Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2013-жылдын 8-майы № 174-б
"Жазык сот өндүрүшүнө катышкан күбөлөрдүн, жабырлануучулардын жана башка катышуучулардын укуктарын коргоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын ишке ашырууга багытталган ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун даярдоо маселелери боюнча макулдашылган иш-аракеттерди иштеп чыгуу максатында:
1. "Жазык сот өндүрүшүнө катышкан күбөлөрдүн, жабырлануучулардын жана башка катышуучулардын укуктарын коргоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын ишке ашырууга багытталган ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун иштеп чыгуу боюнча ведомстволор аралык жумушчу топ (мындан ары - ведомстволор аралык жумушчу топ) тиркемеге ылайык курамда түзүлсүн.
2. Ведомстволор аралык жумушчу топ 2013-жылдын 1-октябрына чейинки мөөнөттө жазык сот өндүрүшүнө катышкан жабырлануучуларды, күбөлөрдү жана башка катышуучуларды коргоону ишке ашыруу тартибин аныктоочу ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун иштеп чыксын.
3. Ведомстволор аралык жумушчу топко зарыл учурда белгиленген тартипте мамлекеттик органдардын жана өкмөттүк эмес уюмдардын тийиштүү адистерин ишке тартууга уруксат берилсин.
4. Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги белгиленген тартипте ведомстволор аралык жумушчу топ иштеп чыккан ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кароосуна киргизсин.
5. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын коргоо, укуктук тартип жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министри | Ж.Сатыбалдиев |
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 8-майындагы № 174-б буйругуна тиркеме |
Жусубалиев Бакыт Бейшеналиевич | - | Кыргыз Республикасынын ички иштер министринин биринчи орун басары, ведомстволор аралык жумушчу топтун жетекчиси; |
Абдиев Кенч-Айдаркул Тукунович | - | Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин башкы тергөө башкармалыгынын бөлүм начальниги, ведомстволор аралык жумушчу топтун жетекчисинин орун басары. |
Ведомстволор аралык жумушчу топтун мүчөлөрү: | ||
Темирбеков Лепес Темирбекович | - | Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун судьясы (макулдашуу боюнча); |
Атамбиев Ырысбек Ырысалиевич | - | Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасынын жазык-процесстик жана ыкчам-издөө иштерин көзөмөлдөө боюнча башкармалыгынын улук прокурору (макулдашуу боюнча); |
Алиева Назиля Адылевна | - | Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун иштеп чыгуу жана мыйзам долбоорлорун экспертизалоо боюнча башкы башкармалыгынын башкы адиси; |
Арстанкулов Талантбек Курманалиевич | - | Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин дарылоо-алдын алуучу жардамдар жана лицензиялоо башкармалыгынын башкы адисинин милдетин аткаруучу; |
Бакиров Азиз Тынчыбекович | - | Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик улуттук коопсуздук комитетинин тергөө башкармалыгынын 4-бөлүмүнүн начальниги; |
Шаршеналиев Нурзат Рысбекович | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматтын тергөө башкармалыгынын финансы чөйрөсүндө кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча тергөө бөлүмүнүн начальниги; |
Убалиев Элдияр Маматжанович | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасынын орун басары; |
Абдыкул уулу Мавлен | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын башкы штабынын талдоо жана пландоо бөлүмүнүн начальниги; |
Думанаев Манас Асылбекович | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Баңгизаттарды контролдоо боюнча мамлекеттик кызматтын штабынын инспектору, юрисконсульту; |
Аттокуров Эркин Жанышевич | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын тергөө бөлүмүнүн улук тергөөчүсү; |
Акерова Айнура Чокиновна | - | Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун юридикалык башкармалыгынын сот иштери боюнча сектор башчысы; |
Чалов Жумабек Мыкыевич | - | Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин мамлекеттик адистештирилген күзөт кызматы башкы башкармалыгынын бөлүм начальниги; |
Бейшекеев Алмаз Мелисович | - | Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин укуктук камсыздоо башкармалыгынын инспектору; |
Бувазов Мухамед Ибрагимович | - | Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин башкы штабынын башкы инспектору; |
Азаев Нурланбек Жаналиевич | - | Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин кылмыш издөө башкы башкармалыгынын уюштуруу-методикалык башкармалыгынын "А" бөлүмүнүн оперкызматкери; |
Калыбеков Азамат Анварбекович | - | Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин финансылык-чарбалык башкармалыгынын инспектору; |
Кулембекова Нуржан Асангалыйевна | - | Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин башкы тергөө башкармалыгынын тергөөчүсү. |