тарабынан контролдоно турган фактысы, же бул экинчи Мамлекетте ишкердикти ишке ашыруусу (же туруктуу мекеме аркылуу, же башкача түрдө) өзүнөн-өзү бул компаниялардын бирин экинчисинин туруктуу мекемесине айланта албайт.
6-берене. Кыймылсыз мүлктөн киреше
1. Макулдашуучу Мамлекеттин резиденти экинчи Макулдашуучу Мамлекетте жайгашкан кыймылсыз мүлктөн (айыл, токой жана мал чарбасынан кирешелерди кошкондо) алуучу пайдага бул экинчи Мамлекетте салык салынышы мүмкүн.
2. "Кыймылсыз мүлк" термини каралып жаткан мүлк жайгашкан Макулдашуучу Мамлекеттин мыйзамдарындагы мааниге ээ болот. Бул термин ар кандай учурларда кыймылсыз мүлккө карата көмөкчү мүлктү, малды жана айыл, токой жана мал чарбасында пайдаланылуучу жабдууларды, жер менчигине карата жалпы мыйзамдардын жоболорунда колдонулуучу укуктарды, кыймылсыз мүлктүн узуфруктун жана минералдык ресурстарды, булактарды жана башка жаратылыш ресурстарын иштеп чыгуу же иштеп чыгууга укук үчүн компенсация катары өзгөрмөлүү же белгиленген төлөмдөргө укуктарды камтыйт. Кемелер, кайыктар жана аба кемелери кыймылсыз мүлк катары каралбайт.
3. Ушул берененин 1-пунктунун жоболору кыймылсыз мүлктү түз пайдалануудан, ижарага берүүдөн же аны кандайдыр-бир башка түрдө пайдалануудан алынган кирешеге карата колдонулат.
4. Ушул берененин 1 жана 3-пункттарынын жоболору ишкананын кыймылсыз мүлктөрүнөн кирешелерге жана көз карандысыз жеке кызматтарды көрсөтүү үчүн пайдаланылуучу кыймылсыз мүлктөн кирешелерге карата колдонулат.
7-берене. Ишкердиктен пайда
1. Макулдашуучу Мамлекеттин ишканасынын пайдасына, эгерде мындай ишкана экинчи Макулдашуучу Мамлекетте анда жайгашкан туруктуу мекеме аркылуу ишкердикти ишке ашырбаса, биринчи Мамлекетте гана салык салынат. Эгерде ишкана жогоруда айтылгандай ишкердикти ишке ашырса, ишкананын пайдасына, бирок мындай туруктуу мекемеге тийиштүү болгон бөлүгүнө гана экинчи Мамлекетте салык салынышы мүмкүн.
2. 3-пункттун жоболорун эске алуу менен эгер Макулдашуучу Мамлекеттин ишканасы экинчи Макулдашуучу Мамлекетте анда жайгашкан туруктуу мекеме аркылуу ишкердикти ишке ашырса, анда ар бир Макулдашуучу Мамлекетте бул туруктуу мекемеге, эгер ал өз алдынча жана өзүнчө ишкана болгондо, ушундай же ушуга окшогон шартта, ушундай же ушуга окшогон иш-аракеттерди аткарган жана анын туруктуу мекемеси болуп саналган ишканадан толук көз карандысыз аракеттенгенде алууга мүмкүн болгон пайдасы кирет.
3. Туруктуу мекеменин пайдасын аныктоодо башкаруу жана жалпы административдик чыгымдарды кошо, бул чыгымдар туруктуу мекеме жайгашкан Мамлекетте, же кайда гана болбосун туруктуу мекеменин максаттары үчүн келтирилген чыгымдарды эсептен чыгарууга жол берилет. Бирок, бул эсептен чыгаруулар туруктуу мекеме тарабынан ишкананын башкы офисине же анын башка офистерине менчикти пайдалангандыгы үчүн компенсация, алымдар же ушуга окшош төлөмдөр, патентти же башка укуктарды пайдалангандыгы үчүн төлөмдөр аркылуу, же көрсөтүлгөн кызматтык анык түрлөрү же жетекчилик үчүн комиссиялар аркылуу же туруктуу мекемелерге ссудага берилген акча боюнча карызды өндүрүү жөнүндө доолордон кирешелер аркылуу, буга банктык ишканалардын учурлары кирбейт, төлөп берүү (иш жүзүндөгү чыгымдарды жабуудан айырмаланган) каралган суммага карата жол берилбейт. Ошондой эле туруктуу мекеменин пайдасын аныктоодогу эсепте туруктуу мекеме тарабынан башкы офисинин же анын башка офистеринин эсебине (иш жүзүндөгү чыгымдарды жабуудан айырмаланган) суммалар үчүн менчикти пайдаланганы үчүн компенсация алымдар же ушуга окшош төлөмдөр, патентти же башка укуктарды пайдалангандыгы үчүн төлөмдөр аркылуу же көрсөтүлгөн кызматтын анык түрлөрү же жетекчилик үчүн комиссиялар аркылуу же ишкананын башкы офисине же анын башка офистерине ссудага берилген акча боюнча карызды өндүрүү доолордон кирешелерди аркылуу, буга банктык ишканалардын учурлары кирбейт, эсептелбеши керек.
4. Эгерде Макулдашуучу Мамлекетте туруктуу мекемеге тийиштүү пайда ишкананын кирешесинин жалпы суммасын анын ар түрдүү бөлүмдөрү боюнча пропорциялуу бөлүштүрүүнүн негизинде аныкталса, ушул берененин 2-пунктунда эч нерсе ушул Макулдашуучу Мамлекетке адатта кабыл алынгандай мындай бөлүштүрүү аркылуу салык салынуучу пайданы аныктоого тыюу салбайт; бөлүштүрүүнүн кабыл алынган усулу ушул беренеде камтылган принциптерге ылайык келген натыйжаларды бериши керек.
5. Башка жоболорго карабастан, Макулдашуу Мамлекеттин ишканасы экинчи Макулдашуучу Мамлекетке товарларды экспорттоо аркылуу алган соода кирешеге экинчи Макулдашуучу Мамлекетте салык алынбашы керек.
6. "Соода кирешеси" термини өнөр жай, коммерциялык, банктык, камсыздандыруу иш-аракеттеринен, ички ташуулар боюнча иш-аракеттен жана кызмат көрсөтүүдөн түшкөн кирешени өзүнө камтыйт, бирок булар менен чектелбейт. Бул термин жеке жактын же кызматкердин жеке кызмат көрсөтүүлөрүн өзүнө камтыбайт.
7. Бул пункттагы эч нерсе камсыздандыруу иш-аракеттеринен резидент эместин кирешесинен алынуучу салыкка карата Макулдашуучу Мамлекеттин колдонуудагы кандайдыр бир мыйзамына таасирин тийгизбеши керек.
8. Эгер пайда ушул Макулдашуунун башка беренелеринде өзүнчө каралган кирешенин элементтерин өзүнө камтыса, анда аталган беренелердин жоболору ушул берененин жоболоруна таасирин тийгизбейт.
8-берене. Эл аралык ташуулар
1. Эл аралык ташууларда деңиз же аба кемелерин, же жол-транспорт каражаттарын пайдалануудан алынган пайдага ишкананы иш жүзүндө башкаруу жайгашкан Макулдашуучу Мамлекетте гана салык салынууга тийиш.
2. Ушул берененин 1-пунктунун жоболору ошондой эле биргелешкен ишканага, же транспорт каражаттарын пайдалануу боюнча эл аралык уюмдарга пулга катышуудан тапкан пайдаларга да колдонулат.
9-берене. Ассоциацияланган ишканалар
1. Эгер:
a) Макулдашуучу Мамлекеттин ишканасы экинчи Макулдашуучу Мамлекеттин ишканасын башкарууга, контролдоого же капиталына түз же кыйыр катышса; же
b) бир жана ошол эле жактар Макулдашуучу Мамлекеттин ишканасын, ошондой эле экинчи Макулдашуучу Мамлекеттин ишканасын башкарууга, контролдоого же капиталына түз же кыйыр катышса
жана эки ишкананын ортосунда алардын коммерциялык же финансылык мамилелеринде эки көз карандысыз ишкананын ортосундагы боло турган шарттардан айырмаланган шарттар түзүлсө же белгиленсе шарттар болсо, анда алардын бирине чегериле турган, бирок бул шарттардын бар экендигинин себебинен ага чегерилбеген ар кандай пайда, бул ишкананын пайдасына киргизилет жана тийиштүү түрдө салык салынат.
2. Биринчи Макулдашуучу Мамлекет бул Мамлекеттин ишканасынын пайдасына экинчи Мамлекетте салык салууга дуушар болгон экинчи Макулдашуучу Мамлекеттин ишканасына карата пайданы киргизген жана тийиштүү түрдө салык салса жана ушул мүнөздө киргизилген пайда биринчи эскертилген Мамлекеттин ишканасына чегериле турган пайда деп саналат, эгер эки ишкананын ортосундагы мамиле эки көз карандысыз ишкананын ортосундагы мамиледей болсо, анда бул экинчи Мамлекет бул пайдадан алынуучу салыктын суммасына карата тийиштүү оңдоп-түзөтүүлөрдү киргизиши мүмкүн. Мындай оңдоп-түзөтүүлөр аныкталганда ушул Макулдашуунун башка жоболору эске алынууга тийиш, ал эми Макулдашуучу Мамлекеттердин компетенттүү органдары бири-бири менен зарыл болгон учурда консультацияларды өткөрө алышат.
10-берене. Дивиденддер
1. Биринчи Макулдашуучу Мамлекеттин резиденти-компания экинчи Макулдашуучу Мамлекеттин резидентине төлөп берүүчү дивиденддерге экинчи Мамлекетте гана салык салынышы мүмкүн.
2. Ушул беренеде колдонулуучу "дивиденддер" термини акциялардан, дивиденддерди алуу укугу менен акциялардан, дивидендди алууга укугу бар укуктардан, кен казуучу компаниялардын акцияларынан, уюштуруучу акциялардан же пайдага катышууга укук берген, карыздык талап болуп эсептелбеген башка укуктардан кирешелерди, ошондой эле пайданы бөлүштүрүүчү компания резиденти болуп эсептелген Макулдашуучу Мамлекеттин мыйзамдарына ылайык акциялардан кирешелерге салык салууга карата теңдештирилген корпоративдик башка укуктардан кирешелерди түшүндүрөт.
3. Эгер дивиденддердин иш жүзүндөгү ээси Макулдашуучу Мамлекеттин резиденти болуп туруп, дивиденддерди төлөгөн компания резиденти болуп эсептелген экинчи Макулдашуучу Мамлекетте ишкердикти анда жайгашкан туруктуу мекеме аркылуу жүргүзсө же ушул экинчи Макулдашуучу Мамлекетте көз карандысыз жеке кызматтарды анда жайгашкан туруктуу базасы менен көрсөтсө жана дивиденддер төлөнгөн холдинг аныгында туруктуу мекеме же туруктуу база менен байланышкан болсо, ушул берененин 1-пунктунун жобосу колдонулбайт. Мындай учурда 7 же 14-берененин жоболору шартка жараша колдонулат.
4. Макулдашуучу Мамлекеттин резиденти болуп саналган компания экинчи Макулдашуучу Мамлекеттен пайда же киреше алган учурда, бул экинчи Мамлекет эгер мындай дивиденддер бул экинчи Мамлекеттин резидентине төлөнсө же эгерде ал дивиденддер төлөнүп жаткан холдинг иш жүзүндө бул экинчи Мамлекетте жайгашкан туруктуу мекеме же туруктуу база менен байланышта экендигин кошпогондо, компания төлөп берүүчү дивиденддерден кандайдыр бир салык албайт жана компаниянын бөлүштүрүлбөгөн пайдасына, ал тургай эгер төлөнүүчү дивиденддер же бөлүштүрүлбөгөн пайда ошол экинчи Мамлекетте келип чыгуучу толук же жарым-жартылай пайдадан же кирешеден турса да, бөлүштүрүлбөгөн пайдага салык салынбайт.
11-берене. Карызын төлөтүп алуу жөнүндө доо-арыздан киреше
1. Биринчи Макулдашуучу Мамлекетте карызын төлөтүп алуу жөнүндө доо-арыздан кесепетинен жана экинчи Макулдашуучу Мамлекеттин резидентине төлөнүүчү кирешеге ошол экинчи Мамлекетте гана салык салынышы мүмкүн.
2. "Карызын төлөтүп алуу жөнүндө доо-арыздан киреше" термини ушул беренеде колдонгон учурда ипотека менен камсыздалган же камсыздалбаган, карызкорлордун пайдаларына катышууга укук берүүчү же бербөөчү карыздык талаптардын бардык түрүнөн кирешелерди, жана тактап айтканда өкмөттүк баалуу кагаздардан кирешени жана облигациялардан же карыз милдеттенмелеринен кирешени, анын ичинде ушул баалуу кагаздар, облигациялар же карыз милдеттенмелери боюнча сый акыларды жана утуштарды түшүндүрөт. Өз убагында төлөбөгөндүк үчүн айыптар ушул берененин максаттары үчүн пайыз катары каралбайт.
3. Эгер карызын төлөтүп алуу жөнүндө доо-арызынан алуучу карыздын иш жүзүндөгү ээси Макулдашуучу Мамлекеттин резиденти болуп туруп экинчи Макулдашуучу Мамлекетте ишкердик жүргүзсө, анда жайгашкан туруктуу мекеме аркылуу карызды төлөтүп алуу жөнүндө доо-арыздар пайда болсо же ушул экинчи Мамлекетте көз карандысыз жеке кызматтарды анда жайгашкан туруктуу базасы менен көрсөтсө жана пайыздарды төлөөгө негиз болгон карыздык талаптар мындай туруктуу мекеме менен же туруктуу база байланышкан болсо, бул берененин 1-пунктунун жобосу колдонулбайт. Мындай учурда 7-берененин же 14-берененин жоболору шартка жараша колдонулат.
4. Эгерде төлөп берүүчү менен доо-арызынын иш жүзүндөгү ээсинин ортосундагы же анын экөөнүн жана кандайдыр бир үчүнчү жактын ортосундагы өзгөчө мамилелерге байланыштуу, негизинде төлөнүп жаткан карыздык талапка таандык болгон карызды төлөтүп алуу жөнүндө доо-арыздан кирешенин суммасы төлөп берүүчү менен доо-арыздын иш жүзүндөгү ээсинин ортосундагы ушундай мамилелер жок болгондо макулдашыла турган суммадан ашса, анда ушул берененин жоболору акыркы эскертилген суммага карата гана колдонулат. Мындай учурда ушул Макулдашуунун башка жоболорун тиешелүү түрдө эске алуу менен ар бир Макулдашуучу Мамлекеттин мыйзамдарына ылайык ашыкча бөлүгүнө мурдагыдай эле салык салынат.
12-берене. Роялти
1. Макулдашуучу бир Мамлекетте келип чыккан жана экинчи Макулдашуучу Мамлекеттин резидентине төлөнүүчү роялтиге ошол экинчи Мамлекетте салык салынышы мүмкүн.
2. Бирок, мындай роялтиге ошондой эле бул Мамлекеттин мыйзамдарына ылайык алар келип чыккан Макулдашуучу Мамлекетте да салык алынышы мүмкүн, бирок эгерде алуучу роялтинин иш жүзүндө ээси болсо жана экинчи Макулдашуучу Мамлекеттин резиденти болуп саналса мындай түрдө алынуучу салык роялтинин жалпы суммасынын 7,5 пайызынан ашпоого тийиш.
3. Бул беренеде колдонууда "роялти" термини ар кандай адабият, искусство чыгармаларына же илимий эмгектерге, киноматографиялык фильмдерди, радио жана телеберүүлөр үчүн колдонулуучу фильмдерди же жазууларды, кандайдыр бир патенттерди, соода маркаларын, дизайн же моделди, планды, жашыруун формуланы же процессти кошо алганда автордук укуктарды пайдалануу укугун колдонуу же берүү үчүн же өнөр жайлык, коммерциялык же илимий жабдууларды пайдалануу укугун колдонуу же берүү үчүн же өнөр жайлык, коммерциялык же илимий тажрыйбага тиешелүү маалымат үчүн сыйлык катарында алынуучу ар кандай түрдөгү төлөмдөрдү билдирет.
4. Макулдашуучу Мамлекеттин резиденти болуп туруп, роялтинин иш жүзүндөгү ээси экинчи Мамлекетте ишкердик жүргүзсө, роялти ошол жерде жайгашкан туруктуу мекеме аркылуу келип чыкса же болбосо ошол экинчи Мамлекетте туруктуу жайгашкан база менен көз карандысыз жеке кызматтарды көрсөтсө, роялти төлөнгөн укук же мүлк иш жүзүндө мындай туруктуу мекеме же туруктуу база менен байланышса 1 жана 2-пункттардын жоболору колдонулбайт. Мындай учурда кырдаалга жараша 7 же 14-берененин жоболору колдонулат.
5. Роялти Макулдашуучу Мамлекетте аны төлөөчү ошол Мамлекеттин резиденти болуп саналса, ошол Мамлекетте келип чыкты деп эсептелет. Бирок роялти төлөөчү жак Макулдашуучу Мамлекеттин резиденти болуп саналабы же жокпу, Макулдашуучу Мамлекетте туруктуу мекемеси же туруктуу базасы бар болсо, роялтини пайда кылган укук же мүлк иш жүзүндө алар менен байланышса же мындай роялтини төлөө боюнча чыгымдарды туруктуу мекеме же туруктуу база тартса, анда бул туруктуу мекеме же туруктуу база жайгашкан Мамлекетте келип чыгат деп эсептелет.
6. Эгерде төлөөчүнүн жана иш жүзүндө роялтинин ээсинин ортосундагы же алардын экөөнүн кандайдыр бир башка жак менен өзгөчө мамилелеринин себеби боюнча роялтини төлөөгө негиз болгон колдонууга, укукка же маалыматка таандык роялтинин суммасы мындай мамилелер жок учурда төлөөчү менен роялтинин иш жүзүндөгү ээсинин ортосунда макулдашылган суммадан ашса, бул берененин жоболору акыркы эскертилген суммага гана колдонулат. Мындай учурда төлөмдүн ашыкча бөлүгү ушул Макулдашуунун башка жоболорун тийиштүү түрдө эске алуу менен ар бир Макулдашуучу Мамлекеттин мыйзамдарына ылайык салык салынууга тийиш.
13-берене. Капиталдан киреше
1. 6-беренеде аталган жана экинчи Макулдашуучу Мамлекетте жайгашкан кыймылсыз мүлктү ажыратууда Макулдашуучу Мамлекеттин резиденти тарабынан алынуучу кирешеге мына ошол экинчи Мамлекетте салык салынышы мүмкүн.
2. Макулдашуучу Мамлекеттин ишканасы экинчи Макулдашуучу Мамлекетте ээ болуп турган туруктуу мекеменин коммерциялык мүлкүнүн бөлүгүн түзгөн кыймылдуу мүлктү ажыратуудан, же көз карандысыз жеке кызмат көрсөтүү максатында биринчи Макулдашуучу Мамлекеттин резидентинин карамагындагы экинчи Макулдашуучу Мамлекетте жайгашкан туруктуу базага таандык кыймылдуу мүлктөрдү кирешеге, мындай туруктуу мекемени (өзүнчө же бүткүл ишкана менен бирге) же болбосо мындай туруктуу базаны ажыратуудан түшкөн кирешени кошкондо, ошол экинчи Мамлекетте салык салынышы мүмкүн.
3. Эл аралык ташууларда пайдаланылуучу деңиз, аба кемелерин же жол-транспорт каражаттарын ажыратуудан же мындай деңиз же аба кемелерин, жол-транспорт каражаттарын пайдаланууга таандык болгон кыймылдуу мүлктү ажыратуудан түшкөн кирешелерге ишкананы иш жүзүндө башкаруу жайгашкан ошол Макулдашуучу Мамлекетте гана салык салынат.
4. Ушул берененин 2-пунктунун жоболоруна карабастан, Макулдашуучу Мамлекеттин резидентинин, компаниясынын акциялары болуп эсептелген акцияларды ажыратуудан түшкөн кирешелерге ушул Мамлекетте салык салынышы мүмкүн.
5. Жогоруда аталган пункттарда аталгандардан башка кандайдыр бир мүлктү ээликтен ажыратуудан түшкөн кирешелерге мүлктү ажыраткан жак резиденти болуп эсептелген Макулдашуучу Мамлекетте гана салык салынат.
14-берене. Көз карандысыз жеке кызмат көрсөтүү
1. Макулдашуучу Мамлекеттин резиденти тарабынан кесипкөйлүк кызмат көрсөтүүдөн же көз карандысыз мүнөздөгү башка иштен алынган кирешеге ошол Мамлекетте гана салык салынат, буга экинчи Макулдашуучу Мамлекетте мындай кирешеге салык алынган төмөнкү учурлар кирбейт:
(a) эгерде ал өзүнүн иш аракеттерин ишке ашыруу үчүн дайыма жеткиликтүү туруктуу базага ээ болсо; анда мындай туруктуу базага таандык гана кирешенин бөлүгүнөн экинчи Макулдашуучу Мамлекетте салык салынышы мүмкүн; же
(Ь) эгер ар кандай 12 (он эки) айлык мезгилде, тиешелүү салык жылда башталган же аяктаган, жалпысынан 183 (жүз сексен үч) күндөн ашпаган же ага тең келген мезгилдин аралыгында экинчи Макулдашуучу Мамлекетте болсо; мындай учурда анын ошол экинчи Мамлекеттеги иш аракетинен алынган кирешенин бөлүгүнөн гана экинчи Мамлекетте салык алынышы мүмкүн.
2. "Кесипкөйлүк кызмат көрсөтүү" деген термин, тактап айтканда көз карандысыз илимий, адабий, артисттик, билим берүү же педагогикалык ишмердикти, ошондой эле врачтардын, юристтердин, инженерлердин, архитекторлордун, стоматологдордун жана бухгалтерлердин көз карандысыз ишмердигин камтыйт.
15-берене. Көз каранды жеке кызмат көрсөтүү
1. Эгерде жалданып иштөө экинчи Макулдашуучу Мамлекетте жүзөгө ашырылбаса, ушул Макулдашуучунун 16, 18, 19, 20 жана 21-беренелеринин жоболорун эске алуу менен, Макулдашуучу Мамлекеттин резидентинин жалданып иштөөгө байланыштуу алган айлык акысына, маянасына жана башка ушул сыяктуу сый акысына ушул Мамлекетте гана салык салынат. Эгерде жалданып иштөө ушундай жол менен жүзөгө ашырылса, буга байланыштуу алынган сый акыга мына ошол экинчи Мамлекетте салык салынышы мүмкүн.
2. Ушул берененин 1-пунктунун жобосуна карабастан, Макулдашуучу Мамлекеттин резидентинин экинчи Макулдашуучу Мамлекетте жүзөгө ашырылган жалданып иштөөгө байланыштуу алынган сый акысына биринчи аталган Мамлекетте гана салык салынат, эгерде:
a) алуучу тийиштүү салыктык жылда башталган же аяктаган ар кандай 12 (он эки) айлык мезгилде жалпысынан 183 күндөн ашпаган мезгилде же мезгилдердин ичинде экинчи Мамлекетте болсо; жана
b) сый акы экинчи Мамлекеттин резиденти болуп эсептелбеген жалдоочу тарабынан же жалдоочунун атынан төлөнсө; жана
c) сый акы жалдоочу экинчи Мамлекетте ээ болгон туруктуу мекеме же туруктуу база тарабынан төлөнбөсө.
3. Ушул берененин мурдагы жоболоруна карабастан, Макулдашуучу Мамлекеттин ишканасы тарабынан эл аралык ташууларда пайдаланылган деңиз же аба кемесинин бортунда же жол-транспорт каражаттарында ишке ашырылган жалдануу боюнча иш менен байланыштуу алынган сый акыдан ишкананын иш жүзүндөгү башкаруу орду жайгашкан Макулдашуучу Мамлекетте салык салынышы мүмкүн.
16-берене. Директорлорго сый акы
Директорлордун сый акысына жана экинчи Макулдашуучу Мамлекеттик резиденти болуп саналган компаниялардын директорлор кеңешинин мүчөсү катары Макулдашуучу Мамлекеттин резиденти тарабынан алынган башка ушундай төлөмдөргө ошол экинчи Мамлекетте салык салынышы мүмкүн.
17-берене. Артисттер жана спортчулар
1. 14 жана 15-беренелердин жоболоруна карабастан, Макулдашуучу Мамлекеттин резидентинин театрдын, кинонун, радионун же теле көрсөтүүнүн артисти же музыканты катары искусство кызматкери сапатында же өзүнүн жеке иши болгон спортчу катары экинчи Макулдашуучу Мамлекетте алган кирешесине ошол экинчи Мамлекетте салык салынышы мүмкүн.
2. Эгерде искусство кызматкери же спортчу тарабынан мына ушул сапатта жүзөгө ашырылган жеке ишинен түшкөн кирешеси искусство кызматкеринин же спортчунун жеке өзүнө эсептелбей, башка жакка эсептелсе, 7, 14 жана 15-беренелердин жоболоруна карабастан, бул кирешеге искусство кызматкеринин же спортчунун иши жүзөгө ашырылып жаткан Макулдашуучу Мамлекетте салык салынышы мүмкүн.
3. Ушул берененин 1 жана 2-пункттарында каралган Макулдашуучу Мамлекеттин резиденти экинчи Макулдашуучу Мамлекетте аткарылган иштен алган киреше, эгерде экинчи Мамлекетте болуусу Макулдашуучу Мамлекеттин, анын саясий же административдик бөлүктөрүнүн же жергиликтүү органдарынын каражаттарынан толук же толук эмес колдоого алынса, же болбосо Макулдашуучу Мамлекеттердин Өкмөттөрү ортосундагы маданий макулдашуунун же келишимдин алкагында ишке ашырылса ошол Мамлекетте салыктан бошотулат.
18-берене. Пенсиялар жана аннуитеттер
1. 19-берененин 2-пунктунун жоболорун эске алуу менен Макулдашуучу Мамлекеттин же анын саясий, административдик бөлүктөрүнүн, же жергиликтүү органынын социалдык камсыздоо системасынын бөлүгү болуп эсептелген мамлекеттик схема боюнча Макулдашуучу Мамлекеттин резидентине төлөөчү пенсияларга жана башка ушундай түрдөгү сый акыларга жана төлөмдөргө ошол гана Мамлекетте салык салынууга тийиш.
2. "Аннуитет" термини акчалай же нарктык көрүнүшүндө адекваттуу же толук түрдөгү сый акынын ордуна төлөп берүү тууралуу милдеттенмелерге ылайык аныкталган убакка же анык белгиленген мезгил аралыгында мезгили менен төлөнүүгө тийиш болгон белгиленген сумманы билдирет.
19-берене. Мамлекеттик кызмат
1. a) Макулдашуучу Мамлекет, анын саясий же административдик бөлүмдөрү же жергиликтүү органдары тарабынан ушул Мамлекетке көрсөтүлгөн кызматтарга карата жеке адамдын маянасына, эмгек акысына жана пенсиядан тышкары башка ушу сыяктуу сый акысына ошол Мамлекетте гана салык салынат.
Ь) Бирок, мындай маянага, эмгек акыга жана башка ушу сыяктуу сый акыга, эгерде кызмат ошол экинчи Мамлекетте көрсөтүлсө жана жеке жак ошол Мамлекеттин резиденти болуп саналса, экинчи Макулдашуучу Мамлекетте гана салык салынат, ал:
(i) ушул Мамлекеттин жараны болуп саналса; же
(ii) кызмат көрсөтүү максатында гана ошол экинчи Мамлекеттин резиденти болбосо.
2. a) Макулдашуучу Мамлекет, анын саясий же административдик бөлүмдөрү же жергиликтүү органы алар түзгөн фонддор аркылуу ошол Мамлекет, орган же бөлүмү үчүн көрсөтүлүүчү кызмат үчүн жеке жакка төлөнүүчү ар кандай пенсияга ушул гана Мамлекетте салык салынат.
Ь) Бирок мындай пенсияга эгерде жеке жак ошол Мамлекеттин резиденти же жараны болуп саналса экинчи Макулдашуучу Мамлекетте гана салык алынат.
3. 15, 16, 17 жана 18-берененин жоболору Макулдашуучу Мамлекет же анын саясий же административдик бөлүмдөрү же жергиликтүү органы ишкердикти аткарууга байланыштуу көрсөткөн кызматтарга карата эмгек акыларга, маянага жана башка ушундай сый акыларга жана пенсияларга колдонулат.
20-берене. Студенттер, практиканттар жана стажерлор
1. Биринчи Макулдашуучу Мамлекетке келгенге чейин түздөн түз экинчи Макулдашуучу Мамлекеттин резиденти болуп эсептелген же эсептелүүчү жана биринчи аталган Макулдашуучу Мамлекетте окуу же стажировка максатында гана жүргөн студент, практикант же стажер жашоо, окуу жана билим алуу максаттары үчүн алган төлөмдөргө, мындай төлөмдөр ушул Макулдашуучу Мамлекеттин чегинен тышкары жайгашкан булактардан келип чыккан шартта, аларга аталган Макулдашуучу Мамлекетте салык салынбайт.
2. Биринчи Макулдашуучу Мамлекетке келгенге чейин түздөн түз экинчи Макулдашуучу Мамлекеттин резиденти болуп эсептелген же эсептелүүчү жана биринчи аталган Макулдашуучу Мамлекетте окуу же стажировка максатында гана жүргөн студент, практикант же стажер жашоо, окуу жана билим алуу максаттары үчүн алган төлөмдөргө, мындай кызмат көрсөтүүлөр анын окуусу жана стажировкасы менен байланышкан жана жашоосу үчүн керектүү шартта, аларга аталган Макулдашуучу Мамлекетте салык салынбайт.
21-берене. Окутуучулар жана изилдөөчүлөр
Окутуу, изилдөө жүргүзүү максаты менен биринчи Макулдашуучу Мамлекетке келгенге же чакырылганга чейин түздөн-түз экинчи Макулдашуучу Мамлекеттин резиденти болуп саналган же резиденти болгон окутуучу же изилдөөчү ушул иш-аракетке карата алган айлык акысына аталган экинчи Макулдашуучу Мамлекетте 3 жыл бою салык салынбайт.
22-берене. Башка кирешелер
1. Ушул Макулдашуунун мурдагы беренелеринде аталбаган Макулдашуучу Мамлекеттин резидентинин кирешесинин элементтерине, алардын келип чыгуу булактарына карабастан, мына ошол Мамлекетте гана салык салынууга тийиш.
2. Ушул Макулдашуунун 6-беренесинин 2-пунктуна ылайык кыймылсыз мүлктөн түшкөн кирешеден тышкары, Макулдашуучу Мамлекеттин резиденти тарабынан алынган кирешелерге карата 1-пункттун жоболору колдонулбайт, эгерде мындай кирешелерди алуучу, экинчи Макулдашуучу Мамлекетте жайгашкан туруктуу мекеме аркылуу ишкердик укук жүргүзсө же мына ошол экинчи Мамлекетте анда жайгашкан туруктуу базада көз карандысыз жеке кызмат көрсөтсө, ушундай туруктуу мекеме же туруктуу база менен анык байланышкан киреше алынган укук же мүлк болсо, ушул берененин 1-пунктунун жоболору колдонулбайт. Мындай учурда кырдаалга жараша 7 же 14-берененин жоболору колдонулат.
23-берене. Кош салык салууну четтетүү усулдары
1. Эгерде Макулдашуучу Мамлекеттин резиденти ушул Макулдашуунун жоболоруна ылайык салык салынышы мүмкүн болгон экинчи Макулдашуучу Мамлекеттен киреше алса, анда биринчи аталган Макулдашуучу Мамлекет экинчи Макулдашуучу Мамлекетте төлөнгөн салыкка барабар сумманы резиденттин киреше салыгынан эсептен чыгарууга мүмкүндүк берет.
Мындай эсептен чыгаруу экинчи Макулдашуучу Мамлекетте алынган кирешеге карата алып салуу берилгенге чейин эсептөө жүргүзүлгөн салыктын бөлүгүнөн ашпоого тийиш.
2. Сауд Аравия Королдугунда кош салык салууну четтетүү усулдары Сауд Аравиянын жарандарына карата зекет чогултуу эрежелеринин жоболоруна таасир тийгизбеши керек.
24-берене. Өз ара макулдашуу жол-жоболору
1. Эгерде жак бир же эки Макулдашуучу Мамлекеттердин аракеттери аны ушул Макулдашуунун жоболоруна ылайык эмес салык салууга алып келди же алып келет деп эсептесе, ал бул Мамлекеттердин улуттук мыйзамдарында каралган коргоо каражаттарына карабастан өзүнүн ишин кароо үчүн ал резиденти болуп саналган Макулдашуучу Мамлекеттин компетенттүү органдарына кароого бере алат. Арыз Макулдашуунун жоболоруна ылайык келбеген салык салууга алып келүүчү аракеттер жөнүндө биринчи кабарланган учурдан тартып үч жылдын аралыгында берилүүгө тийиш.
2. Компетенттүү орган дооматты негиздүү деп тапса, ал өзү канааттандыраарлык чечимге келе албаса, ушул Макулдашууга ылайык дал келбеген салык салуудан качуу максатында маселени экинчи Макулдашуучу Мамлекеттин компетенттүү органы менен өз ара макулдашуу боюнча чечүүгө умтулат. Жетишилген макулдашуу доо-арыздын эскиргендигине карабастан, экинчи Макулдашуучу Мамлекеттин мыйзамдарына ылайык ишке ашырылышууга тийиш.
3. Макулдашуучу Мамлекеттердин компетенттүү органдары ушул Макулдашууну чечмелөөдө же колдонууда келип чыгуучу ар кандай кыйынчылыктарды же шектенүүлөрдү өз ара макулдашуу боюнча чечүүгө умтулат. Алар ушул Макулдашууда каралбаган учурларда кош салык салууну четтетүү максатында биргелешип консультация жүргүзүшөт.
4. Макулдашуучу Мамлекеттердин компетенттүү органдары мурдагы пункттардын мааниси боюнча макулдашууга жетишүү максатында бири-бири менен түз байланыштарга чыга алышат.
25-берене. Маалыматтарды алмашуу
1. Эгер мындай салык салуу ушул Макулдашууга каршы келбесе, Макулдашуучу Мамлекеттердин компетенттүү органдары ушул Макулдашуунун жоболорун аткаруу, ар кандай мүнөздөгү жана түрдөгү салыктарга карата Макулдашуучу Мамлекеттердин ички мыйзамдарын башкаруу же аткаруу үчүн зарыл болгон ушундай маалыматтарды алмашып турушат.
Ушул Макулдашуунун 1-беренесине ылайык маалымат алмашууга тыюу салынбайт. Алынган ар кандай маалымат, ошондой эле ушул Мамлекеттин ички мыйзамдарынын алкагында алынган башка маалымат сыяктуу эле жашыруун маалымат болуп саналат жана салыктарды эсептеп чыгаруу же жыйноо, мажбурлап өндүрүп алуу же куугунтукка алуу, ошондой эле ушул Макулдашууда аталган салыктарга карата апелляцияларды карап чыгуу менен иштешкен органдарга (сотторду же администрациялык органдарды кошкондо) жана жактарга гана маалымдалат. Мындай жактар же органдар ошол маалыматты ушул максаттар үчүн гана колдонушат. Алар ошол маалыматты ачык сот отурумунун жүрүшүндө же сот чечимин кабыл алууда ачыкка чыгарышы мүмкүн.
2. Кандай гана учур болбосун ушул берененин 1-пункту Макулдашуучу Мамлекеттерди төмөнкүлөргө милдеттендирүүчү катары чечмеленүүгө тийиш эмес:
a) тигил же бул Макулдашуучу Мамлекеттин мыйзамдарына жана административдик практикасына каршы келген административдик чараларды көрүүгө;
b) тигил же бул Макулдашуучу Мамлекеттин мыйзамдары боюнча же демейдеги административдик практиканын жүрүшүндө алууга мүмкүн болбогон маалыматты берүүгө;
c) кандайдыр бир соода, ишкердик, өнөр-жайлык, коммерциялык же кесиптик жашыруун сырды же болбосо соода процессин ачыкка чыгаруучу маалыматты берүүгө же мамлекеттик саясатка каршы келе тургандай маалыматты берүүгө.
3. Эгер маалымат Макулдашуучу Мамлекет тарабынан ушул беренеге ылайык суралып жатса, экинчи Макулдашуучу Мамлекет салык салуудагы өзүнүн максаттары үчүн мындай маалымат керек болбосо дагы, экинчи Макулдашуучу Мамлекет суралып жаткан маалыматты алуу үчүн өзүнүн маалыматты чогултуу ыкмаларын пайдаланышы керек. Мурунку сүйлөмдө камтылган милдеттенмелер ушул берененин 2-пунктунда чек коюлууга тийиш, бирок мындай чектөөлөр Макулдашуучу Мамлекет мындай маалыматтарды ички кызыкчылыктарга ээ болбогондугу үчүн берүүдөн баш тартып коюшу мүмкүн деп түшүндүрүлбөшү керек.
4. Ушул берененин 2-пунктунун жобосу эч качан Макулдашуучу Мамлекеттин маалымат банкта, же башка финансылык институтта, дайындалган жакта же агент катары аракеттенген жакта, фидуциарияда же кандайдыр бир жактын жеке кызыкчылыгына тийиштүү деп маалымат берүүдөн баш тартышы мүмкүн деп талкууланбашы керек.
26-берене. Дипломатиялык миссиялардын жана консулдук кызматтын мүчөлөрү
Бул Макулдашуунун жоболору дипломатиялык миссиялардын жана консулдук кызматтын мүчөлөрүнүн эл аралык укуктун жалпы ченемдери тарабынан же атайын макулдашуулардын негизинде берилген салыктык артыкчылыктарына таасирин тийгизбейт.
27-берене. Башка жоболор
Бул Макулдашуунун жоболору салыктан жана салык салуудан четтөөдөн баш тартуу максатында ички жоболордун колдонулушуна таасирин тийгизбейт.
28-берене. Күчүнө кириши
1. Макулдашуучу Мамлекеттер ушул Макулдашуунун күчүнө кириши үчүн алардын мыйзамдары талап кылуучу жол-жоболордун бүткөндүгү жөнүндө дипломатиялык каналдар аркылуу жазуу жүзүндө бири-бирине кабарлашат. Бул Макулдашуу ушул билдирме алынган айдан кийинки экинчи айдын биринчи күнү күчүнө кирет.
2. Бул Макулдашуунун жоболору төмөнкүдөй күчтөргө ээ:
(a) бул Макулдашуу күчүнө кирген жылдан кийинки календардык жылдын биринчи январынан тартып төлөнгөн же чегерилген суммага карата, булактан алынуучу салыктарга; жана
(b) бул Макулдашуу күчүнө кирген календардык жылдын биринчи январынан тартып салыктык мезгилдерге карата, башка салыктарга.
29-берене. Колдонулушун токтотуу
1. Ушул Макулдашуу Макулдашуучу Мамлекеттердин бири анын колдонулушун токтотуп койгонго чейинки мезгилде күчүндө кала берет. Макулдашуучу Мамлекеттердин ар бири ушул Макулдашуу күчүнө кирген жылдан баштап беш жыл өткөндөн кийинки ар кандай календардык жылдын 30-июнунан кеч эмес мезгилде Макулдашуунун күчүн токтотуу жөнүндө дипломатиялык каналдар боюнча жазуу жүзүндө кабарлап, Макулдашууну колдонууну токтотушу мүмкүн.
2. Бул Макулдашуу күчүн төмөнкүдөй токтотот:
(a) мындай кабарлоо берилген календардык жылдын аягында төлөнгөн же чегерилген суммаларга карата, булактан алынуучу салыктарга; жана
(b) мындай кабарлоо берилген календардык жылдан баштап салыктык мезгилдерге карата, салыктарга.
Муну ырастоо үчүн, төмөндө кол коюучулар, тийиштүү түрдө буга ыйгарым укук берилгендер, ушул Макулдашууга кол коюшту.
201_-жылы "__" ________ шаарында, эки түп нускада, кыргыз, араб, орус жана англис тилдеринде түзүлдү, мында бардык тексттер бирдей күчкө ээ. Чечмелөөдө кайчы пикирлер пайда болгон учурда англис тилиндеги текст артыкчылыкка ээ болот.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү үчүн |
| Сауд Аравия Королдугунун Өкмөтү үчүн |