Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 11-февралындагы № 57-т тескемесине ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2013-жылдын 11-июлу № 288-б
"Мейкин Азия" популярдуу музыка аткаруучуларынын I эл аралык Ысык-Көл фестивалын өткөрүү, маданияттардын диалогу аркылуу маданий мурасты сактоо жана өнүктүрүү, ошондой эле Кыргызстандын туристтик потенциалын өнүктүрүү максатында, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 90-беренесине, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10, 17-беренелерине ылайык:
1. "Мейкин Азия" популярдуу музыка аткаруучуларынын I эл аралык Ысык-Көл фестивалын даярдоо жана өткөрүү боюнча уюштуруу комитети тиркемеге ылайык курамда түзүлсүн.
2. Уюштуруу комитети бир жумалык мөөнөттө иш-чаралар планын иштеп чыксын жана бекитсин.
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн резервдик фондунан 1000000 (бир миллион) сом фестивалдын байге фонду катары бөлүнүп берилсин.
4. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын билим берүү, маданият жана спорт бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр | Ж.Ж. Сатыбалдиев |
|
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 11-июлундагы № 288-б буйругуна тиркеме |
Талиева К.А. | - | Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри, уюштуруу комитетинин төрагасы; |
Раев С.А. | - | Кыргыз Республикасынын маданият, маалымат жана туризм министри, уюштуруу тобунун төрагасынын орун басары; |
Каптагаев Э.С. | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү, уюштуруу тобунун төрагасынын орун басары; |
Оторбаев К. Т. | - | Кыргыз Республикасынын Коомдук телерадиокорпорациясынын башкы директору, уюштуруу тобунун төрагасынын орун басары (макулдашуу боюнча). |
Уюштуруу комитетинин мүчөлөрү: | ||
Асанов К.С. | - | Кыргыз Республикасынын ички иштер министринин орун басары; |
Бешимов А.Ж. | - | Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министринин орун басары; |
Боромбаев Р.М. | - | Кыргыз Республикасынын Улуттук маданий борборунун башкы директору; |
Иманалиев К.О. | - | Кыргыз Республикасынын Коомдук телерадиокорпорациясынын башкы директорунун орун басары (макулдашуу боюнча); |
Имангазиев Р.А. | - | Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл райондук мамлекеттик администрация башчысы - аким; |
Казаков Д.Б. | - | Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин алдындагы Туризм департаментинин директору; |
Кайыкова Р.Ж. | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары; |
Калиев М.Т. | - | Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо министринин орун басары; |
Коеналиев Т.К. | - | Кыргыз Республикасынын Президентинин иш башкаруучусу; |
Кожошев А.О. | - | Кыргыз Республикасынын финансы министринин орун басары; |
Кудайбердиева Г.К. | - | Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын социалдык саясат бөлүмүнүн башчысы (макулдашуу боюнча); |
Жунусов А.О. | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасы; |
Муратов А.А. | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын билим берүү, маданият жана спорт бөлүмүнүн башчысы; |
Султанбаева А.Ж. | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын билим берүү, маданият жана спорт бөлүмүнүн эксперти; |
Усубакунова А.И | - | Бишкек шаарынын вице-мэри (макулдашуу боюнча). |